Monthly Archives: Апрель 2015

Сайра Момунбаева бир ай аралыгында өзүнүн жаңы коллекциясын чыгарууга камданууда


“Узчулук деле укумдан-тукумга, кандан-канга өткөн өнөр болушу керек, бирок мен бала кезимден эле кол өнөрчүлүктү жакшы көрчүмүн”,- дейт дизайнер. Учурда бир гана актрисалык эмес, ырчылык жана дизайнердик кесипти бирдей алып келе жаткан Сайра Момунбаева менен “Кабар ордо” сайтынын кабарчылары маектешти. Көп кырдуу талант бул ирет узчулуктун сырлары менен тең бөлүштү. – Коллекцияларыңыз тууралуу айта кетсеңиз. […]

Наргиза КУРМАНОВА: “Виолончель – жүрөктүн, жан дүйнөнүн тилинде сүйлөйт…”


Мейман тууралуу учкай маалымат: Адистиги – виолончелист, композитор; Ийгиликтери – “Алтын Шаты”президенттик стипендиясынынстипендианты; Ж.Шераливдин 90 жылдыгына арналган кароо-сынактын лауреаты; “Кыргыз Туусу” гезитинин 90 жылдыгына арналган ураан ырынын музыкасынын автору; “Шабыт” эл аралык конкурсунун дипломанты . – Наргиза, мезгил алмашып, көктөм кирип келген убак… Чыгармачыл адамга мындай учур эргүү берет эмеспи. Деги эле жылдын кайсымезгилин жана […]

Бир ырдын тарыхы: “Долондон канатымды кайрып алдым”


Учурда жашы да, карысы да жактырып ырдап жүргөн бул ырды акын, милициянын полковниги Жолдошбек Бузурманкулов 1971- жылы жазган. Ырдын жаралыш тарыхы мындай болгон. – Бир күнү обончу Түгөлбай Казаков экөөбүз капыстан жолугушуп калдык. Ал маселени дароо эле кабыргасынан коюп: “Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” деген повестиндеги Ильястын ырын жазып берсең боло, “Прощай, Иссык-Куль, не допетая […]

Айгүл өскөн жердин таланттуу айымдары


“Азаттыктын” студиясына алыскы Баткен шаарынан келген “Айгүл-Тоо айымдары” элдик фольклордук тобунун катышуучулары баш бакты. Элеттен келген бул чыгармачыл топтун курамында дарыгер, ишкер, мугалим, чебер байбичелер бар. Элеттен келген байбичелер Баткенде өскөн айгүл гүлүнүн атын чыгарып, элдин көңүлүн буруу максатында топтун атын “Айгүл-Тоо айымдары” деп атаган. “Азаттык”: Борборго кандай максатта келдиңиздер? Өзүңүздөр түзгөн топ тууралуу айтып […]

Йога дене көнүгүүсүбү же мээни тарбиялообу?


Йога бардык оорууга шыпаабы? Йога дененин көнүгүүсүбү же ички дүйнөнү руханий тарбиялообу? Бул жөнүндө йога мугалими жана жазуучу, америкалык Лин Зеппа айым (Leanne Zeppa) “Азаттык” радиосуна курган маегинде ой бөлүштү. Анын “Сөзкана. Даанышман йоганын ички дүйнөгө жасаган саякаты” (Living Words. A Wisdom Yoga Journey Towards Self) деп аталган китеби жакында Кошмо Штаттарда Mill City Press […]

Алмамбет менен Каныкейдин санжырасын билген барбы?


Кыргызстандагы этнологиянын заманбап этностор аралык саясатты жана чакан этностордун маданий салымдарын иликтөө көйгөйлөрү тууралуу ой-толгоо.   Чакан этносторду өзүбүз изилдей алабызбы? Кыргызстандын этнологдору быйыл чын курандын (апрелдин) 4үндө жыйын өткөрүшүп, анда өлкөдөгү чакан этносторду изилдөө көйгөйлөрүн да козгошту. Бул – илимпоздук маселе болуп гана чектелбестен, демократиялык коомду куруудагы маанилүү атуулдук милдетке да жатат. Азыркы дүйнөлөшүү […]

