Monthly Archives: Февраль 2017

Эне тили – улуттун уюткусу


Ар бир улут кылымдап өнүгүп келген өзүнүн улуттук дөөлөттөрүн, рух-дараметин, кайталангыс этномаданиятын ыйык катары сактап, аны өнүктүрүү үчүн өсүп келе жаткан кийинки муунду өз эне тилинде окутуп, тарбиялоосу зарыл. Анткени, эне тили жалаң эле маалымат алмашуу, сүйлөшүү каражаты эмес, ал – ата-бабалардан калган рухий жана маданий дөөлөт. Ошондуктан адамды улуттук маданий кыртышта ар тараптан калыптандырып, […]

Этностилдеги заманбап кийимдер


Акыркы жылдары өлкөдө мода тармагы тез ылдамдыкта  өнүгүүдө.  Кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрү, ишкер айымдар, ал гана эмес күнүмдүк турмушубузда кыргыз оюм-чийимдерине көңүл бурган жаштарды байкоого болот.   Жергиликтүү  дизайнерлердин колунан чыккан  кийимдер  брендге айланып,  кыргыз кийимдерин заманга ылайыкташтырып  жаткан дизайнерлер менен баарлаштык. «ENESAY» өлкөдөгү эң жаш спорт-урбан стилинде кийим чыгарган бренд болуп эсептелет. Жаш дизайнерлердин тобу  учурдун […]

Касиеттүү Ахмет Ясавинин керемети


Сүрөттө Кул Кожо Ахмет Ясавинин күмбөзү. (Кимсанбай Абдыразак уулунун китеби) Ахмет Ясавинин түрк дүйнөсү, айрыкча Борбор Азиянын калкы үчүн мааниси аябагандай зор. Мындан миң жыл баштагы Дешти-Кыпчак… Ак мөңгүлүү тоолор жана учу-кыйырсыз талаалар. Ислам дини менен шаманизмдин, отурукташкан турмуш менен көчмөндүктүн ортосунда каалгыган Борбор Азия. Жер кезген дубаналар, биринен бири өтүп жер үстүндөгү ар кыл […]

Айнагүл Базарбаева акын: “Атам Эрнис Турсуновдун “Ата-Журт” романынын экинчисин күтүп жүрүп…”


— Айнагүл, кыргыз поэзиясына 90-жылдардан кийин келген жаңы толкундун агымында сен да бар элең. Кээде көрүнүп, кээде көрүнбөгөн саманчынын жолундай болуп кайда жүрөсүң? — Балким, адабият айдыңында көрүнүп-көрүнбөй жүрүшүм мүмкүн. Бирок, өз казанымда өзүм кайнап эле келатам. Бир кездери мамлекеттик кызматтарга да аралаша кеткенимди жашыра албайм. Саясат биз үчүн эмес экен. Ыр жазган, дегеле чыгармачыл […]

Чолпонбек Базарбаев кыргыз балетинин кайталангыс чебери эле


Ушул жылдын 2-сентябрында атактуу балет бийчиси, СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин автокырсыктан көз жумганына 15 жыл болот. Эмгекчил, өжөр, максаттарды бийик коюп, күнү-түнү сүйүктүү иши менен алектенген Чолпонбек Базарбаевди дагы бир жолу окурмандардын эсине түшүрүү үчүн эң кичүү иниси Жумабек Базарбаевди кепке тарттык. – Алгач Чолпонбек Базарбаев балет исскуствосуна кантип келип калганын эске салып өтсөңүз… […]

Зууракан Сыдыкова, манасчы: “ Манас — жашоомдун маңызы!”


– Зуура эже, сиз жөнүндө көп кишилер биле бербейт. Балким, айымдардан чыккан манасчы десе, кай бир адамдар бул жаттама манасчы эмеспи деген дагы күдүк ойдо болушу мүмкүн. Манас дүйнөсүнө алгач качан, кандайча аралашып калдыңыз? – 1971-жылы Каракол шаарындагы педагогикалык институтту окуп бүтүрүп жаткам. Ошол жылы Саякбай Каралаев каза болгон эле. Жатаканада 5 кыз бир бөлмөдө […]

Анкарадагы “Кыргыз эне” күмбөзүнө зыярат


Анкарадагы Кыргызстандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси И.Жунусов менен Кыргызстандан келген журналисттер  “Кыргыз эне” күмбөзүнө зыярат кылышты. http://cdn.trt.net.tr/videos/4d7f/43d1/77a9/5758230e359de.mp4 TRT, 08.06.2016-ж.

“Эне тил барда – эл да бар…”


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Назаркул Ишекеев менен маек. – Назаркул агай, кийинки кездерде биздин өлкө, алтургай, жалпы дүйнө коомчулугу тилге, тарыхка жана маданиятка шардана көңүл бура баштады… – Ар кандай улуттун башкы байлыгы – анын эне тили. “Эне тилсиз эл карып” дейт. Ошондуктан, “баарынан сөз улук”, “оболу сөз […]

Калпактын 36 түрүн тиккен уз-чебер Клара Асангулова


КТРК, 15.04.2016-ж.

