Monthly Archives: Январь 2017

Бейшеналиев: Чөжө – кыргыз-казактын акыны (“Азаттык”)


Таластык журналист, акындар чыгармачылыгына кызыккан ышкыбоз Жоомарт Бейшеналиев кийинки кездери казактын улуу акыны Чөжө Каржыбай уулунун (казакча Шоже Каржаубайулы – 1808—1895) адабий мурасына кызыгып, аны чогултуп жүрөт. Аны менен кабарчыбыз Бекташ Шамшиев аңгемелешти. http://www.azattyk.org/embed/player/0/28227901.html?type=video

Бекмамат Осмонов маселени тарс эткизе бетке айтып дароо чеччү


Бекмамат Осмонов кандай киши эле? Абийирине камчы чаппаган чынчыл эле. Ашкере патриот, кыраакы болчу… Тайманбас, арстан жүрөк чыныгы эр эле… Замандаштары ушинтип айтышат. “Өлкөбүз качан өнүгүп-өсөт? Трайбализмден, “чылыктардан” арылганда… Бийликтегилер элге жакын болгондо… Алар эл менен элдин тилинде гана сүйлөшө алганда”, — дечү экен. Элине жакын болуп карапайым, жөнөкөй жүрүп, мамлекетине ак кызмат өтөдү. Салмактуу […]

Келинге тиешелүү 12 “болбойт”


Илгертеден кыргызда келиндин кайын-журттагы орду чоң мааниге ээ болуп келген. Алардын ар бир жасаган кыймылы көңүл чордондо болуп, аларга коюлган талаптар да катуу болгон. Келиндин баскан-турганы, кыймыл-аракети анын тарбиясынан кабар берип турган. Бул салт бүгүнкү күндө да маанисин жоготпой муундан-муунга өтүп келе жатат. Тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Динара Молдокулова келиндерге тиешелүү илгертен келе жаткан эрежелерди […]

Сөз тыңшаганды “жансыз” дейт


“Ирет” деген сөз “катар” деген маанини билдирет. “Өлкөдө тартип болсо башкаруу да ирети менен жүрөт” дейт. “Ирети жок сүйлөбөгүлөчү?” дейт. Тушкелди сүйлөбөгүлөчү дегенди билдирет. “Ирети келген жок, ирети келгенде айтайын” дейт. Ыгы келген жок, сааты келбеди, маалы келбеди, убагы келген жок… убагы келгенде айтайын дегени. “Ишибиз иретсиз башталды” десе, “Ишибиз башаламан башталды” дегенди түшүндүрөт. “Чачы-башыңды […]

“Ак Илбирс” улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталды


Конкурска өткөн жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катыша алат. Эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат. “Ак Илбирс” улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталганын уюштуруу комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул конкурска 2016-жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катышып, эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат. Ал эми сыйлыктарды тапшыруу аземи 14-апрелде “Манас” кинотеатрында болот. Мындан беш жыл […]

Жианжи өнөрүн баккан кыргыз жигит


“Күн чыгыш өлкөсү” дегенде, алгач эле көз алдыбызга укмуштуудай Улуу кытай сепили, ойчул Конфуций, шаолинь мектеби, сакура гүлү, таэквандо жана айкидо өңдүү чыгыш шедеврлеринин элеси тартылаары анык. Булардын катарын кытай маданиятында өзгөчө бааланган “жианжи” аттуу байыркы кагаз кесүү өнөрү да толуктайт. Биздин коомдо анчалык белгилүү болбогон бул байыркы өнөрдү Адам Алишеров аттуу студент мыкты өздөштүрүүгө […]

“Балдарга базарлык” – алтынга бергис китеп


Улуу муундагы окурмандарга караганда балдар үчүн китеп жазуу алда канча машакаттуу иш. Себеби балдар кубулуштарды жөнөкөй жана элестүү көрөт, жөнөкөй түшүнөт. Ошондон узун жана татаал сүйлөмдөр баларды тажатып жиберерин психологдор айтат. Алым Токтомушевдин (01.09.1947 – 25.07.2014) “Балдарга базарлык” китеби дүйнө тарыхындагы чиелешкен окуялар жана ысымы тарыхка мөөрдөй басылган көйкашка инсандар тууралуу балдарга жетик, көркөм тилде […]

“Сүрөттүү “Манас” китеби кантип сүймөнчүккө айланды?


