Monthly Archives: Март 2014

Акжол КАНАТБЕК уулу, төкмө акын: “Атам менен апамдын жубайлык сүйүүсүн тартууга боёк да жетпейт…”


Майра эже жѳнүндѳ жазылып да, айтылып да жүрѳт. Убагында акындык дараметине баа берип, тамшанып, таң калып укчубуз. Эми Майра Керим кызынын даңкына дагы жаңы түс киргизип, жаңы из салып, анын Акжол деген уулу алп акындыктын сүрүн көргөзүп келатат. Касиеттүү Ысык-Кѳлдүн шарпылдаган жээгинен азык алып, атасынан бата алып, эл алдына чыгып сыналып, улам чыйралып келаткан Акжол […]

Майрамбек Токторовдун жаңы ырларынан


МЕКЕН-ЖЕР Ала-Тоодо алтын жатат уюган, Булагыӊ көп агып жаткан сууӊан. Ким бирөөлөр ичээрге суу издесе, Андай сууга күндө бир маал жуунам. Ата-Журттун азабында иргелген, Эл экенбиз эркиндикте күн көргөн. Бир кезекте душманга бек чеп болсоӊ, Эми сени тытып жулкуйт ким көргөн. Бүркүттөрүӊ чоочуп учса чууӊан, Арман күйөт көлдөгү аппак кууӊан. Шылуундарыӊөзөктүөрттөп турушат, Бөтөндөрдөн көӊүл эчак […]

Абдыкерим Муратов


Абдыкерим Муратов 1956-жылы Ноокат районундагы Шанкол айлында туулган. 1976-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган соң мектепте мугалим, пединститутта окутуучу, Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунда илимий кызматкер, «Эне тили», «Ислам маданияты» газеталарында баш редактор орунбасары,»Замандаш» журналында баш редактор болуп иштеген. Азыр эл аралык «Zaman Кыргызстан» газетасында баш редактордун кеңешчиси жана И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, […]

Абдыкерим Муратов. “Көпөлөктөр өрөөнүн көксөгөн Мурза Гапаров”


Жазуучу Мурза Гапаровдун адамдык жана сүрөткерлик ажарына айрым бир сүртүмдөр эсселер Таланттуу жазуучу жана драмачы Мурза Гапаровдун ажайып дүйнөсүнүн айрым жактарын ачып берген бул сүртүмдөр менен адамды жана адабиятты ардактаган атуулдар таанышып койсо деген ниеттебиз. автор   Фудзи тоону кар баскандай кыроолонгон чачтар ай… «Көчө» киносун көргөнбүз, ошо бүтөрү менен Ноокаттын «Улуу-Тоо» кинотеатрына ак чач […]

Эң кыска көркөм чыгармалар


Адабий чөйрөдө эң кыска роман тууралуу анекдот бар. Ал роман болгону үч сөздөн турат. “Төрөлдү. Үйлөндү. Өлдү”. Бир карасаң, чындыгында эле, бул үч сөзгө адамдын бүт өмүрү камтылган. Бирок бул сөздөр белгилүү нерсени жөн гана атап, эскертип койгондой. Таңгалуу жок. Ал эми чыныгы көркөм чыгарма, бери дегенде, адамдын жан дүйнөсүн жана акыл-эсин чыңалтып, аларга дүрбөлөң […]

Жылдызбек Турсунбаев “Дил чабыт” аттуу ыр китебинин бет ачаар аземине чакырат


Ж.Турсунбаев – биздин блог уюштурган бир ырдын сынактарынын жеңүүчүлөрүнүн бири. Жаш акындын айрым чыгармаларын блогубузга токтоп да койгонбуз. Алар менен бул жерден тааныша аласыздар.

“Түндүктүк келин” – “Түштүккө түшкөн келинби?” же талашка түшкөн аңгеме


«Түштүккө түшкөн келин» – бул аңгемени жазууга  менин  Түштүккө келин болгондогу окуяларым түрткү болгон эле.  Адегенде өз окуяларымды, анан   түштүккө түшкөн бардык келиндердин окуяларын чогулта баштагам. Аңгемемдин алгачкылары   «Жүрөгүңө барчу жолду издепмин» аттуу  китебимде жарык көргөн.  Менин аңгемемди менин “Кызгалдак” аттуу блогумдан, “Facebook”тан  окугандар  аңгеме кызык экенин,  абдан күлүшкөнүн айтышып, көптөгөн каттарды жазышкан. Себеби аңгемем […]

