Monthly Archives: Сентябрь 2012

Ысык-Көлдө Алыкул Осмонов жашаган


«Көлдө жүрдүм, көл боюнда бойлодум, Токсон ирет көргөнүмө тойбодум» (Алыкул) Жыл сайын Ысык-Көлгө дегдеп келем. Бала чакта бир көргөнүмдөн тартып түбө-лүк арзуума айланган көлдүн кереметтүү сулуулугу менен көк ирим мөлтүр тунук суусунан башка да өзүнө тарткан дагы бир касиети бар. Ал улуу таланттуу акын Алыкул Осмоновго байланыштуу.

Улуу устат


Мындан туура 100 жыл мурда, 1912-жылы тогуздун айынын 28инде Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында болочоктун залкар сүрөтчүсү Гапар Айтиев туулган эле. Анын тагдырына кыргыз адистик көркөм сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири болуу жана кыргыз элинин биринчи улуттук сүрөтчүсү болуу буюрган окшобойбу.

Жыргалбек Касаболотов: Кытай менен түзүлгөн келишимдер чычкан мурду жөргөлөгүс болуш керек


Аз күн мурда «Роза Отунбаеванын демилгеси» уюму тарабынан Кытай өлкөсүнө атайы кыргызстандык журналисттер үчүн иш сапар уюшулганы маалым. Биз бүгүн Кытайга барып келген делегация мүчөсү жана кесиптешибиз Жыргалбек Касаболовду кепке тарттык. – Жыргалбек мырза, «миң уккандан бир көргөн артык» дейт. Дүйнөдө улуу империя аталган Кытай жергесинен эмне укмуштарга күбө болдуңар, бул жактан баргандар?… – Бизге […]

Улуттук оюндун уңгусу уланып жатабы?


15-февралда өкмөттүн токтому менен “Улуттук спортту өнүктүрүү борбору” ачылып, анын жетекчилигине Алмазбек Касенов дайындалган. Учурда улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлүп, улуттук оюндар борбору жыл жыйынтыгына даярданууда. Ал эми аталган борбор же болбосо улуттук оюндар боюнча мыйзам өз натыйжасын берип жатабы деген суроого так жооп алууга кызыктык.

Эмил Шадыканов: “Саруу менен мундуздар Кемероводо да бар”


Эмил Шадыканов Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган. Жусуп Баласагын атындагы КМУну бүтүрүп, Таш-Көмүрдөгү “Кристалл” заводунда мастер болуп иштеген.1995-жылдын январынан 2005-жылга чейинки он жыл аралыгында Стамбул университетинде эл аралык байланыштар бөлүмүнүн магистратурасын, андан кийин докторантурасын бүтүргөн. 1997-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы билим берүү министрлигинин өкүлү болуп, андан соң Стамбул университетинде илимий кызматкер болуп иштеген. Докторантураны бүткөндөн кийин […]

КРнын Эл артисти Арзыбек Бедияров: «Сезимимдин күчүнө чыдабай өксүп ыйлагам»


Кыргызда төбөсү көрүнгөн ырчы, обончулар көп. Ар биринин өзүнө тиешелүү чыгармалары, кулк мүнөзү, жеке жашоосу бар. Алардын бири – өзгөчө обондордун жаратуучусу, кыргыз элинин көзгө басар уулу, КРнын Эл артисти Арзыбек Бедияров. ОБОНЧУ ТУУРАЛУУ 1952-жылы 11-октябрда туулган. Кичи мекени – Сузак району, Кызыл-Сеңир айылы. 4 обондуу ырлар жыйнагынын ээси. 1999-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти, 2006-жылы […]

Аман Токтогуловдун ырлары кошулду


Аман Токтогуловдун бизде жок жаңы ырларын блогубузга жайгаштырып койдук. Бул үчүн Аман агайдын кызы Элмира Токтогуловага терең ыраазычылык билдиребиз. Жаңы кошулгандар Аман Токтогуловдун 60 жылдыгына карата чыгарылган китепке тандалып алынган ырлар. Анда акындын ырлары менен кошо Аман Токтогуловго арналган ырлар да бар. КМБ

Какендин ырлары


Какен Алмазбековдун ырлары блогго жайгаштырылды.