“Сүрөттүү Манас” китебин бир дем менен окуп чыктым. Эпостогу керемет окуялар кайрадан эске түштү. Акыл токтотуп калган куракта болсом да кадимкидей толкундадым. Эпостун толук вариантын таап кайрадан окугум келип кетти. Үстүбүздөгү жылы “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан ““Манас” – георический эпос кыргызов в рисунках” (“Сүрөттүү Манас”) (Бишкек, ОСОО “ST.art” басмасы, 2016) китебинин […]

Өзүн издеп өткөн акын


Кыргыз Эл акыны, драматург, коомдук жана саясий ишмер Эгемберди Эрматов узак оорудан кийин 66 жаш курагында дүйнө салды. Эгемберди Эрматов кыргыз адабиятына “Шаар жана тоолук”, “Махабат” баштаган жоон топ ыр китептерди, “Аксаткын жана Мырза уул” драмасын, “Мухамбет пайгамбар” дастанын мураска калтырды. Өмүрүнүн акыркы беш-алты жылында Жогорку Кеңештин депутаты, президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын […]

Жора Сулайманов, Асанкалый Керимбаев атындагы коомдук фонддун мүчөсү: “Орошон обончунун сааты эми чыкты окшойт”


Кыргыз элинин ичинде ондогон ташка тамга баскандай күчкө ээ болгон обончулар бар. Антсе да ошолордун арасынан Чолпон жылдыздай жаркырап жангандар саналуу эле десек болот. Андайлар элдин сүймөнчүлүгүнө сөзсүз алынаарын танууга болбостур? Ток этерин айтканда Кетмен-Төбөдөн чыккан обончу Асанкалый Керимбаевдин кыргыз музыкасына салган салымы бараандуу. Тирүүлүктүн өзүнүн табияты бар экен. Залкар обончу, КР эл артисти А. […]

Ийри мүйүздүү мал болбойт


Кээ бир журналисттердин жазганын окуп, айтканын угуп отурсаң… Адегенде “ири” деген сөздүн маанисин билип алалы. Ири деген “чоң”, “үлкөн” дегенди билдирет. Мисалы, “А балам, анын теги ири, ата-бабалары ырыс-кешиктүү, ыймандуу, мыкты адамдар болгон” дейт. “Ири” сөзүнүн дагы бир мааниси, ирий турган азыктарга багышталып айтылат. Мисалы, “Сүт ириди” дейт. “Ириген ооздон чириген сөз чыгат” дейт. Маселен, […]

Ысык-Көл жана Ауэзов жөнүндө казак журналистинин макаласы


«Ысык-Көлдү кандай гана сүйөм! Абасынан дем алуу кандай керемет! Эгерде кайра жарала турган болсом, ушул жерди тандамакмын” – деп белгилүү казак жазуучусу Мухтар Ауэзов айткан. “Чолпон-Атадагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин жанында анын кичинекей үйү жайгашкан. Азыркы чоң үйлөргө салыштырмалуу өтө эле кичине, бирок, ал жерден чыгармачылыктын аурасы сезилип турат. Дал ушул жерде жазуучу чыгармаларын жараткан”, – […]

Сөзгө жан киргизген жазуучу


Көптөн бери, наати жыйырма жылдай болуп калды окшойт, жаш баланын тилиндей ширин, жүрөгүңдү кубанычтай туйлаткан, сөз жанынын сүйүнүчтүү үнү угулуп турган, ошол эле учурда ошол сөз махабатынын эки дүйнө арманынан жаралган сеникиндей анделек жыттуу аңгеме окуй элекмин, Абдиламит. Ошону айтсаң, азыркы кыргыз прозасы булбулу качкан токойдой болуп томсоруп турбайбы. Булбулдун сайрашы түгүл, балапандардын канат кага […]

