Category Кыргыз тили

Мамлекеттик мекемелердеги мамлекеттик тилдин абалы кандай?


Финансы министрлигинде… Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн иш кагаздары менен жеринде таанышканыбызда мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн документтердин абалы төмөнкүдөй болуп чыкты. 2016­жылдын 1­кварталында министрликтин 30 кызматкери КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Окуу борбору тарабынан уюштурулган дистанттык окуудан өткөн. Мындан тышкары, 2013­жылдан бери кызматкерлердин 35­40 пайызы мамлекеттик тилди үйрөнүү жана иш […]

Адептин башы – салам, иштин башы – ыклас


Учурашуу-адамдардын ортосунда бири-бирин ызаттоо, тааныш же бейтааныш адам менен бул жер үстүндө бирге жашоого, сүйлөшүүгө, пикир алышууга даяр экенин билдирүү. Жашына, мансабына, бирөөгө көз карандылыгына карап салам берилбейт. Салам берүү баары үчүн бирдей болот. «Салам бериш – карыз, алик алыш – парыз», «Адептин башаты–салам, иштин башаты–ыклас» деп макалдарда айтылгандай, бири-бири менен учурашуу аркылуу алардын жакшы […]

Батанын касиети


(“Манас” эпосунун негизинде) “Улууну урматта, сыйла, улуулардын батасы тийсин” деген сөздөр бекеринен айтылбаса керек элибизде. Сөз багып, сөз кадырлаган кыргыз эли, айтылган сөз атылган ок катары ооздон чыккан ар бир сөздүн мазмунуна терең маани берип, “айтыла элек сөз сенин кулуң, айтылгандан кийин сен сөздүн кулусуң” деп улам кийинки муунду тарбиялап келген. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү […]

Маданият, ыйман, адеп…


Булар бири- бири менен байланышкан терең түшүнүк жана коомдун өнүгүшү үчүн абдан зарыл. Бүгүн биз айрым замандаштарга кайрылып, “Ыйман, адеп жана маданият жылынын таасирин сезип жатасызбы? Мекендин жараны катары кандай салым кошо алдыңыз?”деген суроого жооп алдык. Бактыгүл Чотурова, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын: – Ыйман, адеп, маданият жылы деп жакшы аталды. Бирок атап коюш […]

Кыргыз тилди окутуу аркылуу жаштарды адептүүлүккө, ыйманга жана маданиятка тарбиялоо


Кыргыз тили – ата-бабаларыбыздын кылымдарды карытып, жоголбой, сакталып келе жаткан эне тилибиз, өлбөс-өчпөс тарыхты камтыган улуу тил, жан дүйнөбүзгө руханий азыкты берген көөнөрбөс касиеттүү тил. Кылымдардан бери тоскоолдуктарга учураса да, сакталып келген ата -бабалардын урпактарга калтырган мурасы. Кыргыз тилинин жаралыш тарыхы жөнүндө жазуу түрүндө маалыматтар сакталып калбаса да, Орхон-Энесайрун жазма тарыхый эстеликтерде чегилип, оозеки түрүндө […]

Тил – улуттун байлыгы


И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү максатында Мамлекеттик тил бөлүмү түзүлгөн. Бөлүмдүн ишин КМТУнун мамлекеттик тил жана өнүгүү боюнча проректору жетектейт. Мындан сырткары, мамлекеттик тил боюнча башкы адис, электрондук-анимациялык китептерди даярдоо боюнча адис, иш кагаздарын мамлекеттик тилге которуу боюнча адистер эмгектенишет. Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан жыл сайын мамлекеттик […]

“Экономика” сабагы эне тилде өтүлөт


Мамлекеттик тил боюнча Улуттук программаны ишке ашырууда КЭУда бир катар олуттуу аракеттер жасалууда. Биздин университетте иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү 2013-жылдын апрель айында башталган. Ректордун буйругу менен кызмат орду ачылган. 2016-жылдын октябрь айынан тартып университетте мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча атайын бөлүм иштейт. Ошондон бери бир катар керектүү документтер, ошондой эле тыштан келген жана сыртка чыгарылган […]

Мамлекеттик мекемелерде мамлекеттик тилдин абалы кандай? Унаа жана жол министрлиги


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жумушчу тобу Кыргыз Республикасынын Унаа жана жол министрлигинде иш кагаздарын жүргүзүүдөгү мамлекеттик тилдин абалы менен таанышып чыгуу жана жардам көрсөтүү максатында текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүдө төмөндөгүлөр аныкталды: министрликте иш кагаздары мамлекеттик тилде жана расмий тилде жүргүзүлөт. Борбордук аппараттын иши, т.а.  жалпы бөлүмдүн жана кадрлар бөлүмүнүн иш […]

Сөз туралуу сөз


Сүйлөп жатканы эле болбосо, бардык адам эле сөз биле бербейт. Сөз билген адам анын ички поэтикасын, тышкы музыкасын сезет, туят. Сөз билген адам сүйлөсө ал ырдап тургансыйт. Сөз, адамдын ички жигерин аныктап билгизет. Сөз билген, анын баасын, күчүн туйган адам таасын, так сүйлөйт, тандап, таап айтат. Өз учурунда гана айтат. Ага ошол акырын айткан бир […]