Асман каганаты


Тарыхый баян Кунай Медетхан менен Мамасалы Апышевдин “Асман каганаты” аттуу VI кылымда Кыргызстандын аймагында болгон окуяларга арналган тарыхый баяны жарыкка чыкты. Бул Улуу Түрк Каганатына арналган чыгарма дароо эле үч тилде – кыргыз, орус жана түрк тилдеринде жарыяланды. Тең авторлор чыгарманын баш сөзүндө мындай деп жазышат: «Бул ирет биз көркөм адабиятта алиге чейин такыр белгисиз […]

“Катаал күндөгү ак куулар”


Коомдук ишмер, жазуучу Салима Шарипованын “Катаал күндөгү ак куулар” аттуу китеби коомчулукта татыктуу орун тапты. Бул китептин авторунун ар дайым изденүүдө болгону кубандырат, – дейт филология илимдеринин кандидаты, Ош мамлекеттик университетинин  доценти Николай Мурадылов. Эмесе,  Ш.Шариповага чыгармачылык зор  ийгиликтерди  каалап, китептеги Султан  Ибраимов тууралуу  аны  менен  бирге  иштешкен замандаштарынын  ой-пикирлери- нен үзүндүлөрдү окурмандарга тартуулайбыз. “Колхоздун […]

Омор Султанов, Кыргыз эл акыны: “Жантөрө Сатыбалдиев убадасын берген, бирок…”


Омор агай, акын, катары бүгүнкү күндөгү адабият менен маданияттын абалына кандай баа бересиз? – Маданият тууралуу эмне деп айтышты да билбей турам. Маданият өспөй калды, такыр эле болбой калды деген менен маданиятыбыз минтип жатат, тигинтип жатат деп телевизордон көрсөтүлүп, радиодон маалыматтар берилип эле жатат. Акын-жазуучулардын мааракелери өткөрүлүп, мааракеге чогулган эл акынга гүл берип, акча берип […]

Айтматовго болгон сагыныч же анын кусалыкты жазган асыл ойлору


Айтматов ааламынан баарын тапса болот. Мага Айтматовдун чыгармачылыгы турган турушу менен поэзия катары туюлат. Карапайымдык, жөнөкөйлүк, дирилдеген сезимдер, ошол эле учурда даанышмандык, бийик интеллект бири-бирине ширелишип кеткен. “Ак жаан” повестинен баштап “Тоолор кулаганда” романынан ар бир айылдык кыргыз өз балалыгын, жүрөгүн кытыгылаган сезимдерди, шайыр жеңелерди, өкүнүчкө айланган аселдерди көз алдына тартып, ал күндөрдү сагынып, кусаланып […]

“Устасы менен эл жакшы, Устаты менен эр жакшы”


Мен Калканбай байкени тээ алтымышынчы жылдан бери жакындан билем. Окууну жаңы эле бүтүп, Жумгал районундагы Ленин атындагы колхоздо ветврач болуп иштеп жүргөм. Ошондо тааныштык. Биздин айылга командировкага келди. “Ленинчил жаш” гезитинин өз кабарчысы болуп иштейт экен. Ал менин жазгандарымды тажабай отуруп окуп чыккан соң, өз оюн айтты: “Сенде психологизм бар, – деди Калканбай байке мага […]

Торгой


(жомок) Бир торгой учуп келе жатып эрмендин арасына топусун түшүрүп жиберип; “Эрмен, топумду алып бер “,-десе, эрмен: “Топуңду алып бермек түгүл бүрүмдү көтөрө албай араң турам”,- деп болбой коет. Анда торгой: “Сени эчкиге барып айтпасамбы”-деп эчкиге келип: “Ой эчки, тетиги жерде бүрүн көтөрө албай турган эрменди барып жесең болбойбу?” – дейт.

Тил маданиятына келгенде кайсы саясатчы көп алешемдик кетирет?


Эсенбай НУРУШЕВ, публицист: Кеңешим – «Манасты» окушсун – Саясатчылар кыргызча сүйлөй албайт. Азыркылардан Каныбек Иманалиевди эле мыкты билет деп белгилейт элем. Калгандары ашкана деңгээлинде эле билсе керек. «Толук кандуу», «толук баалуу», «бутуна туруу» деп бири бирине кайрылып атышпайбы. Кыргызча бул туура эмес. Булар калька сөздөр. Гезиттер эмнени жазса, ошону кайталашат. Кеңешим, кыргыз тилин окушсун. «Манасты», […]

Кыргызстанда улуттук биримдиктин идеологиясы барбы?


Сүрөт http://kyrgyzsalam.net сайтынан алынды “Кыргыз Туусу” гезитинин бүгүнкү меймандары белгилүү ишкер, “Айылбанк” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Токтосун Мадияров жана тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Койчиев улуттук аң-сезим, улуттук биримдик жана мекен келечеги жөнүндө кеп куруп беришти.