Көкүрөктө сыйынаар бир жарык жок, көктө гана… жылтыраган жылдыздар


«Уютуп улуу муңга көкүрөгүм, үстүнөн өттүм биздин көпүрөнүн», — деп кыргыз поэзиясына бурулуш жасаган стилист акын Сагын Акматбекованын ырларын талдап изилдеген эмгектер да арбын. Ошолордун биринде Филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева: “Сагын акындын поэтикалык дүйнөсүндө бардыгы бар: мезгил бар, жамгыр бар, таш бар, дөң бар, дүйнө бар, өткөн бар, өчкөн бар, жеткен бар, жетпеген […]

Шахзадакан Жумабекова: “Асан акем телевизордон чыкканда бүт айыл сүйүнгөн”


7-февраль – залкар обончу Асанкалый Керимбаевдин туулган күнү. Ал бу жарыкчылыкта болгону 49 жыл өмүр сүргөн. “Жакшы кал, жашоо берген жарык аалам, Жашагым келген эмес сенде жалган. Ыр менен ыйласа ыйлап, күлсө күлдүм, Айырмам ошол эле башкалардан”, – деп акын Турганбай Эргешов жазгандай, кайран талант ыр менен ыйлап, ыр менен күлүп өттү. Кайталангыс обончуну эскерүү […]

“Жоодарбешим” эпосу туурасында беш факты. Эл коштошкусу келбеген образдар


“Жоодарбешим” дастаны кыргыздын баатырдык эпосторунун бири. “Эр Төштүк” чыгармасынын уландысы болгон бул баян туурасында Sputnik Кыргызстан беш фактыны сунуштайт. Жин-перилер менен күрөш. Эпос Жоодарбешимдин алпка каршы аттанышы менен башталат. Бирок жеңиш оңой менен колго тийбей, баатырга көп кыйынчылыктарды жеңүүгө, бир нече дөөлөр, жин-перилер менен күрөшүүгө туура келет. Чыгарма баатырдын болочок кайын атасы койгон шартты аткарып, […]

Алдей, алдей… Баланы бешикке бөлөөнүн пайдасы менен зыяны


Бешик – кыргыз элинин байыртан келе жаткан баалуу буюмдарынын бири. Бешикке бөлөө каадасы кыргызда илгертен орчундуу орунду ээлеп, ал өзүнчө салт болуп калыптанып калган. Бирок учурдун талабына ылайык, медицина балдарды бешикке бөлөөгө болбой турганын, анын пайдасынан да зыяны көп экендигин айтып, баланы эркин, бош жаткырууну сунуштоодо. Мындан улам Sputnik Кыргызстан илгертен мурас катары муундан-муунга өтүп […]

Таалай Нуркемел


ЖОГОЛГОН МУУНДАР * * * Караңгыдан жол издеген адаммын, Күндүз колго кармап алган чырагым. Сени узатып үйдөн жолго чыкканда, Карап турдум үзүлгөнчө карааның. Kарап турдум бактыбызды жолдогу, Оор өңдөнөт кара сумкаң колдогу. Турмуш кандай, сүйүү кандай деп, Сенде да бар нечен санаа, толгонуу.   * * * …Бир өмүрдө күткөн жалгыз тагдырды, Жолуктурду кармап алтын […]

Арслан Койчиевдин “Бакшы менен Чынгыс ханы” (аудио)


//www.azattyk.org/embed/player/0/28317336.html?type=audio Амирбек Азам уулу, “Азаттык”, 18.02.2017-ж.

Мукай Элебаевдин күндөлүгүнөн. 76 жыл илгери жазылган ички сырлар


Жазуучу Мукай Элебаевдин 1940-жылдары жазган күндөлүгүнөн үзүндүлөрдү Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуңуз. Баса, күндөлүктүн тексти, үтүр, тамгалары өзгөртүлбөй берилди. Элебаев өз күндөлүгүндө чыгармачылыгы, башка жазуучуларга болгон пикири жана күнүмдүк турмушу тууралуу жазган. Алардын айрымдарын назарыңыздарга сунуштайбыз. Көп жамандан аз жакшы артык. 28/VII, 1941 Бирөөлөрдүн айыпталышы күнөөдөн эмес да, акталышы менен макталышы жазыксыздыгынан эмес. 28/VII, 1941 Адам […]

Жазуучу Мукай Элебаевге – 110 жыл: Татаал тагдыр, тайгак жол


Мукай Элебаев – кыргыздын кесипкөй тунгуч жазма адабиятын түптөөчүлөрдүн бири, өз мезгилинин дасыккан калемгери: акын жана прозачы, драматург, котормочу, сынчы, ал эмес обончу, куудул жана драмалык артист да болгон экен. Бу жарык дүйнөдө болгону 38 гана жыл (1906–1944) жашаган өмүр жолунда калемгер катарында 1924-жылы кыргыздын улуттук эң алгачкы басылмасы“Эркин Тоо”гезитине жарыяланган “Зарыгам” деп аталган алгачкы […]

Жантөшовдун “Каныбек”, Мунун кандай жаны бек?


