Monthly Archives: Сентябрь 2013

Москва “десантына” каршы чыккан Стамов


Кыргыз эл жазуучусу, коомдук ишмер Асанбек Стамов чыгармаларынан турган китеп-көргөзмө уюштурулду. Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар китепканасында 17-сентябрда уюштурулган иш-чарада кара сөздүн чебери Асанбек Стамовду акын-жазуучулар, адабиятчы-окумуштуулар эскерип, анын кыргыз адабиятына кошкон зор салымына токтолуу менен өмүрүнүн акыркы мезгилинде жазган “Хан Тейиш” романынын баалуулугун белгилешти. Асанбек Стамовдун студент кезден берки курдашы, адабиятчыСанарбек Карымшаков 80-жылдардын орто […]

Жок дегенде АЙТЫШТЫ жайына койгулачы, туугандар…


Студенттик кезде айтыштын өтө туруктуу күйөрманы элем. Кезеги келе калса ичкен ашымды коё сала, шымаланып, кыйкырып, бакырып сүрөй албасамда ичимен АЙТЫШтагы ар бир сөздүн түбүндө түнөп, талдап, сүрөп жүргөн күндөрүм эсимде күнү бүгүнкүдөй. Азыр ошол кездегидей айтышты көрө албасам да, тек гана сыртынан көз салып, өзгөчө өсүш жараткан төкмөлөрдүн дымагынан кыргыз улутуна тиешелүү улуулуктун, ток […]

Жаткан төө


Бул тамактын аталышы анын бышып жаткан учурдагы көрүнүшүнөн чыккан. Казандагы үстү камыр менен жабылган картошкалар төөнүн өркөчүн элестетет. Керектелүүчү азыктар: Картошка – 1 килограмм Эт – 300-600 грамм Жуурулган камыр – 1 чоң (же 2 кичине) жайым Пияз – 1-2 даана (орточо өлчөмдөгү) Болгар калемпири – 1-2 даана Сабиз – 1 даана Сары май – […]

Азия маданиятын бириктирүү Түштүк Кореядан башталууда


Азия дүйнөлүк тарыхта өзүнүн ээлеген георграфиялык аянты же элинин көптүгү менен эле эмес, билимге, илимге жана дүйнөлүк маданиятка кошкон эч нерсеге теңегис салымы менен өзгөчөлөнүп турат. Азиядагы эң өнүккөн мамлекеттердин тарыхы Кытайдан баштап, эгемендикке жакында эле жетишкен Кыргызстанга окшогон мамлекеттери менен абдан түрлүү жана ошонусу менен дүйнөлүк коомчулукту кызыктырып келет. Ошол көптөгөн тарыхый жана маданий […]

Устатым менен өткөн күн


Элмирбек Иманалиев өнөр өстөнүндө оозеки адабият менен жазма адабиятты куштун кош канатындай кастарлап келаткан апыз. Ал өз чөйрөсүндө оозеки аңгемечи экенин билгендер аз. Себеби өзү да сыр сандыгынын ачкычын бекем катынган өнөрпоз. Жамы журт аны мыкты обончу, дастанчы, манасчы, төкмө акын, актер катары гана тааныса, биз Элмирбектин дагы бир чыгармачыл дасмиясын «24.kg» МА окурмандары үчүн […]

Блогдун жаңы келбети


“Кыргыз маданият борбору” блогунун сырткы көрүнүшүн жакында эле жаңылагандай болду эле, эмнеге аны кайра өзгөртүп жатат деген суроо беришиңер мүмкүн. Жообум – блогго киргендердин ыңгайлуулугу үчүн. “Кыргыз маданият борборун” киргендер боюнча маалыматтарды талдап жатып, окурмандарыбыздын бир кыйласы мобилдик түзулүштөрдөн кирерин байкадым. А бирок биздин блогдун сырткы көрүнүшү ага көп ыңгайланышкан эмес эле. Блогдогу макалалар менен […]

Густав Малердин тогузунчу симфониясы


Музыка, айрыкча жай сыбызгыган кайгылуу музыка жан-дүйнөңдү эс алдырат. Көр-тирилик көйгөйүнө толгон көкүрөгүңдү тазалайт. Густав Малердин тогузунчу симфониясы Музыка, айрыкча жай сыбызгыган кайгылуу музыка жан-дүйнөңдү эс алдырат. Көр-тирилик көйгөйүнө толгон көкүрөгүңдү тазалайт. Музыка ааламдан келген сыяктанып касиеттүү, сырдуу. Бетховен, Бах, Моцарт, Шопен, Чайковский…Эмне деген композиторлор. Классиканын дөө-шаалары. Мындай дене-бойду дүркүрөткөн музыка кайрыктарын жараткандардын бири, шумдуктуудай […]

