Tag Archives: Кино

Болот Бейшеналиев тууралуу 10 факты. Сүйүү, Таттыбүбү, капыстан кармаган инфаркт


Июнь айынын акыркы жумасында КР Эл артисти Болот Бейшеналиевдин 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чаралары өтүүдө. Залкар талант тууралуу кийинки муундун, жаштардын маалыматы чектелүү болгондуктан, анын өмүр жолу, ишмердүүлүгүнөн 10 фактыны журналист Кабыл Макешов сунуштайт. Жалгыз уул. Атактуу агабыздын киндик каны тамган жери – Чүй боорундагы Кемин районунун Калмак-Ашуу айылы. 1937-жылы 25-июнда Болот ага жарык дүйнөгө […]

Болот Тентимишов: “Бизде уяты жок адамдар көбөйүп кетти


Актёр Болот Тентимишов режиссёр Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасында кезектеги каарманын жаратты. Болот мырза чыгармачылыгындагы жаңылыктары менен катар көкүрөккө толгон ой-толгоолору, көз караштары менен бөлүшүп отурду… “АКТАН БАЙКЕГЕ КАРАП ТҮЗДӨНӨБҮЗ” – “Кентавр” тасмасынын бет ачары жакында эле болду. Дал ошол премьера күнү Актан (ред.: режиссёр Актан Арым Кубат) байкенин туулган күнү да экен. 60 жашка […]

Олжобай ШАКИР: «Кентавр» – жарым-жартылай жапайы мүнөз коомдун символу


Материалды бул сайттан окуса болот.

«Карек» аттуу экинчи республикалык балдар кинофестивалы тасмаларды кабыл алып баштады


Кинофестивалга кинематографияга кызыккан 7 жаштан – 17 жашка чейинки мектеп окуучулардын бардыгы катыша алат. Ал үчүн каалаган камерага, планшетке же телефонго, 10 мүнөткө чейинки кыскаметраждуу кино тартуу керек. Кинофестивалга катышууга сунушталып жаткан даяр тасма төмөндөгү форматтардын биринде болуусу зарыл (mov, mp4, m4v, mpeg). Ар түркүн жанрдагы тасманы тартууга уруксат берилет: комедия, мелодрама, драма, триллер, боевик, […]

Бишкекте даректүү тасма боюнча режиссердук курстар өткөрүлөт


Бишкекте апрель айында “Азиянын чыгармачыл аялдары” фондунун атынан даректүү тасма боюнча режиссердук курстар башталат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди. Маалыматка ылайык, курс 3 айга созулат. Каалоочулар даректүү тасмадагы режиссуранын негиздерин, даректүү тасмада оператордук чеберчилик, кинодраматургия, монтаж боюнча окуудан өтүшөт. “Биз даректүү тасманы кеңири аудиторияга кантип жеткиликтүү кылууну үйрөтөбүз. Курстун ар бир катышуучусу тема тандап, үйрөнүп, тасма […]

Күнболот Момоконов, журналист: “КЕНТАВР”


Жакшы кино жаралыптыр. Аты “Кентавр”. Тарткан режиссер азыркынын кино жаратманы Актан Арым Кубат. Тасма Европа аймактарынын бир нече шаарларына коюлуп, өзүнүн көрармандарын таап, кызыктуу ойлорду, өзгөчө кыргыз элинин атка болгон мамилесин даагы бир ирет дүйнөгө таанылгандыгын жаратман белгиледи. 14-мартта шаарыбыздын кино жайларынын биринде чакан топко көрсөтүлүп, тасма туурасында азыноолак ой-пикирлер айтылды. Бул иш чаранын коногу […]

Актан Арым Кубат, кинорежиссёр: «Адам болуп туруп айбанча иш кылганыбызга кайгырам. Жаңы тасмамдын маңызы да ушунда»


