Monthly Archives: Апрель 2014

И. Абдуразаков: Япония мага эмдигиче табышмак, бул өлкөгө суктанганым суктанган


Маегибиз Ишенбай Абдуразаков абабыздын жаркын элесине арналат Автордон: Бул маек мындан мындан бир нече жыл мурда жасалып, республикалык газеталардын бирине кыскартылып берилген. Бүгүнкү күндө, Ишенбай Абдуразаков абабыздын арабыздан, дүйнөдөн өтүп кеткендигине ичибиз ачышып турган чакта, анын жаркын элесине арнап бул маекти толугу менен жарыялоону милдетибиз деп чечтик. “Япония мага эмдигиче табышмак, бул өлкөгө суктанганым суктанган…” […]

Маданиятка күйгөндөр өкмөт үйүнө өкүрүп барышты…


Кечээ күнү маданият кызматкерлери чак түштө өкмөт үйүнүн алдына (15-20 метр жерден баштап) кадимкидей аза күтүп, “эсил кайран замана, эсил кайран маданият” деп өкүрүп барышты. Бул акциянын башында Кыргыз эл артисти Эрмек Мойдунов, КРнын эмгек сиңирген артисти Артык Сүйүндүков, кинорежиссерлор: Эрнест Абдыжапаров, Актан Арым Кубат, Садык Шернияз сыяктуу маданияттын каймактары туруп, аларды акындар Зайырбек Ажыматов, […]

Фейсбуктун ыр куржунунан


ЖАШЫЛ ЖАЙЛОО – ЖАШЫЛ КЕЗ Ээн жолдогу бала күндүн карааны, Эрбеңдеген кечки туман, кечки жай. Кеткен бойдон кой кайтарган кыр менен, Келбей койгон убаданын бектиги ай. Таң эртеңде, жайлоо бетте шүүдүрүм, Кепшеген кой маңырайып бурулган. Жылкы менен кошо келчү желеге, Мен айдаган жайлоодогу буурул таң. Жылкы саамдай тез- тез өткөн мезгилдин, Жакасында торпок эмген энесин. […]

ТОКТОГУЛ – ТӨКМӨ АКЫНДАРДЫН ТУУ ЧОКУСУ


Акындарын макташып, Ар бир колот – желдеңдейт. Асмандап учкан Токомо, А бирок, бири тең келбейт! Токтогул кыргыз төкмө акындарынын туу чокусу. Биринчиден, анын ырлары бардык шакирттери тирүү кезинде жыйналган. Ошондуктан ак таңдай акыныбыздын саптарында ар кандай кошулмалар жок деп эсептейм. Экинчиден, чыгармаларды топтоону кыргыздын суу төгүлгүс  жорго, лирик акыны Жоомарт Бөкөнбаев жетектеген. Ал анда “Ленинчил […]

Өчпөс из калтырган Насыр Дөөлөсов


Насыр аганын арабыздан узаганына үч жылга аяк басыптыр. Соңку жылдары инсульт алып, кант диабетинин азабын тартып, 55 жыл турмуштун ысык-суугун бөлүшкөн байбичеси Сабира апанын жанында өмүр карыткан агабыздан 2011-жылдын 12-июнунда айрылганбыз. А быйыл 85 жашка чыкмак экен. Аман турса, куттук айтып белгилемекпиз… Анын ордуна Композиторлор союзунда эскерүү кечеси өттү… Агайсыз өттү… Чакан чөйрөдө музыкалык баалуу […]

Эрнест АБДЫЖАПАРОВ: «Кыргыз киносунда жаңы доор башталды»


Кыргыз киносу жаш болсо да, көптөгөн доорлорду, баш айланткан ийгиликтерди, жо­готууларды башынан өткөрдү. Ар кандай учурда чыгармачыл адамдар искусство үчүн жашап, аны өнүктүрүп келишкен. Токсонунчу жылдары «иши бүткөн» кыргыз киносуна жан киргизип, анын отун өчүрбөй кайра тирилткендер кимдер? Кыргыз киносу учурда кандай абалда? Ушул суроолорго жооп издеп, кинорежиссерлор Темир Дүйшекеев менен Эрнест Абдыжапаровду кепке тарттык. […]