Улукмырза Полотов: Улуттук колоритти сактап ырдагандар аз (1-бөлүк)


КР эл артисти, профессор, К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын мугалими Улукмырза Полотов менен болгон маек. – Аваздык өнөрдүн сырын кантип ачкансыз? – Атай Огонбаев айтчу экен, «ырчы ырдап атканда көмөкөйү көрүнүп туруш керек» деп. Мына, кептин баары ушунда. Муну дүйнөдөгү нечендеген музыкалык теорияны жазгандар да айтып келген. Менин таңгалганым: Атай Огонбаев муну өзүнүн жеке туюму менен […]

“КЫРГЫЗ УЛУТТУК ОРНАМЕНТИНИН КОММУНИКАЦИЯ СИСТЕМАСЫНДАГЫ РОЛУ”


Эльвира Чыныеванын “КЫРГЫЗ УЛУТТУК ОРНАМЕНТИНИН КОММУНИКАЦИЯ СИСТЕМАСЫНДАГЫ РОЛУ” аталышындагы магистрдик диссертациясын сунуштайбыз. Диссертациясын ал Кыргыз-Түрк Манас университетинде жактаган. Кыргыз кол өнөрчүлүгүнө, кыргыз маданиятына кызыккандар үчүн кызыктуу болот деген ойдобуз. Аталган иш менен Jamilya Abdymalikova бөлүштү.

Мырзалардын этно-саркеч кийимдери


Мирахим ТОКТОГУЛОВ, “Ак Шумкар КУТ” жаштар коомдук бирикмесинин мүчѳсү: “Жигит-мырзалар үчүн улуттук кийимдердин толкунун баштадык” Мирахим Токтогуловдун  кесиби философ. Анын ичинде кыргыздардагы “кайып кубулушу”. Изилдөөсү да, кесиби да кыргыздардын  салттуу билимдерине байланышкандыктан, улуттук кийимдерди алып чыгууда билими ага чоң өбөлгө болду. “Кыргыз элинин философиялык билими, көрөңгөсү биз ойлогондон да алда канча терең, кенен экендигине күн сайын […]

Улуттук китепканада «Чоюке – залкар манасчы» көргөзмөсү өтөт


2013-жылдын 12-сентябрында саат 11:00 дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө белгилүү манасчы Өмүр уулу Чоюкенин 150 жылдыгына арналган «Чоюке – залкар манасчы»  аттуу китеп көргөзмөсү өткөрүлөт. Көл жергесиндеги Арык уруусунан чыккан манасчы Өмүр уулу Чоюке 1863-жылы Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Кара-Бөлтөк айылында туулган. Анын атасы өз оокатына тың кедей […]

Камалдин Султанбаев


ЭЛЕГИЯ Окшошуп турат күзгү күн, Сустая карап күлкүсүн, Жашырып турган сулууга. Үч бурчтук сымал элеси, Каркыра, турна желеси, Кыйкуулап көктө жылууда. Мунарык баскан адыр, түз, Муңайым, жымжырт, көөнү суз. Санаага баткан окшошуп. Жапжашыл көрктүү кез менен, Тунарган жаштуу көз менен Тургансыйт азыр коштошуп. Арылбай жүрөм санаадан, Бадалдуу бетти карасам, Четиндер окшойт жалынга. Жадырап-жайнап жүрмөкмүн, Жалындуу […]

Искендер Жумабаев: Биз түшүнгөн руханий баалуулуктар эми кайрылып келбейт


Абийирдүү азчылык калыптанбаган коом турмушу ар дайым моралдык ориентирдин бузулуусуна алып келери адамзат тарыхында далай кайталанган. Бүгүн караламан калктын түркөйлүгүнөн мурда коомдун илим-билимдүү алдыңкы катмары түркөй үчүн академик, доктор, профессор даражасын сатып алган интеллектуалдуу кылмышкерлер толтура. Бирок алардын көбүн карпа-күрп кезигишкен жерден тайсалдатып коёр сакадай бою сары алтын бир илимпозубуз бар. Илимдер академиясынын босогосун аттаган […]

«АЛЫКУЛДУН СҮЙҮҮСҮНӨ КАРШЫ БОЛГОНУНА ТАЯТАМ ӨКҮНГӨН»


Таштан болор, кумдан болор төшөгүм, Аз болсо да сыртта калар сөздөрүм. Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү, Буудан болуп таскак салып өтөрмүн. Минтип өз тагдырын, келечегин билген, караңгыда жазылса да жарык берип келген ырлары менен эсте калган Алыкул акынды ким билбейт. Бул жолу анын сүйүүсүнүн тирүү күбөсүн жана кара кулпу кайтарып калган үйү кантип музейге айланганы […]

