Monthly Archives: Август 2016

Таң заар, супа салганда, каш карайганда, багымдат — саат канча болду?


Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев таң агарганда, таң атканда, таң заарда дегенде эртең мененки саат канча болгондугун түшүнүү керек экенин айтып берди. Илгери, саат жок маалда кыргыздар күн чыккандан батканга чейин убакытты өздөрү белгилеп келишкен. Бүгүнкү “Тибиртке” рубрикасында кыргыздардын бир күн ичиндеги убакыттын белгиленишине карата айтылган мезгил өлчөмдөрүн жазууну туура көрдүк. Кыргыз тили бай, бир […]

Кыргыздар тшө-тшө, кыйтуу-кыйтуу, ар-ар деп кайсы жаныбарларды чакырарын билесизби?


Кыргыздар үй жаныбарларын чакырганда же тескерисинче айдаганда буга тиешелүү сөздөрдү колдонушкан. Филолог Ишенбек Султаналиев жапайы жаныбарлар адамдардын күнүмдүк жашоосуна түз байланышы болбогондуктан, аларды чакырып, айдап-кубалаган сөздөр жок болушу мүмкүндүгүн айтат. Илгертен мал чарбачылыгы менен алектенген кыргыздардын макал-ылакаптары, чыгармалары да жаныбарларга байланыштуу айтылган учурлары кездешет. Бүгүнкү “Тибиртке” рубрикасында кыргыздар жаныбарларды кантип чакырып же кубалаганы тууралуу жазууну […]

Курманжан Датканы ким туткунга алган?


Cүрөттө Садык Шер-Нияз тарткан “Курманжан Датка” тасмасы. Кинодо Курманжан Датканын ролун Элина Абай кызы аткарган. Польшада кадимки Курманжан Датканы Памирде туткунга алган Бронислав Громчески тууралуу китеп поляк тилинде басылып чыкты. Wielki gracz же «Чоң оюнчу» деп аталган тарыхый изилдөөнүн автору Макс Сегиелский Жаңыл Жусупжандын суроолоруна жооп берди. 1876-жылы Курманжан Датканы Шабдан баатыр курчоого алып, аны […]

Жеткинчек, тестиер, өспүрүм, чал, абышка — булардын айырмасы эмнеде?


Кыргыздар ар бир адамдын жаш курагына, коомдогу ээлеген ордуна жараша ар кандай кайрылышкан. Айрым сөздөр бир эле маанини билдирип тургандай сезилгени менен мааниси таптакыр башка болушу ыктымал. Мисалы “чал” менен “абышканын” айырмасын билесизби? Балдардын жеткинчек, тестиер, өспүрүм, боз улан, улан деген сыяктуу жалпы аталыштары болот. Бирок алардын кайсынысын кандай учурда колдонуу керектигин көпчүлүк биле бербесе […]

Актан Тыныбек уулу жана 1916-жылкы Ички Теңир-Тоодогу элдик көтөрүлүш


(Сүрөтчү Ю.Шыгаевдин 1916-жылкы көтөрүлүш тууралуу түрмөгүнөн. 12.2.2016) 1916-жылкы кыргыз элинин улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн жана Улуу Үркүндүн тарыхы үчүн өзгөчө баалуу булактардын бири – манасчы, акын, дастанчы Актан Тыныбек уулунун “Үркүн” дастанында Ички Теңир-Тоодогу көтөрүлүш очогу тууралуу баяндалат. Тарыхчы Т. Чоротегиндин сереби. 1916-жылдын тарыхы үчүн баалуу фольклордук булак Кожентте (Фергана өрөөнүндө) 1916-жылы текенин (июлдун) 4үндө башталган […]

Шабдан баатыр


«Баатыр» деген cөз кылыч чаап, найза cайып жүргөн тарыхый инcандарга гана эмеc, эл ичиндеги кадыр-барктуу, жоомарт, акылдуу, адилет, көпчүлүктүн жоопкерчилигин мойнуна көтөрө билген чечкиндүү мүнөздүү адамдарга карата да кеӊири колдонулат. Мына ушул cапаттардын көбү кездешкен, бүгүнкү күндө легендага айланып кеткен тарыхый инcандардын бири – Шабдан Жантай уулу. Анын кыргыз элинин коомдук-cаяcий өнүгүшүнө, ар түрдүү элдердин […]

Эл руханий баалуулукка умтулууда


Театр жана искусство тармагы боюнча коомдук теле радио берүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары, драматург Иманалиев Кайрат Олжобаевичтен кыскача маек Театр ѳзү сыйкырдуу искусство Театр өзү сыйкырдуу искусство, адамды өзүнө арбап алат. Себеби ал жерде актёрлор көз алдыңда ойноп, аткарып жаткан ролдору, берген образдары адамга өзгөчө таасир калтырат. Театрга кызыккан адам гана драматургияга аралашат. Мен […]

Шамшиев: Залкарлар мага белек болгон экен


Кыргыздын “Караш-Караш”, “Ак кеме”, “Эрте жаздагы турналар” өңдүү кинотасмаларын жаратуу аркылуу аты далайга кеткен кинорежиссер, СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев быйыл 75 жашка чыкты. Анын урматына өлкө аймагында 22-августтан тарта киножумалыгы башталды. Болот Шамшиев кыргыз киносунда Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Генадий Базаров менен катар “кыргыз кереметин” жараткан режиссер катары таанымал. Автордун ийгилик алып келген тасмаларынын […]

Арты кайырлуу болсун, иш илгери, кулдугум бар — маанисин билесизби?


