Monthly Archives: Октябрь 2021

Нурайым Шаршенбаева: Балдар үчүн жомоктор


Нурайым Шаршенбаева  Жомоктор ЭҢ ИШЕНИЧТҮҮ ВАЗИР Илгери, илгери, кандуу бир жоортулда хандын улук  вазири  набыт болуптур. Хан абдан кейийт.  “Эми мындай ишеничтүү вазирди кайдан табам?”-деп санаага батат. – Жан досум эле. Акылы тунук, кыраакы жан эле, элге кадыр-баркы жогору болчу…  Көптөгөн ички-тышкы душмандарымды  вазиримдин кеңеши менен жеңип келдим эле…” Ошентип хан  кырк күн аза күтүп, […]

Адабий сынак 40 Ыр


40 Эрки ушул, мыйзамы ушул жараткандын Эрки ушул, мыйзамы ушул жараткандын – эсепсиз ааламдардын арасында Планеттер чимирилип парасында, барамын мен да сызып каяккадыр. Тынымсыз окуялар чордонунда, а мүмкүн чексиздиктин толтосунда, дүйнөнүн ичиндеги дүйнө болуп ушул Жер артка таштап түмөн доорду… Анда мен – ирмемчелик өмүр сүргөн, максатым таппай дайнын күндөп-түндөп, Ээнсиреп, чарк айланган дүйнө ичинде, […]

Жыргалбек Касаболот: Устатым Чоюн Алптын дүйнөлүк жүгү


Жыргалбек Касаболот: Устатым Чоюн Алптын дүйнөлүк жүгү (Аалым Чоюн Өмүралиевдин «Кыргыз мамлекеттиги: кечээ, бүгүн, эртең» аттуу китебине баш сөз) Сөз башы Бул китептин тамыры тереңде. Жаңылышпасам 1991-жылы «Асаба» гезитинде журналистикадагы эмгек жолумду жаңыдан баштап, бир жылга жетпеген убакыттай иштеп калдым. Басылманын ээси, ыраматылык Мелис Эшимкановдун авантюристтик, экспериментчил мүнөзү андагы жаңыдан эгемендикке жетишкен мамлекетибизде жүрө баштаган […]

Болот Таштаналиев: Акын Марат Токоев


  Акын Марат Токоев Акын Марат Токоев кызык жазат. Кызык дегеним – анын ырлары эрежелерге баш ийбейт, ырдын салттуу стандарттарына такыр окшобойт. Анын себеби ал биз ойлобогондой ойлонот. Ырлары да ошондой. Анын ырларын улуттук адабиятты тим кой, дүйнөлүк адабияттан да эч кимге окшоштура албайсыӊ. * * * Кыш кечи. Саат согот: “Чык-чык, чык-чык…” Угулат негедир […]

Адабий сынак №39 Ыр


Кызгалдактар ачылганда сен келгин *** …ай экөөбүз түн күзөттүк ой менен, Кою, жымжырт, уюган зор салмагын – дүйнөсүнө катып.., берди уруксат: -Кыялданып бакытты тут, кармагын: – “Уялгандай, тартынамын сүрдөнөм, Камкор карап, мени сыга кучактап. Жытың искейм үстүндөгү күрмөдөн”- А чынында күндөр кеткен ыраактап. …жолугабыз кызгалдактуу талаада, – “Ушул жерлер жыпжылуу нак коломто, окшойт го ээ, […]

Бүкадича Акимжан кызы: “Карыптай…кайыр сурап сезимиңден”


Бүкадича Акимжан1983 жылы Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында төрөлгөн. 2000-жылы Кыргыз-Ата (учурдагы А. Парпиев) гимназиясын бүтүргөн. 2000-2005-жылдары арасында Ош Мамлекеттик Университетинин теология факультетин аяктаган. 2005-2008-жылдары Анкара Университетинде  педагогика тармагында аспиратурасын, 2016-жылы болсо докторантурасын бүтүргөн. Учурда жогорку окуу жайда мугалим. Үй-бүлөлүү, эки уулдун энеси.   ТОЛГОНУУ Эзилип жүрөк… Эчкирип ыйлап жибербей, Энчимди неге мурдарак жүрдүм тиленбей. […]

Адабий сынак, №38, ыр


Ала-Тоонун артынан… Амансыңбы мекеним, жарык калаам, Сагындыңбы? Жакында барып калам… Санаа тартып өңүңдөн азып кетпе, Сагыныч бул дарт эле айыкпаган… Теңир берген… карабай “жаратыма”, “Темир куштун” жармашып канатына…. Кош дегенге тил келбей… Каалгып келип, Конгом тооңдой үйлөрдүн арасына. Темир кушту минчүмүн… көргөм учуп… …Темингенде көк асман көздөн учуп… Булуттарың бутума жармашкансып, Узатышып бир боорум өңдөнүшүп. […]