– 3-4 жыл мурун «эч нерсе жасабай туруп интервью бере бермек белем» дедиңиз эле. Эми маектешчү учур келди окшойт… – Мен өзүм кино көп тартпайм, оюм, ички толгоолорум бышканда анан тартат экенмин. «Свет аке» тасмасын тарткандан бери 7 жыл өтүп кетти. «Свет аке» менен «Маймылдын» аралыгы 9 жыл. Бул акчанын тартыштыгынан деле эмес. Каражат жагы […]

Рыскулова: Жазуучу болсом жазат элем, аттиң…


Баш сүрөттө Кадыркул Өмүркулов жана Бүбүсара Рыскулова “Бакайдын жайыты” кинотасмасынын сценаристи, “Ак куулар конгон айдың көлдүн” режиссеру Кадыркул Өмүркуловго дагы башка классикалык кинотасмалардын сценарийлери таандык экени маалым. Бирок, жазуучу Касымаалы Жантөшев белгилүү сценаристтин атасы, акын Нуркамал Жетикашкаева энеси болгонун, анын залкар таланттардын ордосунда чоңойгон бактылуу да, татаал да тагдырын билгендер аз. Жазуучунун жубайы, “Сезим” кризистик борборунун […]

“Чокморовго окшоштугум – чоң сыймык”


Биздин бүгүнкү коногобуз таланттуу актёр жигит Кымбатбек Алимжан уулу болду. “Үркүн” тасмасында башкы каармандын ролун аткарган каарманыбызды көпчүлүк улуу актёр Сүймөнкүл Чокморовго окшоштурушат Бактылуу үй-бүлөнүн баласымын Алай районунун Гүлчө айылынын кулуну болом. Орто мектепти айылымдан аяктадым. Бишкек шаарына келип, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырдым. 4 жылдан бери Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында эмгектенем. Бактылуу […]

“Ак Илбирс” улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталды


Конкурска өткөн жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катыша алат. Эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат. “Ак Илбирс” улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталганын уюштуруу комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул конкурска 2016-жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катышып, эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат. Ал эми сыйлыктарды тапшыруу аземи 14-апрелде “Манас” кинотеатрында болот. Мындан беш жыл […]

Казак сериалдарынын катыгын берген кыргыз режиссеру


Кыргыз кинорежиссеру Айбек Дайырбековду өз өлкөсүнө караганда Казакстанда жакшы тааныйт. Алматы менен Астанада тарткан телесериалдары ага жакшы атак алып келди. – Айбек, Казакстанда азыр сиздин “Айман менен Шолпан” аттуу жүз бөлүктөн турган соңку сериалыңыз өзгөчө популярдуу болуп жатканын уктук. 100 сериалуу тасма тартуу оңой болбосо керек? – Албетте оңой эмес. Сериалды тартып жатканда сценарийин алмаштырып […]

Голливудду “кууган” кыргыз киносу


Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, соңку кезде кинотеатрларга барган көрүүчүлөрдүн саны 2015-жылы бир жарым миллиондон ашкан. Киночулар бүгүнкү күндө Кыргызстанда тартылган тасмаларга барган көрүүчүлөрдүн саны менен Голливуд тасмаларына барган көрүүчүлөрдүн саны теңелгенин белгилешет. Ошол эле учурда кыргыз тасмалары каражат табууну гана максат кылгандыктан бир гана жолу көрө турган күнүмдүк тасмаларга айланганын сындагандар арбын. Мени кардар […]

Айтматов ааламындагы айымдар


Залкар инсан Чыңгыз Айтматовду кыргыздын атын чыгарган жазуучу дегенибиз аздык кылат. Ал – өзүнчө бүтүн аалам. Себеби анын чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар, театрларда коюлган спектаклдер канчалаган актёр, атрисалардын бактысын ачып, жылдызын жандырган. Мындай бакытка ээ болуп элдин кызына, кыргыз аялынын жүзүнө айланып калган айымдарды иргеп, алардын Айтматов ааламына кандайча аралашып калгандыгын иликтеп көрдүк. Айтматовдун тандоосу […]

