Category Тарых

КТРКдагы музей жана ачылган алтын казына


Жылдын акырында Коомдук телерадио корпорациясында кылымдарды камтый турган эки бирдей иш-чара өттү. Биринчиден, КТРКнын музейи ачылып, анда 81 жылдык тарыхы бар мекемеде иштеген залкар таланттарга тиешелүү буюмдар, кол жазмалар, сүрөттөр, дегеле өткөн кылымдын өтө баалуу мурастары орун алган. Кыргыз маданиятындагы экинчи бир чоң жаңылык: музейдин ачылышы менен кошо КТРК тарабынан дардалган «Залкарлар күүлөрү» аталышындагы жыйнактын бетачары […]

Кыргыз мурасы: кылымдар тереңинен кылымдар кыйырына


Акыркы 20 жылда кыргыз улуту өзүн-өзү таанууга аракет жасап, ата-бабалар мурасы болгон салт-санааларыбызга, кол өнөрчүлүгүбүз менен буюм-тайымдарыбызга кайрылып, барктай баштадык. Бул бизге эгемендик берген эң башкы белек десек болот. Кыргыз улуту эң байыркы элдердин катарына кирерин бүгүн окумуштуулар бир ооздон айта башташты. Мындан он жыл мурда «Кыргыз этнонимине 2200 жыл» аттуу темада эл аралык симпозиум […]

Эмил Шадыканов: “Саруу менен мундуздар Кемероводо да бар”


Эмил Шадыканов Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган. Жусуп Баласагын атындагы КМУну бүтүрүп, Таш-Көмүрдөгү “Кристалл” заводунда мастер болуп иштеген.1995-жылдын январынан 2005-жылга чейинки он жыл аралыгында Стамбул университетинде эл аралык байланыштар бөлүмүнүн магистратурасын, андан кийин докторантурасын бүтүргөн. 1997-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы билим берүү министрлигинин өкүлү болуп, андан соң Стамбул университетинде илимий кызматкер болуп иштеген. Докторантураны бүткөндөн кийин […]

Асман каганаты


Тарыхый баян Кунай Медетхан менен Мамасалы Апышевдин “Асман каганаты” аттуу VI кылымда Кыргызстандын аймагында болгон окуяларга арналган тарыхый баяны жарыкка чыкты. Бул Улуу Түрк Каганатына арналган чыгарма дароо эле үч тилде – кыргыз, орус жана түрк тилдеринде жарыяланды. Тең авторлор чыгарманын баш сөзүндө мындай деп жазышат: «Бул ирет биз көркөм адабиятта алиге чейин такыр белгисиз […]

“Катаал күндөгү ак куулар”


Коомдук ишмер, жазуучу Салима Шарипованын “Катаал күндөгү ак куулар” аттуу китеби коомчулукта татыктуу орун тапты. Бул китептин авторунун ар дайым изденүүдө болгону кубандырат, – дейт филология илимдеринин кандидаты, Ош мамлекеттик университетинин  доценти Николай Мурадылов. Эмесе,  Ш.Шариповага чыгармачылык зор  ийгиликтерди  каалап, китептеги Султан  Ибраимов тууралуу  аны  менен  бирге  иштешкен замандаштарынын  ой-пикирлери- нен үзүндүлөрдү окурмандарга тартуулайбыз. “Колхоздун […]

Кыргызстанда улуттук биримдиктин идеологиясы барбы?


Сүрөт http://kyrgyzsalam.net сайтынан алынды “Кыргыз Туусу” гезитинин бүгүнкү меймандары белгилүү ишкер, “Айылбанк” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Токтосун Мадияров жана тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Койчиев улуттук аң-сезим, улуттук биримдик жана мекен келечеги жөнүндө кеп куруп беришти.