Расул АБАЗБЕК уулу: “Чоң жана Кичи Памирди байырлаган кыргыздар азыркы цивилизациядан таптакыр алыс экен”


Жакында Кыргыз Өкмөтү жөнөткөн атайын экспедиция Ооганстандын Чоң жана Кичи Памир тоолорун туруктуу байырлашкан кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирип, алардын бүгүнкү ал-акыбалы менен жакындан таанышып кайтты. Четөлкөдө жашаган кандаштарыбыздын азыркы таптагы турмушу, чынында, мышык ыйлагыдай экендигин аталган экспедициянын мүчөсү, ОшМУнун четөлкөлөрдө жашаган кыргыздарды изилдөө борборунун жетекчиси, саясат таануу илиминин кандидаты, доцент Расул АБАЗБЕК уулу кабарчыбызга курган […]

Саматбек Ибраев, “Саякбай Манасчы” коомдук фонддун жетекчиси: “Буйруса аракетибизде орчундуу жылыштар болууда”


— Саламатсызбы, агай? Жөн адам Манаска келбесе керек? Алгач “Манас дүйнөсү” тууралуу сөз кылсаңыз? — Ар бир кыргыз жаралганда эле Манас жөнүндө маалымат алган деп ойлойм. Кичинекейибизде мектепте “Манас” эпосу тууралуу маалымат азыраак болгону менен Сагынбай жана Саякбай манасчы тууралуу кошумча сабактар өтүлчү. Союз мезгилинде көп маани берилбесе дагы докумениалдуу тасмалар тартылып, изилдөө иштери жүрүп […]

Казак сериалдарынын катыгын берген кыргыз режиссеру


Кыргыз кинорежиссеру Айбек Дайырбековду өз өлкөсүнө караганда Казакстанда жакшы тааныйт. Алматы менен Астанада тарткан телесериалдары ага жакшы атак алып келди. – Айбек, Казакстанда азыр сиздин “Айман менен Шолпан” аттуу жүз бөлүктөн турган соңку сериалыңыз өзгөчө популярдуу болуп жатканын уктук. 100 сериалуу тасма тартуу оңой болбосо керек? – Албетте оңой эмес. Сериалды тартып жатканда сценарийин алмаштырып […]

Рухий жакырчылыктан корккон жазуучу


Соңку жылдары китеп артынан китеп чыгарып, кырктын кырынан ашканда адабиятка алкынып кирген Олжобай Шакирди ким тааныбайт. Адабий сайт ачып, интернетти жиреп киргени социалдык тармактарда отургандар да жакшы таанып калды. Ат жалында кепке тартсак, той-аштардан баш тартып, убактысынын баарын адабиятка арнап калганын айтып, “керек болсо өлсөм сөөгүмдү өрттөп ий деп уулума керээз калтырдым” деп атпайбы чунак […]

Балдар адабияты темасындагы чыгармаларга сынак жарыяланды


Кыргыз Республикасынын балдар адабияты темасындагы чыгармаларга сынакты өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги республиканын кыргыз тилиндеги балдар адабияты темасындагы чыгармалар үчүн сыйлыктарын 2017-жылы изденип алууга ачык сынак жарыялайт. Сынакка мектепке чейинки, кенже, орто, уулу мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдар үчүн чыгармалар төмөнкүдөй номинациялар боюнча кабыл алынат: балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия […]

«Байчечекей» — балалыктын символу


Журналдын баш редактору Токтосун Самудинов «Кутбилим» газетасынын башкы редактору Кубат Чекировдун суроолоруна жооп берет. – Токтосун агай, кыргыз баласы үчүн гүлдѳрдүн да эӊ ыйыгы, биринчи эле оозго келери – байчечекей. Жарыктык, кѳктѳмдѳ күн аз жылымдап, кар анча кетелекте эле ар кай жерден үлбүрѳп чыга калган гүлдүн баатырлыгына айран каласыӊ. Журналдын атынын коюлушу бекеринен эмес го […]

