Monthly Archives: Август 2021

Адабий сынак 26 Аңгеме- фантастика


26 ЧЫНЫГЫ КҮРӨШ Жылдыз шаары. Бул шаардын жашоочулары өңчөй жаштар, иштесе ишке, ойносо оюнга тойбогон жаштар. Баары бир курактуу, не бир эмгектеген же ыйлаган бала үнү, не бир ашыкча кыйналган пендеси жок. Шаар жашоочулары да ушунусу менен сыймыктанышчудай. Эң тынч түндөр, кажы-кыжусу, ызы-чуусу жок шаарда бир өзгөчөлүгү асте басышып, ээрчишкен карылары жок. Өтө тартиптүү, бир […]

Адабий сынак 25 Аңгеме


25 Аллоо… (аңгеме-диалог) – Аллоо…аллоо…аллоо… дейм… – Да …угуп жатам. – Балам сенсиңби? – Ооба…мен…ким бул? – Ой,мен атаңмын…Кандайсың балам?Алоолоп жатып… – Жакшы…өзүңүз кандай? – Биз жакшы балам… – Айта бериңиз, угуп жатам … – Кандай балам…тынчсыңарбы? – Тынч…тынч эле…айта бериңиз, жумушта болчуумун – Тиги…апаң бир аз… – Апам эмне болду? – Бир аз табы […]

Нур Зат Мокенова


Жалгыз аяк…Жалгыз жолдо келесиң * * * * * Жалгыз аяк…Жалгыз жолдо келесиң, Жалгыз жолдун көзгө сүртүп элесин. Айдап келгин толкундарга кошулуп, Артта калган кубанычтын кемесин. Түнү чыгып, күндүз турган жашынып, Түмөн-түмөн ойлор түндө катылып… Асманда ай чөгүп деле кеткен жок, …Ааламды бүт кучагына батырып… Жалбырактар жерге түшсө бириндеп, Жалоорубайт, тирүү жанга тигилбейт. Күзүм дагы​ […]

Адабий сынак №24 Аңгеме


  №24  Аа, ошону айтсаң,кемпир   Калың дубалы терезелердин текчесинен баамга урунган эски үйдүн айнектери бууланып, оймоктой бөлмөнүн ичи ысыктан кайнайт. Колго оңдуу үчүн малакай, тебетей, калпак, жоолук,кол капты коё салганга ыңгайлуу, майда- барат буюм- тайым коюлган текчелерге канча жылдан бери буу тамчылай берип, тактайынын боёгу өчүп калганы качан. Айнек пардалардын кыймасы жипке өткөрүлүп, эки […]

Адабий сынак 23 Ырлар


23 Майдын түнү кучагыңа бөлөнөм Күтүп мени жүргөндүрсүң берекем, Сени эстесем жанчыламын эзилем. Наристенин денесиндей жуп-жумшак, Нур жүзүңдү унута албай жешилем.   Сагынычым ичке сыйбай күчөдү, Жолугабыз буюруган бир күндөрү. Сары-кызгылт жалбырактар уюлгуп, Батпай жүрөм ушул күзгө мен өзү.   Сагындыңбы санаа тартып дал мендей, Же жүрөсүң кыйналсаң да сыр бербей. Кусалыгың чыкпай сыртка, жүзүңө, […]

Махабат Алымбекова:Шоола (Аңгеме)


Махабат Алымбекова ШООЛА (аңгеме ) “Өлөм!” дечү буулугуп, туталанып кээде. “Жараткан , бул эмне деген тагдыр? Бул эмне деген тозоку өмүр! Ушинтип жашагандан көрө өлүп калган алда канча жеңилирээк болмок… Мындай азапка кантип чыдайм, тагдырың менен жерге кир!? Кимге кереги бар мындай өлөсөлү жашоонун… Кимге!?” – дээр эле үнү Жаратканга жетчүдөй… Көр турмушуна кейип. – […]

Адабий сынак 22 Аңгеме


22   ТАЖЫЯ Дал ушул күндөр.Таңга жуук. Демейдегиден баланы ширин уйкусун бузуп, – Тур, батыраак тур,- деп түрткүлөгөн ата эшиктен чыгып баратып аялына айкырды. – Балаңды ойгот. Жайлоого барып келсин. – Эмнеге, мынча эрте? – Ойгот көп сүйлөбөй! Макул дегендей баш ийкеген эне бала жаткан бөлмөгө баш бага, – Садагасы, тура кой. Атаң турсун дейт. […]