Наристелерге колдонуучу элдик ырым-жырымдар


“Айгине” маданий-изилдөө борборунун табылгаларынан бул саныбызда Андарак айылындагы тажик-кыргыз элдеринин азыркы убакытка чейин пайдаланып келе жаткан, ымыркайлар сыркоолоп калганда жасалчу элдик ырым-жырымдары жана элдик билими тууралуу беребиз. Бул маалыматтар тажик элинин хадымы (хадым – бул кимдин болбосун мааракесинде баш болуп берген аял, аны атайын эл шайлайт) Устаева Мархамат жана Касимова Хуршада апалардын айтуусу боюнча жазылып […]

Арстанбек комузчу


Асан Кайбылда уулунун “Кыргыз күүлөрү: иликтөөлөр, ойлор, пикирлер” деген эки томдук китеби Борбордук Азия Университетинин каржылоосу жана аталган университеттин илимий изилдөөчүсү Элмира Көчүмкүлованын демилгеси менен жарыкка чыккан. Анда аты айтып тургандай күүлөргө ойлор, пикирлер менен катар күүнүн тарыхы да жазылган.

“Жумгалдагы Дүйшөн”, же алгачкы агартуучу


Кыргыз элиндеги алгачкы агартуучулардын бири, бүткүл өмүрүн, билимин эл-жерине арнаган, калкы кадырлап, атын аңыз кылган Ниязалиев Субанбектин жаркын элесин эскерүү, ысымын айылдык китепканага, Аблас Сулайманов атындагы орто мектептин атайын бир классына берүү, ошондой эле айылдын маданият үйүнүн жанына орнотулган айкелин ачуу аземи Жумгал районуна караштуу Куйручук айылында болуп өттү.

Айтматовдун акыркы адашуусу же түбөлүктүүлүк фонундагы портретке штрихтер


Ошентип, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтышы менен бирге кыргыз улуттук адабиятынын тарыхындагы «кыргыз совет адабияты» деп аталган (ал эгемендик доорунда да жашагандыгына, соңку эки романын: «Тавро Кассандры», (1994), «Вечная невеста» (2006) жаңы социалдык-саясий шарттарда жаратканына карабастан) артта зор из калтырган бир глобалдуу доор аяктап, адабияттын өнүгүү тарыхындагы жаңы барак ачылды.  Жазуучунун чыгармачылыгы мурдатан эле дайыма коомдук […]

Элди эл кылып келген тыюу-чектөөлөр


Башка социалдык кубулуштар сыяктуу этикет – карама-каршылыктуу, көп өңүттүү түзүлүшкө ээ. Андыктан, этикет маселеси эреже катары тилдик жана тилдик эмес кошумча каражаттардан болгон үндүн түрдүү угум, басым, тынымдарын, ымдоо-жаңсоолорун өз ичине камтыйт. Ошондуктан, өз ара сүйлөшүү учурунда колдонулган бул белгилер карым-катыштын бир булагы катары этикеттик жагдайга да кызмат кылат.

Кытай кийизинен жасалган калпак каптап кетти


Ак калпак Ала-Тоону символдоштурган мырзалардын баш кийими. Өтө чеберчилик менен жасалган баш кийим улуктардын бири катары улагада эмес, төрдө илинип турган. Элибиздин эзелтеден жамандык-жакшылык күндөрү ак калпагын башынан түшүрбөй, «ак калпактай бийик болгула» деген улуулугун даңазалаган эчендеген ураандар эл оозунан түшпөйт. «Бабабыз кийген ак калпак,/Баркына жетип жүрөлү» — деген саптар баш кийимдин баркын арттырат. Кыргыз […]

Унутта калган үч маселе


“Манас” чыгармасы эпоспу же жомокпу? Эпос менен жомоктун айырмасы болобу? Сагынбайдын варианты боюнча жакында жарык көргөн эпостун кириш сөзүндө “чоң жомокчу” деп аталып берилген. Чын-чынына келгенде бул эпос жомокпу? “Манас” эпосун ушундай кайдыгерлик менен байыркы тарых алдында, байыркы эл катары өз беделибизди өзүбүз түшүрүп алып жаткан жокпузбу? Каныкей эненин жомогубу же арманыбы? Алманбет баатырдын жомогубу […]

“Мажарстан-Туран” курултай таасирлери


Мажарстандын (Венгрия) Будапешт шаарында эки жума бою бүткүл дүйнөлүк көчмөн түрк тилдүү улуттарды руханий жана  маданий жактан ынтымакка бириктирүү максатында «Мажарстан-Туран»  деген аталышта курултай өткөрүлдү.

