Monthly Archives: Декабрь 2010

АЙТЫЛУУ БАЛЫК (БАЛЫКООЗ)


ХVIII кылымдын аягында сарыбагыш уруусунун чоңарык уругунан тарагандардын арасында ынтымак ыдырайт. Эл бийлегендердин зомбулугуна чыдай албаган Кумар баштаган үч атанын балдары айласы кетип, аргасы түгөнгөндө «Таарынсаң Таласка кет» болушуп, Таласка көчө качышат. Кумардын барган жери акжолтой болуп, 1793-жылы Бекмурат аттуу уулдуу болот. Ал боорун жерден көтөргөндөн эмгек десе эт-бетинен кеткен эмгекчил, кепкөй, сезимтал, сергек өсөт. […]

«Бий да «сүйлөйт»


Чеченстандын Грозный шаарында өткөн “Махмуд Эсамбаев атындагы экинчи эл аралык бий фестивалында” Кыргызстандан барган Талант Осмонов үчүнчү орунду жеңип алды. Дүйнөнүн 30 өлкөсүнүн бий өнөрпоздору катышкан бул эл аралык фестивалда Кыргызстандын туусун көтөргөн Талант Осмонов борборубуздагы улуттук опера жана балет театрында эмгектенет. Буга че­йин ал “Азия даусы” эл аралык фестивалында өнөктөшү Асель Айдарова менен “Кыргызстандагы […]

Алыкул Осомоновду эстеп


Алыкулдун асыл дүйнөсүнө таазим КРнын эл жазуучусу Кеңеш Жусупов менен дил маек – Кеңеш агай, Алыкул Осмоновду эстеп жүрөсүзбү? – Кантип унутайын. Адабият, маданият жана рухий дүйнөгө тамызгы, бунтар, айрыкча тиричиликтин сонундугун жар салган акын да. Деле жашоого, чыгармачылыкка күч-кубат берип, рухий дүйнөнү телчитип, ушул деңгээлге жеткирген. Биздин көзүбүздү ачтырып, ойготкон кыргыздын рухий дүйнөсүн оболотуп […]

Жаңы жылыңыздар менен!


Айыл таланттары Бишкекте өнөрлөрүн тартуулады


Бишкекте “Айыл таланттары-2010” республикалык биринчи фестиваль өтүп, ага 40 райондун өздүк көркөм чыгармачылыгынын өнөрпоздору катышты. Өлкө өзүнчө эгемендүүлүктүн түтүнүн булаткандан бери алыскы аймактардан алгачкы жолу борбор калаада өнөрлөрүн көрсөтүшкөн таланттар маданият тармагынын абалы начарлап кеткенин билдиришти.

Өз өлүмүн күтүп жашаган акындар. Кагазга оролгон табият мыйзамы. Күбөсү күбүлгөн жолборс териси.


Быйыл алп акын Алыкул Осмоновдун 95 жылдык мааракеси. Бирок ал мамлекеттик деңгээлде белгиленбей калды. Ушул күнгө карата алыкулчу Памирбек Казыбаевдин багыттоосу менен акындын архивдик материалдарын, ал тууралуу жазылган эскерүүлөрдү карап отуруп Алыкул өз элине акын катары эле эмес, баскан жолу, адамдык бийик касиеттери, атуулдук позициясы да үлгү инсан экенине толук ишендим. Ар бир кыргыз өз […]

Шаңы өчпөгөн Шамшы Калдаяков


Гимн – бул өзгөчө жанр. Анын тарыхы Байыркы Грециядан башталган. ХIV кылымдан тарта гимн официалдуу мамлекеттик иш-чараларда, маанилүү жарандык актыларда көп колдонула баштаса, учурда гимн мамлекеттик атрибуттун бир бөлүгү экени талашсыз. Андыктан гимндин музыкасы салтанаттуу, улуу, угумдуу, жүрөккө жакын, жугумдуу болушу кажет. Гимн музыкасынан улуттук рух байкалып, ал жаранга мекенчилдик дем берип турушу керек. Азыр […]

«Манастаануу» окуу китеби жарыкка чыкты


Жаңы жыл алдында жогорку окуу жайлары үчүн өзүнчө жаңылык деп айтаарлык,саамалык болду. ЖОЖдордун студенттери үчүн көптөн күткөн “Манастаануу” окуу китеби жарыкка чыкты. Жогорку окуу жайларына “Манастаануу” сабагы киргизилип, бирок студенттер аталган сабакты окуу китебисиз окуп жатышкан. “Манастаануу” боюнча студенттердин курч муктаждыгына жооп берип, окуу китебин белгилүү окумуштуу Советбек Байгазиев жазып берип отурат. Илимпоздун патриоттук демилгесине […]

Жайсаң Үмөт уулунун 10 томдук «Айкөл Манасы» Интернетте


Жайсаң Үмөт уулу айткан «Айкөл Манастын» 10 томдугу толугу менен «Биздин.KG» сайтына жайгаштырылды. Аталган сайт билдиргендей, китептердин электрондук тексттери менен “Бийиктик” басмасы камсыз кылган. Белгилей кетсек, бул китептер “Бийиктик” басмасында 2009-жылы басылып чыгарлыган болчу. Китеп менен таанышкысы келгендер бул жерге кайрылгыла. 

