Monthly Archives: Март 2016

Боордон даярдалган тамактар


Таза малдын боорунда организмге пайдалуу витаминдер, ферменттер бар. Алар организмдеги канды тазалап турушат. Боор абдан пайдалуу болгондуктан аны жаш балдардын жана кош бойлуу аялдардын организмин керектүү витаминдер менен камсыздоо үчүн сунушташат. Боордо бир аз жагымсыз жыт жана бышкандан кийин деле кычкыл тарткан даам болот. Мындан арылуу үчүн боорду бир нече бөлүккө бөлүп, 1 саат муздак […]

Сорогой элечектин өзгөчөлүгү жана аны ороо ыкмалары


Кыргызстанда аймактардагы өзгөчөлүктөрдөн улам элечек ороонун “Түндүк”, “Түндүк-батыш”, “Түштүк” жана “Түндүк-түштүк чек арасындагы Фергана өрөөнү” болуп төрт түрү аныкталган. Кыргыз аялдары байыркы баш кийимдердин бири болгон элечекти качантан баштап ороно баштаганы белгисиз, дейт “Кийиз дүйнө — көчмөн руху” долбоорунун мүчөсү Эмил Тилеков. Анын айтымында, изилдөөчүлөр Кушан падышачылыгынын доорунда Орто Азиянын аймагында жашаган аялдар баштарына элечек […]

Элдик эсепчилерди неге унуттук?..


Ысык-Көл тарапта Манаке жайчы (Айманбай уулу) Кызыл-Кыя, Кызыл-Омпол шамалдарынын багыттарына карап, жан-жаныбарларды байкап, эмпирикалык метрологиялык прогнозун билдирчү экен. Кыргыздар Айсанак жана Жылсанак деген санактарын жүргүзүп, мүчөл жылды ойлоп таап, ал табылгаларын башка элдерге, урууларга таратканы тарых барактарында жазылып калган. Мына ошол элдик календарды ойлоп тапкандар жана аларды элге тараткандар эсепчилер деп аталган. Алар асмандагы Үркөрдүн […]

Шаймерден: Үркүн мени арабөк кыргыз кылды


Ибраимов Шаймерден – Улуттук боштондук көтөрүлүшүндө Кытайга ооп кеткен кыргыздардын үчүнчү мууну. Ал Үркүндөн 80 жыл өткөндөн кийин Кытайдан Кыргызстанга кайтып келген. Үркүнгө кеткендердин урпагы аталарынын Шинжаңда кечирген күнү тууралуу маек курду. Шаймердендин чоң чоң атасы 1916-жылы ашууда падыша аскеринин огунан өлгөн. Чоң атасы Кытайда көз жумган. Өз атасы Үркүндөн кийин жердеп калган Шинжаң уйгур […]

Кыргызстандын эң мыкты бүркүттөрү


Кыргыздар атам замандан бери алдындагы тулпары, алгыр кушу, күлүк тайганы менен көкүрөк кага мактанып келген. Бир алгыр куш бүтүндөй айылды багып келген учурлар көп. Боор этинен артык көрүп, ээси аны бирөөнүн жаман көзүнөн, суук сөзүнөн сак-сактап, кастарлап багып келген эмеспи. Өнөр атадан балага өтүп, учугу уланып, жер менен жексен болуп кетпей күнү бүгүнкүдөй кастарланып келет. […]

Устукан тартуу маданияты


Sputnik Кыргызстан, 27.11.2015

Жашоо сабактары


«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан» Аталар сөзү Ата-тектин адашуусу тукумуна залакасын тийгизет Ар бир адам жашоосунда көп жаңылат. Жаңылуу кээ бир адамдыкы ѳтѳ күчтүү, чоң болот да, ѳзүнүн эле жашоосуна эмес, тукумуна, келечек урпагынын жашоосуна дагы жаман жагынан таасирин, залакасын тийгизип коёт. Кээ бир адамдыкы ѳзүнүн эле жашоосуна оорчулук алып келет. Кѳп учурда адамдар ушул жашоодогу […]