Дөө-шаалар эрөөлү: Касым-Аалы-Чыңгыз


Кыргыз тарыхындагы идеологиялык кармаштардын эң чоңу – ХХ кылымдын башында Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаевдин, андан соң ошол эле Аалы Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовдун ортосунда болгон. Ар бир доордун өзүнө жараша логикасы, кан кызыткан талаш-талаштары, конфликттери болот тура. Маселен, байыркы Грекияда Сократ менен Платон философиянын өзөктүү маселелери боюнча талашып-тартышканы жакшы белгилүү. Ѳз оюнан, ишениминен эч качан […]

Шабдан жана кыргыз-түрк байланыштары


1904-жылы Шабдан баатыр ыйык Кабаага сыйынууга барып, Осмон империясынын падышасы Абдулхамид хан IIнин (21-сентябрь 1842–10-февраль 1918-жылдары жашап, 1876-1909 – жж. падышалык кылган) буйругу боюнча Сириядагы Шам шаарынан Хиджаз аймагында (азыркы Сауд Аравияда) жайгашкан Мекке, Мединага жана Жидде шаарларына карай мусулмандардын ажылыкка барышын жеңилдетиш үчүн салынып жаткан тарыхта ”Хамидийе Хиджаз темир жолу” же “Мусулмандардын ыйык жолу” […]

Улан Карыпбаев: “Биздин ителги, бүркүттөр чарчаганга чейин тебе беришет”


Тоң районунун Төрткүл айылынын 34 жаштагы тургуну Улан Карыпбаев ата жолун улап, мүнүшкөрлүк менен алектенет. Ителги менен бүркүттүн тилин билген Улан мырза өз өнөрүнүн сыры менен бөлүштү. -Улан мырза, бүркүт менен ителги таптоонун айырмасы кандай? -Экөөнүкү эки башка болот. Кыргыздар “бүркүттүкү он тап, ителгиники бир тап” деп коет. Ителгини бир таптасаң жоргодой эле. Ала берет. […]

Боз үй жана Айтыш өнөрү ЮНЕСКОго казактар менен биргеликте катталабы?


Өткөн жуманын ортосунда Маданият жана туризм министрлигинде Боз үй жана Айтыш өнөрүн ЮНЕСКОнун маданият мурастар тизмесине Кыргызстан менен Казакстан Республикаларынын атынан каттатуу боюнча талкуу болду. Ага Кыргызстандын белгилүү окумуштуулары, жазуучулары, артисттери, ырчылары катышты. ЮНЕСКОго тиешелүү даярдык чараларын көрүү үчүн жумушчу топ түзүлдү. “Айтыш” номинациясы боюнча (тогуз адамдан турган) жумушчу топтун төрагасы болуп КРнын маданиятына эмгек […]

“Сенин атың-Дөнөнбай!”


Былтыр “Манас” мыйзамы кабыл алынган. Ошого ылайык, 2012-2017-жылдары “Манас” эпосун сактоо, окуп-үйрөнүү жана жалпыга жайылтуу максатында атайын программа иштелип чыгып, быйыл бюджеттен 9 миллион сом гана бөлүнмөк. Бирок тилекке каршы, премьер-министр Ө.Бабанов 6-августтагы токтом менен “республикалык бюджеттен” деген сөздү “өз каражаттарынан” деп өзгөрттү. Демек, ыраматылык Сагымбай менен Саякбай өз каражатынан өз CD жана DVD-дисктерин чыгарышы […]

