Category Жаңылыктар

Электрондук китептер


Интернеттен кыргыз китептерин табуу кыйын экенин, табылса да аларды смартфондордо окуганга ыңгайсыз экенин эске алып, замандан артта калбайлы деп “Кыргыз маданият борбору” сайтында электрондук китептердин китепканасын ачтым. Бул китептер смартфонго, букридерге (epub жана mobi форматында), компьютерге (pdf форматында) жүктөп окуганга ыңгайлаштырылган. Азырынча бир гана китеп жүктөлдү. Ал – 2011-жылы сайтыбыз уюштурган “Бир ыр” сынагынын жеңүүчүлөрүнүн […]

Сүйүнчү! Китебим чыкты…


Сүйүнүчүм койнума батпай турат. 2003-жылдан берки ыр китебимди чыгарып алуу кыял-тилегим ишке ашты. Бир гана бул китебим бизге көндүм кагаз түрүндөгү китеп эмес, электрондук китеп. Жашоонун заманбап агымында болоюн дедим 🙂 https://beta.ridero.ru/book-preview.html?book=s_rt_md_r& Китебимди азырынча Ridero.ru сайтынын сатып алса болот. Баасын түшүргөнгө аракет кылдым, бирок анын басымдуу бөлүгүн мен эч бир таасир кылалбаган типографтык чыгымдар түзөт […]

Кыргызстанда басмаканалар жана полиграфтар арасында “Китеп искусствосу – 2017” сынагы жарыяланды


Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги басмакана жана полиграфия мекемелери арасында 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган китеп басып чыгаруу жана полиграфия тармагындагы сынак жарыялады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматы боюнча, сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт: «θнɵр» – жогорку көркөм жана полиграфиялык деңгээлде жасалган искусство, фотоальбом, көркөм өнөр, миниатюралык басылмалар кабыл […]

Жаш калемгерлер үчүн жарыя!


Кыргызпатентке караштуу интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу балдар жана жаштардын чыгармачылыгына шык-дем берүү, өсүп-өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү максатында жаш калемгерлердин тунгуч чыгармаларын “Саамалык – 13” адабий альманахына 2017-жылдын 1-февралынан 15-апрелге чейин топтоп жаткандыгын билдирет. Чыгармаларды кабыл алуунун шарттары: – Эч жерде жарык көрбөгөн алгачкы чыгармалар кыргыз, орус тилдеринде кабыл алынат; -Чыгарма компьютерде 14-шрифт, саптардын аралыгы – 1,5 […]

Акын Бурулкан Карагулованын «Көздөгү жалын» аттуу Поэзия кечеси болот


2017-жылдын 17- февралында Кыргыз Улуттук Филармониясынын Кичи залында кыргыз элине таанымал, таланттуу акын Бурулкан Карагулованын «Көздөгү жалын» аттуу Поэзия кечеси болот. Кече саат 17.00дө башталат. Каалоочуларга эшик ачык. Б.Карагулова «Кыял кемеси», ”Көкүрөгүң жыттап алдым билгизбей”,”Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө” ,”Селсаяк”,”Токтогул көлү – көз жашым”, ”Бул дүйнө көркү чыгат сүйүү менен”,”Мен сүйүүнүн доктору”, “Көздөгү жалын” китептеринин автору, […]

Анонс-видео: “Илегилек” драмасы “Тунгуч” театрында


Белгилүү драматург Султан Раевдин “Илегилек” пьесасынын негизинде “Тунгуч” театры жаңы спектаклди баштады. Спектакль азыркы мезгилдин көйгөйлү проблемасын, ыйман, адеп-ахлак маселелерин козгойт. Муундар менен муундардын ортосундагы мамиле, ажырым, көз караштардын жана дөөлөттөрдүн карама-каршылыгы, татаал психолгиялык ички драматизм бул чыгарманын өзөктүү маселеси. “Илегилек” спектаклинин автору жана режиссер коючусу, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Лондондогу […]

Кыргыз каганаты учурунда жазылган уникалдуу рун жазуулары Алтайдан табылды


Табылган таштын бетине Кыргыз каганаты дооруна таандык 68 рун тамгалары чегилген. Тарыхчылар Борис Киндиков жана Айбек Чекурашев Алтайдын Онгудай аймагынан эң узун байыркы түрк рун жазууларын табышты. Жазуулар Кыргыз каганаты өкүм сүрүп турган 9-10-кылымдарга таандык. Бул тууралуу изилдөөчү Борис Киндиков Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди. Алар бетине жазуу чегилген ташты былтыр күзүндө Каракол (Алтай аймагы) […]

Бабалар руху байырлаган “Сыргак китеп”


Жуңго кыргыздарынын туңгуч китепканасы – “Сыргак китеп” ачылды! Бул жагымдуу жаңылыкты жалпы кыргыз эли кубануу менен кабыл алды. Филология илимдеринин доктору, Жуңго жана чет элге белгилүү тил маманы, көп кырдуу изилдөөчү агайыбыз Макелек Өмүрбай уулунун улуттук казынабызга кошкон салымы – көөнөрбөс рухий булак болгон “Сыргак китеп” китепканасын ачкандыгы жөнүндө Жуңгонун массалык маалыматтарында айтылып, жылуу пикир, […]