Алымкул Үсөнбаев улуу залкар акын


Улуу демократ акын жана комузчу Токтогул Сатылгановдун шакирттеринин бири Алымкул Үсөнбаев кыргыз элинин салттык музыкасында өзүнүн масштабына, чыгармачылык шык-дараметине жараша өзүнүн орчундуу орду бар инсан эле. Ал акындыктын эң бийик деңгелине жеткен төкмөлүктүн жогорку баскычын басып салттык импровизаторлукту такай аркалап келген классик акын болгон. Ошону менен бирге ал мыкты комузчу катары Токтогулдун күүлөрүн аткарып нотага, […]

Садык Шер-Нияз, режиссёр: «Маданият министрлигине иштегенге көӊүлүм жок. Министрлик оюнчук болуп калган»


– Садык мырза, саламатсызбы? Сиз менен маектешели дедик эле… – Макул, маектешели. Дем алыш күнү байланышалы. – Жарайт, агай. Мына ушундай телефондук байланыштан кийин белгиленген күнү, такталган убакытта режиссёр менен дидарлаштык. – Садык агай, сизди коомдук ишмер, режиссёр катары билебиз. Мындан сырткары төкмөлүк өнөрүӊүз да бар. Көкүрөктөгү угут жөн жатпай кытыгылап турса керек? – Мен […]

Эрнест Хемингуэй: “Биз кайсы жерде сынган болсок, ошол жерде күчтөнөбүз”


Таасирдүү, кыска-нуска ойлору жана өзгөчө жазуу ыкмасы менен адабият айдыңына жаңылык киргизген Нобель сыйлыгынын ээси, улуу жазуучу, чыгаан журналист Эрнест Хемингуейдин чыгармаларынан кыскача үзүндүлөрдү сунуш кылабыз. “Мен сени көрдүм, керемет сулуу. Кимдир бирөөнү күтүп жатсаң да, ал тургай эгер сени мындан ары такыр көрбөй калсам дагы эми сен мага таандыксың” деп ойлоп жаттым. Сен мага […]

Ааламга кеткен жол – үйүбүздөн башталат


“Жаратылыш жана жандыктар жаралгандан тарта табийгый мыйзамга ылайык шайкештикте жашоосу шарт. Булардын ичинен акылына таянган адамзаты гана айрым учурда табиятынан алыстап, аны башкарууга аракет кылууда. Албетте, мунун да ар кандай себептери бар. Ошолордун ичинен орчундууларынын бири бул – адамдардын көп кырлуу турак-жайы” деген пикирди карманып, элге “Грифондун Айланасын” туура түшүндүрүп жеткирүүгө, турагыбызды туура курдурууга аракет […]

Жакында – “УЛУУ КӨЧ”


Эзелки кайрыктарга жан киргизип, заманбап баалуулуктар менен айкалышкан күүлөрдү жаратып, элибиздин демин арттырып, түптүүлүгүн даңазалап турган, ар кандай аспаптарда ойногон жана ал аспаптарды ѳз колу менен жасап келген кыргыздын көрүнүктүү таланты Асылбек Насирдинов Кыргыз салттуу музыка жумалыгына карата 25-апрелде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Улуу кѳч” аттуу чыгармачылык кечесин тартуулаганы турат. Бул тууралуу Асылбек агабыз […]

Москвада “Кыргыз-Орус мамилелеринде Шабдандын орду: дипломатиялык жана тарыхый байланыштар” аттуу китептин бет ачары болду


15-апрелде Москвадагы мамлекеттик лингвистикалык университетте КРнын Россиядагы элчилигинин колдоосу жана “Мигранттарды колдоо борборунун” демөөрчүлүгү менен Кыргызстандын белгилүү коомдук ишмерлери жана мамлекеттик кызматкерлеринин катышуусунда XIX кылымдагы белгилүү кыргыз мамлекеттик ишмери, кыргыздар менен падышалык Россиянын кызматташтыгына чоң салым кошкон Шабдан баатырга (Шабдан Жантаев) арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган мигранттарды колдоо борборунун […]

