Monthly Archives: Август 2010

Нурбек Эген: Кыргыздын жүрөгүндөгү Манасты тарттым


Кинорежиссер Нурбек Эген кыргыз элине “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу даректүү тасмасын тартуулаганы турат. Фильм Ата Мекен идеясын көтөрүп, бүдөмүк абалдан чарчаган кыргыз калкынын нагыз жол башчысын, Манастын кайра жаралышын күткөнүн сүрөттөйт. Шайырбек Эркин уулу: – Нурбек, “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу даректүү тасмаңыздын “Манастын балдары” деген аталыштагы эл аралык варианты буга чейин эле даяр болгонун мурда […]

Жаныбек Жанызак агайдын тажрыйбасы


Жаныбек Жанызак агайдын «Кыргыз гезиттер айылын» ким билбесин. Бул сайт учурдагы эң окумал кыргыз сайттарынын бири болуп саналат. Деги эле Жаныбек Жанызак агайдын Интернетти кыргызчалаштыруудагы эмгеги зор. Айта кетсек так ушул киши эң биринчи кыргыз тилиндеги сайтты Интернетке чыгарган. Веб желеде акча табуу жагын да биринчилерден өздөштүрө баштады. Кыргыз Интернети (орусча кырызчасы менен кошо) али […]

Максат Кулуев, КМАД театрынын актеру: "Кымыз ичкен кырдагы кыргыздаймын"


Артист Максат менен Соң-Көлдө кезиктим. Бозүй ичинде комузун толгоп, керегедей керилип, санат-термеден төгүп атыптыр. Үнү сөзүнүн маанисине куюлушуп, кымызга тойгон кызыл бет кыргыздардын жүрөгүн толкутуп атат тимеле. Кыргыз баласы микрофону жок эле бийик тоодо ырдаса, би-ир сонун ачылат экен, ов!..

Мелис Карыбеков, парапсихолог: "Кара дубаны" жандыруунун жолун таптым"


Жүрүштүн жүз бутагы – Алтай – Ала-Тоо жүрүшүнүн мааниси зор. Манас атабыз Алтайдан Ала-Тоого аттанып кеткенден бери бир да Манас урпагы барып, ал жер менен байланыш кылган эмес экен. Биздин Алтай – Ала-Тоо жүрүшү чоң тарыхый миссия болду. Ал жерге барып түлөө кылып, жакшы жөрөлгөлөрдү жасап келдик. Азыр элибиз оор ахыбалда турганда, доор өзгөрүп жаткан […]

Калыгул Бай уулу жөнүндө


Ормондун заманында Жылгын башыга (азыркы Токмок калаасы турган жер) Курманкожо уруусунан Өмүрзак деген киши жолоочулап, өз бакырчылыгы үчүн Ормондун айлына барат экен. Ал жерде эки-үч күн жумуш бүткөнчө токтоп калат. Бир күнү Ормон өзү баштап шашкалаң түрдө айыл апасы менен кымкуут болуп калышат, анчалык эле коркунучтуу түрдө эмес, бир жактан ызааттуу конок келе турган сыяктуу […]

Садык Шер-Нияз театрлар, байыркы кыргыз жазуулары жана «Манас» эпосу тууралуу


Маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз “КАБАР” маалымат агенттигине берген интервьюсунан. Театрлардын абалы өтө оор “Учурда театрлардын абалы өтө оор. Артисттер аз айлык алып эмгектенсе, театрларда оюн коюуга каражат жетишпейт”, – дейт маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз.

Кыргызстандын жети керемети


Орус тилдүү “Дело№” гезити ушундай аталыштагы материалды жаратыптыр. Бул макаланы жазууга жакында Интернетте Дүйнө жүзүндөгү жаңы жети кереметтин тизмегинин жарыяланышы себеп болуптур. Гезиттин тандоосунда, Кыргызстандагы жети кереметке Бурана, Сулайман-Тоо, Таш-Рабат, Шах-Фазиль күмбөзү, Ак-Бешим байыркы шаарчасы, Өзгөн архитектуралык комплекси жана Саймалуу-Таш кирет экен. Макала менен бул жерден тааанышсаңар болот.

Улуу жүрүш


Ала-Тоодон – Алтайга Уучубуз толтура бата сурадык Көкө Теңирден, кыргызга ыйман, ынтымак тиледик! “Чү” дегенде эле Чудан кармалдык Чудагы  бажыканада жети саат кар-малдык. Эч нерседен кыйкым таппай,  ээр  токумдарыбызга  асылышты  казак коңшулар. Гафур, Абыш жана башка айдоочуларыбыз  тың  болушкандыктан күндөп-түндөп жол жүрүп, ондогон  шаарларды  аралап,  Иртыш, Кадын дарыяларынан өтүп, Тоолуу Алтайга жете бардык. Бизди Акай […]

А. Ибраимов: Кайсыл тилде сүйлөшүп турса, ошол тил жашайт


Мамлекеттик тил менен тыш дүйнөнүн катышы, чет тилдерден кыргыз тилине которуу иштери Мамлекеттик тил боюнча улуттук комитеттин жетекчиси Азимжан Ибраимов менен болгон маектин негизги темасы болду.