“Борбор Азия ТВ продакшн” телекомпаниясынын Япониядагы шеф-редактору Жээналы Камбаралиев: “Япондор – эмгекчил калк келишет”


Маектешибиз жөнүндө кыскача маалымат: Камбаралиев Жээналы 1960-жылы туулган, 1989-жылы Россиянын Свердловск шаарындагы Урал мамлекиттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөндөн кийин “Вечерний Свердловск” шаардык гезитинде кабарчы болуп өз эмгек жолун баштаган. 1990-жылы Кыргызстанга келип, алгач “Кыргызстан Коммунисти” журналында иштеп, Союз таркагандан кийин жумушсуз калып, “Гүлзат жаңырыгы” андан кийин Кыргызстан-Япон биргелешкен“Нихон борбору” өкмөттүк эмес уюмунда, “Азия ТВ продакшн” […]

Мазаны кетирген эрден кач…


“Сөз дайра” рубрикасында бүгүн арман, аруу, маза, маңыз, мата жана маш деген сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз. «Арман” деген сөздүн маанисин чечмелейли. Иран тилинен кирген “арман” деген сөз “эңсеген кыял”, “ишке ашпай калган каалоо”, “жетпей калган ой-тилек” дегенди билдирет. “Армандуу дүйнө” деп коет. “Армандуу ыр экен” дейт. “Чыкем дүйнөдөн армансыз өттү” дейт. “Бейиштин төрүндөй жерде жашап жүргөн […]

Кыргыз тилин байыткан инсан


Токоев Таалайбекти тааныганыма 38 жылдын жүзү болуптур. Оо, анда совет учуру эле, кайталангыс студенттик жылдар… Мен 1978-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз филология жана журналистика факультетинин 1-курсунда окуп жүргөнүмдө, ал 4-курстун студенти болчу. Сыртыбыздан тааныш элек. Такем экөөбүздүн адепки сырткы тааныштыгыбыз бара-бара достукка айланды, достукка айланткан көпүрө илим болду. Ар бир адам […]

Макелек Өмүрбай уулу: «Моңгул купуя тарыхы»


Чыңгызхандын тегин сүрүштүргөн «Моңгул купуя тарыхы» аттуу моңгул санжырасына арналган китепке 1989-жылы ЮНЕСКО тарабынан «жер бетиндеги атактуу китеп» деген наам ыйгарылган. Бул санжыра 1240- жылы Үгөтөй кагандын тушуна чейин жазылып бүткөн. Алгачкы нускасы моңгулдун уйгур жазуусу негизинде жасалган жазуусу менен бүткөн. Бирок ал нускасы жер бетинен кайым болуп кеткен да, бүгүнкү эл көрүп жаткан «Моңгул […]

Өрнөктүү жана татыктуу өмүр сүргөн эжемдин бейитине гүлдестем


Быйыл кыш жылуу болуп, жергебизге жаз эрте келди. эмнегедир март айы башталганда эле былтыр күтүлбөгөн жерден каза болуп, өзү тилегендей, басып жүрүп мүдүрүлүп кеткен, тагыраак айтканда, эртеӊ менен кызматка кеткен бойдон келбес дүйнөгө кетип, 7-мартта жерге берилген Рахат Ачылова эсиме түштү. Эженин ичи да, сырты да сулуу адам эле. Өзгөчө көздөрү сулуу, мээримдүү жана акылдуу […]

Токтогул менен Арзымат айтышканбы же…


Акындар поэзиясы, анын ичинде Токтогул Сатылгановдун чыгармачылыгы жаңыча көз карашка, жаңыча мамилеге муктаж. Эмне үчүн? Айталы, мектептин окуучусун партасынан тургузуп, «Тоо булбулу Токтогул ким болгон?» деп сурасаң, ал ойлонбостон туруп, «Токтогул Сатылганов кыргыздын демократ акыны. 12 жашынан ырдап баштаган, эзүүчү тапты, бай-манаптарды сындап, карапайым элдин таламын талашып ырдаганы үчүн Сибирге айдалып барып келген» деген сыдыргыга […]

