Monthly Archives: Апрель 2013

Бишкек шаары бирөө, Бишкек баатыр экөөбү?


Тарыхчы, санжырачы, дегеле өзүн билерман санагандар арасында Бишкек деген эки ысым бар экени маалым: бири – баатыр, бири – дыйкан. А борбор калаабыз кайсы Бишкектин атынан коюлганын так кесе айтып берчү жан барбы? Албетте, шаарыбыз дыйкан Бишкек эмес, баатыр Бишкектин атынан коюлганынан шектенбейбиз, бирок тарыхчы-санжырачыларыбыз ушу күнгө чейин экөөнүн так айырмалап бердиби? Себеби экөөнү тең […]

Бектуруш САЛГАМАНИ, акын: “Сүйүүнү үйрөткүлө энди мага,/сүйүүнү үйрөнгүлө менден эми”


– Бектуруш ТАБАЛДИЕВ деген акын качантан бери САЛГАМАНИ болуп алган? Эмне үчүн? – “Бектуруш Табалдиев деген акын” деп Зайырбек, сен менин тула боюмду титиретип жибердиң. Мен акын деген сөзгө урматтоо, зор жоопкерчилик менен карайм. Шыр эле айтайын, өзүмдү акын деп али санабайм. Болгону ыр жазып жүрөм. Акын деген улуу бааны аламан айтат, журт берет. Андай […]

Казыбек унутулса да казалдары унутулбайт


Жакында түрк боордоштор “Адамзаттын асылы – пайгамбарым Мухаммед” деген конкурс жарыялаган. Жүздөгөн акын-жазуучулар катышкан бул конкурста айтылуу Казыбек казалчы Мамбетимин уулунун жээни, Казыбек (мурдагы Пограничник) айылынын тургуну Зарлык Бакалов экинчи орунду утуп алган. Майыптыгына карабай жашоону сүйүп, калем кармаган Казыбек казалчынын жээнин кепке тарттык. “КАЗЫБЕКТЕН ТУКУМ КАЛГАН ЭМЕС” – Менин таятам менен Казыбек казалчынын атасы […]

Темир БИРНАЗАРОВ, режиссер: “Бизде киноиндустрия эмес кинобазары түптөлдү”


– Темир мырза, бүгүн Кыргызстанда ат тезегин кургатпай улам бир жаңы тасманын бетачары өтүп жатат. Мындан улам бизде кино индустриясы өнүктү десек болобу? Ушул тармакка бир саресеп салып берсеңиз? – Мурунку кинонун өкүлдөрү дайыма өткөн кезин кусалык менен эскерип жүрүшөт. Туура, жакшы жетишкендиктер болгон. Бирок ал кезде мамлекет бул тармакка миллиондогон каражат жумшаган. Баарыбыз эле […]

Кыргыз улутунун түп тамырларын кимдер кыркып, элибиздин этникалык пайдубалын кимдер кемирип жатат?


МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮН КАЙТАРГАН КУМАЙЫК (Мамлекет жетекчилеринин жана Жогорку  Кеңештин депутаттарынын эсине) (Башы өткөн санда) Япондук билим берүү системасы өз жаштарын эки чоң багытта – дүйнөлүк илим-билимди өздөштүрүүнүн жана япондук рух-дөөлөттөрдүн духунда тарбиялоо философиясына таянат. Япониянын бир өзгөчөлүгү – ар бир мектебинде сөзсүз пианино ж.б. музыкалык аспаптар турат. Кайсы бир аспапта улуттук музыканы ойной билүү – […]

Китеп дүйнөсүн унутуп кайда баратабыз?