Наристелерге колдонуучу элдик ырым-жырымдар


“Айгине” маданий-изилдөө борборунун табылгаларынан бул саныбызда Андарак айылындагы тажик-кыргыз элдеринин азыркы убакытка чейин пайдаланып келе жаткан, ымыркайлар сыркоолоп калганда жасалчу элдик ырым-жырымдары жана элдик билими тууралуу беребиз. Бул маалыматтар тажик элинин хадымы (хадым – бул кимдин болбосун мааракесинде баш болуп берген аял, аны атайын эл шайлайт) Устаева Мархамат жана Касимова Хуршада апалардын айтуусу боюнча жазылып […]

“Дербиштер”


Гүлжан ИРЕШ – дизайнер. Ал “Жибекчиликти жана жибек токуучулукту өнүктүрүү” коомдук уюмунун директору жана “Саймалуу-Таш” көркөм галереясынын арт-директору. Улуттук баалуулуктарыбызды, салттык маданиятыбызды сактайлы деп далалат кылган Гүлжан айым чебер саймачы, жибек изилдөөчү катары коомчулукка таанымал. Учурда анын “Дербиштер” аттуу жаралган жаңы коллекциясы көпчүлүктүн көөнүн кызыктырууда. Бүгүнкү сөз учугу мына ушул “Дербиштердин” тегерегинде болду. – Гүлжан […]

Арстанбек комузчу


Асан Кайбылда уулунун “Кыргыз күүлөрү: иликтөөлөр, ойлор, пикирлер” деген эки томдук китеби Борбордук Азия Университетинин каржылоосу жана аталган университеттин илимий изилдөөчүсү Элмира Көчүмкүлованын демилгеси менен жарыкка чыккан. Анда аты айтып тургандай күүлөргө ойлор, пикирлер менен катар күүнүн тарыхы да жазылган.

Айгерим Тургунбаева, актриса: “Кыргыз маданиятын сактап, аны жайылтууга ар бирибиз милдеттүүбүз”


Айгерим Тургунбаева кыргыздын каада-салтын чагылдырган тасмада башкы каармандын образын жаратты. Жаш актрисанын жүрөгүндө патриоттук сезимдери да күчтүү экендиги анын кыргыздын маданиятын башка элге таанытып, маданиятка өз салымымды кошсом деген жакшы тилектеринде байкалып турду.

“Жумгалдагы Дүйшөн”, же алгачкы агартуучу


Кыргыз элиндеги алгачкы агартуучулардын бири, бүткүл өмүрүн, билимин эл-жерине арнаган, калкы кадырлап, атын аңыз кылган Ниязалиев Субанбектин жаркын элесин эскерүү, ысымын айылдык китепканага, Аблас Сулайманов атындагы орто мектептин атайын бир классына берүү, ошондой эле айылдын маданият үйүнүн жанына орнотулган айкелин ачуу аземи Жумгал районуна караштуу Куйручук айылында болуп өттү.

Саламдашуу маданияты…


Кыргыздын тили өтө терең. “Улуу кыргыз” – деген чоң бийиктерге жеткен бай тилдерден деп айтылып, аны менен ар кандай жашоо ыргагын аткарып келген тил. Өзгөчөлүү каада-салтыбыз, нарк-насилибиз, адеп-ыйманыбыз өз тарыхыбызды коштоп келет. Кыргыз элинин ички дүйнөсүнүн бийиктиги да бул тил менен даңазаланып, жомоктон жомокко өтүп, Манастай дастан жаралып, чындыкты айткан жоокер, көчмөн эл экенибиз айтылып […]

Айтматовдун акыркы адашуусу же түбөлүктүүлүк фонундагы портретке штрихтер


Ошентип, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтышы менен бирге кыргыз улуттук адабиятынын тарыхындагы «кыргыз совет адабияты» деп аталган (ал эгемендик доорунда да жашагандыгына, соңку эки романын: «Тавро Кассандры», (1994), «Вечная невеста» (2006) жаңы социалдык-саясий шарттарда жаратканына карабастан) артта зор из калтырган бир глобалдуу доор аяктап, адабияттын өнүгүү тарыхындагы жаңы барак ачылды.  Жазуучунун чыгармачылыгы мурдатан эле дайыма коомдук […]

Бишкекте алгачкы жолу Эл аралык адабий форум өтөт


Бишкекте 1-Эл аралык «Open Central Asia Book Forum & Literature Festival 2012» адабий форуму өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришкен. Белгилей кетсек, иш-чара Hertfordshire Press басма үйү менен биргелилкте Silk Road Media британдык компаниясы тарабынан уюштурулганы турат.

Бишкектеги “Бийиктик” басмасынан жаңы тарыхый чыгарма жарык көрдү


«Бийиктик» басмасында Кунай Медетхан жана Мамасалы Апышевдин “Асман каганаты” аттуу VI кылымда Кыргызстандын аймагында болгон тарыхый окуяларга арналган китеп жарык көрдү. Улуу Түрк Каганаты жөнүндөгү баян дароо эле үч тилде – кыргыз, орус жана түрк тилдеринде жарыяланды. Бул тууралуу басманын маалымат кызматы билдирди.