Түркияда өткөн эл аралык айкелчилердин симпозиумунда Б. Арыковдун эмгеги эң мыкты деп табылган


Түркияда өткөн эл аралык айкелчилердин симпозиумунда кыргызстандык Бообек Арыковдун эмгеги эң мыкты деп табылып, атайын сыйлык менен сыйланган. Бул тууралуу “КАБАР” маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм искусство музейинин директору Юристанбек Шыгаев билдирди. Анын айтымында, Бообек Арыков симпозиумда “Манас тамгасы” композициясын жаратып, калыстар тобунун жогорку баасын алган.

Бөлмөсү тар, руханий жактан бай актер


Догдурбек Кыдыралиев “Ак илбирстин тукуму” тасмасында Кожожаштын ролун ийгиликтүү аткарып элге таанылды. Бирок кыргыздарда ага ылайыктуу эпикалык жанрдагы кино тартылбай, анын актерлук шыгы толук ачылбай калды. Ошол эле маалда ал Казакстанда он бешке чукул киного түшүп, беш көркөм тасмада башкы каармандардын образын түзө алды. Догдурбек Кыдыралиев сүрөтчүлүк, актерлук кесибинен бөлөк ырчылык, устачылык, мергенчилик өнөрдү аркалап келет.

Кыргызстан: “Тил кербени” өкмөткө берилди


Мамлекеттик тил комиссиясынын башчысы Азимжан Ибраимовдун айтымында, “Тил кербени” кыргыз тили кысымга учураган, абалы оор, тил мыйзамы үйгүлтүккө учураган аймактарда, шаарларда болуп кайткан. Негизинен мамлекеттик мекемелердин иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүсүнө көңүл бурулган.

“Айкөл Манас” дастаны үч тилде сүйлөйт


Жумгалдык Бүбүмариям Муса кызы коомчулукка тартуулаган “Айкөл Манас” дастанынын 10 томдугу эл оозуна алынып калды. Дастандын 1-тому орус тилинде чыкты. Казак, англис тилдерине да которулууда. Кыргыз элинде ар бир доорго, мезгилге ылайык өзүнүн дастанчы, манасчылары болгон. Кеңеш доорунда да залкар манасчылар Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин айтуусундагы “Манас” дастаны коомчулукка жеткен.

ТАЙТӨРӨ АТАНЫН ТОРКОЛУУ ТОЮ


Тажикстандан Чүй бооруна көчүп келген кыргыздар 11-декабрь күнү Ивановка айлында белгилүү этнограф, жазуучу, фольклорист Тайтөрө Батыркуловдун 88 жылдык юбилейин белгилеп, ызаат-сыйын көрсөтүштү. Мааракеде Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Асомудин Саидов, Кыргыз Республикасынын эмгек, жумуштуулук жана миграция министринин орун басары Алик Байбориев куттук сөз сүйлөп, белектерин тартуулашты. Тайтөрө агайды куттуктайбыз деп сөз сурагандар абдан көп болду. Өмүр […]

"Окуучуларга англис тилин үйрөнүүгө шарт түзөбүз"


“Кыргыз жер” илимий агартуу коому тил үйрөнүүчүлөр үчүн англисче-кыргызча-орусча жана кыргызча-англисче сөздүгүн чыгарып, мектептерге жеткире баштады. Бул сөздүк мугалимдерге окуучуларга, студенттерге англис тилин үйрөтүүдө көмөктөш болмокчу. Аталган сөздүктүн өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары тууралуу сөздүктү түзүүчүлөрдүн бири, “Кыргыз жер” коомунун төрагасы Эдилбек Сарыбаев “Кутбилимге” курган маегинде айтып берди. – Мындай сөздүк мектеп окуучулары үчүн биринчи жолу чыгып […]

Уркаш Мамбеталиев, манасчы, КРнын эл артисти: "75 жашка куру кол келген жокмун…"


Кыргыз искусствосунун тунгуч карлыгачтарынын жолун улап, алардын ар бир басып өткөн изин жандандырып, ага жаңыча көрк кошуп, улуу “Манас” эпосунун өнүгүүсүнө зор салым кошуп, күнү-түнү күпүлдөтө Манас айткан айтылуу манасчы Уркаш Мамбеталиев агайды кимдер билбейт. Кыргыз рухунун туу чокусу болгон “Манас” эпосун жандандыруучулардын бири болгон, бүгүнкү материалдык байлык басымдуулук кылган кыйын күндө, эзелтеден келе жаткан […]

Уктап жатып "Манас" айткан Нурбек


Калыбек уулу Нурбек 1989-жылы 29-декабрда Ысык-Көл областынын Тоң районунун Ак-Өлөң айылында туулган. Азыркы учурда 20-лицейде 1-курста окуйт. Нурбектин талантын угуп, атайын маектешүү үчүн бардык, “Манас” айтканын карап отуруп, бир чети аяп, бир чети белгилүү манасчылардан кем калбаган талантына баа берип кайттык. – Нурбек, Саякбай Каралаевдин небереси болом деп атасың, кандайча небереси болоруңду айтып берсең? – […]