“Ак Илбирс” улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталды


Конкурска өткөн жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катыша алат. Эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат. “Ак Илбирс” улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталганын уюштуруу комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул конкурска 2016-жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катышып, эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат. Ал эми сыйлыктарды тапшыруу аземи 14-апрелде “Манас” кинотеатрында болот. Мындан беш жыл […]

“Балдарга базарлык” – алтынга бергис китеп


Улуу муундагы окурмандарга караганда балдар үчүн китеп жазуу алда канча машакаттуу иш. Себеби балдар кубулуштарды жөнөкөй жана элестүү көрөт, жөнөкөй түшүнөт. Ошондон узун жана татаал сүйлөмдөр баларды тажатып жиберерин психологдор айтат. Алым Токтомушевдин (01.09.1947 – 25.07.2014) “Балдарга базарлык” китеби дүйнө тарыхындагы чиелешкен окуялар жана ысымы тарыхка мөөрдөй басылган көйкашка инсандар тууралуу балдарга жетик, көркөм тилде […]

“Сүрөттүү “Манас” китеби кантип сүймөнчүккө айланды?


“Сүрөттүү Манас” китебин бир дем менен окуп чыктым. Эпостогу керемет окуялар кайрадан эске түштү. Акыл токтотуп калган куракта болсом да кадимкидей толкундадым. Эпостун толук вариантын таап кайрадан окугум келип кетти. Үстүбүздөгү жылы “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан ““Манас” – георический эпос кыргызов в рисунках” (“Сүрөттүү Манас”) (Бишкек, ОСОО “ST.art” басмасы, 2016) китебинин […]

Балдар адабияты темасындагы чыгармаларга сынак жарыяланды


Кыргыз Республикасынын балдар адабияты темасындагы чыгармаларга сынакты өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги республиканын кыргыз тилиндеги балдар адабияты темасындагы чыгармалар үчүн сыйлыктарын 2017-жылы изденип алууга ачык сынак жарыялайт. Сынакка мектепке чейинки, кенже, орто, уулу мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдар үчүн чыгармалар төмөнкүдөй номинациялар боюнча кабыл алынат: балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия […]

«Байчечекей» — балалыктын символу


Журналдын баш редактору Токтосун Самудинов «Кутбилим» газетасынын башкы редактору Кубат Чекировдун суроолоруна жооп берет. – Токтосун агай, кыргыз баласы үчүн гүлдѳрдүн да эӊ ыйыгы, биринчи эле оозго келери – байчечекей. Жарыктык, кѳктѳмдѳ күн аз жылымдап, кар анча кетелекте эле ар кай жерден үлбүрѳп чыга калган гүлдүн баатырлыгына айран каласыӊ. Журналдын атынын коюлушу бекеринен эмес го […]

С.Акматбекованын «Жүгүргөн туман» аттуу поэзия кечеси өтөт


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Жазуучулар Союзу жана Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын, Кыргыз Эл акыны Сагын Акматбекованын чыгармачылыгына арналат. “Жүгүргөн туман” деп аталган бул поэзия кечеси 2016-жылдын 20-январында […]

Атам – үлгүлүү инсан эле


Кечээ-жакында бир канча ыр жыйнактын ээси, мезгилинен эрте бул дүйнө менен кош айтышкан белгилүү акын Турар Кожомбердиевдин 75 жылдык маарекеси болуп өттү. Улуу акындын кызы Нүргүл Кожомбердиева менен болуп өткөн иш-чара тууралуу маектешип кайттык. – Саламатсызбы, Нургүл эже, маанайыңыз, ден соолугуңуз жакшыбы, сыркоолоп аттыңыз эле жакшы болуп калдыңызбы? – Рахмат, сасык тумоо болуп катуу оорудук, […]

Назаркул Ишекеев –Улуттук комиссиянын төрагасы


Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 5-январындагы Жарлыгы менен Назаркул Ишекеев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. КР Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары М.А.Карыбаева Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жаңы дайындалган төрагасын жамаат менен тааныштырып жатып, алдыда аткара турган иштер арбын экендигин белгилөө менен ишине ийгилик каалап өттү. Эмгек жолу: Ишекеев […]

Кудуреттин куттуу күнү


(«Чыңгыз Айтматов Кытайда» аттуу докторлор илимий шеринеси «Сыргак китепте») “Улуттук адабият күнү” деп белгиленген 12-декабрь күнү Ала-Тоо аймагында эле эмес, дүйнө жүзүндө улуу жазуучубуздун жаркын элесине арналган ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. Ушул салтты улай Кыргыз Улуттук илимдер академиясында жыл сайын өткөрүлчү “Айтматовдук окуулар -2016” аттуу Эл аралык илимий конференция ишин улантып, ал күнү алп жазуучунун […]