Сөзгө чечен кыргыз эли жакшылык менен жамандыкта каалоо-тилектерди маанисин келтире айтып келишкен. Алардын көпчүлүгү ооздон оозго өтүп бүгүнкү күнгө чейин сакталды. Бирок, тилекке каршы, айрымдар мындай сөздөрдүн түп маанисин түшүнө бербейт. Курбуларыңыз үйлөнүп же турмушка чыкканда, үй куруп, унаа алганда дегеле жакшылык-жамандыкта эмне деп айтуу керек экенин билбей башыңыз каткан учурларыңыз болгон болсо “Тибиртке” рубрикасы […]

Балдай ширин чыгармаларды жаратып…


Ата-бабалардан калган салттуу билимдер, үрп-адаттар, салт-санаалар менен маданий, диний баалуулуктар-бул дүйнөдө тексиз, урук-тукумсуз жок болуп кетпөөгө мүмкүндүк берген парадигмаларды уюштурат. Бул баалуулуктарды астейдил сактап, темирдей бекем кармана албаган этностор тарыхтын айдыӊында жок болуп кетишкен. Демек, табият менен адамдын ортосундагы теӊ салмактуулукту жана шайкештикти сактоо — билим берүүнүн жана маданияттын түбөлүктүү милдети. Албетте, билим, илим, маданият […]

Ак чүч, ташка тий, көйнөгүңдү уй жегир — маанисин биле жүр


Кыргыздар адам күлгөндө, чүчкүргөндө, ыгы жок ыйлаганда же какап калганда сөзсүз түрдө жакшылыкка жоруган же кагып-силккен сөздөрдү айтышкан. Sputnik Кыргызстан агенттигинин “Тибиртке” рубрикасында кылымдардан бери айтылып келе жаткан сөздөрдүн маанисин чечмелөөгө филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев жардам берди. Күлө сүйлөгөн адамдан түңүл — “күлө сүйлөгөн адам менен ачылып туруп жабылган күндөн түңүл” деген сөз бар. […]

Кинорежиссер Төлөмүш Океевдин саясый эрдиги


Биздин бул макала “Саясый эрдиктин очерктери” түрмөгүнүн алгачкысы, болочок китептен үзүндү. Коомдогу нарк-насилди, улутту улут кылган асыл дөөлөттөрдү калыптандырган, муундан муунга өткөргөн, биздин аӊ-сезимибизде ал баалуулуктарды бекемдеген инсандар, алардын иштери, жүрум-турум үлгүлөрү болот. Андай инсандардын кылган эмгеги, жасаган эрдиги ар кандай мазмунда жана формада ишке ашары түшүнүктүү. Ал эми кай бир инсандардын жасаган иши саясый […]

Шабдан баатыр баскан жол


Кыргыз элинин биримдигин көздөп, алардын тарыхый кырдаалына жараша, өзгөчө Россия империясынын Кыргызстандагы катаал оторчулук учурунда “капилеттен ой таап, караӊгыдан жол таап”, өз элин бүлүнчүлүктөн сактаганга аракеттенген, чыгаан мамлекеттик ишмер Жантай уулу Шабдан баатырдын (1839-1912 жж.) саясий бейнесин изилдөөдө эӊ бир бүдөмүк, бурмаланган жагдайда кала бергени, бул анын өлкөбүздүн түштүгүн падышалык Россия тарабынан басып алуу мезгилиндеги […]

Рыскулов: Ысык-Көл поэзияны Медельиндей көтөрөт


Кыргызстан жазуучулар бирдигинин башчысы, акын Акбар Рыскулов Акындардын дүйнөлүк Колумбия фестивалына катышып, өрнөк алып келди. “Азаттык”: Колумбия кайда? Кыргызстан кайда? Фестивалга кантип катышып калдыңыз? Акбар Рыскулов: Акындар фестивалы 26 жылдан бери үзгүлтүксүз өтүп келет. Уюштуруучусу жана идеянын ээси – “Прометей” адабий журналы. Менин ысымымды бул фестивалга каттаганына беш жыл болуптур. Өзүмө кат менен кайрылышканына үч […]

Кыргыз жазууларын айтууга мезгил жетти


Быйылкы Тарых жана маданият жылында кыргыздардын Октябрь революциясына чейин жазуусу болгон эмес деген жарамсыз көз карашты өзгөртүп, кыргыздардын жазууларын иликтөө жана аны кийинки муунга таанытуу маанилүү. Бирок ушуга чейин терең иликтенген кыргыз жазууларынын тарыхы менен тагдыры кеңири коомчулукка эмне үчүн белгисиз бойдон калууда? Кыргыз жазууларын араб, орус тилдерин аралаштыра сүйлөгөн азыркы муун билиши керекпи, эгер […]

Бөйрөктү таянба, үшкүрбө, колду төбөгө алба, бутту учкаштырба — жаман болот!