Полот хан – оторчулукка каршы көтөрүлүштүн символу


17-апрелде Кыргызстандын Кызыл-Кыя шаарында Кокон хандыгынын эгемендиги үчүн күрөшкөн Молдо Искак Асан уулунун (Полот-хан, 1844-1876) 170 жылдык мааракесине арналган илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлөт. Деги Полот-хандын тарыхый орду эмнеде?   Кыргыз молдосу – Кокон хандыгынын “Пугачеву” катары карала алабы? Падышалык Орусияны 1773-75-жылдарда титиреткен Дыйкандар согушунун жолбашчысы, өзүн “Пётр Үчүнчү” деп жарыялап алган дондук казак орус Емелка (орусча […]

Түркөйлүк чээнге кайрылуу


Бүгүнкү турмушубузда биз акылга сыя бербеген көптөгөн көрүнүштөрдүн күбөсү болуудабыз. Мындан чоң кишилер гана эмес, балакайлар да парадоксту көрүп, мыскыл менен карагансыйт. Мына, менин 6-7лердеги неберем бир бийкечтин ырдап жатканын карап олтуруп, мунун жети көйнөгү бар экен,-дейт. -Аны кайдан билдиң?-деп сурадым. -Көйнөгү улам алмашылып жатпайбы!-дейт. Анан дагы: – Ары жакта пляждагыдай кабина, же дүкөндөгүдөй примеркасы […]

Агындылар


Урматтуу окурмандар, сиздер Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кара сөз түрүндө жазылган «Агындылар» китебинен «Эне» деген бөлүктү окуп жатасыздар. Аталган китепке жетпей жүргөн окурмандар үчүн автордун телефон номери: 0557 711 878 (Башы өткөн сандарда) Ошентип, нарындык кыз мени сүймөк турсун карап да койгон жок. Менден чоң класста окуган, математиканы, физиканы жакшы билген, тыржыйган узун бойлуу, […]

Балдарды достукка үндөгөн чий куурчактар


КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, 100дөн ашык жомок китептердин автору Жылдыз Акаева балдар эмес, чоң кишилерди суктандырган чий куурчактарды жасайт. Жазуучунун колунан жаралган дүйнөдөгү түрдүү улуттардын кийимдерин кийген чий куурчактардын саны азыркы күндө 23кө жетти. Ал келечекте ар улутту чагылдырган куурчактардын санын 60ка жеткирип, «Балдар китептеринин» фестивалын өткөрүүгө ниеттенүүдө. Чий куурчактарды жасоо идеясы жазуучуга небереси […]

Табышмактуу Таш-Рабат


Орто кылымдарда Борбордук Азияда курулган архитектуралык эстеликтердин арасынан Нарын облусунда жайгашкан айтылуу Таш-Рабат тарыхый комплекси эң уникалдуу деп эсептелинип келет. Себеби, Таш-Рабатка окшош чоң, архитектуралык курулуш ыкмасы татаал эстелик бүтүндөй Азия аймагында жок. Жалаң жалпак таштардан салынгандыктан ал Таш-Рабат аталып бүгүнкү күндө дүйнө элинин туристтерин кызыктырган уникалдуу жайга айланган. Таш-Рабат деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте, […]

Сооронбай Жусуев, Кыргыз Эл акыны: «Согуштан келгенде Жоомарттын колун кармап, алкышымды айтайын деген максатым орундалбай калды…»


Сооронбай аба кан күйгөн майданга кеткенде болгону кырчындай 18 жаш курактагы жигит кези экен. Өзү айткандай, согушка согуш эмне экенин билбей кетип, аны качан ажал учкан майдан талаасына барганда гана тааныган айылдык боз улан жүрөк үшүн алган нечен ажалдан аман калып, тынчтык күндөрдү көрүү бактысы буюруп, Эл акыны болгон бактылуу жашоого кез келип отурат. Бүгүн […]

Немис элинин кажыбас сынчысы Гюнтер Грасстын ибараты


13-апрелде Германияда Нобель сыйлыгынын лауреаты, жазуучу Гюнтер Грасс 87 жашында дүйнө салды. Ал XX кылымдын экинчи жарымы жана XXI кылымдын башындагы чыгармалары эң көп окулган жана эң таанымал немис жазуучуларынын бири болчу. Калемгер өзүнүн солчул саясий көз карашын коомчулукка жашырбай ачык айтканы менен немис элинин соңку жарым кылымдагы улуттук ар-намысы жана сыймыгына айланган. Дюсселдорфдук журналист […]

