Monthly Archives: Январь 2014

Туш кийиз – сайма өнөрүнүн жүзүн ачкан асыл буюм


Туш кийиз демекчи, Аксыда аны туш туурдук дейбиз. Кээ бир аймактарда туштук деп да айтылат экен. “Колдо бар алтындын баркы жок” демекчи, убагында көп нерсени элес албай, аттиң деп өкүнүп калабыз. Айылга кошокчу, жомокчу катары таанылган чоң энем Үрбүбүнүн айткан-дегендерин жазып албай не болдум. Ыраматылык чоң энем курак курап, кийиз басып, төрбөлжүн шырыган чебер дагы […]

Сөз жөнүндө дастан (1-этюд)


«Дүйнөнү сөз гана сактап калат» Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңеши жактырган бул эмгекти «24.kg» МА да эне тилибиздин терең сырын билгиси келген окурмандардын кеңири катмарына сунуштайт.Сулайман Рысбаевдин «Сөз жөнүндө дастан» аттуу бул эмгеги китеп түрүндө да жарыкка чыккан. Арийне, биз да «кайталагандан келме бузулбайт» деп, эне тилибиздин керемет сырларын ачкысы келгендерге жүк болбос дедик… […]

Токон Эшбаев: Ал ырды биринчи жолу Чаткалда ырдагам


Ала-Тоонун бейиштей кооз, чалкыган кең Чаткалды даңазалаган “Чакырат жашты Чаткалым” аттуу ыр улуу муундун өкүлдөрүнүн эсинен чыга элек. Ала-Тоонун бейиштей бир кооз бурчу болгон, чалкыган кең Чаткалды даңазалаган “Чакырат жашты Чаткалым” аттуу ыр улуу муундун өкүлдөрүнүн эсинен чыга элек. Бул ыр тээ 70-80-жылдары республиканын булуң-бурчунда жаңырып, ошол кездин духуна төп келген ажайып чыгарма катары кабыл […]

«Каңдылар-1» – тарыхый, документалдуу чыгарма


Окуган дагы, окубаган дагы арманда! Кыргыздарда: “Жети атасын билбеген – жетесиз кул”- деп бекеринен айтышпайт. Жети атаны билүү үчүн санжырага кайрылабыз. Санжыра – бул тарых. Кыргыздын тарыхы болсо ооздон-оозго өтүп гана сакталып келген. Жалпы Ата-Журт, Ата конушу, түпкү ата тегиңди билүү, биле жүрүү дагы ата-бабалардын мурасыдыр. Мына ушул багытта ичкилик кыргыздардын негизги урууларынын бири болгон […]

Жумамүдүн Шералиевдин кайталангыс жашоосу


Анын өмүр таржымалы, жашоосу, үй-бүлөсү жөнүндө кызы Нарынкүл Шералиева эскерип берди. Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, композитор, драматург, хормейстер Жумамүдүн ШЕРАЛИЕВ алтын фондго калтырып кеткен өлбөс-өчпөс чыгармалары менен искусство тарыхында аты калган. Анын өмүр таржымалы, жашоосу, үй-бүлөсү жөнүндө кызы Нарынкүл ШЕРАЛИЕВА эскерип берди. – Атаңыз Жумамүдүн Шералиевдин кандай адам болгондугу, үй-бүлөсү окурмандарга […]

Сахнадан табышкан эгиз жүрөк


Кыргыз республикасынын эл артисттери Сатыбалды Далбаев менен Мираида Далбаеванын сахнада жүргөнүнө 60 жылга чукулдады. Көркөм өнөр жаатында, өзгөчө театр чөйрөсүндө таланттуу жубайлардын бийик даражага жетип, ошол эле маалда үй-бүлө очогун бузбай сактап калгандары чанда. Мына ошондой түгөйлөрдүн бири Кыргыз Республикасынын Эл артисттери, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты Сатыбалды Далбаев менен Мираида Далбаева. Эки талант кенедейинен эле […]

Мануйлова – кыргызга буюрган талант


Ольга Мануйлова советтик Кыргызстанда жалгыз айкелчи аял болгон. Азыркы күндө да бул кесипти аркалаган аялдар аз. Ольга Мануйлова СССРде эң алгачкы болуп согушта курман болгондорго арнап, эстелик жасаган экен. 1942-жылы генерал-майор Панфиловдун эстелигин жасап, ал азыр баатырдын атын алып жүргөн паркка коюлган. Мануйлова эстеликти күйөөсү Апполон Мануйлов менен биргеликте жасаганы тууралуу маалымат айкелчинин үй музейинде […]

“Жылкычы бозой” селкисиз калды


“Жылкычы бозойду” боздоткон Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 91 жашында дүйнө салган Гүлчехра Валиулинанын сөөгү жекшембиде жерге берилди. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлчехра Валиулина 1940-жылы 17 жашында ата-энеси менен Кыргызстанга көчүп келген. Кичинекей чагынан ыр-бийге жакын, табийгатынан таланттуу кыз көп өтпөй филармонияга кызматка орношот. Карамолдо Орозов атындагыт эл аспаптар оркестринин коштоосунда Гүлчехра Валиулина кыргыз, […]

Темирбек ТОКТОГАЗИЕВ, изилдѳѳчү, тележурналист: “Кытайда Манастын тарыхый инсан экенин тастыктаган сүрѳттѳр бар”


Кийинки убактарда Темирбек Токтогазиевдин Манас баатыр тарыхта жашап өткөн инсан экенин изилдеп, тактап, далилдеп жазып жүргөндүгү коомчулукка кеңири белгилүү. “Манас” эпосунун бир канча варианттарын иликтеп, Кыргыз, Алтай, Хакас, Тажик, Казак, Кытай мамлекеттеринин кыйла жерлеринде болуп, чет жердик бир канча Манас изилдѳѳчү окумуштуулар менен жолугушуп, натыйжада, былтыр “Айкөл Манас – тарыхый инсан” деген китебин жарыкка чыгарган. […]