Monthly Archives: Январь 2010

Комузду видео-курс аркылуу үйрөнүү мүмкүнчүлүгү жаралды


Кыргызстанда “Тандалма күүлөр” аттуу комузда кол ойнотуу боюнча окуу пособиесинин DVD версиясы чыкты. Аталган эмгектин бет ачары үстүбүздөгү жылдын 4-февралында Бишкекте боло тургандыгын, Кыргызстандагы кызматташтык боюнча Швейцария бюросунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Турсунай Чодурова билдирди. Advertisements

Руханий-тарыхый, адабий-маданий "Нур эл" гезитинин биринчи саны жарыкка чыкты


27-январда руханий-тарыхый, адабий-маданий “Нур эл” гезитинин биринчи саны жарыкка чыкты. “Кыргызды өзүнө өзүн таанытуу, тарыхын билдирүү, каада-салтын жандандыруу, Манастын кудуретин касиетин жалпы элге жеткирүүгө аракет жасоо, тилин урматтап сыйлоого үндөө, улуттун мыкты адамдарын даңктоо аркылуу жаштардын улуттук мекенчилдик сезимдерин ойготуу бул гезиттин башкы максаты”, – дейт анын авторлору.

А.Чехов жана кыргыз маданияты


”Адамдын акылы жана адеп-ахлагы канчалык бийик болсо, ал ошончолук эркин” 29-январда орус элинин улуу жазуучусу Антон Павлович Чеховдун туулган күнүнүн 150 жылдыгы белгиленет. Кыргыз көркөм өнөрүнүн өкүлдөрү анын чыгармалары кыргыз адабияты менен маданиятына да таасир тийгизгенин белгилешүүдө. Орустун адабиятында эле эмес, дүйнөлүк адабиятта «аскадай» орду бар Антон Павлович Чеховдун чыгармалары кыргыздын адабиятына, маданиятына да абдан […]

Талант тагдыры: Көп кырдуу талант Жамин Акималиев


“Талант тагдыры” түрмөгүнүн бул жолку мейманы – кесиби боюнча агроном, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, академик, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер ырчы, обончу Жамин Акималиев.

Айтматов мени "Бостонсуң" деген эле


Ар бир элде генийлер жаралат. Алардын бирөөлөрү тарыхта терең из калтыруу менен өз элине кубанычтарды алып келсе, экинчилери, тилекке каршы, азапты, кайгыны алып келишкен. Мындай генийлердин арасында көптөгөн улуу ойчулдар, философтор болушса, искусство менен адабияттын шедеврлерин жараткандары да алардан кем эмес. Эл да мындай гений уулдарын унутушпай, муундардан муундарга атын чыгарып, даңазалап келишкен. Эл арасынан […]

Манастын түпкү мекени Сары-Колбу?


Манас кыргыз улутунун улуу сыймыгына айланганын эч кимибиз тана албайбыз. Ар бир кыргыз айкөлдүн арбайына сыйынып келгени да тандыра койбойт. Бирок, турмуштун катаал сыноолоруна туш болгон баатыр бабабыз Манастын окуясын баяндаган эпостун тагдыры учурда дагы талашка түшүп отурат. Биз билгенден буга чейин эле Манас эпосун бир топ улут өзүнө энчилөөнүн амалын көрүп, далилдей албаган соң, […]

Акын Бурулкан Карагулова: "Мен аял болуп эч качан бактылуу болгон эмесмин"


Аял күчтүү, аял ит жандуу деп коёбуз, бирок, мен Бурул эжедей күчтүү аялды көрө элекмин. Бала кезден Сагын Акматбекова, Айгүл Узакова, Фатима Абдалова, Бактыгүл Чотурова, Алмаш Чойбековалар менен бирге Бурул эженин ырын жазданып окуп, “ушулар кандай адамдар болду экен” деп алар менен көзмө-көз сүйлөшкөндү кыялданчумун. Мына бүгүн ошол тилегим ишке ашып, Бурул эженин жанындамын. “Баатырдын […]

Чыңгыз Айтматовду ким оңдоду?


(Классиктин сегиз томдук жыйнагына байланыштуу пикир) Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын сегиз томдук жыйнагын алып, даркан ойчул-жазуучунун мурда өзүм орусча окуган повесть-романдарын, макала-маектерин кыргыз тилинде окуганга шаштым. Ичимден бул сооптуу жана жооптуу ишти мойнуна алган Эл аралык «Руханият» ассоциациясы менен Ч.Айтматов атындагы эл аралык фондуга ырахмат дедим. Бирок да жыйнактан мен байкаган кемчиликтер жөнүндө окурмандар, ошондой эле […]

