Category Кыргыз элдик

Кара Молдо – керемет күүлөрдүн генийи


1928-жылы Кыргызстандын чар тарабынан элге аты угулуп, атүгүл атактуу даражага жеткен төкмө акындар, комузчулар, ырчылар, чоорчулар, кыякчылар дегендей таланты ташкындаган өнөрпоздор кары-жашына карабай Фрунзеге чакыртылып, кароо мелдеш өткөн. Кабар маалында жетпегендиктенби, же жолдун татаалдыгынанбы, айтор, бир-эки күн кечигип, Токтогул да келет кароого. Кечиккенин шылтоолоп, Токоңду кароого катыштырбай коюшкан имиш. Катышпаса да калгандардын баарын угуп-көрүп, калыс баасын айтып […]

«Сахна менин өмүрүм, дүйнөм, жашоом»


Нарын райондук Муса Баетов атындагы маданият үйүнүн деректири Жумагүл Төлөкова менен маек. Чоң мааракелер, салтанаттуу кечелер бул айымсыз өтпөйт. Кичи пейил, адамгерчиликтүү сапаты менен эле эмес кубулжуган үнү менен көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы Жумагүл Төлөкова өзүнүн чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу биз менен ой бөлүштү. Комузчулук өнөрдү атамдан, кол өнөрчүлүктү энемден алып калдым Балалык күндөрүм […]

Кыргыз оюмдарында көп сырлар жатат


Улуттук атрибуттарыбыздын бири болгон кыргыз оюмдарынын ар бири өзүнчө сөз кылууга татыйт. Ар биринде табиятка жакын, көчмөн рухтуу ата-бабаларыбыздын ой-санаалары,кыял чабыттары, жашоо тиричилиги камтылып тургансыйт. Тилекке каршы алардын сырын биз — кийинки муундар жакшы билбей калдык. Ошондой болсо дагы кыргыз деген улуу журттун тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын окуп, изилдеп, эң сонун чечмелеп берчү таберик дүйнө күткөн […]

«Нарындан каттын» тарыхы


Бакыт Шатеновдун аткаруусунда (Ордо Сахна) Белгилүү төкмө акын жана обончу Ашыраалы Айталиев менен жолуккан сайын көп сүйлөшүп, сырдашчу элем. Ошондой күндөрдүн биринде: «Байке, «Нарындан кат» деген обондуу ырыңызды кандайча чыгардыңыз эле. Элдин баары эле «Нарынга поюз жүрбөсө, анан кантип эле кыймылдап поюз баратса, Ашыкеңдин көзүнөн жаш тамсын» деп жатышат?», — дедим.

Болот Эдигеев: "Элдик фольклорубуз учурда мышык ыйлаар абалда…"


Жыйырма жылдан ашуун тарыхы бар “Арашан” элдик ансамбли 1991-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын маданият үйүндө, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Болот Эдигеев тарабынан уюштурулуп, ошондон бери кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө кандайдыр бир деңгээлде өз салымын кошуп келет. Мисалга алып айта турган болсок, ансамблдин алгачкы ырчылары болуп, Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова, Лира Райымбекова, […]

Улуу комузчу, элдик музыканын классиги


Улуу комузчу Карамолдо Орозов чыныгы элдик киши, элдик комузчу, улуттук музыканын классиги. Ал 1882-жылы туулуп, 1960-жылы 8-июлда 77 жаш курагында каза болду. Анын кыргыз элинин музыкалык искусствосу өсүп, бүгүнкү деңгээлге жетишине эбегейсиз зор салым кошкондугу баарыбызга белгилүү. Карамолдо атабыз туулуп-өскөн Ысык-Көлдүн Корумду жериндеги Олжобай – Чоң-Чарык айылы тээ илгертеден эле “Комузчулардын айылы” деп аталып келген […]

Арстанбек комузчу


Асан Кайбылда уулунун “Кыргыз күүлөрү: иликтөөлөр, ойлор, пикирлер” деген эки томдук китеби Борбордук Азия Университетинин каржылоосу жана аталган университеттин илимий изилдөөчүсү Элмира Көчүмкүлованын демилгеси менен жарыкка чыккан. Анда аты айтып тургандай күүлөргө ойлор, пикирлер менен катар күүнүн тарыхы да жазылган.

Кутман Султанбеков, “Устат-шакирт” ансамблинин музыкалык жетекчиси: “Кыргыз аспаптарына бөтөн элдер таасирленет”


Сүрөт http://www.time.kg/ сайтынан алынды  Бүгүн биз сөз кыла турган адам – кыргыздын улуттук аспаптары болгон темир ооз комуз, жыгач ооз комуз, сыбызгы чоор, чогойно чоорго жан киргизип, кыргыз деген улутту дүйнөгө таанытып, аны менен бирге өзү билген өнөрдү жаш муундарга үйрөтүп келаткан Кутман Султанбеков.