КӨК-ТОНДУУ МАЗАР БАЯНЫ


Өзгөн районунун Саламалик айылына болгон иш сапарыбызда бир ыйык жерге көңүлүбүз түштү. Ал – тарыхы жагынан көпчүлүктүн көңүлүн бурган Көк-Тондуу мазар-күмбөзү. Оң капталындагы жети булакка ээлик кылган бул мазардын уламыштары тууралуу Абдымиталип аксакалдан уктук. – Абдымиталип ата, бул мазар-күмбөздүн тарыхына эч бир окумуштуу кызыгып көргөн жокпу? – Бул мазар аалымдар тарабынан изилденип келет. Абдыразак Кимсанов […]

Ишеналы Арабаевдин Алиппеси жөн китеп эмес


Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу, педагогика илиминин кандидаты, доцент Миргүл ЭСЕНГУЛОВА менен биргеликте атайын топ түзүлүп, кыргыздын алгачкы агартуучу илимпозу И.Арабаевдин 1932-жылы чыккан “Табыйат таануу алип бееси” китеби жарык көрдү. Бул китепти барактап отуруп, ошол кездеги кыргыз тилинин стилистикасын, жазуу эрежелеринин башкача экенин байкаса болот. Китептин ичинен “э” жана йоттошкон тамгаларды да көрүүгө […]

“Түйүлгөн ичеги, лом менен өлтүргөн илбирс дале эсимде”


Таластын Көпүрө-Базар айылында Эсенаман, анын уулу Үмөтаалы деген залкарлар өткөн. Бул көчтү улоочулардын бири комузчу Жунуш Аликеев. Айтылуу комузчу менен бирге өмүр кечирип, Малик Аликеевдей уулду төрөп, 83 жашка келип калган, ар бир сөзүн макалдаштырып сүйлөгөн Калемкаш апага жолуккан сайын өмүр барактарын жомоктой кылып жобурап айтып берет. Калемкаш апа балалыгын эстегенде эле орок оруп, машак […]

Бакай ШҮКҮРОВ, тамада: “Болсо дагы той жакшы, болбосо да той жакшы”


Тойдун өйдө-төмөнүн тамададан артык эч ким билбесе керек. Биз төмөндө тамада деген ким, ал кантип мындай өнөргө ээ болот, учурда тойлор кандай өтүп жатат деген сыяктуу суроолор менен 2009-жылы уюшулган “Тамадалар борборунун” жооптуу катчысы Бакай ШҮКҮРОВду маеке тарттык. – Чү деген эле жерден суроону жеке сиз тууралуу баштасак, кантип жана эмнеликтен тамада болуп калдыңыз?  – […]

Зинакан Пасаңова


30 жылдан ашуун поэзия жана проза жанрында бирдей эмгектенип келатат. «Аял сыры» (1998), «Кут түшкөн түндөр» (2006), «5 жыл» (2008) «Жамгыр тоодон башталат» (2001), «Сыркеч жамгыр» (2011) аталыштагы прозалык жана поэзиялык жыйнактардын жана «Академик Текенов» (2009)даректүү баяндын автору. Ош шаарында жашап, журналисттик кесипте эмгектенет. 1998-жылдан бери Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.   Китептери Турмуштун асма […]

Тончон эт


Керектелүүчү азыктар: Уйдун сулп эти – 400 грамм Камыр – 1 жайым Сабиз – 1 даана Пияз – 2 даана Сарымсак – 2 тишче Суу май – 100 грамм Туз, кара мурч – татымына жараша   Жасоо жолу: 1. Этти жалпагынан алакандай эки бөлүккө бөлүп, туздап жана жанчып алуу керек. 2. Сарымсак менен сабиз майда […]

Жыргалбек Касаболотовдун жаңы ырлары


Жыргалбек Касаболотов аз бирок саз жазат. Бир баштаганда Манас айткан манасчылардай токтоно албай, толкуп, буркан-шаркан түшүп укмуш ыр саптарын жарата алган бул акын үчүн мындай сапат, менимче, жакшы сапат. Бул өзүн баалай билгендик, поэзияны урматтай билгендик. Самандын арасынан кызыл данды көрө да, тандай билгендик. Бирок бул жай Жыргалбек үчүн өтө жемиштүү мезгил болду. Көп ыр […]

Өрүк курут


Курут кыргыздын улуттук даамдарынын бири катары белгилүү. Ал эми Баткен жергесинде курутту өзгөчө сыйлуу тамак катары аздектеп келишет. Эгер дасторконго эзилген курут берилсе, анда келген мейман өтө сыйлуу. Адатта, куруттун өрүк курут, туздуу курут деген эки түрү жасалат. Өрүк курут өрүк бышкан маалда даярдалат. Керектелүүчү азыктар: Айран, жакшы бышкан өрүк, сары май Даярдоо ыкмасы: 1. […]