Отту сүйүү


Биз сиздерге таланттуу кыргыз акыны Жолон Мамытов тууралуу белгилүү орус акыны, котормочусу, Жолон Мамытовдун досу Михаил Синельниковдун эскерүү-кошогун сунуштайбыз. “Отту сүйүү” аттуу эскерүүсү “Кыргыз туусу” гезитинин 2009-жылдын аягындагы жана 2010-жылдын башындагы сандарында жарык көргөн эле. Аны кыргыз тилине Мамасалы Апышев которгон. Аталган эскерүүнү толугу менен “Кыргыз маданият борборуна” бергендиги үчүн “Кыргыз туусу” гезитинин жетекчилигине ыраазычылык […]

Кыргыз циркчилеринин жеңиши – кыргыз элиники


Кыргызстандык цирк чеберлери Франциянын Монте-Карло шаарында өткөн отуз төртүнчү эл аралык фестивалда “Күмүш маскарапоз” сыйлыгын жеңип алышты. Бул сыйлык аларга ат үстүндө мыкты оюн-зоок көрсөткөндүгү үчүн ыйгарылган. Кыргызстандын жана Орто Азиянын цирк жаатындагы тарыхында мындай ийгилик алгачкы жолу белгиленүүдө.

“Бир айлык маянам бир кап унга жетчү”


Кыргыздын чет жактарга кетип жаткан көптөгөн адистеринин катарында театр адистери да бар. Кыргыз театрынын эртеңи кандай болот? Казакстанда иштеп жаткан актер жана режиссер Батырбек Шамбетов менен “Сахна” тобунун актеру Илгиз Жунусов “Азаттыкка” кыргыз театрынын келечеги тууралуу ой бөлүшүштү.

Махмуд Барсханий "Диван-и лугат ат-түрк" китебин буйуртма менен жазган беле?


1055-жылы сельжукид Тогрул бектин жөнөткөн армиясы араптардын өтө чоң аймагын моюн сундуруп алат да, Багдад халифин өз наамын кошуп кутба окууга аргасыз кылат. Халиф ошондо Тогрул бекти “Чыгыш менен батыштын өкүмдары” деп тааныйт! Бул – албан тарыхтын өңүрүнүн бир гана барагы! Багдаддын 26-халифи ал-Каим би-амириллах сельжуктарга көз каранды ошол абалын жеңилдетүү максатында өзүнүн жалгыз уулу […]

Барпынын үнү оболоп…


Абдылла Эрмекбаев Өзгөндүн Мырза-Арык айылынан. Жаш кезинен ырга ышкыбоз өскөн. Дары чөптөр менен да шугулданган жайы бар. 20 жылдан ашык электр тармагында иштесе дагы, баары бир ыр дүйнөсүнө ооп кетти. Адегенде жазып жүрдү, бара-бара ырдаганы элге көрүнө калып, “жакшы сөз жан эритет” дегендей болуп ошол бойдон ачыкка ырдап чыгып кетти. Анын ырлары көбүнчө элдик оозеки […]

"Аалам аралаган өмүр" Ата Журтка алынды


Мындан 15 жыл мурда төрөлгөн наристе жашоосун эми гана баштаптыр десек ишенээр белеңиз? Албетте, жок. Бирок, кыргыз киностудиясынын тарыхында мына ушундай деп айтууга боло турган зор окуя болду. Анткени, алар буга чейин жаңыдан тартылып, эч ким көрө элек жаңы кинолордун бет ачарын өткөрүп келишкен болсо, мындан эки-үч күн мурун 15 жыл илгери, тактап айтканда 1994-жылы […]

"Айтматов ааламы"


Чыңгыз Айтматов бул тирүүлүктө (XX-XXI кылымда) чагылган сыяктуу бир жарк эткен, Ала Тоонун чакан айылынан ааламга нуру чачыраган улуу жазуучу.

Манастын тукуму кайыр сурабаш керек!


Чачылганды жыйнаган Манас Манас кыргыз маданиятынын, кыргыздын дөөлөтүнүн туу чокусу. Өзүн кыргызмын деп санаган атуул Манасты өзүнүн негизги дөөлөтү, атасы деп эсептейт. Манас атабыз мезгилинде кытайды өзүнө каратып жер шарынын жарымын дүңгүрөтө Алтайдан Ала-Тоого чейин көчүп келген мезгилдегиден азыр кыргыздар кыйла азайып калды.

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер: "Манас" – дүйнөлүк шедеврге кирген


“Манас” эпосу 1000 жыл мурда эле дүйнөлүк шедеврге кирип алган. Ага төмөнкү мисалдарды келтирип кетейин. Манаслу – Гималайда өтө зор бийик тоо. Непал мамлекетинин борбордук бөлүгүндө. Жер бетиндеги эң бийик тоолордун катарына кирет. Тоону ыйык деп эсептеген непал калкы ага чыгууга умтулган экспедицияларга каршылык көрсөтүп келген. Индия, Тибет элдеринде Манаслу деген – Манас улуу, ыйык […]