Залкардан калган таберик Жеңижок акындын комузу


Мезгилинде Аксынын мыкты уулдарынын бири болгон Сулайманкул болуш Өтөнүн талантын ашкере баалап сыйлаган. Жеңижок менен Эсенамандын айтышында Жеңижоктун комузунун кылы үзүлүп кеткен жери бар. Иш сапарда жүрүп түркүн – түркүн кызыктарга жолугасын, бул сапар да сапарыбыз олжолуу болду деп айтсам жаңылышпаган болом. Заманыбыздын залкары, жез таңдай төкөмө Өтө Көкө уулу –Жеңижок Аксыда жашап өткөнү жаамы […]

Жаңы сөздөрдү сөздүккө киргизүү заман талабы


Алып барган: Осмоналиев Каныбек: Студиянын коногу: Асанов Эмил Дайырович Осмоналиев Каныбек: Эмил Дайырович өзүнүн коллегасы Сучеленков Николай Викторович менен бирдикте, Кыргызстандын илимий жана интеллектуалдык аймагындагы чоң жаңылыктуу жакшы нерсени баштап отурат. Радиоугармандар, мен сиздерге ушул жаңылыкты айткым келип отурат, булар жакында кыргызча-орусча 51000ден ашуун сөздөн турган кыргыз адабий тилдин нормаларына ылайык сөздүк түзүлгөндүгүн жарыялашты. Эмил […]

Голливудду “кууган” кыргыз киносу


Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, соңку кезде кинотеатрларга барган көрүүчүлөрдүн саны 2015-жылы бир жарым миллиондон ашкан. Киночулар бүгүнкү күндө Кыргызстанда тартылган тасмаларга барган көрүүчүлөрдүн саны менен Голливуд тасмаларына барган көрүүчүлөрдүн саны теңелгенин белгилешет. Ошол эле учурда кыргыз тасмалары каражат табууну гана максат кылгандыктан бир гана жолу көрө турган күнүмдүк тасмаларга айланганын сындагандар арбын. Мени кардар […]

Тынчтыкбек Кожобеков: акчаң жокпу, кечирип кой, ырчы болоалбайсың!


Кыргыздын Цукерберги атка конгон белгилүү журналист Тынчтыкбек Кожобеков эки жылдан бери “Тынчтыктын мониторинг сервисин” (ТМС) иштетип, радиодон кеткен ырларга мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгын эл менен бөлүшүп турат. Жакынкы күндөрү региондогу радиостанцияларды дагы интернетке кошууну максат кылууда. Шоу-бизнести алаканга салгандай көрө билген Тынчтыкбек Кожобеков журналист Гүлдана Талантбековага продюсер, менеджерлердин ишмердүүлүгүнүн күңгөй-тескейи, автордук укук жана акындардын аброю тууралуу […]

Айтматов ааламындагы айымдар


Залкар инсан Чыңгыз Айтматовду кыргыздын атын чыгарган жазуучу дегенибиз аздык кылат. Ал – өзүнчө бүтүн аалам. Себеби анын чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар, театрларда коюлган спектаклдер канчалаган актёр, атрисалардын бактысын ачып, жылдызын жандырган. Мындай бакытка ээ болуп элдин кызына, кыргыз аялынын жүзүнө айланып калган айымдарды иргеп, алардын Айтматов ааламына кандайча аралашып калгандыгын иликтеп көрдүк. Айтматовдун тандоосу […]

Наристеге ат коюу


Байыркы учурдан тартып узак кылымдар бою кыргыз элинде бала туулары менен эле ааламга келген наристеге ат койгон салт болгон. Атактуу кишинин атын койгондор баласына ошол кишинин өмүрүн өрнөк, жашоосун үлгү кылган, арбактарын сыйлашкан, «сага паландай кишинин атын бергенбиз, сен ошондой болушуң керек» деп тарбиялашкан. Ат коюу учурунда наристени чоң атасы, же атасынын улуу бир тууганы […]