Элдин эл экени – эне тилинде


Өлкөбүз Кыргызстанды мекендеген көптөгөн элдер үчүн да өз эне тили кандай ардактуу болсо, Ала-Тоо койнундагы элдерди бириктирүүчү, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарта” турган кыргыз тили бул элдер үчүн дал ошондой ыйык, дал ошондой аруу. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде соңку жылдары бир топ алгылыктуу иштер жасалды. Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн […]

Мамлекеттик мекемелерде мамлекеттик тилдин абалы кандай?


Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Мекемеде министрдин 3 орун басары, 1 статс-катчы жана министриктин 6 башкармалыгы, 2 сектору, 14 бөлүмү бар. Анда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана министрлик-ведомстволор менен кат алышуусунун басымдуу бөлүгү расмий тилде экендиги көрүнүп турат. Мисалы: КР Өкмөтүнөн 2016-жылы 218 кат келсе, анын 206сы расмий тилде болгон. Келген 10 […]

КР эмгек синирген артисти, төкмө акын Азамат Болгонбаев: «Турмуштун тарбиясы менен толуп, мезгилдин мерчеми менен ийленип келем…»


– Азамат, жакында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамына ээ болдуңуз, куттуктайбыз! Сыйлыктын сыймыгын сезип жатасызбы? – Адамга бакыт алып келе турган жол – бул талбай жасаган эмгек жана мээнет. Албетте, сыйлык адамга дем болот, сүрөөн болот. Кубандым. Устатым Замирбек Үсөнбаев да бул наамды 32 жашында алыптыр. Бул өнөрдүн аркасында кыргыздын дөөлөтү эсептелген залкар инсандардан […]

Мамлекеттик мекемелерде мамлекеттик тилдин абалы кандай? Экономика министрлиги


Комиссия мүчөлөрү Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова менен жолугушуп, пикир алышып, текшерүүнүн максаты тууралуу маалымат беришти. Мамлекеттик тилдин абалы менен таанышууда төмөнкүлөр аныкталды. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө 2017-жылга карата иш план бекитилген. Чогулуштар, жыйындар, жолугушуулар мамлекеттик жана расмий тилде өткөрүлөт. Компьютерлерге кыргызча шрифттер орнотулган. Мекеменин ички-тышкы жазуулары, бөлмөлөрдүн аталыштары негизинен мамлекеттик тилде жазылган. […]

КЫЙДЫ ЗАМАН же улуу сөздү өчүрүп, тилди, дилди жоготуп, өгөй баалуулуктарды таңуулаган техникалык доор жөнүндө


Мисалдар менен ашкерелебесек деле алмуздактан бери бир айныгыс чындык жашап келген. Ал – бардык өнөрдөн сөз өнөрүнүн артыкчылыгы. Илгери сөз өнөрү укмуштуудай бааланган учурда жакшы айтылган сөз үчүн адеми тонун чечип, жалгыз атынан түшүп берүүдөн айныган эмес экен калкыбыз. Таап айтылган сөз октон да, оттон да күчтүү болгон: бүтпөгөн чыр бүтүп, эр өлгөн согуштар токтогон. […]

Мамлекеттик мекемелерде мамлекеттик тилдин абалы кандай? Ички иштер министрлиги


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн абалы менен жеринде таанышуу жана методикалык-практикалык көмөк көрсөтүү максатында текшерүү жүргүздү. 2016-жылы ИИМге келген документтердин жалпы саны – 13 416. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан келген каттардын саны – 2393. Кыргыз Республикасынын […]

Кыргыз тилиндеги ресурс


Би-Би-Си академиясы журналистика жана тил үйрөтүүгө арналган маалымат ресурсун кыргыз тилинде акысыз чыгара баштады. Би-Би-Си Академиясынын кыргыз тилиндеги биринчи жаңы ийкемдүү баракчасы http://www.bbc.co.uk/academy/beta/ky/ Би-Би-Синин журналисттик өнүккөн тажрыйбасына арналды. Анын ичинде редакциялык эрежелер, кыргыз тилин колдонуу, журналисттик чеберчилик ыкмалары жазылган. Ошондой эле анда Би-Би-Сидеги жана дүйнөдөгү кыргыз тилдүү журналисттерге башка баалуу маалыматтар бар. Кыргыз тилдүү журналисттерге […]

Адам аттарындагы элдик педагогикалык жагдай


Адамзат коомунда тарбиялоо иши – түбөлүктүү категория жана ар дайым актуалдуу маселердин бири. Кыргыздар да мына ушул түбөлүктүү, ар дайым актуалдуу маселени чечүүдө жана элдин кызыкчылыгы менен максаттарына жараша реализациялоодо балага энчилүү ат коюунун мотивдерин өзгөчө ийгиликтүү пайдаланышкан жана аларды андан ары өнүктүрүшкөн. Ошондуктан кыргыз эпосторунун дээрлик бардыгында балага (айрыкча баш каарманга) энчилүү ат коюуга […]