Манасчылар


Улуу Манас – бул байыркыны, кечээкини, бүгүнкүнү, эртеңкини туюндурган бир бүтүндүк. Андыктан: Алтындай сөздү куюлткан, Айкөлдү айтып туюнткан, Шекердей сөзүн куюлткан, Шерлерди айтып туюнткан, Элирип айтып киргенде, Табиятты кубулткан, Обондон жамгыр куюлткан, Күн-түндөп айтып “Манасты”, Айрандай элди уюткан манасчылар жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

Улуу баян укчу маал


Жарыя! 23-январдан баштап ар бир ишемби күнү саат 14:00дө Бишкекте Улуттук Тарых музейинде “Манас Эл” кыймылынын жаштар демилгесин колго алган “Ак Шумкар КУТ” жаштар коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган “Улуу баян укчу маал” аттуу Манас уктуруусу болуп келет. Бардык каалоочулар чакырылат.

Айкөл Атанын батасы


Карегим, өтмөктүү доор азыр дагы калайык-калкты сындап турган чагы. Жалпы журт ата-баба салган нуктан жаңылбай көч улашын тилеп турам. Керт баштын камын эмес, ар бирөөңөр калайман калкка мүлдө кам көрсөңөр. Оңолсо пейил-көйү жалпы журттун, ободон Теңир төгөт элге кутун. Ал эми жаш-карысын кадырлабай атадан калган салтын аруу тутпай, намысты айырбаштап алтын-зерге, назарды ачка буруп, обор […]

КОЖОМКУЛ


Ала-Тоону мекендеген ак калпак кыргыз элинен илгертеден эле баатырлар, балбандар чыккан. Биз бүгүн тарыхый инсаныбыз Каба уулу Кожомкулду эскермекчибиз. Анын эрдиктери бүткүл Орто Азияга белгилүү болуп, ар ким өз көзү менен көрүп, колу менен кармап көрүүгө боло турган мурастары сакталуу. КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР Кожомкул Аймончок деген кызга үйлөнгөн. Алымбек, Турумбек, Амантай, Муктар аттуу уулдары жана Нуржамал […]

КЫРГЫЗ КЕРЕМЕТИ КАЙРА ТУТАНАБЫ?


Кыргыз киносу дүйнөлүк аренага чыгып, кыргыз керемети деген атка конгон 60-70-жылдар эсиңизде болсо керек. Жапайы кыргыз деп эсептеген башка улуттарга кыргыз эли таланттуу эл экенин тааныткан кыргыз киносу, кино ишмерлери, албетте, сөз кылганга арзыйт. ТАРЫХЫ 1941-жылдын 17-ноябры тарыхта кыргыз киносунун жаралышы катары эсептелинет. Анткени ушул күнү Совет элдик комитети “Фрунзе шаарында кинохроникалык студия курулсун” деген […]

Кыргызстандын кинематографисттери Локарнодогу кинофестивалда эмгектерин көрсөтүшөт


Кыргызстандын кинематографисттери Швейцариянын  Локарно шаарында боло турган 63-эл аралык кино фестивалда эмгектерин көрсөтүшөт. Борборазиялык  режиссерлорду кинофестивалга катышууга аталган иш-чаранын форум программасынын директору Мартина Малакрида чакырган. Кино экперт Гүлбара Төлөмүшева билдиргендей, кинофестиваль  2010-жылдын 4 -14- августунда  Локарнодо өтмөкчү. Бул форумдун “Ачык эшиктер” программасы Борбор Азияга арналат. Фестивалга катышуу үчүн заявкалар ушул жылдын февраль айынын соңуна чейин […]

Celtic Aire музыкалык тобу Кыргызстандын шаарларында концерт берет


«Бүгүн (25-январда) Бишкекке “Celtic Aire” музыкалык тобунун келиши күтүлүүдө», – деп билдирди Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү. АКШнын аскер-деңиз күчтөрүндө кызмат өтөгөн музыканттардан түзүлгөн “Celtic Aire” тобу ирландыктардын салттуу ырларын, аспаптык пьесаларды аткарышат. Музыканттар 25-январдан 2-февралга чейин Бишкек, Кант шаарларында жана Тамгада концерт берери маалым болду. Ж.Ж., «Кабар» МА, 25.01.2010-ж.

Бишкекте "Из" даректүү фильминин премьерасы болот


Чыңгыз Айтматов атындагы республикалык Кино үйүндө 29-январда республиканын искусствосунун эмгек сиңирген ишмери Бекеш Абдылдаевдин  “Из” даректүү фильминин премьерасы болот. Бул туурасында “КАБАР” агенттигине Кинематография боюнча департаменттин басма сөз борбору билдирди. Кинотасма белгилүү сүрөтчү-мультипликатор Сагын Ишеновдун өмүрүн жана чыгармачылыгын баяндайт. Картинанын оператору Кыргызстандын эл артистти Нуртай Борбиев. Ал, басма сөз борборунун маалыматы боюнча, ошондой эле быйылкы […]