Кириш сөз “Триумф жана трагедия” аттуу искусство адамдарына арналган жаңы китептин ачылыш аземи 13-июнь күнү Опера жана балет театрында болуп өттү. Китептин авторлору – Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов жана Кыргыз эл артисти Дариха Жалгасынова. Китепте өткөн кылымдын отузунчу, кыркынчы, элүүнчү жылдардагы кыргыз искусствосунун жүзү болгон атактуу адамдар тууралуу баяндар бар. Ушул китептеги айрым улуу […]

Алдей алдей ак бөбөк, Ак бешикке жат бөбөк


Мезгил өткөн сайын адамзаттын жашоого болгон көз карашы да өзгөрүп келет, аны менен бирге күнүмдүк жашоодо колдонуучу буюмдар да замандын талабына жараша өзгөрүүдө. Заман өзгөрсө да канчалаган кылымдан бери пайдаланылып келген. Бешик касиеттүү Умай энеден калган таберик. Көчмөн турмушта бешикке салынган наристени өз энеси өңөрүп жүрчү. Ошондой эле бешик энелерге наристени бакканга, таза кармаганга, уктатканга […]

Санжыра программасы: Сарыбагыш уруусу (видео)


http://kabar.kg/kyr/site/assets/files/1509/sarybagysh_uruusu_15_02_17.mp4 “Кабар” КУМА

Жаш калемгерлер үчүн жарыя!


Кыргызпатентке караштуу интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу балдар жана жаштардын чыгармачылыгына шык-дем берүү, өсүп-өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү максатында жаш калемгерлердин тунгуч чыгармаларын “Саамалык – 13” адабий альманахына 2017-жылдын 1-февралынан 15-апрелге чейин топтоп жаткандыгын билдирет. Чыгармаларды кабыл алуунун шарттары: – Эч жерде жарык көрбөгөн алгачкы чыгармалар кыргыз, орус тилдеринде кабыл алынат; -Чыгарма компьютерде 14-шрифт, саптардын аралыгы – 1,5 […]

Комуз уста


Ата-бабаларыбыз байыртан аздектеп келген устачылыктын шыбагасы кез келген адамга буюра бербейт. Мына ошол өнөргө ээ болуу менен устакана ачып, шакирттерди тарбиялап, комузда кол ойното да билген Эмилбек Шаршембаевдин устаканасына баш бактык. – Илгертеден атадан балага мурас болуп калган устачылык өнөрдү кимден үйрөндүңүз? – Ыраматылык атам комузда кол ойното билген. Көзү тирүү кезинде комуз да чапчу. […]

Бир ырдын баяны: Булуттар (аудио)


Жаралган ар бир ыр  жашоонун кандайдыр бир бүркүмдөрүнөн мисал катары алынып жазылат. Кандай тема болбосун ырдын жакшы болуп чыгышы  жаратмандын изденүүсүнөн көз каранды. Ырда баяндалган окуя же сүрөттөлүш көркөм чагылдырылабы, түз мааниде айтылабы же кыйыр мааниде жазылабы уккан адамдын жан дүйнөсүн козгоп, көңүлүн ырдын маанисине буруп турушу керек. Ыр угарман тандабайт, барына бирдей аткарылат. “Бир […]

Видео: Солто уруусунун санжырасы (“Кабар” КУМА)


http://kabar.kg/kyr/site/assets/files/1452/06_02_2017novyi.mp4 “Кабар” КУМА

“Ташка жазгандан кагазга жазууга өттүк, кагаздан эмнеге электрондук технологияларга өткөнгө болбосун?”


“КЕРЕГЕ” жалпы адамзаттык баалуулуктар фондунун кеңсесинде «Билим берүүдөгү жаңы тренддер» аттуу талкуу болуп өттү. Талкууда билим берүү тармагындагы көптөгөн маанилүү маселелер, интернет тармагытууралуу сөз болду. Тегерек столдо модераторлук милдетти “КЕРЕГЕ” фондунун жетекчиси Искендер Ормон уулу аркалап, талкууга Калиман Жунушалиева, Кыргыз билим берүү академиясынын Билим берүүнү башкаруу кафедрасынын жетекчиси; Эмил Үметалиев, “Kyrgyz Concept” компаниясынын негиздөөчүсү, жетекчиси; […]