Эки жумада эки миллион тапкан кыргыз тасмалары: табит, киреше, демөөр


Быйыл Кыргызстанда 100гө жакын түрдүү жанрдагы тасмалар тартылган. Алардын кээ бири өлкө ичинде гана таанылса, дагы бири эл аралык деңгээлдеги сынактарда татыктуу орундарга ээ болду. Кыргызстанда тартылып, көрөрмандардын назарына сунушталган тасмалардын басымдуу бөлүгү комедия жанрында тартылган. Киночулар бул жанрдагы тасмаларга демөөрчү табуу кыйла жеңил экенин белгилешет. Кинопродюсер Нурлан Жаныбеков бир жылда эле “Доктор Айболот”, “Бир […]

Нуркан Турсунбаев, актёр: “Ай баратат” деген ырды Таттыбүбүнүн туулган күнүнө арнап чыгаргам”


Нуркан Турсунбаев көп кырдуу талант. Обончу, актёр, ырчы. Анын “Алтынчы күнү кечинде”, “Ай баратат” аттуу обондорун билбегендер аз. “Мен мактанганды, жагалданганды билбейм. Эмгек сиңирген артист наамын жакында эле алдым”,- деген каарманым кызыктуу маек курду. “ӨНӨРЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨДӨ ӨСТҮМ” – Чоң атам Турсунбай комузчу, дастанчы, манасчы болчу. Мен ошол кишинин колунда чоңойдум. Атам болсо Токтогул Сатылгановдун эң […]

Жамал Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Картайдым деп үңүрөйбөй өзүмдү тарбиялап келем”


“Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт” демекчи, актриса Жамал Сейдакматова дагы деле күүлүү-күчтүү. Маданият тармагынын ардагери аталган актрисанын бала кези көлдүн жээгинде өткөн. Көлдүн кооз жаратылышынын таасириби, айтор, актриса көптөгөн сыйлыктарга татып, 80 жашка келип калса да ийгиликтүү иштеп келет. – Жамал эже, саламатсызбы? Жаш актрисалардан калышпай быйылкы жылдын эсебинен 3 киного тартылган экенсиз. […]

АКШ менен Канадада ат ойноткон “Карахан”: кыргызкаскадерлорго эч ким жетпейт


Мекендешибиз Досберген Козугулов 20 жылга чукул убакыттан бери Американы байырлап келет. Ал АКШдагы тарыхы бай цирк, дүйнөгө белгилүү шоу иш-чараларында эмгектенген. Азыркы тапта да кыргыз туусун желбирете ат үстүндө оюн куруп келет. Мындан тышкары, тасма талаасында да өзүн сынай баштады. Океан аркасында ат ойноткон мекендешибиз менен журналист Айнагүл Сапарбек кызы маек курду. – Биз билгенден […]

“Ак илбирстин тукуму”


Сюжетин эске салабыз Көзгө атар мерген Кожожаш бүтүндөй бир айылды мергенчилиги менен баккан тың чыкма жигиттерден. Эли ачкачылыктан кырыла баштаганда Кожожаш ашуу ашып Мундузбай аттуу байдан досу Касен экөө жардам сурап барышат. Байдын токолу Айкени көңүлүндө жактырып калган Кожожаш, ал айылга кийинки барышында Айке менен жолугат. Бул аралыкта Айке да ичинен тымызын Кожожашты күтүп жүргөн. […]

“Кыргыз керемети”: тасма көп, сын жок


Быйыл кыргыз киносунун жаралганына 75 жыл толду. Буга байланыштуу маараке Улуттук филармонияда белгиленип, кечеде кыргыз киносунун шедеврлеринен үзүндүлөр көрсөтүлдү. 17-ноябрь – Кыргыз кино жаратуучулардын күнү. Бул майрам 1994-жылдан бери расмий белгиленип келатат. Биринчи кыргыз тасмасы – “Салтанат” 1955-жылы тартылган. Ошондон тарта бул тармак бат эле ирденип, 60-70-жылдары кыргыз киносу кадимкидей өз күйөрмандарын таап, Советтер союзунда […]