Токтогулдун кызы Гүлсара материалдарды жыйнадым деген эле…


– Мира Мамытовна, сиздин атаңыз кезегинде Төрөкул Айтматов менен бирге иштешкен коомдук ишмер эле. Совет бийлигинин алгачкы активисттеринен болчу. Улуу акын Токтогул Сатылганов менен да жакын мамилеси бар деп укканбыз. Кетмен-Төбөдө атаңыздын ревкомдукка шайланышында Токтогул акындын катышы бар деп да айтышат, улуу инсандар тууралуу ар бир табылга тарыхый нерсе катары баалуу эмеспи, балким, сиз окурмандарга […]

Габриэль Гарсиа Маркестин адам затына коштошуу – керээз каты


Ырга айланган “Жүз жылдык жалгыздык” романын автору колумбиялык улуу жазуучу Габриэль Гарсиа Маркес кечээ чын дүйнө салды. Анын он жылдай мурун жазган, дүйнө менен коштошуу катын жазуучу Мундузбек Тентимишев которуп, 2001-жылы “Кыргыз Туусу” гезитине чыгарган эле. Азыр атактуу жазуучудан чыгармачылыгын сүйүп окуган окурмандарына Мундузбек агайыбыздын котормосунда ошол коштошуу катын сунуштайбыз. Маркесдин керээзи – ӨМҮР ЧЫНДЫГЫ…. […]

Токтогул тууралуу жаңы китеп жарыкка чыкты


Курманжан датка менен Токтогулдун байланышын көрсөткөн чыгармалардын орчундуусу жана кыйла талаштуусу Т.Касымбековдун “Келкел” романы. Белгилүү журналист жана Токтогул изилдөөчү Абдыкерим Муратовдун Токтогул Сатылгановдун өмүр жолундагы талаштуу маселелерди көрсөтүп, тарыхый-документалдык маалыматтарды адабий чыгармалар менен салыштырып, акындын басып өткөн жолунун айрым учурларын көрсөткөн бул китеби “Айат” басмасынан 300 нускада 180 бет көлөмүндө жарыкка чыкты. Бул адабий-тарыхый изилдөө […]

“Кыргыз Көчүнөн” ыр жыйнак


Кадырлуу Достор, урматтуу ыр ышкыбоздор! Үстүбүздөгү жылдын күрдөөлдүү күзүндө, ар жыл сайын 23-сентябрда белгилене турган Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун жана топтун ардактуу мүчөсү Гүлсана Сарногоева эже экөөбүздүн демилгебиз менен төгөрөктүн төрт бурчунда жашап, Ааламторду байырлаган таланттуу кыргыз акын ага-эжелерибиздин, уул-кыздарыбыздын ырларынан чогултуп, атайын ыр жыйнак китеп чыгарууну туура көрүп, ушундай жыйынтыкка […]

“Тегин” сөзү тегин жерден жаралбаган: Кыргыз паспорту жана орток латын алфавити тууралуу ой жоруу


Тарыхчы жана публицист Тынчтыкбек Чоротегин бул блогунда заманбап сөз таануу маселелеринен тышкары кыргызча паспортто ысымды туура жазуу жана бир катар түрк калктары үчүн орток латын алфавитин калыптандыруу көйгөйлөрү жөнүндө талкуулоо үчүн окурмандарыбызга “жем таштайт”. Тегин Мага Фейсбук аркылуу бир жигит кайрылып, “тегин” сөзүн ысымга кошуунун келип чыгышы тууралуу оюмду сурады. Бул термин жаатында “Сөз таануу” куржунунда […]

Кубаныч ЭСЕНБАЕВ, тележурналист: “Кыргыздын да улуттук бийи болгон…”


– Кубаныч мырза, соңку кездерде бий өнөрүнө кызыгуу артып барат. Өзүңүз да ушул жанрга көбүрөөк кызыгып, атүгүл “кыргыздын улуттук бийи болгон” деген ишенимди далилдөөгө аракет кылып келесиз? – Совет доорунда атайы сахналаштырылып коюлган бийлерден башка, кыргыздын улуттук бийи болгон эмес дегендерди кулагым чалып келет. Бирок, мен буга макул эмесмин. Себеби дегенде, 1924-жылы «Каркыра» жайлоосунда өткөн […]