Кыргызстан санариптик технологияга өтүүгө камынууда


Ысык-Көлдө алдыңкы технологияларга өтүү, анын ичинде санариптик берүүлөргө өтүү маселеси боюнча семинар өтүп жатат. Каралып жаткан маселенин мааниси жөнүндө Эл аралык байланыш боюнча кеңештин КМШ өлкөлөр үчүн аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Орозбек Кайыков “Азаттыкка” айтып берди.

Кыргызстанды Испанияда тааныткан кыргыз кызы


Орусия менен Испания биргеликте уюштурган сулуулардын сынагында бир гана тышкы сулуулук бааланбастан катышуучулардын кол өнөрчүлүк жөндөмдүүлүгү да бааланды. Сынактын жеңүүчүсү Анара Тешебаева башка өлкөдө төрөлүп чоңойсо да өз мекени – Кыргызстандын намысын коргоп, атын чыгарды.

Семетейчи Сейдана


Өздүк архивимди аңтарып атып, алты жыл мурун Семетейчи Сейдана апа менен болгон маегимди таап алдым. Ал мезгилде мен апанын батасын алайын деп атайын Токтогулга издеп барган элем. 85 жаштагы Сейдана апанын айткандары мага жомоктой сезилген. Апанын күпүлдөп семетей айтканын, анын аялдык, энелик тагдырын угуп көзүмө жаш алганым бар. Ошол маекти бүгүн кайрадан гезит бетине жарыяладым. […]

ЫРЛАРГА КАТЫЛГАН СЫРЛАР


Акындын моюнуна үй-бүлөнүн каамыты илинсе да, махабат тууралуу ырларды жазганын токтотпойт. Албетте, акындын акындыгы ошондо. “Бирок да жалындуу сүйүү, кусалыкты батырган саптар үчүн жеңелер таарына түйүнчөгүн түйүп, жезделер капаланышпады бекен?..” деген кызыктуу ой менен ыр тагдырын акындардан сурап калдык.

ФОТОАППАРАТТЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ТАСМА ЖАРАЛДЫ


Кыргызстан кинематографиясы жаңылануу, өркүндөө жолунда тургандай. Бул саамалыкты жаш режиссёр Даир Карыкеев баштап отурат. Кызыгы, толук метраждуу тасманы “Nikon D90” фотоаппаратынын жардамы менен тарткан. Анткени чоң каражат жок болгону менен, режиссёр өзүндөгү талантты кандай болсо да элге жеткирүү үчүн фотоаппараттын камерасы менен тартууга бел байлаган. Тасма “Үч жүрөк” деп аталып, кастингге 100дөн ашык улан-кыздар келип, […]

Улуттук адабияттагы психологизм, же Узакбай Абдукаимов тууралуу учкай сөз


Кыргыз элинин залкар котормочусу жана жазуучусу, агартуу системасында эне тили боюнча окуу куралдарын түзүүгө активдүү катышкан улуу инсан катары калкыбызга таанымал болгон У. Абдукаимовдун ысымы элибиздин профессионалдык жазма адабиятында көрүнүктүү орунга ээ болгон. Ал өзүнүн чыгармачылык ишинде калкыбызга дүйнөлүк классикалык адабиятты тааныштыруу максатын коюп, өмүрүнүн акырында гана өлбөс-өчпөс “Майдан” романын тартуулаган эле. Анын котормо ишине […]

"Намыскөйлүк менен "кыргыз тили" деп, ишке кирише баштаганбыз"


Кыргыз Республикасынын президентине караштуу улуттук тил комиссиясынын төрагасы, Азимжан Ибраимов менен маек Кыргыз тили мамлекеттик тил болгонуна карабай иш кагаздары орус тилинде жүргүзүлүп, бул жагдай жогору жактагылардын көз жаздымында калууда. Өз тилибиздин мындай өгөй абалына Кыргыз Республикасынын президентине караштуу улуттук тил комиссиясы кандай чара көрүп жатты экен деген ойдо бул комиссиянын төрагасы Азимжан Ибраимовго кайрылдык.

