Monthly Archives: Февраль 2009

Баткенден башка дүйнө жүзүндө кездешпеген “Айгүл” гүлү корукка алынат


Баткен облусунун губернатору Маратбек Джумабековдун демилгеси менен «Айгүл» гүлү өскөн тоонун картасы чийилип, корук боло турган жер аянтын аныкталып атайын токтом кабыл алынды. Бул тууралуу Баткен облмамадминистрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Advertisements

Быйыл Ч.Айтматовдун “Тоолор ураганда” романы басылып чыкмакчы


Быйылкы жылы Ч.Айтматовдун “Тоолор ураганда” романы басылып чыкмакчы. Бул жөнүндө кечээ “Ала-Арча” резиденциясындагы басма сөз конференциясында Маданият жана маалымат министри билдирди.

Маданият министирлиги балдар адабиятынын мыкты чыгармаларын аныктайт


Бул жөнүндө бүгүн Маданият жана маалымат министирлигинин басма сөз кызматында билдиришти. Балдар адабияты жагынан Кыргызстандын өкмөтүнүн сыйлыгын изденип алууга конкурс жарыяланды. Конкурс “Балдар адабияты жагында сыйлыкты белгилөө жөнүндө” өкмөттүн 2008-жылдын 2-декабрында чыккан токтомуна ылайык жарыяланды. Жобо боюнча сыйлык үч наамда – мыкты ыр, кара сөз чыгармалары ошондой эле башка элдердин балдар адабий чыгармаларынын кыргыз тилине […]

Кыргызстанда меценатствону өнүктүрүү менен маданиятка колдоо көрсөтүү зарыл


Кыргызстанда меценатствону өнүктүрүү менен маданиятка колдоо көрсөтүү зарыл. Бул тууралуу кинорежиссер Актан Арым Кубат Бишкекте уюштурулган пресс-конференция учурунда билдирди. Ал эми “Канат менен Зарина” коомдук фондунун төрагасы Клара Кыдыршаева ар бир бизнесмен социалдык жактан коом астында жоопкерчиликтүү болуусу зарыл экендигин белгиледи. Ал режиссер Актан Арым Кубаттын жана Эркин Рыспаевдин “У любви свои небеса” аттуу көркөм […]

Улутпу же элби?


Сөздү кечээ жакындагы пресс-конференциядагы бир үзүмдөн баштасак: Газета “Дело №…”: Уважаемый господин президент, почему в своем послании Вы обратились к нации, а не к народу Кыргызстана? Как понимать это гражданам страны других национальностей? Президент Курманбек Бакиев: -Обращаясь к нации, я не имел в виду какую-то определенную национальность. Я обращался ко всем гражданам Кыргызстана.

Кыргызга кандай Байдылда керек?


“Ачык саясат” гезитинин редактору Бабырбек Жээнбековго Байдылда Сарногоевдин үй бүлөсүнөн КАТ Урматтуу Бабырбек мырза! Сиздин гезитиңизге акын Анатай Өмүркановдун “Байдыкем жөнүндө кыскача баян” же “салам сага Сарногойдун коргону” макаласы көптөн бери жарыяланып келет. Аталган баянында автор Байдылда Сарногоев тууралуу туура эмес маалыматтарга жол берип, биздин үй бүлөгө моралдык зыян алып келүүдө.

Баяс ТУРАЛ: ТАРЫХТЫ – КИМ БУРМАЛАП ЖАТАТ?


“Эр адам асыл ойду ойлонот, ак сөздү сүйлөйт, туура ишти жасайт”. Саратуштура 2008-жылдын ноябрь айында философия илимдеринин доктору, социолог, профессор Хусейин Исанын кыргыз интеллигенциясына багыттаган кайрылуусу жарык көрдү. Ал “Кыргыз туусу” баш болгон бир нече гезиттерге ар кандай аталыштар менен жарыяланды. Мисалы “Кутбилим” гезитине ал: “Кыргыз тарыхын бузуп-бурмалоодон тазалайлы. Ата мекендин руханий кайра жаңылануусуна кайдыгер […]

Изат БЕЛЕКОВА: Кыргыз элинин Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы күрөшү жана өз алдынча мамлекет түзүү аракеттери


18-жүз жылдыктын башында Бухара эмирлигинен бөлүнүп, Фергана өрөөнүндө өзүнчө, көз каранды эмес ээлик түзүлгөн. Фергана өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндө (Маргалан чөлкөмүндө) көчмөн феодалдардын жардамы менен Кокондогу жаңы башкаруучу династияны негиздеген Миң уруусунан чыккан өзбек Шахрух бий болуп жарыяланган . Ал айтылуу Бабурдун урпактарынан болгон. Аны 1709-жылы чоң салтанат менен ак кийизге салып, падышачылыкка көтөрүшкөн. Бийликке келген […]

Ой, булбул!


