Monthly Archives: Октябрь 2009

Анатай Өмүркановдун жаңы ырлары


Адабият рубрикасына Анатай Өмүркановдун 13-октябрда “Назар” гезитинде жарыяланган жаңы ырлары кошулду. КМБ

Кыргыздардын күч унаалары, алардын токумдары


Кыргыз эли көчмөн доорду башынан өткөрүп, ошого ылайык, каада-салтты, үрп-адатты, сый-урматты, ынтымакты бек кармап келген. Коомдук түзүлүшүндө эл башчылары, аксакалдары жана аскердик иштерди жетектеген баатырлары болгон. Ошол көчмөн жашоосунда негизги күч унаалары төө, уй, өгүз, ат болгон. Күч унааларга кандай жабдуулар жана токумдар пайдаланылган?

ӨРҮК КОМУЗДАР БАТКЕНДЕ ЧАБЫЛСА…


“Назар” гезитинен жакында “Салтуу музыка “сарттуу” музыкага айланабы?” деген интервьюну окуп алып, оюма көп нерселер келди. Ошолорду ортого салайын. Балким бийлик башында жүргөндөр кокус менин жазганымды окуп калышса,ойлонушуп, бир аз аракет кылаар. (Ай, Кудай билет, ошолордун гезит окуп, ошол боюнча жапондорчо бир аракет кылаарына. Ишенич аз. Ошондой болсо да айтып көрөйүн.)

Кыргыз улуттук менталитетин кантип сактайбыз?


Кыргыз болуп туулдук, кыргыз эненин ак сүтүн эмдик, бешик ырын угуп, кыргыз топурагында кылтыйып чыккан кымыздыгын үзүп жеп эр жеттик, аталар баптаган “күлүгүн минип күүлөнүп, күлгүнүн кийип түрлөнүп шарактап той тойлодук “. Кызыгы бүтпөс өмүр базарын азыр да аралап жүрөбүз. Ал эми ошентип алаканга салып алпечтеп өстүргөн эл-журтубузга эмне кайтардык, эмне бердик?!

"КЫРГЫЗДАР – КУДАЙДЫН ЧЫНЫГЫ ЭЛИ"


“Кыргыздар – арийлер!” деген макалага карата алгачкы пикирди сунуш кылабыз. Редакциябызга ак калпагын кийип Рысбек баш бакты.Кыргыз тарыхына, санжырасына жана рух дүйнөсүнө өз алдынча изилдөөлөрдү жүргүзүп, олуттуу ойлорду козгогон, АКШдан келген калифорниялык окумуштуу Ричард Хьюитт (Рысбек) менен маек бардык окурмандар үчүн кызык болот деген ойдобуз. Маектин өзөгүндө кыргыз эли тууралуу чет элдик көз караштардын дагы […]

Тажикстандын таасири бизге тиеби, мамлекеттик тилге кыргыз бийлиги күйөбү?


Бүйүр кызыткан мыйзам Орусияны экономикалык жана стратегиялык өнөктөш катары эсептеген, “Рогун” ГЭСин биргелешип курууга макулдашкан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында “Мамлекеттик тил жөнүндө” жаңы мыйзамга кол койду. Мамлекеттик башчысы сунуштаган бул мыйзамды талкуулоодо парламенттин спикери Махмадсаид Убайдуллаев: “Республиканын жараны болуп туруп, анын мамлекеттик тилин билбегендик патриоттуулукка жатпайт” – деп белгилеген. Ошентип, “Тил жөнүндө” […]

Бүгүн Бишкекте көчө театрларынын эл аралык фестивалы башталат


Анын алкагында Ала-тоо аянтында Борбор Азия кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө менен бирге мастер класстар уюштурулат. “Место Д…” театр-клубдун директору Александра Багдасарованын айтымында фестиваль “Шаардагы орун” (“Место в городе”) деп аталып “Жашоодо өзүңдүн ордуңду тап” аттуу ураан астында өтөт.