Адабий сынак №21 Аңгеме


 №21 АТА    БАЛАГА    ИЛИНЕТ Аңгеме Асанбек буга дейре мындай жоболоңдуу жорукка даттанып, маңдайкы үстөлдө саймедиреген улгайыңкы аялга адеп учурашы. Орундугунан козголуп, бөлмө ичинде аркы-терки басып көз кыйыгын байкатпай, жубанга салды: аялдын жүзүндө кат-кат бырыш. Ажарлуу болгону менен кийим-кечеси да жүдөө, башына салынган жоолугу  шыпырылып, бир чекесине түшүп турат. Кебетеси алагүүдөй, бирок, аны сездирбейин дейби, сүйлөп […]

Адабий сынак №20 Ырлар


№20 Тамчы кыз Билем сен сүйөсүң жамгырды, Сырдашың тамчылар мына бул. Ыйласаң жууп коёор жашыңды, мен болсо бара албай турамын.     Баргым бар, бара албайм, тартынам, сүйгөнүң болсо анан тамчылар. Бергим бар кол чатыр белекке, ал сени тосот деп тамчыдан.   Жамгыр жаап, башкалар үшүсө, сен гана жүрөсүң көйкөлүп. Тамчылар барысын суу кылат, Мен […]

Адабий сынак № 19 Балдар үчүн ырлар


№19 БУЛУТТАР НЕ ТҮГӨНБӨЙТ? Көрсөм жүргөн асманда, Ала чарбы булутту, Элестетем ак таңда Энем тыткан тыбытты.   Кабактарын түйүшүп, Капташат да сай, кырды, От-камчысын үйүрүп, Ойда-а төгөт жамгырды.   -Айланып бүт жамгырга, Жок болду го деп калам, Жок, булуттар байкасам Түгөнбөстөй эч качан.   Кайра кайдан келишет, Көк асманга толушат. Кызык, ушул булуттар, Кантип пайда […]

Адабий сынак № 18 Ыр


№ 18 АСКАР АКАЕВГЕ Жашоонун табияты жөпжөнөкөй, Күчтүүгө кулдук урат күчсүздөрү. А мезгил баарын тегиз өкчөй-өкчөй, Чындыкты калпып чыгат түпкүрдөгү.   Өрт болуп өчпөй жүргөн өзөктөгү, Жазылбай көңүлүмдүн жабыкканы. Бир суроо кыйнайт мени, эзет мени, Эмне нап чындыгыңдан табыттагы?   Күч болсо карышкырдын азуусунда, Пенденин бийлигинде колундагы. Бир адам өкүм болоор жазмышыңда, Өлкөңдүн куту дагы, […]

Баяман Нурбек


МЕЗГИЛ ЖАНА МЕН Мен ойлогон ойлор азыр – ак бейит, Мен сүйлөгөн сөздөр азыр – өткөн күн… Мерчемине аалам бүтүн сыйбаган, Мезгилдерди ороп-чулгап көмгөнмүн.   Ал мезгилдер эскирбеген бир тарых, А мен болсо алабарман бир күнмүн. Жылдыз сымал, таң сөгүлсө жок болом Жалп! -, деп жанып, өчөөрүмдү ким билсин?   Мезгилдер бир, өчпөс-өлбөс бир дүйнө, […]

Адабий сынак №17 Ыр


№ 17 Уялчаак дүйнөң кайда Уялчаак дүйнөң кайда, өрүлгөн чачтарыңчы? Мен сенден издеп жүрсөм, айылдык, жаш чагыңды, шаар сени өзгөртүптүр… Жасалма дүйнө сени, жасалган 18 жыл, жазыптыр чачтарыңды. Уялчаак дүйнөң кайда? Ушул сөз тажаткансыйт. Жашагың келип жүрөт, жаңыча, адаттан сырт. А бирок, түшүн мени, аруу бир дүйнөң сенин, батыштын деми менен, бүлүнүп бараткансыйт. Айылда эсиңдеби? […]