Ашыраалы Айталиевдин байбичеси Наиля апа: “Ашыке мени “эки бөлмөлүү үйүм бар” деп алдап алып келген”


Сүрөт http://www.azattyk.kg/ сайтынан алынды Айтылуу “Нарындан жазган салам кат” ырын укпаган, аны кыңылдап ырдабаган кыргыз жок болсо керек. Дал ушул ырды караламан калың элге сиңирип кеткен, ак таңдай акын Ашыраалы Айталиевдин арабыздан кеткенине быйыл үч жылдын жүзү болду. Мындай залкар таланттар өткөндө аргасыздан “атаганат, ушундай адамдар өлгөнчө жер чайпалса болбойбу да, суу толкуса болбойбу” деп кейип аласың. […]

“Карачы, Шаршендин бетинин баары эле мурун”


Залкарлар арасындагы оригиналдуу талант Шаршен Термечиковдун көркөм дүйнөсүн, аткаруучулук бөтөнчө өнөрүн “бир актердун театры” деп атасак болот. Шаршен Термечиков дегенде биз көркөм сөз өнөрүнүн зор өкүлүн, көп кырдуу талантты көз алдыбызга келтиребиз. Шаршен виртуоз чебер комузчу жана мыкты домбурачы, анын обончулук өнөрү да болгон. “Мен – Шаршен Термечик уулу” аңгемесинде балалыгын мындайча эскерет: “Мен – […]

Айнура Канжаева: “Артисттердин баары мени “Мыскалдын кызы” деп эркелетишчү”


Мыскал Өмүрканова Сүрөт http://www.azattyk.org сайтынан алынды Кыргыздын кайталангыс булбул үндүү ырчысы, 40-60-жылдардын көркү болгон Мыскал Өмүрканова апабыздын көзү өтүп кеткенден бери кырк жылга жакын убакыт артта калса да, биздин жүрөгүбүздө тирүү бойдон. Улуу ырчынын жалгыз кызы, баскан-турганы, келбети, жадагалса ырдаганы да Мыскал апага окшош Айнура Канжаева эже менен маектешип, апасы тууралуу эскере олтурдук.

Комузчулук өнөр


Асан Кайбылда уулунун “Кыргыз күүлөрү: иликтөөлөр, ойлор, пикирлер” деген эки томдук китеби Борбордук Азия Университетинин каржылоосу жана аталган университеттин илимий изилдөөчүсү Элмира Көчүмкүлованын демилгеси менен жарыкка чыккан. Анда аты айтып тургандай күүлөргө ойлор, пикирлер менен катар күүнүн тарыхы да жазылган. Эгер көөнөрбөс комуз күүлөрүнө кайдыгер болбосоңуз, китеп сатып алууга кызыксаңыз 0770 82 28 32 номерине […]

Тарыхты өзгөрткөн тагдырлар: биз билбеген Токтогул


Бул комуз болбосо кайран Током, Миң кыялга бата албай, Жашоодон азап чекмек. Бул комуз болбосо кайран Атай, Чок болуп күйүп кетмек…

Кыяктын күүсүн сактап келаткан карыя


Элетте комуз, кыякта кол ойнотуп, ооз комуз, чоор жасагандар, улуттук музыкалык аспаптарды чапкандар азайып баратат. Жалал-Абаддын Шыдыр айылында жашаган Барамшаа Абдрахманов кыякта чоң күүлөрдү аткарат, бирок ал жараткан күүлөрдү жаздырып алган адам жок. 93 жаштагы кыякчы жаштардын бул аспапка кызыкпаганына капа.

Түркүн жанрдык тармактары камтылган


Кыргыз Республикасынын ма­даниятына эмгек сиңирген ишмер Камчыбек Дүйшалиев­дин Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүлгөн «Кыргыз эл ырлары», «Кыргыз эл ырлары, термелери жана дастандары» аттуу окуу китептери улуттук фольклористиканын эң орчундуу жетишкендигин көрсөттү. Камчыбек Дүй­ша­лиев бул окуу китептерине чейин эле коом­го, элге белгилүү болуп калган илимпоз. Музыка таануучу катары ал он чакты китептерден сырткары […]

“Кыргыз Страдиварисинин” 6 сотых жерчелик кадыры жокпу?