ЧАБЫТ


«Көгүчкөн дүйнөсү» деп мекенимди, Көп жылдар үзө бастым этегимди. Көк асман чакырган соң, кийин билдим, Көрсө мен… өзүм Бүркүт экенимди. Чындык деп ишенгеним жалган экен, Чымчыктын уясына салган экен. Тебишпей, терген жемди чокуп жүрүп Текөөрүм жумшак болуп калган экен. Өйдөлөп, ачык асман үйүм болду. Өмүрүм – өткөн чакка сыйым болду. Бүркүттүн кан жолуна кайтыш үчүн […]

Залкар жазуучунун чыгармасын кыргыз тилинде окуган Ю Вон Ен


Түштүк Кореядан келген Ю Вон Ен Кыргызстандагы Корея борборунда жана Кыргыз- Россия (Славян) институтунда тилчи болуп иштейт. Түштүк Кореядан келген Ю Вон Ен Кыргызстандагы Корея борборунда жана Кыргыз- Россия (Славян) институтунда тилчи болуп иштейт. Алгач маекти ал ” Кыргызстан менин экинчи мекеним” ,-деген сөздөн баштады. – Сиздин биздин жерге келгеӊизге канча убак болду жана кыргыз […]

Кытайлык Төлөнтур Ыбырай кыргыз тилиндеги дептерлердин топтомун сатыкка чыгарды


Кытайда жашаган кыргыз жигиттери ишкерлик менен катар улут үчүн жан үрөп маанилүү иштерди аркалап келе жатышат. Алардын арасында Төлөнтур Ыбырай уулу деген уулубуз кыргыз окуучулары үчүн араб алфавитиндеги кыргыз жазуусу жана ханзу (кытай) жазууларын жазганга кыргызча мукабалуу, баракчалары да кыргызча жасалгаланган “Каганат” аталышындагы кыргыз дептерлерин жасап сатыкка чыгарыптыр. Анын бул ийгилине кубанып эл уксун, эл […]

Нооруз. Сүмөлөк. Көжө


21-март Нооруз майрамына аз эле күн калды. Эл буга карата камылгаларды көрө баштады. Жардамы тийип калабы деген ниетте буздин блогдо Ноорузга байланыштуу маалыматтарды бул макалага топтоп койдум. Ар кайсы жактан издеп убара болбогула. Бул, биринчи кезекте, Ноорузга карата жасалуучу улуттук тамак-аштар тууралуу маалыматтар. Интернет айдыңын дагы бир ирет тинтип чыгып, Сүмөлөк жана Көжөнү жасоо боюнча […]

Кыргыз жолу – кыргыз бүтүндүгү


2013-жылдын октябрь айында кыргыз элинин келечегине кайдыгер карабаган улуттук-мекенчил  багыттагы уюмдардын жетекчилери, аксакалдар, илимий-чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, жаштар чогулуп, “канткенде биригебиз, кантип Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө татыктуу салым кошобуз, качан сөздөн ишке өтөбүз” деген маселени кабыргасынан коюп, кызуу талкуудан соң бир пикирге келишти. “Жалгыз таруу ботко болбойт, жалгыз дарак токой болбойт” дегендей, ар ким өзүндөгү өзүмчүлдүктөн көтөрүлүп, Кыргызстандын […]

Манас атанын Аккуласынын такасы


Манасчылардын айрым аян-окуяларын укканда ишенбей турган учурум да болоор эле. Бирок, жакында эле, мындай ойлорумду тып-тыйпыл кылып талкалай турган далилди көтөрүп Айбек деген жигит  келди мага. Анын кызыктуу баяны чоң атасы Болотбек Исабеков жана Манас атабыздын Аккуласынын такасы тууралуу болду… «Тыныбек эшикке, атынын жанына жатып калган учурда – Бир-Булактын күн чыгыш жаккы кашатындагы дөбөлөргө түрү […]

Кош болгула, шабдаалы бак, өрүкзарлар,/Арасында мен өскөн бейитзарлар…


Кыргыз эл жазуучусу Мурза ГАПАРОВ жубайы Алмажан ОСМОНКУЛОВА менен 1967-жылы баш кошушкан. Эки уулдуу болушуп, азыр Алмажан эже төрт неберенин чоң апасы. Бешенеге жазылганын көрөсүң дегендей, Алмажан эже жазуучунун жубайы болуп да, андан ажырап да, жалгызсырап да, далай бороон-чапкындуу күндөрдү башынан кечирген. Эжени маектешүүгө чакырганыбызда Мурза агай тууралуу жазылган эскерүүлөрдү, Мурза агайдын гезит беттерине чыккан […]

Наиля АЙТАЛИЕВА, Ашыралы атабыздын байбичеси: “Абышкам китебин көрбөй кетпедиби…”


