Monthly Archives: Июль 2011

«Аптап» сынагы: А.Сооронбаева


АПТАПТА Жай мезгил, жер эне турган ийип, Жайкы чилде аптапта ысык уруп. Жалбыздын жыты ордоп өр-талааны, Жер жемиш чарбак толо бышыкчылык. Анжири, коон, дарбыз, жүзүм, өрүк… Азыр мен бүтө албайым аны жазып. Кер кашка терин чачып илең-салаң. Кең-Кайкы жайлоодон сапар алган. Куржунга кымыз, каймак арта салып, Кыңылдап ат үстүндө эргүү алып. Керимсел желге жүзүн тоскон […]

“Аптап” сынагынын мөөнөтү 29-августка чейин узартылды


Жайында элдин баары болбосо да, көбү эс алууда жүрөт. Ушуга байланыштуу «АПТАП» деген аталыштагы кезектеги БИР ЫРДЫН СЫНАГЫНЫН мөөнөтүн узартабыз. Сынакка катышыкысы келгендер ырларын августтун 29уна чейин биздин дарекке (kmborboru@gmail.com) жөнөтө алышат. Жетишпей калдым деп кейигендерге дагы убакыт бар! Катышуунун калган шарттары ошол эле бойдон калды. Июлдун 29уна биздин сынакка 7 автордун ырлары үштү. Сынакка […]

Сөз дайра. 26.7.2011


(Уландысы. Башы) Азезил – Библияда жана ислам уламыштарында Шайтандын күнөөгө баталек периште кездеги ысымы. Уламыш боюнча Азезил адам пайда боло электе Алла тарабынан жердеги жиндердин башкаруучусу болуп дайындалган имиш. Азезилди кыргыздар азгырык, шайтан, алдамчы катары түшүнөт.

Ала-Тоого Манастын айкели тургузулат


Бишкектеги Ала-Тоо майданындагы “Эркиндик” эстелигинин ордуна Манас баатырдын, анын маңдайына залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин тургузуу боюнча өкмөттүн чечими расмий айтылды. Вице-премьер-министр Ибрагим Жунусовдун айтымында, эки айкел тең Москвада даярдалып, дээрлик даяр болуп калды. Учурда айкелди жасоонун негизги иштери аяктап, эстеликтер колого куюлууда.

АЛАЙ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ


Биз, ажайып Ала-Тоонун алты дубан аймагынан Алайдын касиеттүү Чыйырчык жайлоосуна чогулган Кыргызстандын көп улуттуу калкы, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө үлкөн үлүш кошушкан ушул улуу тоонун кулундары Тилеке баатырдын (XVII кылым), Ажы бийдин, Алымбек датканын, Абдылда бектин жана Курманжан датканын ыйык рухуна таазим этебиз жана алардын улуттук тарыхтагы өзгөчө ордун терең канааттануу менен баса белгилейбиз.

«Артыңдан барсам бакчага…»


Бул ырдын жаралганы качан, бери жагы отуз жылдан ашык убакыт өтсө керек. Бирок, азыр дагы эл оозунда обого созулуп ырдалып жүрөт. Жүрөккө жеткен ырлар ушундай болсо керек. Акын Абды Сатаровдун сөзүнө жазылган бул обондун автору Текебай Мураталиев деген таланттуу артист эле. Деги Текебай Мураталиев деген ким болгон?

Куйручук – олуя


1866-жылы жарык дүйнөгө келген Өмүрзак уулу Кудайберген (Куйручук) кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал. Жумгал районунун кулуну  Куйручук жөнүндө эл арасында түрдүү окуяларды айтышат. Бирок, апыртып айткан сөз эмес. Карыялардын жана бирге жүргөн жолдошторунун айтуусуна караганда, Куйручук жалаң эле куудул болбостон, балбан, эр жүрөк да болгон. Эч нерседен коркпогон баатыр да, ошону менен бирге көзү ачык […]

Улуу тоого чыккандай, Улар үнүн уккандай Айтматов


Кыргызды дүйнөгө таанылткан улуу талант, көрөсөн инсан жөнүндө бир канча муун көптөгөн эмгектерди,ой жорууларды жарата бериши табигый нерсе. Ал акыры чындыкка кымындай коошпогон уламыш, мифке айланып, башкасын кой, укмуштуу дүйнөнүн келгини катары ар кыл аңыздар айтылышы ыктымал. Ч.Айтматов жалаң кыргыз адабиятында жаңылык жасап, дүйнөлүк сүрөткерлик туу чокусуна чыга албаса, Батыш менен Чыгыштын окурман калкы аны […]

Улуттук биримдик– улуу максат


Тилекеден сегиз бек Телегейи тегиз бек, Элден чыккан ушул бек Эл деп жашап келген дейт (Эл оозунан) Өткөн жумада Ош жергесинде кыргыз тарыхында көрүнүктүү орду бар инсан 17-кылымдын экинчи, 18-кылымдын биринчи жарымында жашаган Тилеке баатырдын урпактарынын демилгеси менен анын кыргыз элин бириктирүүгө умтулган аракетине, улут биримдигин чыңдоо тууралуу кийинки урпактарга калтырган осуятына арналган иш-чаралар болуп […]

Таластан табылган таш бетиндеги байыркы кыргыз жазууларынын окулушу


(1896 – 1982 – жылдарда) Тарыхый – маданий эстеликти каттоо, сактоо, даңазалоо – мекенчилдин милдети! №1 таш жазуу. 1896 – жылы жазында Таластагы Дмитриевский кыштагынан (азыркы Талас шаары) 8 км түштүк чыгыш тарабындагы Айртам – Ой деген жерде (Олуя Ата уездинин Кеңкол болуштугунда) белгисиз жазуусу бар таш жатканы жөнүндө ойозго кабар угулган. Ал таш ошол […]

Ташты бийиктикке ыргытуу


Оюнчулардын саны 3—5 киши. Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт. Оюнда чакан таштар колдонулат.