Кыргыз ырымдары: кайсы досуң сага кас экенин билгиң келсе, баарын бешбармакка чакыр


Кандай ырым-жырымдарды карманасыз? Өзүмө кара санаган адам менен өз үй, өз дасторконумда бирге отуруп каламбы деген ой канчалык үрөй учурат? Эл аралык Sputnik маалымат агенттиги койдун сөөк-жилигине байланышкан кыргыздын айрым ырым-жырымдары жана ишенимдерин иликтеп көрдү. Илимий теория менен академиялык сөздүктөрдү жокко чыгарып айтсак, ырым-жырым — бул биз бир нерсе болуп кетпесин деп корккондон же, тескерисинче, […]

Өзүнүн тарыхында адамзат…


“Өзүнүн тарыхында адамзат тарабынан башкаруунун – адамдарга таасир этүүнүн болгону бири биринен айырмаланган үч аргасы иштелип чыккан. Биринчиси – бийлик жана ага баш ийүү иерархиясы; экинчиси – жүрүм-турумдарды чектеп, тескеп турган маданият, баалуулуктар, социалдык нормалар, талаптар, көнүмүштөр, адаттар; үчүнчүсү – менчик мамилелерге негизделген тең-теңдеш тегиз мамилелер, рынок. Турмуштун өзүндөгү чарбалык, социалдык системаларда айтылгандардын баары орун […]

Абыт Ибраимов: Кан аралашкандан улут бузулбайт


Абыт Ибраимов – илимий иштерин интернет аркылуу англис тилинде таратып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө окурмандарын тапкан генетик-окумуштуулардын бири, Кыргыз генетика илимине “Кыргыздар жана анын генофонду” илимий китеби аркылуу чыйыр салган окумуштуу, Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү, Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты. Окумуштуунун илимий эмгектерин бүгүн кызматынан 192 өлкөнүн окумуштуулары пайдаланган http://www.researchgate.net акысыз социалдык тармагы аркылуу таап окуса болот. […]

“Чапанды чыгаруу апама берген отчетум болчу”


Кыргыз элинин улуттук кийими– чапанды кеңири чөйрөгө, кыргыздарга эле эмес, чет өлкөлүктөргө да жайылткан айым Жумагүл Сариева ийгиликтин сырлары менен бөлүшөт. “Чапан” студиясынын жетекчиси Жүмагүл Сариевадан он кеңеш: Адам кандай ишти баштабасын, ишке дити менен берилиши керек – Апам Курманбүбү Коңурова “Чапан тигип чыгар, ушул сенин колуңдан келет” деп кулагыма куюп келген. Илгери таятам Токтогонов […]

Өз тилибизди билбей, өзгө тилде сүйлөп калбайлы…


Бизге эң көп келген эмгек мигранттары, инвесторлор бул кытайлар. Ошондуктан, эмгек квота менен келгендерге экзамен киргизиш керек деген маселени көтөрдүм. Орустар бизге келсе расмий тилде сүйлөшө берет, бирок, кытай жарандары биздин алфавитти дагы билбейт. Алар эң жөнөкөй деңгээлде кыргызча сүйлөшө алганды билиш керек. Бул маселе азыр өтпөшү мүмкүн, бирок, бул көтөрүлүүгө тийиш. Антпесек, он жылдан […]

“Мекенсиз” – патриоттуулукка чакырык


Жазуучулук талант ар кимге эле келе бербейт. Көкүрөгүндө кайнап чыккан эргүү тынчтык бербей, көркөм дүйнөнүн кулу болуп азгырылмайынча элдин купулуна толо турган чыгарма жаралат деп айтуу кыйын. Ал эми ошондой касиетке ээ болгон күндө да, анын азап-тозогуна чыдап, чыгармага баш оту менен кирген гана жазуучу өз максатына жетип, окурмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ боло алат. Мына ошондой […]

Бугу-Эне эркекпи же ургаачыбы?


