Monthly Archives: Июнь 2016

Абакир Калыбеков: Кыргыздардын келип чыгышы жана саяктардын санжырасы


Санжыра – уруунун, элдин чыгыш теги жана таралышы тарыхый маалыматтардын элдик оозеки чыгарма түрүндө берилиши. Санжыра кол жазма жана басма түрүндө генеология-лык таблица деп аталып, Европа жана Азия элдеринин көбүндө кездешет. Өзгөчө атактуу адамдар, падышалар жана королдор өзгөчө барактап, ыйык сакташкан. Кыргыз санжырасы атадан балага, муундан-муунга оозеки айтылып келген. Санжырага илимий көз караш менен караган […]

Түгөлбай Сыдыкбеков. Өмүр баяны


Жазуучу, романист Түгөлбай Сыдыкбековдун өмүрү жөнүндө Sputnik таржымалынан таанышыңыз. Түгөлбай Сыдыкбеков — ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон Кыргыз эл жазуучусу, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры. Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. 1928–1931-жылдары Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек шаарындагы) айыл чарба техникумунда, 1931-жылы Ашхабад шаарындагы Орто Азия […]

“Жеңишбек” поэмасы туурасындагы беш факты. Уулун күткөн кыргыз абышканын трагедиясы


Уулунун согушта курман болгонун билсе да жүрөгү сезгиси келбей пристанга эл менен кошо келип, куру үмүт менен көлдү тиктеп, күтүп, томсоргон Миңбай чал. Жүрөгү өрттөнүп турса да кайратынан жазбай, ичинен күңгүрөнө дүйнө-өмүр менен сүйлөшкөн карыя… Sputnik Кыргызстан окурмандарга кыргыздын классик акыны Алыкул Осмоновдун мыкты чыгармаларынын бири “Жеңишбек” поэмасы тууралуу беш фактыны сунуштайт. Пролог. “Ысык-Көл кээде […]

Жоомарт жана адил


(жомок) Илгери, илгери бир кылымдарда жанаша жашаган эки элде Жоомарт жана Адил деген хандар өткөн экен. Жоомарт хан калкына карамдуу, элди тегиз көргөн, тегиз жашасын деген киши болгон. Бул хан бир күндө сарайында түшкө дейре иштеп, калган убактысында элди аралап, “ач, жылаңачтар жокпу” деп жүрүп өткөрчү экен. Күндөрдүн биринде талаа-түздөгүлөрдү кыдырып келе жатса, суу ичип […]

Чучукка тийген чулдур сөздөр — “достукка отунуч”, “мен ойлойм”, “күлкүмүштүү”


Бүгүнкү “Тибиртке” рубрикасында филолог Султаналиев чулдур сөздөрдүн бир катарын атап өттү. Анын айтымында, кыргызча жаңы сөздөрдү Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн байкаса болот. “Чүй проспектисиндеги кинотеатрлардын биринде “Запрос в друзья” деген тасманы кыргызча “Достукка отунуч” деп бакыйта которуп жазышыптыр. “Ө” тамгасын “о” деп жазганы аз келгенсип, маанилик жактан да туура эмес которулган. “Достукка отунуч” деген сөздү окуп […]

Салмактуу өмүр ээси Саякбай Каралаев


Кыргыз элинин баа жеткис байлыктарынын бири “Манасты” айтууга, аны жан дүйнөсүнө сиңирип алып жүрүүгө улуу адамдардын гана күчү жетет. Ошондуктан улуу баянды Саякбай Каралаевсиз элестетүү мүмкүн эмес. Жашоосу “Манаска” арналып, ичкен ашы, жуткан абасы, көргөн күнү, алган сыйлыгы бүт “Манаска” байланган бул инсан убакыттын өтүшү менен кийинки муунга өзү дастан, өзү баян сыяктанып баратат. Эмесе, […]

Макмут


(жомок) Илгери бир Макмут деген киши отуз эчкиси менен аялы экөө оокат кылуучу экен. Ал киши ар күнү эртең менен мөөнгө жуурат куюп алып, эчкисин жайып кетет. Ошол убакта бир карышкыр, бир түлкү болуптур. Түлкү келип Макмутту куйругу менен жыга чаап, жууратын ичип, карышкыр тиштеп жыгып алып бир эчкисин жеп кетүүчү экен. Күнүгө экөө ошентип […]

Кудайберген БАЗАРБАЕВ: «Чолпонбек байкемдин эски сумкасын дале көтөрүп жүрөм»


Кудайберген БАЗАРБАЕВ: «Чолпонбек байкемдин эски сумкасын дале көтөрүп жүрөм» Тилинен бал тамган нукура чечен, ашкере таланттуу, жан дүйнөсү жароокер СССРдин Эл артисти, биздин балет өнөрүбүздүн сыймыгы Чолпонбек Базарбаев дагы арабыздан эрте кетти. Ал 23 жаш курагында эле “СССРдин Эл артисти” наамын алган. Ал “Ак куу көлү”, “Чолпон”, “Спартак”, “Щелкунчик”, “Жизель”, “Уйкудагы сулуу” балеттериндеги бардык жетектөөчү […]

Тууруна конгон Туяк ырчынын дүбүртү


Кыргыз адабиятынын чалкыган деңизине дагы бир ташкындаган дарыя келип кошулуп отурат. Ал Арстанбек, Калыгул, Барпы, Жеңижок, Токтогулдардын катарынан орун ала турган олуя ырчы Туяк Эрназар уулу. Буга чейин Туяктын ысмы Ысмайыл, Коргол өңдүү залкарлардын бир ооз эскерүүсү менен белгилүү болуп келсе, ал тууралуу 2005-жылдан бери “Туяк ырчы” китеби аркылуу анча-мынча маалыматка ээ болуп, айрым ырлары […]

Сүйүнбай Эралиев. Өмүр баяны


Поэзия дүйнөсүнө салмактуу салымын кошкон Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сүйүнбай Эралиев 1921-жылдын 15-октябрында Талас облусунун Үч-Эмчек айлында жарыкка келген. Апасы Разия башкага эмес, өз балдарына өйдө карабаган мүнөзү жумшак, алпейим киши эле. Атасы Эралы дагы ошондой эле жөнөкөй колхозчу, бирин-эки жылкысы, уй, кою бар, өз оокатына камкор болчу. Негизги кесиби – […]

Асаналиева: “Чыгармачыл адам үчүн акча биринчи орунда турбайт”


“Улут уюткусу” программасынын бул жолку коноктору Каракол шаарындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин алдында түзүлгөн “Жалын” элдик-студенттик театрынын жамааты жана театрдын көркөм жетекчиси, филология илимдеринин кондидаты, белгилүү драматург Кыял Асаналиева болду. Театрдын курамы 4-5 жылда жаңыланып турат Кыял Асаналиева: – «Жалын» элдик-студенттик театры алыскы региондо болгондуктан жалпы республикага анча деле таанымал эмеспиз деп айтсак болот. Бирок театр […]