“Буканын сүтүн” ичирген


Эгерде көзү тирүү болгондо Дооронбек Садырбаев быйыл 13- февралда 75 жашка чыкмак. Ал тууралуу көп эле сөздөр айтылды, бир топ макалалар жазылды. Бирок, анын мүнөзүн, жан дүйнөсүн толук ачып берген, жасаган иштерин толук чагылдырган чыгарма жазыла элек, дегеле Докемдин нагыз кимдиги алигиче толук ачыла элек. Бул өңүттө дагы көптөгөн изилдөөлөрдү, талдоолорду жүргүзүү талап кылынат. Доке, […]

Конок тосуу


Элибизде «конок айттырбай келет» деген сөз бар. Айт-кандай эле, ата-бабадан келаткандай, конок кайсы убакта келбесин, кыргыздар-дын дасторкону жайылып, үстүндө тамак-ашы толуп турат. Шашылыш баратып кайрылган Кудайы конокко үй ээси жок дегенде ат үстүнөн болсо да суусун жуткурбай койгон эмес. Илгертеден келаткан бул салтыбыз азыркы күнгө чейин өз нугун жоготпостон уланып келүүдө. Конок насиби Сыйлуу тамакты […]

Кытайлыктар деле “үналгы, сыналгы” дебейт


Кыргызстан эгемендүүлүк алары менен эң алгачкылардан болуп кыргыз тили жөнүндө сөз козгоп, “Кыргыз тили” гезитин чыгарган маркум акын, сынчы жана адабият таануучу Камбаралы Бобулов болгон. Президентибиз Алмазбек Атамбаев көптөн бери өлөсөл болуп келген кыргыз тилин жөнгө салуу жана аны өнүктүрүп калыптандыруу жарлыгына кол койгондон бери карай көзгө көрүнөрлүк даражада бир топ жакшы ийгиликтер жаралууда. Кыргыз […]

Кыргызстандын шартында маданият жана демократиянын өз ара мамилеси


(Башталышы өткөн санда) Бүтпөгөн өткөөл доордун себептери Кыргызстандын шартында Батыштын либералдык демократиясын кайталоо эч кандай натыйжага алып келген эмес, анткени эң негизги тоскоол катарында маданиятыбыздын өзгөчөлүгү, ой жүгүртүүбүздүн уникалдуулугу жөнүндө эркиндикке ээ болгондо он жылдап эстеген эмеспиз. Бирок бул нерсе демократиянын Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанда негизделгенине тоскоол болуп турат. Бул тууралуу ар түрдүү пикирлер […]

“…Эр Манастын көк байрагын көтөрүп,/Өмүр бою алып келди түшүрбөй…”


Ушул күндөрдө Кыргыз Республикасынын эл артисти, манасчы жана акын Уркаш Мамбеталиевдин 80 жылдыгына арналган ар кандай кечелер, жолугушуулар өткөрүлүп жатат. Март айынын акыркы күндөрүндө да улуттук китепканада “…Эр Манастын көк байрагын көтөрүп, өмүр бою алып келди түшүрбөй. Бир баштаса отура албай обдулуп, Айтчу эле күнү-түнү күпүлдөй…” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси болуп өттү. Биз […]

Бала күтүүдөгү ырым-жырымдар


Кыргыз элинин өзүнө мүнөздүү салт-санааларын үйрөнүп, билиш үчүн коомдогу үй-бүлөлүк мамилелерге токтолуу зарыл. Себеби ар бир кыргыздын үй-бүлөсүн баштан аяк ар кандай ырым-жырым, үрп-адат коштоп жүрөт. Баланын бойго бүтүшүнөн тартып, аны тарбиялоо, эрезеге жеткирип, үйлөнтүп-жайлантып, өзүнчө энчи бөлүп берүү, андан ары орун-очок алып, акыры о дүйнөгө сапар алышында түрдүү каада-салттар күнүмдүк турмуштун мыйзам-ченемдүү көрүнүштөрү катары […]

Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Шекспирден бери 450 жыл өттү бирок адам ыйманы өзгөргөн жок”