Ташты баштан ары артка ыргытып уяга түшүрмөй


Оюнчулардын саны 3—5 киши. Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт. Оюнда таштар колдонулат.

Медер Такырбашев


«Аптап» сынагы: Тынчтык Алтымышев


АПТАП (түрмөк) Шаарда… Чекеден терим тамчылап, Аптапка денем жанчылат, Салкындап үйдө жатууга, Жай бербейт турмуш камчылап. Капырай, кантип болсун бу, Күн жерге түшүп келиптир, Күкүрттөй жанган ысыкка, Кара жол бүгүн эриптир. Көзүмдөн учат кең жайлоо, Какшаткан тишти булак суу, Карайлап келем калаада, Куурулуп күнгө, чыкпай буу. Маршрутка.  Элдер тыгылыш. Колоңсо, шыбоо, тер, атыр. Аппапак  кыздын […]

Жыргалбектин жаңы ыры


ТҮН Абалкысы табышмак тарых болуп, Азыр бизге жеткен нур анык болуп, Качанкы бир кылымда өчкөн жылдыз, Каректерде чагылат жарык болуп. Ай шашылбай акырын сүзүп барат, Аппак таңдын атышын күтүп барат. Далдаасында чубалган булуттардын Дагы бир түн мөөнөтү бүтүп барат. Эртели-кеч экран үңүлгөнүм, Эки жакты көргөндөн түңүлгөмүн. Асман бетин аңкайып тиктеп турам. Айта турган сөзүм жок, […]

Нарсулуу Гургубаеванын жаңы ырлары


Нарсулуу Гургубаеванын жаңы ырлары кошулду. КМБ

Шакен Мамбетаипова


Айкөл Манас менен Чыңгыз Айтматовдун эстеликтеринин эскиздери


“Акипресс” маалымат агенттигинде 30-августка чейин Бишкектин борбор аянтына орнотула турган Айкөл Манас менен Чыңгыз Айтматовдун эстеликтеринин эскиздери элдин назарына коюлду. Манастын эстелиги азыркы Эркиндик эстелигинин ордуна, ал эми Чыңгыз Айтматовдун эстелиги анын маңдайында Киев көчөсүндө орнотулмакчы. Эскиздерди бул жерден көрө аласыздар.

Түлкүгө алданган карышкыр


(Жомок) Бир жолу карышкыр менен түлкү жолдо чогуу келатышып мүшөккө салынган койдун майлуу куйругун таап алышат. Түлкү дароо: – Каке, бул майлуу куйрук турбайбы. Жолдо туруп жегенибиз болбойт го. Кел, тетиги бийик тоонун башына жатып алып, кымыздан ичип, анан жейли,- дейт.

“Айгиненин” аракети таланттардын берекети


Акыркы жылдары кыргыз элинин улутту көтөрүү жана улуттук баалуулуктарды сактоо максатын көздөгөн уюмдар “Манас Ата” коому, “Манас кут Ордо”, “Манас Ордо”, “Ыйык Ата-Журт” жана “Манас Эл кыймылы” сыяктуу патриоттук духта уюшулган коомдордун жасап келе жаткан иш-чараларынын натыйжасында жалпы кыргыз элинин духу, руху ойгонуп келе жаткандай.

КР эмгек синирген артисти, манасчы Асанкан Жуманалиевди эскерип


2011-жылдын 14-июнунда, 64 жаш курагында манасчы Асанкан Жуманалиев күтүүсүздөн бул жарык дүйнө менен кош айтышты. Бул бетте манасчыны эскерип ал тууралуу айрым маалыматтарды, эскерүүлөрдү, анын аткаруусундагы Манастан үзүндүлөрдү берели дедик. Өмүр таржымалы Манасчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жуманалиев Асанкан 1947-жылы Таластын Манас районундагы Арал деген айылда туулган. Сарууга караган алакчындын акбай уругунан. Ал жаш […]

Тебетейди бийиктикке ыргытып кол чабуу


Оюнчулардын саны 2—5 киши. Оюн аянтчада, сахнада өткөрүлөт» Оюнда тебетейлер колдонулат.

Таяк менен тегеректен чүкөлөрдү уруп чыгаруу


Оюнчулардын саны 2—5 киши. Оюн аянтчада өткөрүлөт. Оюнда таяктар, ашыктар колдонулат.

Таякты алыстыкка ыргытуу


Оюнчулардын саны 5—8 киши. Оюн талаада өткөрүлөт. Оюнда таяктар колдонулат.

«Аптап» сынагы: Мелис Мамажан уулу


АБА МУЗДАТКЫЧ Саратан кайнап жай күнү, Кадамдайт ысык ар күнү. Үшкүрсөң эле чыкпаса, Жокко эсе желдин бар күнү. Калаада аптап акчудай, Каалгасын чертип какчудай. Күпүлдөп кетет унаалар, Күкүртү койсоң чакчудай. Тепсесе күйгөн таманы, Ордуна койдум санааны. Аралап жүрүп базарда, Муздаткыч алдым абаны. Терлеген денем басылды, Теринин жери ачылды. Колдонсо болбойт көчөдө, Бирок да мындай асылды. […]