Эл шайыры – Шекербек


Ш.Шеркуловдун 115 жылдыгына “Өскөн жериң Таластан, Өнөрүң айтсак жарашкан. Өзүңө теңдеш жок эле, Өргө жолду талашкан”. Эстебес Турсуналиев Кыргыз кыйырына, жумурай-журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал талант, атактуу комузчу, дастанчы, эл ичинде эленгендей – айтым, залкар, кара күүлөрдүн күжүрмөнү, айтору, «төрт аягы тең жоргологон» ак таңдай акын, таасын обончу Шекербек Шеркул уулунун кийинки муунга калтырып кеткен мурасы […]

Өлбөй кал, Шаршенбек агай!..


Көптөн бери китеп окуй элек элем. Көп эле китеп окуп жүрөм го, бирок окуп бүткөндөн кийин бирдеме окугандай болбой, сезимде жук калбайт. Окуй элек элем дегеним ошондон. Кечээ күнү Шаршенбек Үмөталиев агайыбыздын “Өзөктөгү өрт” деген тарыхый романы капилет колума тийип, шашпай окуп кирдим. Ошону менен китеп мени тартып кетти өз дүйнөсүнө. Окуясы ушунчалык элестүү. Баарынан […]

Алп талант, залкар адам


Улуу Манасчы Сагымбай Орозбаковдун быйыл 150 жылдык маарекеси белгиленмекчи. Сагымбайдын тегине келсек: Кызарттын алдындагы Ала-Көл, Бурган-Сууну жердеген саяк уруусунан, Мойнок тукумунун ичиндеги Манас уулу деген уруктан. Азыр да Жумгалда Манас уулу аталган урук жашайт. Биздин айылдагы Сагымбай манасчы менен үзөңгү кагыштыра бирге жүргөн Сыдыбай уулу Керим, аны көргөн Оторбаев Бозгунчу, Манас уулунан чыккан Нарын шаарынын […]

Катага каршы “Кара тизме”


Ооба, көрнөк көйгөйү коомчулук көңүлүн өйүгөн талуу маселелердин бири. Ондогон жылдар аны кантип оңдоштун оңтоюн таппай келдик. Бирок, “акыл – жаштан” демекчи, өзүн улуттун уул-кызы санаган мекенчил жаштарыбыз бул маселеге кайдыгер карабай, колдон келген салымын кошуп келет. Анын бир мисалы катары Кыздархан Айтматова кызыбыздын аракетин айталы. Ал “Манас” кино-театрында илинген берегидей афишаны колтелефонго тартып алып, […]

Эне тили – улуттун уюткусу


Ар бир улут кылымдап өнүгүп келген өзүнүн улуттук дөөлөттөрүн, рух-дараметин, кайталангыс этномаданиятын ыйык катары сактап, аны өнүктүрүү үчүн өсүп келе жаткан кийинки муунду өз эне тилинде окутуп, тарбиялоосу зарыл. Анткени, эне тили жалаң эле маалымат алмашуу, сүйлөшүү каражаты эмес, ал – ата-бабалардан калган рухий жана маданий дөөлөт. Ошондуктан адамды улуттук маданий кыртышта ар тараптан калыптандырып, […]

“Эне тил барда – эл да бар…”


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Назаркул Ишекеев менен маек. – Назаркул агай, кийинки кездерде биздин өлкө, алтургай, жалпы дүйнө коомчулугу тилге, тарыхка жана маданиятка шардана көңүл бура баштады… – Ар кандай улуттун башкы байлыгы – анын эне тили. “Эне тилсиз эл карып” дейт. Ошондуктан, “баарынан сөз улук”, “оболу сөз […]

Сөзгө жан киргизген жазуучу


Көптөн бери, наати жыйырма жылдай болуп калды окшойт, жаш баланын тилиндей ширин, жүрөгүңдү кубанычтай туйлаткан, сөз жанынын сүйүнүчтүү үнү угулуп турган, ошол эле учурда ошол сөз махабатынын эки дүйнө арманынан жаралган сеникиндей анделек жыттуу аңгеме окуй элекмин, Абдиламит. Ошону айтсаң, азыркы кыргыз прозасы булбулу качкан токойдой болуп томсоруп турбайбы. Булбулдун сайрашы түгүл, балапандардын канат кага […]

Наристеге ат коюу


Байыркы учурдан тартып узак кылымдар бою кыргыз элинде бала туулары менен эле ааламга келген наристеге ат койгон салт болгон. Атактуу кишинин атын койгондор баласына ошол кишинин өмүрүн өрнөк, жашоосун үлгү кылган, арбактарын сыйлашкан, «сага паландай кишинин атын бергенбиз, сен ошондой болушуң керек» деп тарбиялашкан. Ат коюу учурунда наристени чоң атасы, же атасынын улуу бир тууганы […]