Кечээ жакында “Диалог Евразия” коомдук фонду тарабынан “Китеп — билим булагы” аттуу темада тегерек стол уюштурулду. Ага “Биздин Мурас” коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбеков, КР Китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов, “Диалог Евразия” коомдук фондунун президенти Жакшылык Борочоров, Жазуучулар союзунун төрага орун басары Нурлан Калыбеков, Кыргыз Эл жазуучусу Мелис Абакиров, Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз […]

Көңүл айтабыз


Бүгүн эртең менен суук кабарды уктум. Бул блогду ачуу демилгечилеринин бири, биздин такай авторубуз, досубуз Олжобай Шакирдин келинчеги Санжыра (достору жөн гана Света дейт эле) бул дүйнөдөн үзүлүп кетиптир. Таңкы алтыда. Оорудан. Арты кайрылуу болсун. Кайрат кыл, досум. Олжобай Шакирди билгендерге, келинчегинин сөөгү 27-апрелде саат 13:00дө чыгарылат.  

Кыргыздын буга чейинки белгисиз болуп келген жетиген музыкалык аспабы жөнүндө маек


Жусуп Айсаев – музыкант, К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын мугалими. Буга чейин ал улуттук аспаптардын бир нече түрүндө ойной билген чебер музыкант катары таанымал болсо, бу жолу кыргыз музыка тарыхындагы күтүүсүз табылгасы менен музыка чөйрөсүнө чоң жаңылык жаратты. Өткөн жума соңунда «24.kg» МАнын жыйындар залында VIII эларалык джаз-фестивалы тууралуу сөз болуп, бир убакта адаттан тыш музыкалык […]

Эл-журтубуздун кызыкчылыгына иштейли!


Илгерки ата-бабаларыбыз кызыл кырман убагында кырк кадактан бир кадак деп чогултуп, кап-кап эгин түшүмүнөн каралашары жок кары-картаңдарга, оокаттан кыйналып тургандарга, мал сойсо, этти казанга салбай туруп, мына муну баланчага берип келегал, ал бечара шорпо-шилең ичсин деп бирөөлөрдү жөнөтүп турушкан. Кыргыз  элдик  бул пейил, ниет, салт, нарк өчүп калган жок. Бара-бара тамыры дагы тереңдеп, кенен жайылып, […]

Н. Турсунбаев: Таттыбүбүнү өзүм көргө алып кирип, чекесинен өөп коштошуп чыктым


“Адам болсоң, артист болсоң Таттыбүбүдөй бол” деген драматург Токтоболот Абдымомуновдун асыл сөзү бар. “Рух-суусунду сендей талант-өзөндөн таттык, Бастык жаркын талант көчөңдөн. Биз таңдандык тал чыбыктай боюңа, Дүйүм журттун сулуулугун көтөргөн” деп маркум акын Жолон Мамытов ырларында даңазалаган, периштедей сахна жылдызы, чанда жаралган талант, Ак-мөөрдүн элесин берген аккуу Таттыбүбү Турсунбаева арабызда тирүү болгондо келерки жылы араң […]

Нуркыз Рыскул кызы


Нуркыз Рыскул кызы жана анын чыгармачылыгы тууралуу Нуркыз Рыскул кызы 1991-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Кыя айылында төрөлгөн. Алгач Ак-Кыя айылындагы орто мектептен Асаналы Абдраимов атындагы окуп, кийин Бишкек шаардык №87 орто мектебин ийгиликтүү аяктаган. Учурда Кусейин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин 4-курсунун студенти. Эл аралык “Нурборбор” чыгармачыл жаштардын академиясынын алдында […]

Көбүрчөк


«Күндүзү кымыз, түндѳ кыз, Күпүлдѳгѳн эр кыргыз!» («Манастан») Кечээ жакында, мындан, жүз элүү-алтымыш жыл илгери кыргыз улутунда кеңири таркаган, (жайнаган десек да эң тѳп келишкен) чындыктын накта ѳзүн чагылдырган, бетке чиркѳѳ болбогон, тетирисинче Эрдин ( эркек танасынын) күч-кубатын  айгинелеген, сыймыгын тымызын даңазалаган адам аттары бар эле. «Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда – тамам» – […]

Абдыкерим Муратов. “Ажы Сахыб Рахманкул хан – кыл чокудагы эң соңку кыргыз ханы”


