Category Сын

“Саякбай, Сагымбайдын Манасы менен Бүбү Мариямдын “Айкөл Манасы” түштүк менен түндүк уюлдай”


Коомчулукта болуп аткан “Манас” эпосу боюнча талаш-тартышты чагылдырып келатканыбыз окурмандарга дайын. 25-май күнү да Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында “Манас” чексиз ойдун ченемсиз күчү” аталыштагы “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандыгынын бир жылдыгына арналган симпозиум болуп өттү. Бу жолу ага “Айкөл Манас” он томдугунун автору Бүбү Мариям, аны колдогондор, анын томдуктарынын коомчулукка таралышына каршы чыгып […]

Манасты чуу көтөрбөй, туу көтөрсөк, чыр издебей, сыр издесек


Быйыл Президент А.Атамбаев тарабынан «Үйбүлө, ынтымак, тынчтык жана кечиримдүүлүк жылы» деп жарыяланган эле. Түшүнгөн кишиге 2010-жылдагы окуялардан кийин бул эң маанилүү мамлекеттик жана атуулдук да озуйпа эмеспи. Бирок бул ирет мындай ызы-чууну адаттагыдай саясатчылар, оппозиция лидерлери эмес, айрым интеллигенция өкүлдөрү, болгондо да Улуттук илимдер академиясынын Кыргыз тили жана адабияты институтунун жооптуу кызматкерлери жана Улуттук университеттин […]

Бексултан Жакиев, Кыргыз эл жазуучусу: “Эстеликти жулунгандар гана коюп атат”


– Бексултан агай, жакында Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдыгына байланыштуу конференция болуп, анда сизди элди түндүк-түштүккө бөлдү деп айрым басылмалар күнөөлөп чыкты. Бул чынбы? Ал жерде кандай кеп-сөз болду эле? – Өкмөт Т. Сыдыкбековдун 100 жылдыгына карата комиссия түзгөн. Анын алгачкы иш пландарында ар кандай иштер көрсөтүлүптүр. Ал жерде Т.Сыдыкбековдун эстелиги Каракол шаарына […]

Кыргыз совет адабият таануусунун акыркы адабиятчысы


Адам өмүрү кызык тура, гүлдөп турган мезгилинде бу жалган дүйнөгө түркүк болчудай, дайыма эле ушул боюнча туруп турчудай, акылы ашып-ташып, бардык нерсе айтканындай боло берчүдөй, чындыкты чыркыратып колуна кармап туруп анан башкалар менен сүйлөшүп жаткандай баам-туюм менен жашаса, качан убакыт келип, карылыкка моюн суна баштаганда гана бу жарыкчылыктын уучталган колдон куюлган cуудай кетип бара жатканын […]

Айтматовдун артындагы бүгүнкү кыргыз адабиятынын абалы кандай?


– Абдылдажан Амантурович, чыгармачыл адам катары бүгүнкү күндүн адабияты кандай, кайсы багытта өнүгүп жатат, жаңылыктар барбы? Дегеле адабиятыбыздын ал-абалы, келечеги тууралуу ой бөлүшсөңүз? – Ачыгын айтайын, азыркы адабият барбы? – деп мен да ойлоп кетем. Бирок, жанр жагынан алганда поэзияга кызыгуу жаштар арасында дагы эле бар экен. Жаштар поэзиясында Жыпара Исабаева, Зайырбек Ажыматов, Элдар Аттокуров, Мирлан […]

Аман Токтогулов КГБ, адабият ж.б. тууралуу


Миң жыл жанганы менен жарыгы жерге кеч жеткен жылдыз болот. Күтүүсүз жарк деп учуп, артынан ошол замат жагал из таштап кеткен жылдыз бар. Адабият майданы деле ошол. Өмүр бою тытынып жазып, китеп артынан китеп чыгарып, аңсаган акыбетине жетпей калгандар арбын. Алгачкы чыгармасы, бирин-экин китеби менен эле окурман оюн буруп, адабият асманында жанып калгандар бар. Аман […]

Жаңы доор жана жаңылануу зарылдыгы


Кайсы бир элдин адабиятынын өнүгүүсү үчүн анда болуп жаткан процесстерге, жаңы нерселерге сереп салуу, баа берүү, сын айтуу маанилүү болуп саналат. Тилекке каршы, эгемендүүлүүккө жеткенибизден бери Кыргызстандын адабиятында кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын көрсөткөн, бул өзгөрүүлөргө баа берген сын макалалар өтө сейрек болуп калды. 2008-жылдын аяк чендеринде “Кыргызстан маданияты” гезитинде Мамасалы Апышевдин бул жааттагы өксүктү толтуруу […]