Шералиев Жумамүдүн (1915-1994) Залкар обончу-композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси. Атбашынын Туюкбогошту айылында жарыкка келген. 1936-жылы эл чыгармачылыгынын 1-олимпиадасында жактырылып филармонияга солистикке алынган. Ошентип ак таңдай акындар жана залкар обончу, ырчыларга аралашканы анын обончулук болочогуна чоң жол ачкан.

Атактуулар ашыктарын кантип ырга салган?..


Кыргыздын сөз казынасы бай, сөз өнөрүнө келгенде не бир керемет сүрөттөөлөр, салыштырмалар, уйкаштыктар бар” деп келебиз. Бирок, негедир бүгүнкү күнүбүз буга далил болалбай келет. Сөз куру болбос үчүн айрым далилдерди бир эле мисалда келтирейин. Мисалы, арзуу темасындагы обондуу ырларга келсек, бүгүнкү күндүн ырларын уккан адам уялат. Мен обон, же заманбап тилдеги аранжировка дегенин кеп кылбай […]

Биздин үйдөгү чайлашуу


Чайлашуубуздун бул жолку меймандары Жеңишбек, Аалы, Азамат аттуу ак таңдай төкмөлөр менен “Айтыш” фонддун төрагасы, белгилүү теле-журналист Шайырбек Абдрахман уулу болду. Чай үстүндө эркин баарлашып, казак-кыргыз ортосундагы мамиле Тууганбай, Эстебес, Ашыраалыдай залкар устаттарын эскерип, бүгүнкү оозеки чыгармачылык өнөр жөнүндө айтып, бири-бирин “чымчылап” да алышты.

Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" кино студиясынын деректири, режиссер Бакыт Карагулов: "Актердун үстүнө чоң таш кулап"


Жазуучу, журналист Бекен Назаралиевдин аңгемесинин негизинде режиссер Бакыт Карагулов “Бешик” аттуу жаңы фильм тартып бүттү. Анда адамдын ачуу-таттуу тагдыры, турмуштун оош-кыйыштары ачык сүрөттөлөт. Тасмада баш каармандарды кыргыздын белгилүү артисттери Мукамбет Токтобаев, Акылбек Абдыкалыков, Рысбек Жумабаев жана Бакыт Мукулдар аткарды. Жаңы тартылган тасманын өзөгү, жалпы эле бүгүнкү кыргыз киносунун ахыбалы тууралуу Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясынын […]

Турдубек Чокиев, композитор: Өздөрүн жылдыз санагандар Айтматов, Молдобасановду билбейт


– Азыркы сүрмөтоп поп музыканын жанында сабаттуу композитор, обончулардын четтеп калганы эмнеден деп ойлосуз? – Биринчи себеби, кыргыз обондорунун уңгусун сактагандар бары мурунку заманга өтүп кетти. Заман өзгөрдү, аны менен ритм да өзгөрдү. Мурда батыштын музыкасын алыш кыйын болчу, азыр кыйынчылыксыз эле көчүрүп калышты. Кыргызда “жакшы көргөн балаңды шаар көргөзбө” дегендей, Европаны көрүп, дүйнөлүк баалуулук […]

Ч. Айтматовдун чыгармаларынын cегиз томдук жыйнагы республикадагы бардык китепканаларга таратылат


Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын сегиз томдук жыйнагы республикадагы бардык китепканаларга таратылып берилет. Чыгармалардын бул жыйнагы улуу жазуучунун акыркы эмгектерин да өзүнө камтыган. Бул тууралуу маданият жана маалымат министринин орунбасары Тамара Обозова билдирди. Анын сөзү боюнча, 2008-жылы “Руханият” борбору жыйнакты өз каражатына басып чыгарган.

Март айында “У любви свои небеса” аттуу фильм Бишкектин кинотеатрларында көрсөтүлөт


Бишкекте 4-мартта режиссер Актан Арым Кубаттын жана Эркин Рыспаевдин “У любви свои небеса” аттуу көркөм фильминин бетачары болот. Фильмдин продюсери Клара Кыдыршаеванын сөзү боюнча, кинотеатрлар тармактары менен 10 күнгө келимиш түзүлгөн. “Чоң экранда көрсөтүү 10 күнгө созулат, эгерде каалоочулар көбөйүп, фильмге суроо-талап болсо биз кошумча дагы 10 күнгө келишимди узартышыбыз мүмкүн. Баардыгы көрүүчүлөргө байланыштуу “- […]

Эл аралык аялдар күнүнө арналган “Жаз-айымдардын көз карашынын чагылышында” көргөзмөсү уюштурулууда


Эртең Бишкекте сүрөтчүлөр Союзунун галлереясында Эл аралык аялдар күнүнө арналган “Жаз – айымдардын көз карашынын чагылышында” көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу “КАБАР” маалымат агенттигинин кабарчысына галлереянын арт-менеджери Гүлмира Камалова билдирди. Анын сөзү боюнча көргөзмөгө 20 ашык авторлордун эмгектери коюлган. Мындан тышкары узчулук, көркөм-прикладдык искусство буюмдары коюлган. М.Момуналиева, “Кабар” МА, 26.02.2009-ж.