"БАКШЫ БОЛОМ ДЕП ЖАМАН КҮНДӨРДҮ КӨП КӨРДҮМ"


Анаркан Матраимова, 41 жашта, бакшы, бүбү, Майлуу-Суу шаарында жашайт. Мен кыргызчылык жолуна 1993-жылы 33 жашымдан баштап түштүм. Минура деген эң кичүү кызым анда 4 жашта болчу. Касиетиме жолдошум каршы чыкты. Болбой кыргызчылыкты алгандан кийин, үч жыл бирге турдук дагы, жолдошум экөөбүз ажырашып кеттик. Мен ал адамга 20 жашымда турмушка чыгып, экөөбүз эки уул, эки кыздын […]

Таланталы БАКЧИЕВ: «Бабабыз Манас Чоң казатты баштаган»,- деди Жусуп Мамай аксакал»


Ушул жылдын 8-12-июлунда Акыйкатчы Турсунбек  Акун баштаган делегация, курамында «Мана-мурас» коомдук фондунун жетекчиси Баткен Шерниязов, манасчы Таланталы Бакчиев болуп, Кытай эл республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автоном областында залкар манасчы Жусуп Мамай менен жолугушкан сапары тууралуу кабарчыбыздын маеги.

Кыргыз асман духун кармап келет


Азыркы күндөрү теги түрк тилдеги улуттардын өкүлдөрүнүн бири-бири менен болгон мамилелерин айрыкча – руханий, маданий пикир алмашуусунун байма-бай болуп бара жатканы байкалууда. Айтсак, Россиянын тутумундагы тили тектеш улуттар мисал. Өткөн жылдары Алтайлык туугандар менен кыргыз, деги эле түрк улуттарынын байыркы тарыхына кызыгуу артылып, кээ бир иштерди жасаганга аракет болду эле. Бүгүнкү күнү бизге Борбордук-Азиянын ПЕН-клубунун […]

Чатыр


“Чатыр” (повесть) (Олжобай Шакир)

Кумайык


Манасчы Рысбай Исаковго арнайм (Аңгеме) 1. Анын итин кимде-ким «ит» деп койсо, жаагын жап кылып, сазайын колуна берчү. «Меники ит эмес, Кумайык! Ит мына өзүң» деп, итин «ит» деп айткандар менен кызаңдаша кетчү. Ал чынындале ити менен адамдай сүйлөшчү. Ити да ага адамдан артык жакын эле. Талаа-түздө дайыма итин маңдайына соксойтуп отургузуп алып, сүйлөшө берген […]

Тилек


1. Бишкектин көчөлөрүндө салбырап басып жүрүп жадаганда, китеп дүкөнгө кайрылып,  Шопенгауэрдин «Афоризмы житейской мудрости» аттуу белгилүү философиялык чыгармасын сатып алдым да, Эркиндик гүлзарына беталдым. Ээн скамейкалардын биринен орун алгандан кийин китепке үңүлдүм. Улам биринин артынан бири таасир берген кабат ойлор эсимде калар эмес, чөнтөктөн калем алып чыгып, ошол экметтердин алдын сызганга өттүм. Көп өтпөй жаныман […]

«Кеп анда деле эмес»


(Аңгеме) Эки сөзүнүн бири ушул. Кебинин кызыгына кулак түрүп баштагандале, «кеп анда деле эмес» деп кайталай бермейи бар. «Кеп анда деле эмес» дегенге басым койгондо, кепти башка жакка бурабы десең, баягыле кептин уландысы. Бирок «кеп анда деле эмес» дегенин кабат-кабат айта бергенинен жадабайсың деле. Аңгемелешкенди билсең болду, кайта так ошентип айтып-айталекте кеби мурдагыдан кызыйт. Адамдар […]

Жаны чыкпаган ташбака


(Аңгеме) Баятан кайра-кайра сыртка чыккан Тамырланга иттин эмнеге үрүп атканы белгисиз эле. Минтип жөнү жок ажылдаган итин тилдеп-тилдеп кирип кетип, көчүгү жаңыдан жер жыттаганда кайрадан башталдыле, эми үйдөгү меймандардан ыңгайсызданган Тамырландын келинчеги конок үйдөн жылып чыгып кеткен себеби: терезе тушундагы иттин ажылдаганына кулагы чыдабаган меймандардын арасынан «итиңерди бүгүнчө бошотуп деле койбойсуңарбы» деген өтүнүч болгон. Бирок […]

Жыт


(Аңгеме) Бөкчөйгөн бечара кемпирдин заарканганы – жыт. Ал жыт өзүнүкү, бирок өзүнө кайдан жыттансын, аны эшиктен кирип келери менен уул-келини, неберелери сезет. Алар босогону аттаары менен кемпирге жийиркеничтүү карап, терезе, балконду ачканга шашат. Үйгө жагымсыз жыт толуп кеткенин мурда эчкимиси ачык билдирчү эмес эле, азыр босогону аттары менен «өф-фи-иий» деп турушат. Башкасы башка го, «апа, […]