Monthly Archives: Июнь 2012

2011-жылы Кыргызстанда 1070 аталыштагы китеп 1 млн. 705 миң даанада басып чыгарылган


Кыргыз Республикасынын Китеп палатасы берген маалымат боюнча, 2011-жылы Кыргызстанда 1070 аталыштагы китеп 1 млн. 705 миң даанада басып чыгарылган дейт “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты. Айта кетчү жагдай, сөз Китеп палатасынан эл аралык китеп номурун (ISBN) алгандар тууралуу болуп жатат. Салыштыра кетсек, 2010-жылы 800 аталыштагы китеп 730 миң даанада басып чыгарылса, ал эми 2009-жылы 820 китептин […]

Сүйдүм Төлөкова, КРнын эмгек сиӊирген артисти: “Атаӊ көрү, залкарлардын бульвардагы керемет басышы элесимде гана калды…”


“Бакайдын жайыты” кинотасмасында тебетейлерин баштарына кондурушкан үнү жок, сөзү  жок аталарыбыз көз алдыдан көч сыяктуу чубап өтөт эмеспи. Мына ошол көч сыяктуу эле, кыргыздын залкарларынан турган бир мууну да көз ирмемде көчүп кетти. Өмүрдүн ысыгы, суугу, кызыгы коштолуп – баардыгы теӊ болгону бир көз ирмем экен. Саякбай, Сагымбай, Карамолдо, Ыбырай, Барпы, Жеӊижок, Атай, Осмонкул, Калык, […]

Кыргыз, өзбек жана башка элдердеги окшош этнонимдер


Түрк тилдүү элдердин тарыхын, анын ичинде алардын уруулук курамын, өзара байланыштары менен мамилелерин, этникалык жана жуурулушуу процесстерин,  этникалык жалпылыктарды изилдөө тарыхый кылдаттыкты талап кылат. Анткени, айрыкча түрк элдеринин этникалык курамында бири-бирине окшош келген этнонимдер көп кездешет. Белгилүү окумуштуулар: И.Молдобаев, О.Каратаев, Б.Кармышева, С.Абрамзон ж.б. бир катар тарыхчылардын изилдөөлөрүндө Саян-Алтай, Урал, түрк элдериндеги окшош этнонимдер болгондугу аныкталган. […]

Бээнин сүтү


Бишкектиктерди бээ сүтү менен дарылаган биздин Жолой Бээнин сүтү эненин сүтүндөй касиетке ээ Кайсыл учурда бээнин сүтү 200 ооруга дары боло алат?

Кайсыл учурда бээнин сүтү 200 ооруга дары боло алат?


Сүрөт http://centralasiaonline.com сайтынан алынды Кандай өлчөмдө ичүү керек? Бээнин сүтү күчтүү болгондуктан, 2 жашка чейинки балдарга көп сунушталбайт. Ал эми 2 жаштан 5 жашка чейинки балдар бир күндө 400 грамм өлчөмүн ар бир ичкен сайын 50 граммдан ашык эмес ичүүсү зарыл. 5 жаштан жогору 10, 15 жашка чейинкилерге күнүнө 700, 800 грамм ичүүгө уруксат берилет. 15 жаштан […]

Мирбек Эркинов


1993-жылдын 21-февралында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Муркут айылында жарык дүйнөгө келген. Муркут айылындагы У.Салиева атындагы орто мектепте 3 жыл окуп, кийин Ош шаарындагы №5 Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия мектепке тапшырган. Азыркы убакта Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун күндүзгү окуу бөлүмүнүн 3-курсунун студенти.   СЕКЕЛЕГИМ Шайыр мүнөз, дили шат секелегим, Шаңга бөлөп сезимди эселегим, Шок мүнөзүң көңүлдү арбап […]

Кытайдагы кыргыздардын тарыхы жөнүндө (Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусуна болгон илимий сапар)