Сүймөнкул өнөрдү аздектеген


Бишкекте советтик кыргыз актёру, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовду эскерүү апталыгы жарыяланды. Апталык Улуттук көркөм өнөр музейинде Сүймөнкул Чокморовдун сүрөт көргөзмөсү менен башталып, Орус драма театрында “Акыркы чакырык” деп аталган спектакль менен уланат. Кыргыз киносунун өнүгүшүнө зор салым кошкон актердун атын түбөлүккө калтыруу иштери мамлекет тарабынан татыктуу колго алынбай жүргөнү коомчулукта айтылып келет. Актердун уялаш агасы Сүйөркул […]

Темир Бирназаров, кинорежиссер: Биз кинону товарга айландырып салдык


Соңку жылдары өлкөбүздүн кино тармагы кайрадан жанданып, жергиликтүү тасмалар биринин артынан бири чыгып, мамлекет режиссерлорго жакшы көңүл бурууда. Бирок саны көп тасмалардын сапаты ар дайым эле көңүл жылытаарлык болбой жатат. Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаров менен кыргыз киносунун азыркы акыбалы, кинонун коомдогу орду жана жаш режиссерлорго кеңештери тууралуу баарлаштык. – Темир мырза, биринчиден «Маданиятка эмгек сиңирген […]

Талкаланган үй, мигранттар жана «атанын керээзи»


Өлкөбүздө акыркы жылдары кино тармагы жандана баштаганы баарына маалым. Бирок саны көбөйгөн тасмалардын сапаты суроо жараткан учурлар көп эле. «Атанын керээзи» көтөргөн темасы жана мазмуну жагынан азыркы кыргыз тасмаларынан айырмаланып турат. Фильмдин режиссерлору Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу менен тасманы тартуудагы кыйынчылыктар тууралуу баарлаштык. – Экөөңөрдүн тең алгачкы тасмаңар экен. Фильмди тартып жаткан убакта […]

Нургазы Сыдыгалиев: “Элдин эсинде “Ак кемедеги” Нургазы боюнча калгым келет”


Нургазы Сыдыгалиев “Ак кемеге” тартылганда алты жашта болсо, азыр кырк тогуз жашта. Бишкектеги жаңы конуштардын биринде бюджеттик кызматкердин айлыгына он жыл ичинде чакан там салып алып жашап жатат. Байрагүл аттуу жары, Жанара аттуу кызы, Адилет, Жоомарт, Байтилек аттуу уулдары бар. Коргоо министрлигинин оркестринде музыкант болуп иштеп, пенсияга чыккан, бирок музыкалык окуу жайда сабак берип, Улуттук […]

Кыргыз кереметиндеги кызыктар


Алгачкы жеңил эротика Алгачкы “ачык кадр” 1965-жылы А. Михалков-Кончаловскийдин “Биринчи мугалим” тасмасында тартылган. Туугандары бай адамга экинчи аял кылып берип салган Алтынай мазактоого чыдабай ызасын, таарынычын суу менен кетиргиси келип, өзөндөгү сууга жылаңач кирип кеткени көрүүчүнүн эсинде (Дүйшөн агайы аны артка алып келе жатканда). Бул эпизоддун тегерегинде канча деген ызы-чуу болгон. Жөнөкөй адамдан баштап, интеллигенция […]

Элчоро Курман, кытайлык кыргыз актёру: «Жеки Чан калпакты чечпей кийип жүрдү»


2015-жылы Кытайда «Ажыдаардын кылычы» аттуу тасма прокатка чыккан. Анда баш каармандын ролун белгилүү актёр Жеки Чан аткарган. Тасмага атактуу Голливуд актёрлору Жон Кьюсак менен Эдриен Броуди да тартылган эле. Аталган тасмада кытай падышалыгынын жоокерлеринин бирин кытайлык кыргыз актёру Элчоро Курман ойногон. Ал тасмага кандайча тартылганын жана өзү жөнүндө айтып берди. Аты-жөнү – Элчоро Курман Туулган […]