Monthly Archives: Декабрь 2013

Жаңы жылыңыздар менен!!!


“Кыргыз маданият борбору” сиздерди Жаңы жыл майрамы менен куттуктайт. Өткөн жылда ишке ашпай калган тилектериңер ишке ашсын! Жаңы жыл тынчтыктын, бакубаттылыктын жылы болсун!!! Advertisements

Мамат Сабыров


М.Сабыров жана анын чыгармалары тууралуу Окуган да арманда, окубаган да арманда! Проза менен поэзиянын союзу Мамат Сабыров: Мен адабияттын «Дублер палванымын»   Чыгамалары “Жанат” (аңгеме) “Айганыш” (аңгеме)

Элмира Ажыканова: Сырты муздай жалтырак, ичинде жылуулугу жок китептер көп


Элмира Ажыканова – 1966-жылы 15-октябрда Талас районундагы Кум-Арык айылында туулган. Таластагы Иоганнесдорф орто мектебин аяктаган. 1991-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1993-жылдан тартып Коомдук телерадио корпорациясынын Кыргыз Радиосунда эмгектенет. КТРдин отличниги. «Көгүш гүлдөр» (2007-ж.) аттуу ыр жыйнагы менен адабият астанасын аттаган таланттуу калемгер. Республикалык «Айтыш» коому уюштурган «Мыкты аңгемелер» конкурсунун эки жолку жеңүүчүсү. Махмуд Кашкари атындагы […]

Мамат Сабыров: Мен адабияттын «Дублер палванымын»


Кээде жакшы кишиге жолугуп сукпат куруп отурган кандай сонун. Бирок кеп дүкөн курууда баары эле ширелүү андаза куруп бере албайт. Сөз багып, ой багып жүргөнсүгөн көп эле жазуучуларыбыз бар, көбү менен маек курган күндөрүм болду. Бирок кээде ууга чыгып жолу болбой калган мергенден бетер шаабайым сууп, жакшы маек куралбай калган учурларым арбын. Бүгүн журналист катары […]

Сулайман Рысбаев: Рухий деградацияга кабылган улуттун эртеңи барбы, жокпу?


Сулайман Рысбаев – педагогика илимдеринин доктору, профессор, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаты. Бүгүн ал «24.kg» МА менен каңырык түтөткөн учур көйгөйүн бөлүштү. Арийне, Сулайман агабыздын ата-эне жана келечек муун туурасында айткан талылуу кеби окурман журтун ойго саларынан шегибиз жок… – Жазуучуларыбыздын көбү балдар адабиятын унутуп койду, а сиз […]

Садык Шер-Нияз: «Псевдожигитизм» – идеологиялык кагылыш жаратышы мүмкүн


– Соңку убактарда «кыргыз», «киргиз» түшүнүгүнө жик салган идеологиялык күрөш жүрүп аткандай туюлат. Айтсак, бир тарабы – улутчулдар, бир тарабы өздөрүн «маданияттуу», «билимдүү» санаган «киргиздер» экенин сенин оозуңан да көп угуп жүрөм. Ушунун тегерегинде ой калчап көрбөйлүбү… – Негизи биздин коомдо кандайдыр шылдың катары (өзгөчө кино жана маданият тармагы боюнча) калыптанып келаткан көзкараштар жарыялана баштагандай. […]

Сенин жашооңду өзгөртө турган 17 эреже


Тагдыр сага кандай гана сыноо жибербесин сөзсүз ийгиликке жетишээриңе чын ниетиңен ишенип, болгон аракетиңди жумша. 1. Сага жаккан ишти гана жаса. Билим ал. Өнүккөнгө аракет кыл. Өзүңдүн ички дүйнөңдү өзгөрт. Эң башкы эрежеге ылайык сен – сага чыныгы ырахатты тартуулаган гана ишти жасашың керек, ошондо сен бир канча эсе өзүңдү бактылуу сезесиң. 2. Күндө ичип, […]

Айтурган Темирова: Менден мыкты балерина чыкмак


Жакында айтылуу актриса Казакстан президентинин “Достук” орденин алыптыр. “Кыргыз керемети” аталган кинотасмаларда мыкты ролдорду жараткан КР эл артисти Айтурган ТЕМИРОВА он жылдан бери Чехияда жолдошу Павел менен жашап жатат. Жакында айтылуу актриса Казакстан президентинин “Достук” орденин алыптыр. Чехиядан Кыргызстанга келгенде маек куруп берди. – Айтурган айым, сыйлыгыңыз кут болсун, орденди кантип алып калдыңыз? – 10-декабрда […]