(уландысы) Ак-Тоо ооданына  сапар Ак-Тоо ооданында (райондун аймагында) 200 000 жакын калк жашайт. Анын ичинен кыргыздардын жалпы саны 40 000 адамды түзөт. Негизинен  ичкиликтер: кыпчак, тейит, найман, кесек деген уруулар тарыхый шартта отурукташып калышкан. Кыргыздардын көпчүлүгү Алайлык жана Памирлик элдердин диалектисинде сүйлөшөт.  Оодандын 94% жерин Памир тоолору ээлейт. Кыргыздар тоолордо малчылык менен алп урушат… Көпчүлүк […]

Бабалар байырлаган жерге сапар


Белгилүү жазуучубуз Кеңеш Жусупов «Байыркынын издери» аттуу китебинде Кайлас тоосу тууралуу маалыматты бекер жазбаганын эми билип отурабыз, бурадар! Бул жаңылык бүгүн жаамы кыргыз журту үчүн күтүүсүз кубаныч! Эң кызыгы, Гималайдагы Кайлас тоосунун этегинде бүгүнкү күндө Манас көлү (Манасоравар) бекер жерден пайда болбогонун Айбек Байымбетов аттуу мекенчил замандашыбыз атайы сапар таасирлери туурасында жазган андазасында белгилептир… Анда […]

Жай айлары аба ырайы кандай болот? Саратан качан түшөт?


Быйыл жайында аба ырайы кандай болот? Илимий божомолдор боюнча кандайча боолголонуп атат жана кыргыздардын элдик тогоол айнаамасы боюнча кандай? Торон Жумаев, Кыргыз элинин Ай-күн календарынын түзүүчүсү – Жалпысынан, быйылкы жай ысык болот. Кыргыздын ай-күн календары боюнча караганда: аба ырайында олуттуу өзгөрүү болбойт. Жай чилдеси ар жыл сайын 8-июлдан 18-августка чейин. Жай саратаны 40 күнгө дейре […]

Ак серке


Ак серке элдик суусундуктардын бири. Аны мурда эттин ысык шорпосуна эзилген сүзмө, курут, айран, кымыз аралаштыруу менен жасашкан. Азыр нак шорпого азыраак суу куюп, кесме салып, бышканда кесмени алып алып, шорпосуна айран аралаштыруу менен жасашат. Нарын жегенден кийин берилген ак серке тамактын сиңишине жакшы жардам берет. Аябай даамдуу да болот. Жаркынай Кадыркулова, «Фабула» («Кыргыз гезиттер […]

Балбай баатырдын 220 жылдыгына карата


ХIХ кылымда кыргыздын коомдук мамилелери феодалдык мүнөздө болгон эмеспи. Демек, бай, кедей болуп бөлүнө жашаган да. Байлар өзөн-суулуу жерди ээлеп, тоюту мол кенен жайыттарга малын жайган. Кедейиң “кедейдин көргөн күнү курусун” болуп жашап келген эмеспи. Мына ошол мезгилде кайран кыргызың уруу-уруу болуп чабышып турган. Ошондой кырдаалдан пайдаланган Кокон хандыгы 1762-1831-жылдары кыргызга өз бийлигинин жүргүзүп келген. […]

Батыш Мамбеталиева, Уркаш Мамбеталиевдин жубайы: “Уркашты жетиден экөө болгондо жетелеп кетем деген Бакай ата, 77 жашында жетелеп кетти”


– Батыш апа, 18-июнда Уркаш аганын арабыздан кеткенине бир жыл толот экен. Бул оор жоготуу кыргыз эли үчүн күтүүсүз болду. Мурда кийин ооруп жүрчү беле? – Асма деген оору менен ооруп, кээде ооруканага жатып калчу. Атайын карап, дарылаган дарыгерибиз бар болчу. Каза болооруна жакын дарыгер келип “дарыланып алыңыз” десе, “макул дарыланам” деп коюп эле, дарыланбай жүрдү. Ал […]

Рыспай Исаков: “Манасчылык – бул жүк”