“Ох, кандай гана оор, Мономахтын тебетейин кийип жүрүү” (А.С.Пушкин “Борис Годунов”) БИРИНЧИ БӨЛҮМ: ООГАНДАГЫ КҮНДӨРДҮН КУНУ ЖАНА КУТУ Биз билген жана биз билбеген инсан Рахманкул Жапаркул уулу (1912, Ош облусу, Чоңалай жергеси – 1990) – Кичи Памирдеги  ооганстандык кыргыздардын ханы (1949-78). 1947-жылы Шинжаңга (Кытай) качкан. Пакистанга улагалаш Миңтеке деген жерде кытайлык чекарачыларды конокко чакырып, аларды […]

Гүлмайрам Өмүралы кызы


УУРТУМАН БИР ЖЫЛМАЮУ КӨРҮНДҮ Алыс, алыс энекемдин кучагы, Аттиң арман эрким мында тушалуу. Айланчыктайм, түрпүм жетим көпөлөк, Ар-бир тынык бүткүл тулкум кусалуу. Эрке элем, өжөр элем кезинде, Эмне бүгүн жерге оойт кежиге. Мээрим чарчап күттүм үмүт ий… койчу, Менин бактым кыйыр карайт ээрине. Көкүрөктө ирип калды арзуулар, Көксөгөнүм, көп күйүтүм айтылбай. Караан келет мүдүрүлүп, тырмышып, […]

Толкун Ади уулу. «Ак төшөк»


(аңгеме) Олуттуу окуя той түнүнүн эртеси болду. Жаңы той жасаган кыз-жигит алигиче ордунан турушпай уктап жатышкан. Той түнүндөкү бой кошуу алар үчүн эч кандай кызык деле сезилген эмес, ак никеленип, адал бир жуп болуп баш кошкону болбосо мурдакыдан айрымасы жок, тескерисинче бул жерде кеч жатып, чоңдордон корунуп түзүк уктай алышпады. Шаарда болсо аларга жолтоо болгон […]

23-апрелде бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата “Китепстан” акциясы өтөт


Иш-чаранын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын миграция, эмгек жана жаштар министрлиги, Кыргыз Республикасынын китеп палатасы, Бишкек шаарынын Мэриясы, КРнын китеп чыгаруучу жана китеп таратуучулар ассоциациясы, «Диалог Евразия» коомдук фонду, «Ыйык Ата-журт» коомдук жаштар фонду. Ошондой эле региондордо облустук китепкана, Кыргыз Республикасынын миграция, эмгек жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгү менен “Ыйык Ата-Журт” […]

Мухтар Ауэзов – эки өлкөнүн орток жазуучусу


“Мен башка элдердин босогосун эки улуттук ыйык нерсе менен аттайм, бул “Манас” жана Мухтар Ауэзов” – бул сөздөр Чыңгыз Айтматовго таандык. Казактын классик жазуучусу Мухтар Ауэзов кыргыз адабиятына опол тоодой салым кошкон. Айрыкча, “Манас” эпосун иликтеп, жайылтуудагы эмгеги ат көтөргүс. 8-апрелде Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте Мухтар Ауэзовду эскерүү кечеси өттү. Кыргыз жана казак. Кылымдар […]

Абдылдажан Акматалиев, академик: “Манастаануучу” деген – илимпоз деген сөз…


Академик Абдылдажан Акматалиев “Манас” эпосунуну тегерегиндеги маселелер, манастаануу илимине болгон өзүнүн көз карашы тууралуу кызык маек куруп берди. -Кийинки мезгилдерде “Манас” эпосунун тегерегинде бир топ кызуу ой-пикирлер жаралууда. Алардын бири – Манас академиясын түзүү жөнүндө. Өткөндө Жогорку Кеңештин билим, илим жана маданият комитетинде да бул маселе каралып, жалпы сессияга алып чыгышмак болду. Сиз бул маселеге […]