Сураган Айдыралиев кыргыз, орус, өзбек, тажик, түркмөн, түрк, казак элдеринин дутар, тар, рубап, балалайка, гитара, домбра, комуз, кыл кыяк, скрипка, добулбас, асатаяк, көөкөр, сыбызгы, жылаажын, чоор, үзөңгү, коңгуроо, ышкырык, жыгач ооз комуз ж.б.ж.б. улуттук музыкалык аспаптарын жана оркестр үчүн салттуу комуз, кыл кыяк, бас-комуз, альт-комуз, прима-комуз, альт-кыл кыяк, бас-кыл кыяк, прима кыл кыяк, төрт кылдуу […]

Yч кылдын бүтпөс сырлары


Жакында жарык көргөн Асан Кайбылда уулунун “Кыргыз күүлөрү: иликтөөлөр,ойлор, пикирлер” китебинен утурлап берип турууну туура көрдүк. Улуттук музыкалык аспаптар жана үч кыл комуз Доолбас үнү бапылдап, Кернай үнү такылдап, Жезнай үнү чакылдап, Чылмыр согуп шакылдап, Доол уруп дүңгүрөп, Сыбызгы үнү тызылдап, Дап согулуп дапылдап, Тойго какчу нагыра… (“Манастан”). Жогоруда “Манас” дастанында айтылгандай, байыртадан эле элдик […]

Гагаринди таң калтырган Молдогазиев


Турганбай Молдогазиев 1962-жылы Советтик Армиянын катарына кызмат кылууга чакырылганда атактуу талант Муса Баетовдой болуп комузун өзү менен кошо ала кетет. Анан 1965-жылы Москвада өткөн СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн өздүк көркөм чыгармачылык фестивалынын финалында комузда кол ойноткондо,  ошол залда биринчи космонавт Юрий Гагарин да отурган экен…

‎”Кыргыз көчүнүн” жаралуу таржымалы


“Кыргыз көчү” күүсү Асанбек Кыдырназаровго тиешелүү. А киши 1972-жылы Ат-Башы районунун мен жашаган Ак-Моюн айылына концерттик бригада менен оюн коюп келип, ошондо өзүнүн “Кыргыз көчү” деген күүсүн чертээрдин алдында таржымалын мындайча айтып берген.

Кытайда электрондук оюнчук комуз сатыкка түштү


Кытайлык кыргыз ишкер Жаасын Өмүрөспүрүмдөр үчүн оюнчук комуз жасатып базарга салды. Бул идея анда он жыл мурда эле жаралган болсо да каражат тартыштыгы айынан быйыл гана ишке ашырган.

Куурчак театрынын түпкү атасы – так теке жок болобу?


Кеминде эки миң жыл мурда жаралган так теке өнөрү, бүгүнкү күндө жок болуу коркунуч алдында турат. Бул көрүнүктүү өнөрдү аркалаган комузчулар Кыргызстан боюнча саналуу гана так текечи бар калганын айтып коңгуроо кагышууда. Кыргыздардын алгачкы куурчак театры атыккан “так теке” өзү эмне экенин билбегендер дээрлик көпчүлүктү түзөт.

Элдик музыканын таланттары


“Акак” К.Орозовдун Ибаратын аткарып жатат. Сүрөт http://www.ucentralasia.org сайтынан алынды Элдин даӊкын алыска угузган, бул албетте, элдин  маданияты. Ал эми кыргыз маданиятында эмгектенишкен комузчу таланттарыбызга кандай бай экендигибиз, алардын барк-баасы, касиет өнөрү, өзөчөлүгү, комузубуздун сыйкыры тууралуу керектүү деӊгээлде айтылбай, жазылбай, бийлик тарабынан колдоого алынбай келет. Антсе да, «эл ичи, өнөр кенчи», эл гана ата-бабадан келаткан изди […]

Ороз Кашкаев, “Кыргыз Руху” фольклордук ансамблинин жетекчиси: “Репертуарыбыздан улуттун жыты жыттанып турат…”


– Ороз мырза, сиз жетектеген “Кыргыз Руху” фольклордук  ансамбли жаңы эле Индиядан келбедиңиздерби. Чыгармачылык сапар тууралуу айтуудан мурун, окурмандарга адегенде ансамбль тууралуу маалымат берип койсок. – Биздин ансамбль 1995-жылы Нарын шаарында КРнын эл  артисти Табылды Актановдун жетекчилиги менен “Манас руху” деп уюшулган. 2005-жылдан тартып  Бишкек шаардык мэриянын маданият башкармалыгынын алдында “Кыргыз Руху” деп кайрадан уюшулганбыз. […]

Кыргыз музыкасы


Бул жерден кыргыз элдик ырларды жана күүлөрдү уга аласыздар.

Кыргыз улуттук бийи


Кыргыз улуттук бийи тууралуу материалдарды Интернеттен табыш оор. Мунун бир себеби, балким, бий элибизде өзүнчө өнөр катары баркталып, өнүккөн эместигиндедир. Улуу октябрь революциясына чейин кыргыздан чыккан кайсы бир атактуу бийчи тууралуу эч нерсе укпаптырмын. Бирок учурда кыргыз бийлерин бийлеп жүрүшөт. Ага кызыккандар, кыргыз бийи жөнүндө айрым маалыматты бул жерден алса болот. Бирок ал орус тилинде.