Жолон Мамытовго – 75 жыл: “Сен ааламга издетүүгө жаралсаң, Мен ааламга издөө үчүн келгенмин”


Кыргыз элинин чыгаан акындарынын бири, сүйүктүү акыны Жолон Мамытов көзү тирүү болгондо ушул жылдын 1-апрелинде 75 жашка толмок. Кыргыз поэзиясынын жанып турган жылдызы катары таанымал акындын “Отту сүйөм”, “Жашыл аалам”, “Убакыт”, “Ырлар”, “Мезгилдин элеси”, “Буурул таңдын жомогу”, “Суунун өмүрү”, “Жарышкан суулар”, “Атка токум салгыла”, “Жүз жашка тол, кылым”, “Башат жана Мухит” аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан […]

Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн


(Уландысы. Башы) 07.09.1928 БКда болдум. Жээнбаевдин иши боюнча. Биз жумушчу борборуна иштөөгө жиберсек, бул жактан аны дыйкандар районуна жиберип коюшуптур. Бул туура эмес, аны жумушчу райондорго которуу маселесин койдум, ошондой болот деп алар убада беришти. НКПпрос-Эл агартуу эл комиссариатында болуп, А.В. Луначарский менен Анварды Москвадагы балдар үйүнүн бирине орноштуруу боюнча сүйлөшөйүн дегем. Бирок ордунда эмес, […]

Концерттик залга качан жетебиз?


Жакында дүйнөнүн 17 мамлекетинен окуучулар келип, эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин уюштуруусунда Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында чоң концерт берди. Ар түрдүү өлкөлөрдөн жарым миңге жакын конок келди. Башкасын билбейм, мисалы, мен “өлбөгөн төрт шыйрагым эле калды” дегендей болдум, залдын акустикасын мындай кой, отургучтары, полу, сахнасы, жарык бергичтери… кыскасы, баары эскирип бүтүптүр… Анан […]

Калыбек Назаралиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти: «ТАГДЫРЫМ БАКЕН ЭЖЕНИ КАЙТАЛАП КАЛАБЫ ДЕП КОРКОМ»


Бул жолку баяныбыз «Достор», «Президент жана бомж» тасмаларында селсаяктын ролун жараткан театр актёру Калыбек Назаралиев тууралуу болмокчу. Кезинде Кыргыз улуттук драма театрында, Нарын театрында кайталангыс ролдорду жаратып, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти наамын алган. Кейиштүүсү актёр бүгүн Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар үйүндө жашайт. «МАСТЫН РОЛУН АТКАРЫП ОКУУГА КАБЫЛ АЛЫНГАМ» – Талас облусунун мурунку Киров, азыркы […]

Түрк дүйнөсүн таңданткан кичинекей манасчы


Кичинекей манасчы Үмөт Болот уулу жакында кыргыз делегациясы менен Түркия жергесине барып келди. Нооруз майрамына арналып Анкара шаарында өткөн иш-чарада биздин көчөт манасчы өз өнөрүн тартуулаган. – Түркия жактыбы? — Стамбул шаары аябай сонун экен. Бул аймактын губернатору менен мэрине жолуктум. Андан кийин Анкара шаарына бардык. Анкара шаарынан 500 км алыс Иса пайгамбардын үңкүрүнө бардык. […]

Сулайман Рысбаев. “Умай бала”


(жомок повесть) (Уландысы. Башы)   3-БӨЛҮК Төрөт үйүнөн алмашылган наристе Акылтай мектепке бара турган болду Тайыр менен Сауле уулу чоңоюп келатканына бир жагынан сыймыктанса, бир жагынан, кайсы мектепке берсек экен – деп, тынчы кете башташкан эле. Акылтай атасы алып берген сүрөттүү «Алиппе» китебиндеги тамгаларын эчак таанып, шатыратып окуп калган. «Эми буга кайрадан тамга таанытып отуруунун […]