Болот Таштаналиев: Топчугүл Шайдуллаева- аңгеме чебери


Болот Таштаналиев агай 16- октябрда болгон Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармаларын талкуулап атканыбызда, талаш- тартышка аралашпай, кунт коюп угуп отурду.  Агай учурда эңшерилип турган адабий сындын жүгүн  көтөргөндөрдүн бири. Мындан ары түрдүү көз караштагы адабий сын, ой- пикирлерди такай жарыялап турабыз.  Рахат Аманова Болот Таштаналиев Жазуучу Топчугүл Шайдуллаева эженин чыгармачылыгына арналган адабий талкууда сөз сүйлөбөгөнүм менен, эженин чыгармачылыгына […]

Жыргалбек Касаболот: Кыргыз поэзиясынын Саврасову


Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин чыгармаларынын үч томдук жыйнагына акын Жыргалбек Касаболоттун жазган баш сөзү. Макаланын автору Жыргалбек Касаболоттун уруксаты менен “Азаттык” сайтынан көчүрүлүп алынды. (Рахат Аманова)   Акындын сөзү, сүрөткердин көзү Нукура кыргыз баласы бул жарык дүйнөнү үзгүлтүксүз, бүтүн, чулу түрүндө карайт экен. Башкасын кой, Жараткандын өзүн да анын жаратып жасап койгон нерсесинен улам […]

Жыргалбек Касаболот: Кыргыз аялдарынын дүйнөсү Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармаларында


Жыргалбектин пикири менен  коомчулук эсептешет, анткени ар бир сөзү баалуу: айткан- деген кебинин салмагы, орду жана изи бар. Бул анализдин айрым жерлери менен такыр макул эмесмин, ушундай пикир келишпестик окурман журтунда талкуу жаратат. Макала оголе көп алгы жактарынан сырткары, дал ушундай талкуу жаратканы менен да абдан баалуу. (Рахат Аманова)  Жыргалбек Касаболот: Кыргыз аялдарынын дүйнөсү Топчугүл […]

Болдукан Мамбеталиева: Сүйүктүүм келе жатат…


Сүйүктүүм келе жатат… АЯН ТҮШ Демиң менен бир элем… Ачык турчу жабылбастан эшигим. Түн уйкумда… Турар элең терметип, Сүйүү деген Менин ыйык бешигим. Түш көрчүмүн, Анан өзүң тууралуу. Ойлор сансыз, Үймөлөктөп каптачу… Терезелер Тиктеп жолду кусалуу, Келеби деп… Автобусту карачу. Келүүчүсүң, Акыр бир күн күттүрүп. Толуп батпай Калаар элем өзүмө! Сырым катып, Чүмбөт тартып жүзүмө, […]

Адабий сынак 37 Аңгеме


37 Астра – Жылдыз Сагынарым Ичиме – сүйүү батпайт, Батпай барат сагынуу да, Жек көрүп, таарынамын Көөдөнүмдүн тардыгына. Тынчтандыр же тапкын, Үлгүлүү, жакшы себеп, Кол шилтеп кетчүдөй, Шарт басып бардыгына.   Мезгилдин сулуулугу Мээримде табыларын. Жүдөткөн бул сезимде, Таптаттуу кайгы барын. Мен азыр көп сөздөргө, Билесиң кайдыгермин. Антседа жүрөгүмдө, Бар болсун сагынарым.   *** -Ысымдары […]

Адабий сынак 36 Ыр


36 Ызгаарлуу аяз дүйнөң…Эмнеге мынча сүйөм?  Коштогула Буулуккан сезимдерди, Булуттар тоспогула. Бар сырын төгүп алсын, Бүлүнтпөй коштогула. Жаркыган маанай берип, Жамгырлар жандагыла. Жан достой коштоп келип, Жанынан калбагыла. Көк түтүн бүркүп турган, Көөдөнүн жарбагыла. Көзүндө муңун айдап, Көңүлүн арбагыла. Шамал, сен уйпалаба, Ойлору аксайт жүдөп. Чагылган, куйкалаба, Ансыз да турат түтөп. Түн, сен да шашылбачы, […]

Жылдызча : “Таш” (Эссе)