Кытайга сапар


Жамбы Жусубалиева: “Эки тоо жолукту” Жан дүйнөнү, ааламды аңтар-теңтер кылып, шамалдай шуулдатып, дуулдатып, дирилдетип, бириндетип, чымчыктай чыркыратып, пырпыратып, чырылдатып, сыздатып, ыйлатып ,боздотуп, бирде асманга чыгып, асмандан түшүп, муңкантып, булкунтуп, жулкунтуп жазган Кубат Жусубалиев, рухий изденүүнүн улуу жолундагы Кубат аке, түбөлүктүүлүктүн караанындай болгон Кубат аке, кыргыздар баалай билбеген, барктай албай жүргөн, түшүнбөй жүргөн. Кубат аке, карааны […]

Гүлзат Абдалиева: Кытайдагы фу-йу кыргыздары жоголуп бараткан улут катары эсептелинет


Кыргыз тарыхындагы изилденбеген мезгилдери, жазылбай калган окуялары, ачыла элек жаңы сырлары көп. Анын бири Фу-йу кыргыздары. Фу-йу кыргыздары боюнча кээ бир илимпоздордун  оозеки айткандары гана болбосо, маалыматтар жокко эсе. Тарых илиминин кандидаты Гүлзат Абдалиева да бул боюнча устаттарынан угуп кызыгуусу артып жүргөн. Быйыл көксөгөнү ишке ашты. Демилгечилердин жардамы менен Кытайдын түндүк-чыгыш тарабына экспедициялык топ жөнөдү. […]

Түркологиядагы жаңы табылга


Байыркы кыргыз тарыхынын, маданияты менен саясатынын бир даары коомчулук үчүн али табышмак бойдон калууда. Ал тууралуу таш бетинде калган рун жазуулары же эстеликтер улуттук окумуштуулардын не бир изилдөөлөрүн, системалуу эмгектерди жана корутундуларды талап кылат. Окурмандарга сунушталып жаткан тарыхый табылга тууралуу материал да бир катар өңүттө көпчүлүктү кайдигер калтырбайт деген ишенимдебиз.

Кыргыздын алгачкы генералы 110 жашта


Тарых барактарында  аты түбөлүк калган кыргыздан чыккан биринчи генерал Ысакбек Монуев тууралуу коомчулук жарым кылым убакыт так маалымат билбей келген. Кыргызстандыктардын арасында ушул күнгө чейин бул ысымды  укпагандары  бар десек жаңылышпайбыз. Кыргыз тарыхында алгачкы генерал атанган Ысакбектин атын минтип кыргыз өзү жакшы билбей калгандыгынын себеби, анын тарыхый инсан  катары кадыр-баркынын  төмөн болгондугунда эмес, болгону улуу […]

Тарых Кожомкулдай алп көрө элек


Кыргыз элинен илгертеден эле баатырлар, балбандар көп чыккан. Биз бүгүн тарыхый инсаныбыз Каба уулу Кожомкулду эскермекчибиз. Өмүрү жана өнөрү кийинки муундарга өрнөк боло турган Кожомкул балбан 1888-жылы Суусамыр өрөөнүндө туулган. Кыргыздын саяк уруусунан чыккан дүйнөлүк алп балбан Совет бийлигин бекемдөөгө жигердүү катышкандардан. Бала кезинде байларда койчу болгон. 1921–29-жылы Суусамыр болушунда кедейлер комитетинин, андан кийин Суусамыр […]

Көл боюндагы кыргын


Жазуучу Б.Максүтов 1916-жылдагы элдик көтөрүлүшкө арнап “Кызыл кыргын, кандуу кармаш” тарыхый повесть жазган. Андан үзүндү гезитибиздин 3-июлдагы санында жарык көргөн эле.  Жыл сайын 3-августту ошол боштондук кыймылынын күнү деп белгилөө жөнүндө КРнын Жогорку Кеңешинин чечими да кабыл алынган. Ушул айтылуу датага карата жазуучунун архивдик материалдардын негизиндеги повестинен үзүндү жарыялайбыз.