– Саламатсызбы Рыспай агай. Түркияга кош келдиңиз. Өзүңүз, билимиңиз, жашооңуз жөнүндө окурмандарга тааныштырып кетсеңиз. – 1975-жылдын 11-майында Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жээренче деген айылында төрөлгөнмүн. Ошол жерден орто мектепти аяктаганмын. 10 бир тууганбыз. Орто мектепти аяктагандан кийин, Бишкектеги жогорку окуу жайга, азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филология факультетине тапшырдым. Ал жерде […]

Санжыра. МУҢГУШ


Мен уруучулук бөлүнүүчүлүктү жактоочулардан эмесмин. Кээ бирөөлөргө окшоп эски доор, өткөн заманды, элибиздин уруучулук-патриархалдык коомдук түзүлүшүн курулай идеализациялоодон да алысмын. Кыскасы, маркум Салижан Жигитов айтып калчу ” көзү желкесиндеги интеллигенттердин” катарына кирбейм. Ошого карабастан, акыркы кездери элдин оозеки тарыхын, уруулар санжырасын биле жүрүүнүн да маанилүү экендигин сезип-туя баштадым.

Асел Эшимканова: “Дале ишенбейм кеткенине…”


Чыгаан журналист, саясатчы Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд ачылды. Ошондой эле бул инсандын ысымын алган Кыргызстан журналисттер сайты ишке кирди. Өткөн жуманын соңундагы фонд жана сайттын бет ачаар аземинен соң, маркумдун жубайы, фонддун төрайымы Асел ЭШИМКАНОВА менен маек курдук. – Мелис аганын фондун ачуу менен кандай максат койдуңуз? – Негизги максат – байкеңердин ысымын өчүрбөй, […]

Тил үйрөтүүдө обондуу ырлар чоң жардам берет


Махамаджан Мадаминов көп жылдан бери  Жалал-Абад облусундагы М.Хакимов – “Дома-Ата” атындагы өзбек орто мектебинде музыка мугалими болуп иштейт. 1993-жылдан тарта облуста алгачкылардан болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин, 2008-жылдан тарта мамлекеттик тил гимнин мектептерде үйрөтүү жана үгүттөө иштеринин демилгечиси болуп келет. Төмөндө усулчу мугалимдин мамлекеттик тил гимнин мектептерде окутуу ыкмалары тууралуу пикирине назарыңыздарды бурабыз.

Дарика Жалгасынова, КР эл артисти: “Айылдык эле кыз элем, окууну кантип Москвадан бүттүм деп таң калам”


Бир манжасы кемиген колдун салаалары түгөл болбой, адамды көп нерседен аксатат эмеспи. Ошол сыңары кыргыз искусствосунун бир чекесин толуктап, улуу өнөрдүн ээси болуп жүргөн бир инсан бар. Ал – Дарика Жалгасынова. Бул жолу сөз дал ошол опералык ырчы, КР эл артисти Жайлообек Жалгасыновдун жубайы Дарика Жалгасынованын карьералык, аялзаттык баяны тууралуу болмокчу. – Дарика эже, маекти […]

Акылбек Жуманалиев, котормочу: “Жан дүйнөм жапондорго жакын”


Акылбек Жуманалиев Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган. Учурда Улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун бөлүм башчысы. Бирок түгөнбөгөн арзуусундай, жетпеген сүйүүсүндөй жан дүйнөсү ар убак поэзияга суусап турат. Жапондордун улуу акындары Басё менен Сайгенин ырларын 90-жылдары кыргызчалап, эки жыйнак кылып жарыкка чыгарган. “Басёго кайрылган 3-4 акын бар. Алардын бири – өзгөчө дирилдеген жан дүйнөсү бар […]

Мелис Эшимканов. «Табышмак»