Кыргызда Бугу-эне деген сөз барбы, же жокпу деп мурда эч ойлонбоптурмун. Бизден улуу карыялар, чоң энелердин деле Бугу-эненин тукумубуз деп айтканын кулагым чалбаптыр. Китептерде, кээ бир жерлерде чоң тамга менен: “Бугу-Эне” деп жазылып турса эле: “Ии, бугуэненин тукумубуз да”, – деп койчумун. Атам Абдыш бугу уруусунун арык тукумунан “Байым уулунун санжырасын” жазып жатканда (атамдын эки […]

«Алкоо» же «бата берүү» салты


Кыргыз эли бу жер үстүндө канча кылым жашагандыгын так аныктап берген киши жок. Бир билгенибиз – качан адам баласы пайда болгондон бери байыркы элдерге эмне мүнөздүү болсо, ошонун баары кыргыздарда бар экендигин көрөбүз. Эң кызык жери – мына ошол байыркы мезгилдерге мүнөздүү болуп турган нерселердин баарын эч жерге жазып калтырбастан эле, муундан муунга калтырып келгендиги […]

Боогачы Жакыпбек уулу — залкар лирик акын


Обончу, лирик акын, аргендей үндүү ырчы, залкар чертмекчи, чебер аткаруучу Боогачы Жакыпбек уулу 1886-жылы Ат-Башынын Шаркыратма болушунда (Ак-Муз айылында) кычыраган кыштын кыраан чилдесинде боз үйдө туулуптур. Атасы Жакыпбек кара чечен атанган, эл арасында жаактууга жаа бербеген сөзмөр, уюштургуч, баба дыйкан, мүмшүкөр, айылында кадыры бар орто чарбалуу тың адам экен. Боогачы жарык дүйнөгө келгенден кийин жайдары […]

Жашоо сабактары


«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан» Жаңыны кармабай, жакшыны карма Баардык нерсенин мөөнөтү бар: жакшынын, жамандын, ыйдын, ырдын. Утуру келген мөөнөттүн учурун бил – жакшысын кармасаң, жаманы кайып өтүп кетет. Эгер жаманын кармасаң – жамандан запкы тартасың, кыйналасың, жакшыга зарыгасың. Ошондуктан мөөнөттү башкара бил, жаманды өткөзүп ий, кармаба. Жеңилди кармаба сен, баалууну карма. Кармаба жалтыракты, кармагын ак […]

“Кайдан сокту шамал мага белгисиз”


Таластык акын Кабыланбек Балкыбеков элетте жашап, өзү туйган, сезген, баамына илинген көркөм сүрөттөрдү ырга айлантып келатат. «Азаттык»: Кабыланбек мырза, мына сиз көркөм сөзгө жакын кишисиз, китеп сиздин турмушуңузга кандайча кирди? Кабыланбек Балкыбеков: Китеп бул адам баласынын жан дүйнөсүн чагылдырган көркөм каражат го. Мен китеп окубасам туралбайм. Поэзияга жакын болгондуктан ыр китептерди көп окуйм. Кыргыздын белгилүү […]

Райкан Төлөгөнов: «Бекназар баатыр комузчу да, төкмө акын да болгон»


Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романындагы Бекназар баатыр жазуучунун бабалары болорун айтып жүрүшөт. Ал эми Абил бийди чыгарманын көркөмдүүлүгүн арттырыш үчүн ойдон чыгарылган каарман деп сыпаттагандар да бар. Романдагы эки каармандын тарыхый прототиптери бар-жогун автордун уулу, Жогорку Кеӊештин депутаты Райкан Төлөгөновдон тактап көрдүк. – Бекназар, Абил бий булар тарыхта болгон адамдар. Чыгарманы атам эл оозунан, архивден […]