Кыргызстандын китепканаларындагы китептердин көпчүлүгүн орус тилинде басылган китептер түзөт


Кыргызстандагы айылдык китепканалардагы китептердин 83%ын орусча китептер түзөт. Мындай маалыматты бүгүн КРнын маданият жана маалымат министри Султан Раев таратты, деп билдирет REGNUM маалымат агенттиги.

2009-жылы китеп чыгаруу багытына бюджеттен 5 млн. сом каралган


2009-жылы китеп чыгаруу багытына бюджеттен 5 млн. сом каралган. Маданият жана маалымат министри Султан Раевдин сөзү боюнча бүгүнкү күндө республикада китеп басып чыгаруу чоң бизнеске айланган. “Басылмалар китептин сапатына эмес, тиражына көп көңүл бурушат. Таланттуу жаш жазуучулардын эмгектери каражаттын жоктугунан чыкпай келген. Бул көйгөйдү чечүү максатында министрлик астында “Маданият” аттуу басмакана иштей баштайт. Бул жерде […]

Уйлар бөлүнсө – жолборс сүйүнөт


(Бирма жомогу) Илгерки бир заманда токойдон алыс эмес жерде уйлар оттоп жүрүшчү экен. Алар дайыма чогу жүрүшүп, бирөөсү да бөлүнчү эмес. Ал эми токойдо болсо жолборс жашачу. Ал жаман куу жана арамза болуптур. Көптөн бери бир уйдун кардын жарсам деп эңсеп жүрчү, бирок уйлардын тобу таштай бекем болуп ширелгендиктен, бир уйду бөлүп алуу мүмкүн эмес […]

Бүгүн Бишкекте “Айтматов жана азыркы заман” эл аралык форуму башталат


Бишкекте бүгүнкү күндөн тартып 28-февралга чейин КМШда адабият жана окуу жылынын жыйынтыгына жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган “Айтматов жана азыркы заман” эл аралык форуму өтөт. Бул туурасында КМШнын Аткаруу комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Г. Айтиев атындагы музейде “Манас” гравюра экспозициясы ачылды


Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде гравюралардын туруктуу экспозициясы иштейт, ал элдик “Манас” эпосуна арналган. Бул жөнүндө бүгүн “КАБАР” агенттигинин журналистине графика бөлүмүнүн башчысы Людмила Цикалова билдирди.

Эртең “Айтматов жана азыркы заман” эл аралык форуму өз ишин баштайт


Эртең Ала-Арча резиденциясында КМШда адабият жана окуу жылынын жыйынтыгына жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган “Айтматов жана азыркы заман” эл аралык форуму өз ишин баштайт. Бул тууралуу “КАБАР” агенттигинде уюштурулган пресс-конференция учурунда Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри Султан Раев билдирди.

2009-жылы китеп чыгаруу багытына бюджеттен 5 млн. сом каралган


2009-жылы китеп чыгаруу багытына бюджеттен 5 млн. сом каралган. Маданият жана маалымат министри Султан Раевдин сөзү боюнча бүгүнкү күндө республикада китеп басып чыгаруу чоң бизнеске айланган. “Басылмалар китептин сапатына эмес, тиражына көп көңүл бурушат.

Кыргыз дизайнерлери өз коллекциясын Берлинде көрсөтүштү


Берлинде 24-февраль күнү республиканын дизайнерлеринин “Кыргызстандагы азыркы мода искусствосу” деп аталган жаңы коллекциясынын көргөзмөсү болуп өттү. Иш-чара Кыргыз республикасындагы Германия федеративдүу республикасынын элчилигинин жана “Витлайн” Промоушн борборунун биргелешкен аракети астында ишке ашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыздын чыгаан уулу Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова атасынын китебин кайра басып чыгарууда демөөрчүлөргө муктаж


Кыргызстандын алгачкы эл комиссариатынын төрагасы Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова атасынын 1990-жылы чыгарылган китебин кайра чыгаруу максаты менен коомчулуктан жардам сурады. Бул тууралуу Л.Абдрахманова “Замандаш-пресс” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.