"Манас" Эпосу ЮНЕСКО аркылуу дүйнөлүк материалдык эмес мурастар тизмесине киргизилди


“Манас” Эпосу ЮНЕСКО аркылуу дүйнөлүк материалдык эмес мурастар тизмесине киргизилди. Бул тууралуу чечим Абу-Даби шаарында 2-октябрда өз ишин аяктаган ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарды коргоо боюнча өкмөт аралык комитетинин 4-сессиясында кабыл алынды. Бул туурасында Синьхуа агенттиги маалымдайт. “Кабар” МА, 13.10.2009-ж.

Бишкекте «Көчмөн. Мезгилдеги агым» аттуу заманбап искусствонун республика боюнча алгачкы көргөзмөсү өтөт


Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде «Көчмөн. Мезгилдеги агым» аттуу заманбап искусствонун республика боюнча алгачкы көргөзмөсү өтөт. Көргөзмөдө Каракол, Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларынын 20дан ашык сүрөтчүлөрүнүн эмгектери – инсталляция, сценалык аткаруу, видео, фотосүрөттөр коюлат. Бул туурасында Кыргыз Республикасындагы кызматташтык боюнча Швейцария бюросунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Турсунай Чодурова билдирди.

Түркияда Чыңгыз Айтматовдун күндөрү өтүүдө


Ушул күндөрү Анкара университетинде Чыңгыз Айтматовдун күндөрү өтүүдө. 12-14-октябр күндөрүнө туура келген бул иш-чара тууралуу, 15 кишиден турган кыргыз делегациясынын жетекчиси, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин түрк таануучу доценти Кадыралы Коңкобаев Истамбул аба бекетинде “Азаттыкка” маек курду.

«Кайың барбы, кыргыз балта чаппаган…»


«Кыргыз мурасы жана келечеги» долбоорунун негизинде «Кыргыз цивилизациясы» институту ачылмакчы.

Калем: Жаштар дайыма эле жигердүү болот


Бул жолку каарманыбыз манасчы жана акын Рыспай Исаков 1975-жылы Ош аймагында туулган. Бир нече эл аралык кароо-сынактардын жеңүүчүсү.

А.Табышалиева: “Аймактык жалпы тарыхты жазууга мезгил жетти”


Жакында (5-6-октябрда) ЮНЕСКОнун Париждеги башкеңсесинде бул эл аралык уюм соңку 57 жыл ичинде жарыялап келген дүйнөлүк жана аймактык тарых китептерине арналган эл аралык симпозиум болду. Ага катышкан кыргыз тарыхчысы, ушул тапта АКШда эмгектенип жаткан профессор Анара Табышалиева “Азаттык” үчүн маек куруп берди.

«Бийде сезим бар» кароо сынагынын жыйынтыгы чыкты


Нарын облусунун 70 жылдыгынын мааракесине арналган мекемелер арасындагы «Бийде сезим бар» кароо сынагынын жыйынтыгы чыкты.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын урматтагандарга


“Бийиктик” басмаканасы Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын 8 томдугун кыргыз тилинде жарыкка чыгарды. Бул томдордо улуу жазуучубуздун бардык чыгармалары, анын ичинде публицистикасы жана акыркы жазылган «Тоолор кулаганда» аттуу романы, камтылган. Китептер калың мукабада, ак баракта, окуганга ынгайлуу шрифтте сапаттуу басылып чыгарылган. Ч.Айтматовдун чыгармалары толугу менен өздүк китеп текчеде туруусун каалагандар аларды өз баасында басылманын өзүнөн сатып ала […]

Бишкектеги “Азур” басылмасы балдар үчүн мыкты чыгармага сынак жарыялады


“Азур” басылма үйү “Балдар китеби-2009” атындагы адабий премияны уюштуруп, балдар үчүн мыкты чыгармага сынак жарыялады. “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты билдиргендей, жеңүүчүгө 1000 евро тапшырылат, ошондой эле анын чыгармасы басылып чыгарылмакчы.