(аңгеме) “Токмокко бардым топоюп, топоюп Кайра эле келдим бопоюп, бопоюп” …деп кайта-кайта ырдаар берээр элең, короодогу балдар менен “учту, учту” ойноп атып, тамды, калем сапты, уйду “учуруп” жибергенде. (Балалык доордун баянынан) Ал мейманкананын сегизинчи кабатында, ойлонуп дагы, ойлонбой дагы жалгыз телмирип жатты. Жалгыздык туткундаса өз эрки экен да. Миллиондогон калкы бар, Шукшин айтмакчы “миллиарддаган кылы […]

Эрнис Турсунов, Кыргыз эл акыны: “Дөө-шааларыбыздын артында тукум калбаптыр”


“Триумф жана трагедия” аттуу искусство адамдарына арналган жаңы китептин ачылыш аземи 13-июнь күнү Опера жана балет театрында болуп өттү. Китептин авторлору – Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов жана кыргыз эл артисти Дариха Жалгасынова. Китепте жүздөн ашык өткөн кылымдын отузунчу, кыркынчы, элүүнчү жылдарындагы сейрек фотосүрөттөр жана кыргыз искусствосунун жүзү болгон атактуу адамдар тууралуу иллюстрациялар жарык көргөн. […]

Кыяз Молдокасымов Оштогу көз жаш же эки жыл бою неге буулуктум?


Түштүктөгү коогалаңга эки жыл болду. Эмнегедир ушул кандуу окуя тууралуу эч жазгым келбеди. Убагында кыргыз-өзбек элинин тарыхый байланышы тууралуу илимий изилдөө жүргүзгөнүм да таасир эте албады. Эки элдин байланышы, мамилеси жөнүндө архивдерден жыйнаган тарыхый маалыматтарды мисалдап, тараптарды акыл-эске чакырсам, насаат айтсам болмок. Бирок аны жасагым келбеди. Кантип айтам, мектепте тарых сабагынан берген агайымдын милиция болуп […]

Тунма кымыз


Керектелүүчү азыктар: Кымыз, Бал, Жүзүмдүн кагы (изюм) Жасалышы: Ачытылган кымыз куюлган сабаны акырын ачып, үстүндөгү тунук суюктукту идишке куюп алыш керек. Бул кымыздын тунмасы. Ага бал, жүзүмдүн кагын (изюмду) кошуп жылуу жерге 2-3 күнгө коюп коюш керек. Бул кымыздын кубаттуулугу күчтүү, даамы таттуу болот.

Чайкаган кымыз


Керектелүүчү азыктар: 10 л кымыз, 1-1,5 кг бал, 2 л бээ сүтү. Жасалышы: Кымызга балды кошуп, бээ сүтүн куюп 1 саатка жакын жакшы бышып, аралышытырыш керек. Андан соң жылуу жерге коюп коюу зарыл. Ар бир 2-3 саатта кымыз куюлган идишти чайкап туруш керек. 2-3 суткадан кийин кымыз даяр болот. Мындай кымызда сүт спиртинин үлүшү чоң […]

Кулагыңарга куюп алгыла, журналисттер, министрлер, депутаттар!


Белгилүү публицист, сөз устаты Эсенбай Нурушев – кыргыз журналистикасынын өнүгүү жолундагы бараандуу авторлордун бири. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн. Чыгармачылык чыйры «Советтик Кыргызстан» (мурдагы “Эркин Тоо”, “Кызыл Кыргызстан”, азыркы “Кыргыз туусу”) гезитинен башталып, 1979-жылдан тартып бөлүм башчы, узак жылдар бою (1984-1991) аталган гезиттин редакторунун орунбасарлык милдеттерин аркалаган. Кыргызстан эгемен болгон алгачкы жылдары (1991-1994) […]

ТЕГЕРЕНГЕН ЭХ АКЧА…


Тегеренген эх акча… тегеренген, Терге нымшып, же жерде тебеленген. Жугуму жок, куюлуп уучка турбай, Жуулуп түшүп, кум менен тең эленген. Байды жандап, бактуунун жары болуп, Бапестелдиң, баа жеткис «дары» болуп. Кембагалга буйрубай келесиң ээ? Кеми толгон турмуштун зары болуп.