Кыргыз элинин байыртадан келе жаткан маданияты, салт-санаасынан сырткары ырым-жырымдары дагы болгон. Sputnik Кыргызстан агенттиги алардын бирин назарыңыздарга сунат. Кичине кезибизде көпчүлүгүбүз ата-энелерибизден бөйрөгүңдү таянба, үшкүрбө, колду төбөгө алба, бутту учкаштырба деген кептерин уксак керек. “Эмне болот экен” деген суроого “жаман болот” деген бир эле жооп берилет. “Тибиртке” рубрикасы “жаман болоттун” тизмесин сунуштайт. Бутуңду тартпа Таңдайды […]

Чыныгы талантты эскерүү


Мезгил учат демекчи, жыл артынан жыл, ай артынан ай, күн артынан күн өтө берет турбайбы. Быйылкы 2016-жыл көп эскерүүлөр жана мааракелер менен эсте калат. Президентибиздин жарлыгынын негизинде “2016-жыл-Тарых жана маданият жылы” деп белгиленүүдө. Ошол маданияттын бир чордону болгон Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз академиялык улуттук драм театрынын уюшулуп негизделгенине да 90 жыл толуп олтурат. Ушул театр түзүлгөндө […]

Чынгыш баатырдын бейнеси жана доору


Сүрөттө кыргыз баатыры Чынгыз Төлөкабыл уулу шериктери менен. Кылычбек Коёналиев тарткан сүрөт. 2016. Сары-Өзөн Чүйдөн чыккан айтылуу Чынгыш баатыр Түлөкабыл уулунун өмүрү, доору жана анын инсандык бейнеси тууралуу тарыхчынын блогу. Соңку жылдары кыргыз элинин көрүнүктүү тарыхый инсандарынын өрнөктүү өмүрү кеңири изилдөөгө алынып, бир катар эмгектер жарык көрүп, ар кыл макалалар жазылып келет. Аларды окуй келсең, […]

Желкеси жерге тийбеген Палван Махмуд


Палван Махмуд 1247-1326-жылдары байыркы Хивада жашаган. Ал Хорасан менен Индустанда желкеси жерге тийбеген балбан, сопу акын болгон. Анын күмбөзү бүгүн хорезмдиктер гана эмес, башка өлкөлөрдөн да келген зыяратчылар ибадат кылган жай. Падышалык кааласаң, бол элдин кедейи, Өзүңдү такыр унут, бол элдин эрени. Таажы сымал башына көтөрсүн десең, Элдин колун карма, бол анын сен тиреги.* Бул […]

Хамит Өзгөн: «Кыргызстанда төрөлбөсөм да, сөөгүм өз жериме коюлса экен»


Кыргызстанга келгенге чейин кыргыздардын тарыхын, маалыматтардын бардыгын окуп чыккам. Бирок, башка бир улут тууралуу окугандай боло берчүмүн. Кыргызстанга келип кеткенден кийин, мен кыргызмын деп башымды көтөрүп, сыймыктанып айтып калдым. Эми Кыргызстанда төрөлбөсөм дагы, сөөгүм өз жериме коюлса деп тилеп атам, — дейт Хамит ата. 1930-жылдары Совет бийлигинин коллективдештирүү саясатынан улам, өз мал-жанын сактап калуу үчүн […]

Балык жон, баскан изин бычактоо, баш канжыгада. Маанисин билесизби?


Фразеологизмдер кыргыз элинин сөз байлыгын түзүп турган эң мыкты тилдик каражат болуп эсептелет. Кепте даяр түрдө колдонулуп, карапайым сөзгө караганда речти кооз, таамай жана элестүү айтууга жетелейт. Бүгүн “Тибиртке” рубрикасында фразеологизмдерди чечмелөөнү улантууну чечтик. Тилекке каршы, кыргыз тилинде миңдеген фразеологизмдер болгону менен алардын көпчүлүгү билбестиктен же заманга жараша актуалдуулугун жоготуп койгон. Аларды чечмелөөгө филология илимдеринин […]

Жыргалбектин жаңы ырларынан жана котормолорунан


ДҮЙНӨ Түптүүсүң, түпкүрүнө кайта албаган. Түрдүүсүң, тилим жетип айта албаган. Кем дүйнө, кечигүүмдү кечирбеген, Кең дүйнө, барым-жогум байкалбаган. Башымдан айлар учса, жылдар конуп, Баратам, эл катары жылган болуп. Келечек – кечээкимден бөлөк карап, Кетишим – келгенимден ылдам болуп… Жарыксың, жалпысына кеч кирбеген. Жаңысың, жашоом бүтсө эскирбеген. Улуусуң! Ушунчалык терең туруп Ууртамга бир өмүрүм жеткирбеген. Чыйырың […]