“Кыргызстандын жаңы адабиятына” бир жыл


“Кыргызстандын жаңы адабияты” атындагы электрондук китепкананын иштей баштаганына бир жыл болду. Аталган сайтта 7-октябрда маалымдалгандай, 12 ай аралыгында Кыргызстанда учурда жана мурда жашаган авторлордун 570 чыгармалары жарыяланган. Алардын ичинен 450 чыгарма орус тилинде, 100 – кыргыз тилинде, 17 – өзбек тилинде жана 3 чыгарма – тажик тилинде.

Манас эпосу жөнүндө изилдөөлөр


Кытайдагы кыргыздардын “Ак-Тилек” деген интернет-журналында “Манас эпосу жөнүндө изилдөөлөр” деген теманы таап алдым. Бул жерде кыргыздардын улуу эпосу тууралуу кызыктуу маалыматтар менен таанышса болот. КМБ

Таланттуу акын жана талыкпас котормочу


Замандын оош-кыйышына, жеке турмушунун өйдө-ылдыйына карабастан, төрөлгөндөн орустардын арасында жашап, орус мектебинде окуп, жаш кезинен орус тили аркылуу дүйнөлүк адабиятка, ошолордун ичинен өзгөчө чыгыш адабиятына кызыгып, кырк жылдан бери калемин колунан түшүрбөй котормочулук татаал өнөрдүн жолуна түшүп, кыргыз тилинин байышына, өркүндөп-өсүшүнө талыкпай, кумурскадай эмгектенип келе жаткан акыныбыз Кубанычбек Басылбеков жөнүндө айтмакчымын. Өзүнүн ыр китептери жарык […]

Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны


Түрк тилинде жазылган алгачкы дастан XI-кылымда Карахандар мамлекетинин коомдук-саясый, экономикалык жана маданият жагынан бир кыйла өсүп-өнүгүп калган мезгилинде жазылып, тарыхтын бир бүктөмүндө тапталып калбай, өзүнүн маани-маңызын, идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрүн толук түрдө сактоо менен биздин бүгүнкү күнгө жеткен, түрк тилинде жазылган эң алгачкы көлөмдүү поэтикалык эстеликтердин бири кыргыз элинин улуу акыны Жусуп Баласагындын “Кутадгу билиг” (“Куттуу билим”) […]

Дзюнсей Терасава, Будда дининин монахы: "Дүйнөнүн келечеги-Кыргызстан: Өңүмдө жана түшүмдө"


2009- жылдын 25-августунда Бишкек шаарынын Жазуучулар союзунда өткөн “Борбор Азия кечээ, бүгүн, эртең”-деп аталган илимий конференциясында Будда дининин дүйнөгө белгилүү өкүлү монах Дзюнсей Терасаванын сүйлөгөн сөзү

“Тилибиз-биздин дилибиз” аттуу методикалык окуу куралынын бет ачары өтөт


Үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында Мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата “Тилибиз-биздин дилибиз” аттуу методикалык окуу куралынын бет ачары өтөт. Бул жөнүндө “Кабар” маалымат агенттигинин кабарчысына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы билдирди.

Б. Шамшиев “Жаңгак токоюндагы сөлөкөттөр” тасмасын тартууда


СССРдин эл артисти, кинорежиссер Болотбек Шамшиев “Жаңгак токоюндагы сөлөкөттөр” жаңы тасмасынын 50 пайызын тартып бүттү. Бул туурасында “КАБАР” агенттигине республиканын Кинематография департаментинен билдиришти.

Бишкектеги эл аралык көчө театрларынын фестивалы “Жашоодо өзүңдүн ордуңду тап” аттуу ураан астында өтөт


14-17-октябрда Бишкек шаарында көчө театрларынын эл аралык фестивалы өтөт. Ал “Шаардагы орун” (“Место в городе”) деп аталып “Жашоодо өзүңдүн ордуңду тап” аттуу ураан астында өтөт. Бул тууралуу “Место Д…” театр-клубдун директору Александра Багдасарова билдирди.

Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз жана казак элдеринин достугу тууралуу фильм тартууга ниеттенүүдө


КР Коопсуздук Кеңешинин аппаратынан билдиришкендей, Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров 6 – октябрь күнү Казакстандын Кыргызстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Б.Исабаев менен жолугушту.