Эгемберди Чалабаев: Көпчүлүк бизди ылайбайт деп ойлойт, бирок, биз көп ыйлайбыз


Баш сөзү жок башталган маек Эгемберди Чалабаев 1960-жылы Ош облусунун Кароол деген айылында туулган. Мектепти айактаган соң Алматыдагы Мамлекеттик театралдык көркөм институтунун “Театр жана кино актеру” бөлүмүн аяктап, жогорку кесибине ээ болгон. Эгемберди ага “Тунгуч” театрында көп жыл эмгектенди. Баш аягы актер кыргыз кино жана театр сүйүүчүлөрү үчүн 40ка чукул рол жаратып У.Шекспирдин, А.Курасаванын, Б.Жакиевдин, […]

Самаков: Кыргызга оомат келди


“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине кирди. Ага 4-декабрда Баку шаарында уюмдун тиешелүү материалдык эмес мурастар боюнча комитетинин мүчөлөрү добуш берди. ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын төрага орун басары, депутат Карганбек Самаков “Азаттыкка” Бакудан маек курду. “Азаттык”: Бакуда “Манас” үчилтигине оң добуш берилгенден кийин Кыргызстандан барган өкүлдөр кубанычын, сыймыктануусун социалдык тармактарга жазып жатышты. […]

Кытайдын адабият сыйлыгы Даниил Гранинге ыйгарылды


Кытай адабият сыйлыгы орус жазуучу Даниил Граниндин ” Менин лейтенантым” романы үчүн ыйгарылды. “Синьхуа” сайтынын кабарына караганда сыйлык тапшыруу 12-декабарда Пекин шаарында өттү. Бирок ага жазуучу катышкан эмес. Мындай сыйлыкты Германия, Италия, Франция жана Гватемалалык жазуучулар татыктуу болду. Кытай академиясынын орус маданиятын изилдөө борборунун директору Лю Вэньфэйдин билдиргенине караганда жылына берилүүчү чет элдик эң мыкты […]

Элмирбек Иманалиев, төкмө: Ошол жеңилүү мага ыза эмес, муза тартуулаган


Казак кызы Анара менен айтышкам. Чу, дегенде эле кийимиме асылды. Эл да кошулуп сүрөдү. Өзүмдү жоготуп, жеңилдим! Ошол жеңилүү ыза эмес, муза берген. – Элмирбек мырза, таланттуу инсандарга Кудай өзгөчө бир тагдырды тартуулайт эмеспи. Сизге кандай тагдырды тартуулады? – Кудайга нааразы болуу же ыраазы болуу ар бир адамдын өз ойу. Бирок, өзүңө буюрган тагдырдын азабы […]

Күмөндөр Абылов: Кыргыз эпосторун “Голливуд” кино тартпаса экен деп кызганам


Күмөндөр Абылов “Мачо” деп аталган экшн тасма жана бүгүнкү кыргыз киносунун абалы тууралуу маек куруп берди. Белгилүү куудул, киноактёр, КРдин эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов өзүн актер катары кылмышкердин образында алып чыккан “Мачо” деп аталган экшн тасма жана бүгүнкү күндөгү кыргыз киносунун абалы тууралуу маек куруп берди. – Кино актёр катары айтсаңыз, учурда бир топ […]

Кузнецов: Айтматов эки каада-салтты айкалыштырган


Орус адабият таануучусу Феликс Кузнецов “Азаттыкка” Айтматов феномени тууралуу айтып берди. Октябрь айынын соңунда Москвада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган маданий кече өттү. Анда орус маданият ишмерлери жазуучунун мурастарынын жаш муундарды тарбиялоодо мааниси зор экенин белгилешип, “Айтматовду окуйбуз” аттуу программаны иштеп чыгууну сунушташты. Алардын катарында “Азаттыкка” убакыт бөлүп, маек берген адабият таануучу жана сынчы Феликс […]

Түркияда Айтматов Нобелге көрсөтүлгөн


12-декабрда Анкарада Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси өтөт. Аны Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, Евразия жазуучулар биримдиги, Түрк өкмөтүнүн алдындагы чет өлкөлүк түрктөр жана бир тууган элдер башкармалыгы жана Кыргыз достук маданият коому уюштурууда. Коомдун негиздөөчүлөрүнүн бири, Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумаканова Айтматовдун Түркия менен байланыштары тууралуу айтып берди. – Мен Түркияда 20 жылдан бери иштеп жүрөм. Бул […]

«ДИАЛОГДУН ЖАРЧЫСЫ – ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ» Эл аралык илимий-практикалык конференция


2013-жылдын 17-декабрында «Диалог Евразия» форуму залкар жазуучу жана гуманист Чыӊгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган «Диалогдун жарчысы – Чыӊгыз Айтматов» деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрөт. Илимий жыйында улуу жазуучунун чыгармалары, жеке жашоосу, эл аралык дипломатиялык ишмердүүлүгү менен эл аралык диалогдогу, мамлекеттер арасындагы ар тараптуу кызматташуудагы, маданияттар ортосундагы жакындашуудагы ролу илимий-практикалык өӊүттө талкууга алынмакчы. Ошону […]