ЖЫЛДЫЗЧА- Венера Бөлөкбаева “Көңүл” китебинен алынды. (2008-жылы жарыкка чыккан) Таш  (Эссе) Чоң көпүрөнүн үстүнөн өтүп бара жатып, алдындагы аккан сууну ар дайым эңкейип карап өтөм. Ал суу экөөбүздө кандайдыр бир жакындык бар, “окшошпуз”. Мелмилдеп да калабыз, кээде шарылдап агабыз, ылай да, туп-тунук болуп да агабыз! Машиналардын дөңгөлөктөрүнө, эки, төрт буттуулардын тамандарына тебелетпей, алдындагы “мага окшогон […]

Бегайым Нуридин: “Узун көчө…уйкулуу көз…шам чырак…”


Бегайым Нуридин Моногамия Күдөрүң үз, күн жүрөктө түнөп түн, Күйүп кеткем качанкы бир бакыттан, Күнөөм ушу күнөөң үчүн түгөттүм, Күндөрүмдү мерчеми жок, аз ууртам. Мени күттү, күттү күндөр бир өмүр, Мейкининде аркы-терки басканда. Жашоосунда жашап алып бирөөнүн, Жүрөгүндө жашай албай жатканда.   ПАРАДОКС Ачып-жумуп көздөрүмдү…уйку-соо, Ачыштырып сөзгө муңдуу бүт демим. Күдөрүңдө, билем, күлмүң күн күсөө, […]

Адабий сынак 35 Аңгеме


35 Үч жесир (аңгеме) Алар абдан бактылуу болчу. Ата менен апа бир уул, бир кызды жакшы тарбиялашкан. Анан кызы улуу болгондуктан аны өз колдору менен турмушка узатышты. “Жакшы адамдардын кызы жаман болобу?”… “Энесин көрүп, кызын ал”-дегендей, “силердей жерден куда- сөөк күтсөк, арманыбыз жок”-дегендер, булардын эшигин жыртып жиберишти. Акыры бешене буюруп, кыз дагы алыс кеткен жок. […]

Жылдызча: “Сөөлжан”( Эссе)


ЖЫЛДЫЗЧА -Венера Бөлөкбаева “Жүрөгүмдө” китебинен алынды, 2005-жылы жарыкка чыккан) СӨӨЛЖАН (Эссе) — Табигат сага жашоону Жер-эненин чекесине, топурактын арасына берген экен… Өмүрүмдүн жамгыр жааган күндөрүндө сага көп жолуктум. Ийилип-иймейип, кээде керилип-чоюлуп-тартылып топуракка оронуп жатканыңды көрөм. Көзүң кайда?… Кулагың кайда?.. Оозуң кайда?.. Сурай албайм. Бирок сени көргөн сайын сүйлөй берем. Эң жакшыларыма айтчу сөздү сага да […]

Айжаркын Эргешова: “Жоголгон Ай”, “Аял намысы” ( Аңгемелер)


Жоголгон Ай Капчыгайды тең бөлүп аккан көк кашка тоо дайрасы чоң арыктын суусундай чакан болгону менен агымы өктөм. Тим эле алдырган асылзатын издеп алда кайда күйүп-бышып бараткан доочудай албуут, жер солкулдата сойлоп бараткан ажыдаардай окторулуп сүрдүү. – Бирөө келатабы? – дедиң ак жуумал жүзүң ай жарыгына кылая элеңдеп. – Ким болмок эле, суунун шары… – […]

Айжаркын Эргешова: “Сен мага маяк кылчы,же болбосо…”


МЭЭР ЫРЛАРЫ… *** Сапар тарттым биздин ааламга, Канат байлап үмүт кыялдан. Ушул жолдо далай жаш төккөм… Жан дүйнөмдү жеген кыяндан, Көрбөсө деп жүзүм басынган, Душман достон качып жашынгам. Ыйлап турса дагы жүрөгүм, Жагалдангам кийип жашылдан. Чагылышат көздөр кусалуу, Айтпайм сага эмне көргөнүм. Бизге гана тааныш, белгилүү, Ый.., кубанчы ушул бөлмөнүн… Дасторкондо наны апаңдын, Темир тосот […]

Венера Бөлөкбаева- Жылдызча: “Күн толгон үйүм, Күн толгон!”


Венера Бөлөкбаева -Жылдызча МЕН ДА (Нурхалий аттуу, тайатамдын татар улутундагы бир досу, мени, кичинемде уулунабы же кызынабы түгөй кылып багып алайын деп алыс жактан келип, көп аракет кылганы эсимде…) Мен да бүгүн, Мээрим төгүп башкача… Медер кылып, Багам дедим бир уулду… *** Мен да Сиздей, Тууган издеп кызыма… Мен да эми, Барам дайым бир үйгө… […]