– Алгач философиялык суроодон баштайынчы. Адам бул дүйнөгө жыпжылаңач келип эле анан бирөө Шайлообекке окшогон мыкты акын болот экен, бирөө Көлбаевге окшогон криминал болот экен, дагы бирөө сага окшогон мыкты саясатчы болот экен. Эмнеге ушундай? – Уильям Шекспирди кайталап окуп жатам, улуу жазуучунун бул дүйнөгө келип кеткенине 450 жылдай болуптур. Ошондо деле чыккынчылык, ошондо деле […]

“Аалам ата-энеден башталат” аттуу эссе сынагы жарыяланат


“Аалам ата-энеден башталат” аттуу темада 11-класстын окуучуларынын арасында эссе жазуу үчүн сынак жарыяланды. Демилгени Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин Э. Ибраев атындагы журналистика кафедрасы көтөрүп чыкты. Бул тууралуу КР билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилет. Уюштуруучулар эссенин авторунун толук аты-жөнү, окуган мектеби, байланыш телефону сөзсүз көрсөтүлүүсүн эскертет. Эссе төмөндөгү […]

Рахат Аманова


Ырлар * * * Сынган айнек сыяктанып, чачырап, Бырчаланып, талкаланган кыялдар! Сыныктары жан дүйнөмдү сайгылап, Жарадармын, жарадармын караңгал!… Кыялдарым, билем, билем өчүң бар! Ээрчибеген силерди бар жазыгым… Келип азыр кетпес менден кегиң ал! Келип турат, ичим күйүп, жашыгым!.. Же болбосом, боор ачысаң Үмүт бер?!… Шамчырак бол, карангыда Жол көрсөт! Жарык болуп, Жарык берип күйүп кел! […]

“Мирзохалим Каримов Кыргыз эл жазуучусуна татыктуу”


Нооруз майрамынын алдында тарых музейинде белгилүү журналист, жазуучу, котормочу Мирзохалим Каримовдун “Достуктун үрөнүн себебиз” урааны алдында “Кыз күйүтү” аңгемелер жыйнагынын бетачары болуп өттү. Буга чейин автордун “Мажүрүм тал”, “Кыя жолдор”, “Жер жылдызы Жерге-Тал”, “Каратегин”, “Тажикстандык кыргыздар”, “Зындан”, “Алтын көпүрө” аттуу повесть жана аңгемелер, илимий-публицистикалык жыйнактары жарык көргөн. Кыргызстан элдеринин ассамблеясы уюштурган бул адабий кечеде жазуучунун […]

Элечек кийген аял башын өйдө көтөрүп, белин түз кармап өзүнчө бир сын күтөт


Элечек, жаз, Нооруз, Курманжан датка тууралуу айылдан келген апабыз асыл сөздөрүн окурмандарга тартуулады. Алыскы Алай районунун Курманжан датка айылынан келген Исмаилова Гүлбара Тилеке тегин менен маек курдук. Элечек, жаз, Нооруз, Курманжан датка тууралуу айылдан келген апабыз асыл сөздөрүн окурмандарга тартуулады. – Облустардан келген уз айымдардын көргөзмөсүнө көз жоосун алган апалардын элечегин жасап келипсиз. Өзүңүз тууралуу, […]

“Кыргыз талаасындагы өмүр”


Бронислав Залесский 1820-1880-жылдары жашаган поляк адамы, сүрөтчү, саякатчы десе болот. Ал 1865-жылы Парижде чыгарган: “Кыргыз талаасындагы өмүр” аттуу китеби менен Европада белгилүү болгон. Ага чейин, студент кезинен эле революциялык толкунга катышканы үчүн азыркы Казакстандын Оренбург тарабына аскердик сүргүнгө айдалат. Ал жерде убакытты өткөрүү үчүн, офорттук ыкма менен 22 сүрөттү жараткан. Сүрөттөрдү толугу менен “Азаттыктын” сайтынан […]

Эгемберди Эрматов: Тилдин тегерегинде адабият, маданият калыптанат


“Ааламдашуу катуу жүрүп жаткан мезгилде, биз ушул тил саясатынын негизинде улуттук идеологиябызды чагылдырышыбыз керек”, – дейт Эрматов. “Кабар Ордо” сайтынын жыйындар залында болгон кыргыз тилинин маселесине арналган кереге кеңеште Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов учурда мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө эч ким каршы эместигин, бирок ошол эле учурда кээ бир орусча билим алып калган аткаминерлер […]