Кыргыз сөзүн кагазга түшүргөн Валиханов


Кыргыз элинин тарыхында нечен бороон-чапкындуу учурлар, тагдыр ортодо, өмүр ортодо болгон жылдар, ал гана эмес кылымдар көп болгон. Ушул жагынан караганда 19-кылым биздин улуттук тарыхыбыздагы эң эле маанилүү, ошону менен бирге эл турмушуна терең изин калтырган, ыйы да, чыры да, кубанычы да көп болгон кылым десек туура болот го. Эмне үчүн дегенде, 19-кылымда кыргыз эли […]

Сөйкө салуу


Бул – куда түшүүнүн башталышы, сыр билги адамдардын сырдана мамилеси, ич ара кадыр туткан каада-салты. Мал алып келишип, кыргызда күмүш нарктуу деп, күмүш сөйкө салышчу. Үй ээси урматтап тосуп, кайра кийит менен жөнөтчү. Мында куда болуучулар бири-бирине кулдук уруп, өз ара ызатташып, болочок жаш үй-бүлөлөргө түбөлүктүү камкордук көрүшөт. Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне […]

Бишкекте жапон поэзиясынын кечеси өтөт


19-апрелге белгиленген ыр кечени кыргыз котормочулары уюштурууда. Жапонияда сакуранын гүлдөшүнө арналган кечеге жапон элчилиги жана ыр ышкыбоздору катышмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук илимдер академиясынан кызматкери, тарыхчы жана котормочу Акылбек Жуманалиев билдирди. Жуманалиевдин айтымында, Ала Тоодо жапон поэзиясы 1980-жылдардан тарта кучак жайган. Учурда күн чыгыш элинин акындарынын чыгармаларын кыргыз журтчулугуна тааныткан 15ке жакын котормочу бар. Сакура […]

Кыргыз тилин үйрөнүү оор деп жалкоолор айтат Татьяна Выговская, конфликтолог


Кыргыз тили мамлекеттик тил болгондуктан башка өлкөлөр сыяктуу эле ага болгон муктаждык жогору болушу керек деп эсептейм. Кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү абалынын саясатташып жатышына ММК кызматкерлеринин да тиешеси бар деп айтат элем. Бул көрүнүш Бишкек шаарында аябай курчуп жатканына күбө болуудабыз. Ал эми аймактарда жүргүзгөн байкоолорумда, тилдин жоголуп кетүү коркунучун көрө элекмин. Айыл жергесинин жашоочулары […]

Адам адам болуп…


Адам адам болуп, акыл – эс заманы башталгандан берки аң – сезимдик өнүгүүнүн өзөгү – ой жана сөз. Сөздү сөз, ойду ой козгойт. Айткан сөзүң – ал сенин өзүн. Сөз – ички дүйнөнүн күзгүсү. Дили тазанын сөзүндө амалкөйлүк болбойт. Ак пейил адамдар ар нерсени болгонун болгондой ачык айтат. Арамзанын сөзү да арамза.дили бузуктун сөзү да […]

Конференция: “Этнопедагогика жана тарых: абалы жана келечегине сарэсеп”


Улуу Кыргыз каганатынын 1170-жылдыгынын урматына жана «Кыргызстан элинин тарыхый маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу, кыргыз элинин жана Кыргызстанды мекендеген калктардын элдик педагогикалык мурастарын сактоо, иликтеп-изилдөө, окуп-үйрөнүү жана жайылтуу иштерин күчөтүү, жаш муундарды элдик идеалдарга, мекенчилдикке тарбиялоо, жаңы муундагы педагог кадрларды даярдоо маселелерин кеңири талкуулоо […]

Кыргыздарга кымбат тарыхчы Ю. Худяков


Юлий Сергеевич Худяков байыркы жана орто кылым доорлорундагы кыргыздардын археологиясы, курал-жарак тарыхы, Ички Азия, Сибирь, Борбордук Азия археологиясы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Юлийдин илимдеги алгачкы кадамдары анын студент кезинде эле башталган. Новосибирскте өткөн XI илимий студенттик конференцияда Ю.С.Худяков “Кыргыз жоокеринин чаап кесүүчү куралы” деген темадагы доклады менен катышкан. Ал эми XII илимий конференцияда “IX-XII кк. […]