Баарын коюп “Манасты” айт


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Манас” эпосунун изилдениши боюнча жарыялаган сынактын жыйынтыгын чыгарды. Сынак Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан Тарых жана маданият жылынын алкагында “Манас” темасында мамлекеттик тилде илимий иш жазган жаш илимпоздорго колдоо көрсөтүү максатында алгачкы жолу өткөрүлдү. “Сынакка эмгектер биз күткөндөн аз түштү. Бирок ошондой болсо да, жакшы […]

Эл акыны Шайлообек Дүйшеевге Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ыйгарылды


Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы КМШ ПААнын Маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечими менен Кыргыз Республикасынын эл акыны, II, Ш даражадагы “Манас” орденинин, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Шайлообек Дүйшеевге ыйгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады. Сыйлыкты тапшыруу аземи бүгүн, 25-ноябрда […]

Сүймөнкул өнөрдү аздектеген


Бишкекте советтик кыргыз актёру, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовду эскерүү апталыгы жарыяланды. Апталык Улуттук көркөм өнөр музейинде Сүймөнкул Чокморовдун сүрөт көргөзмөсү менен башталып, Орус драма театрында “Акыркы чакырык” деп аталган спектакль менен уланат. Кыргыз киносунун өнүгүшүнө зор салым кошкон актердун атын түбөлүккө калтыруу иштери мамлекет тарабынан татыктуу колго алынбай жүргөнү коомчулукта айтылып келет. Актердун уялаш агасы Сүйөркул […]

Сайтыңыздын же адабий баракчаңыздын болушун каалайсызбы?


Анда бизге кайрылыңыздар! Интернет чыгармачыл адамга окурмандарын табууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Мисалы, социалдык тармактар. Бирок айрым учурда чыгармаларың иреттешкен түрдө болушун каалап кетесиң. Мындайда өзүнчө сайт ачуу зарылдыгы бар. Биз сайтыңарды ачып, баштапкы материалдарыңарды жайгаштырып беребиз. Сайтты каражатты талап кылбаган бекер хостингде ачып беребиз, башкача айтканда, сайтты мындан ары иштеткенге эч бир чыгым кылбайсыңар. […]

Акындын армандуу күзү


“Санаамдай сапырылган сан булуттар, Сиз кеткен жакты көздөй сапар алат” (Айгүл Узакова) Ырлары менен окурманды арбап алган акын Айгүл Узакова былтыркы жылдын 12- сентябрында 63 жаш курагында бул дүйнө менен коштошуп кеткен. Акындынкурдашы, сырдашы Калбүбү Сариева жана сүрөтчү Бек Жайчыбеков ушул 8-октябрда Айгүл Узакованын туулуп-өскөн айылы Бостериде эстелиги коюлганын, аты айылынын бир көчөсүнө берилгенин, акындын […]

Кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы адис сүрөткер Шакен Мамбетаипованын (1936-1995) эмгектеринин көргөзмөсү ачылат


2016-жылдын 14-октябрында Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы адис сүрөткер, Кыргыз эл сүрөтчүсү, акын Шакен Мамбетаипованын эмгектеринин көргөзмөсү ачылат. Көргөзмөдө автордун жасалга-колдонмо өнөрү, живопись багытындагы иштери коюлат. Иш-чара автордун 80 жылдыгына карата, Тарых жана маданият жылынын алкагында уюштурулууда. Кыргызстанда Шакен Мамбетаипова элдик жасалга-колдонмо өнөрдүн уюткусун сактаган адам катары таанымал. Ал өз чыгармаларында элдик […]

Тоо арасына жашынган көлдөр


Биз Көл десе эле Ысык-Көлдү элестетет экенбиз. А Кыргызстанда эки миңден ашык майда жана ири көлдөр бар. Аларды жакындан көргөнгө ашык болгон чет өлкөлүк туристтерди “Кыргызстандын тоодо жөө жүрүүчүлөр бирикмесинин” кызматкерлери тейлеп келет. “Жаратылышты жөө кыдырып көрүү өзүнчө эле ырахат. Тоо-ташты аралайсың, тике-тике ашууларды ашасың, жаанга, карга каласың. Ысыйсың, үшүйсүң…”- деп аталган бирикменин жетекчиси Марат […]

Айбек Байымбетов: «Кытайлар — акылман, иштерман, мекенчил калк»


Кыргыз жаштарынын көбү Европага, Америкага агылып, батыш жашоосуна тартылып жаткан учурда биздин каарманыбыз Айбек Байымбетов чыгыш маданиятын изилдөөнү тандап алган. Ал бардык тоскоолдуктарга көз жумуп, Кытайга өз алдынча кеткен. Улуу кытай элинин философиясын өздөштүрүп, руханий-маданий алака түзүүнү, тажрыйба алмашууну максат кылган. Саякатчы жигитибиз Кытайдын биз билбеген тараптарын ачып берди. – Кытайга өз алдынча кетүүгө эмне […]