Category сын

Нурзат Казакова: “Бизде дагы салыштырма адабият бөлүмдөрү ачылышы керек”


Дүйнөлүк адабияттын өнүгүүсүндө салыштырма адабияттын ролу жогору. Көпчүлүк өлкөлөрдө ар кайсы элдердин адабиятын, маданиятын жана жашоо- шартын салыштыруу боюнча бир канча эмгектер жазылган. Жакында эле мына ушул багытта Түркияда өткөн IV конгресске катышып келген Эл аралык “Ата-Түрк –Ала-Тоо” университетинин түркология бөлүмүнүн доценти, филология илимдеринин кандидаты Нурзат Казакова менен бул туурасында маектештик. – Айтыңызчы, сиз катышып […]

Кут түшкөн жердин кулуну


Адабиятчы, сынчы, котормочу, окумуштуу Санарбек Карымшаков агайды тааныбаган бүтүрүүчүлөр жок чыгаар. Айрыкча, Кыргыз улуттук университетинен окугандар агайыбызды көргөн сайын студенттик күндөрүбүз эске түшүп, адабиятчы агайыбыздын жылуу-жумшак мамилеси, бирок катуу талабы эске “кылт” этет да, таазим  кыла учурашабыз. Ушул айда агайыбыз 70 жашка толуп жатыптыр. Редакциябыздын куржунуна түшкөн каттарды аңтарып, бир чети курдашы, бир чети калемдеши, […]

Карыбас поэзия


Артымда жолдор жатат, жолдор жатат, Чоюлуп чакырымдан чакырымга, Көп жүрдүм келечекке долбоор жасап, Ашыккан сапарымдын акырында, Кезиктиң, күүлөр ээси, Поэзия! Алдымда туура тартып бууданыңды Ошондо алгач ирет сезген окшойм, Сенсиз мен жашай албай турганымды.

Өзү да, сөзү да ийги инибиз


Жылган суудай береги, Жылдар өтө береби, – деп, акын Сүйүнбай агабыз айткандай, арт жакта арбын жол калып, кечээ эле бизге тай кулундай секирип, ойноок бала көрүнгөнсүгөн Санарбек инибиз азыр 70 деген кутмандуу курактын жээгине келип, бир атанын балдарынын эле аксакалы эмес, ар тараптуу таланттардын уюгу айтылуу Жумгал районунун да Ардактуу атуулу наамына (2008) ээ болуптур. […]

Чындыкты жасалмасыз сүрөттөгөн


“Акты ак, караны кара, жакшыны жакшы, жаманды жаман, адамды адам дей албасак, анда биз кимбиз?” Д.Казакбаев Белгилүү жана таланттуу жазуучу, публицист, сынчы  жана философ  маркум Дайырбек Казакбаев  быйыл 70 жашка толмок. Д. Казакбаев  көп жылдар бою “Кыргызстан маданияты” гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп эмгектенген. Азыркы 50 жаштын ары-бери жагындагы  жазуучу-адабиятчылардын, философтордун өсүшүнө, бүтүндөй бир […]

Чыңгыз Айтматов – ааламдын акылман сүрөткери


(Үчүнчү макала) Учурда окурман журттун көңүлү китепке бурулбай, көбүнчө телевизор, компьютерге бурулуп калганы белгилүү. Мындай техниканын тез өнү­гүшүнүн бир керемет жери, – ал адамзатка албан кызмат кылган болсо, руханий байлыктын адамгерчилик касиетинин бөксөрүшүнө өбөлгө түзүүдө. Китеп окубаган жаштардан мээ­римдүүлүк,  кайрымдуулук алыстагандан алыстап барат. Адам баласынын мындай өзгөрүлүшү өзүн да, өлкөсүн да коргоп жарытпайт. Бул жалган […]