Кыргыз эл артисти, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, “Залкарлар арасында” аттуу китебинин чыкканын көрбөй кеткен төкмө акын Ашыралы Айталиевди эскеребиз. Ашыралы атабыз тирүү болгондо 87 жашка чыкмак экен. 1927-жылы Кант районунун Жедигер айылында жарыкка келген. “Нарындан жазган салам кат” аттуу ыры 54 жыл жашаса, өзү 80 жыл өмүр сүрүптүр. Байбичеси Наиля апа жана шакирти Аалы […]

“Долон” десе эске түшөт элеси


Белгилүү ырчы Сагийпа Чечейбаева айтылуу “Долон” деген ырды саламаттыгы өтө начар абалда кыргыз радиосунун “Алтын фондуна” жаздырганын анын күйөрмандарынын бардыгы эле биле бербесе керек. 1966-жылы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде режиссер Бообек Ибраев спектакль коюп калат. Анын музыкасын жазууну Жумамүдүн Шералиев менен Калыйбек Тагаевге тапшырат. Сөзүн […]

Анар – түрк дүйнөсүн даңазалаган жазуучу


Азербайжан эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун алгачкы жетекчиси, Азербайжан Жазуучулар союзунун башчысы Анар Рзаев жакында Кыргызстанга келип, өз күйөрмандары менен жолукту. Анар Расул оглы Рзаев совет доорундагы жазуучулардын алтымышынчы жылдары чыккан атактуу муунунан. Анын элүүдөн ашык китеби ар кыл тилге которулуп, өз күйөрмандарын тапкан. Чыгармаларынын негизинде бир нече даректүү жана көркөм тасмалар тартылган. Кыргызстандагы Азербайжан элчиси […]

Жубайлар: Биз кыргыздын каада салтын, динибизди туура сактоого аракет кылабыз


Жубайлар, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын жана Т. Абдымомунов атындагы сыйлыктын лауреаты, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары Кайрат Иманалиев жана Коомдук биринчи каналдын алып баруучусу, филология илимдеринин кандидаты Кыял Шаршеева менен маек. – Жубайыңызды кыргыздын салты менен бүлөө кылып алдыңызбы? – К.И: Ооба, кыргыздын салты менен үйлөнгөнбүз. Адегенде айылыма, Ысык-Көл […]

Кол өнөрчүлүктү колдосо, жакшы пайда түшөт


Айылыбыз бийик тоолуу болгондуктан жерден жарытылуу түшүм ала албайбыз. Аркырап эртели-кеч шамал болуп турат. Башка айылдардагыдай жашылчалар өспөйт. Ар бир айыл ар башка шартта жайгашкан. Ошол шартка жараша айылдын тамырын кармай билип, жумушчу орун түзүүгө да өзгөчө бир ашып-ташкан дем-күч, өнөр, талант керек. Талас районунун Талды-Булак айылынын тургуну, чебер апабыз Кымбат Байматова таштандыга айланып каралбай […]

Султан Раевдин «Жанжаза» романы жөнүндө сөз


Жазуучу, драматург Султан Раевдин жанкумар айланасындагы «Жанжаза» романы боюнча алдыда карама-каршылыктуу көп сөз болорунан шегим жок. Алгач бул китепти колго алганда аннотациясында «Султан Раевдин «Жанжаза» романы терең психологиялык, философиялык чыгарма – притча. Романда реалдуулук менен сюрреалдуулук, мезгил менен мейкиндик бири-бирине бекем жуурулушуп, адам жашоосунун түбөлүктүү дөөлөттөрү тууралуу ой козголот» – десе, китеп мукабасындагы улуу жазуучу […]

«Ырыбыз – достук, ынтымак!» Эл аралык төкмө акындар айтышы


Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги «Диалог Евразия» платформасы Республикалык «Айтыш» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министирлиги, «Диалог Евразия» платформасы жана Республикалык «Айтыш» коомдук фонду биргеликте 14-15-мартта «Ырыбыз – достук, ынтымак!» деген демилге менен Эл аралык төкмө акындардын айтышын уюштурат. Айтыш Ош шаарында Ош улуттук драма театрында өтөт. Абалтан кыргыз журтчулугу […]

Борбордук Азиядан көркөм адабият боюнча чакан чыгармаларга сынак


«NewEurasia» порталы Орто Азия үчүн жаңы көркөм адабиятынын кичине формасындагы «Новеллазия» деген конкурс жарыялайт. Конкурстун максаты – региондогу таланттуу авторлорду эл аралык деңгээлде таанылуусуна жардам берүү. Конкурска Казакстан, Кыргызстан, Таджикстан, Түркменстан, жана Өзбекстандын атуулдары катыша алышыт. Мурун чыгармаларын эч жерде басып чыгара элек адабият сүйүүчүлөрү, жаңы баштап келе жаткан жазуучулар, профессионал жазуучулар, ошондой эле блоггерлер, кабарчылар жана башкалар катыша алышат. Конкурста жашына, […]