Акын аялдар


Бактыгүл Чотурова, акын, журналист: “Кийинки күндөрү сүйүү ырларын көп жазып жүрөм” Гүлжамила Шакирова ,акын, журналист: “Мен ыр кубалап кеткен кишимин да” – Акын аялдардын күйөөлөрү ыр жазба деген учурлар болот эмеспи, ошондой учурлар сиздерде болду беле? Б.Ч: – Андай ыр жазба деген учурлар көп эле болгон. Гүкүшбайды билбейм (күлүп) Г.Ш: – Мен ыр кубалап кеткен […]

"Кыргызда этнография, фольклор деген жок"


Кыргыздын нукура элдик күүлөрүнө жан киргизген, белгилүү комузчу Кенжебек АЛДАЯР комузду аалам кереметтеринин бири дейт. Комуздун эл билбеген касиеттерин, сырларын, өзүнүн жараткан чыгармаларын айтып берди. Эскерте кетсек, Кенжебек мырза чыгарган жүзгө жакын обон-күүлөр бар. Жакында саясый партиялар уюштурган сынакта ал жараткан чыгарма башбайгеге ээ болду. – Кенжебек мырза, эл сизди комузчу катары таанышат. Балким талантты […]

Өнөргө жаралган Өтөбаев


Мен кыргыз элинин жүрөгүнө өзүнүн музыкалары менен тереңден орун алып, дүйүм журттун дүйнө көңүлүнөн түнөк тапкан чыгармачылык диапозону кең айкөл, эки инсанды билем. Ал: Рыспай Абдыкадыров жана Шамшыбек Өтөбаев. Эгер кыргыздын патриоту болбосо “Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт” деген сөздүн түз эле маанисинде Гимн жаралат беле?! Мен бул ырды таңкы беште туруп КРнын Гимнинен мурун […]

Олжобай ШАКИР: "Заказ менен жазылган чыгарма окурманга сиңбейт"


– Олжоке, кийинки убактарда калемгерлер арасынан көп көрүнбөй калдыңыз, кайсы коңулга кирип кеттиңиз? – Көпчүлүккө көрүнүп жүргөндө эмес, көмүскөдө бекинип жүргөндө көзгө көрүнөр көп нерселер жаралат. Көп жылдар бою батирден батирге көчүп, өзүмдү Жюль Ренардын “Акынга батирден батирге көчүп жашаган куп жарашат” деген кеби менен канча сооротуп келдим. “Кедейди көчкөндө көр” болуп, канча мүшөк китептер […]

Орхон-Енисей жазуулары кимдики?


Бүткүл түрк элдеринин, алардын ичинде кыргыздардын байыркылыгын, уңгусун, түптүү маданиятын, цивилизациясын далилдеген Орхон-Енисей жазуулары деп аталган, 13-15 кылымдык тарыхтын күбөсү болгон жазма адабий тилибиздин барлыгын азыркы дүйнө тааныган. Ал жазууларда тарыхыбыз таш бетине жазылып, доорлордун түпкүрүнөн бери өчпөй келет. Кыргыз улутунун руху, тарыхый-маданий дөөлөтү болгон ушул улуу мурасыбызды да кээде танганга чейин барып, кадыр-баркына жетпей, […]

Аксуубай Атабаев: "Менин үч "Арманым" бар…"


Кыргыз музыка дүйнөсүндө үркөр жылдыздай бир учурда келип, ырчылык, обончулук өнөрүбүздү кылымдардын сересине жетерлик деңгээлге көтөрүп кеткен таланттар саналуу гана. Булар 30-40-жылдары келген Атай, Муса, Калмурат, Бектемир, Шекербек. Ал эми 60-80-жылдарда Рыспай Абдыкадыров, Калыйбек Тагаев, Аксуубай Атабаев, Түгөлбай Казаков, Асанкалый Керимбаев ж.б. келишти. Бул салт дагы эле уланууда. Бүгүнкү чыгып жаткан обончу-аткаруучуларды жылдыздай жыбырап кетти […]

Мухтар Шаханов, Казак-Кыргыз Эл акыны: "Кыргыз эверести жана манкурттуктун кылымдык геометриясы"


Украин ССРине “Эл достугу” орденин тапшыруу салтанатынын Киевдеги жыйынында отурушкандар биринчи катчынын сөзүнө 35 ирээт кол чабышкан экен. Мындан анча деле көп өтпөй Казахстанда дың жерлерди өздөштүрүүнүн 20 жылдыгына карата (1974-жылдын марты) Брежневдин катышуусу астында чоң маараке өтмөкчү болот. Казакстан бул салтанатка өзгөчө дыкаттык менен даярдык көрө баштайт. Ал кезде Казакстан коммунистик партиясынын Борбордук комитетинин […]

"Айбийке сулуунун" айтайын дегени…


Акын, балдар жазуучусу, окумуштуу педагог, учурдагы “Алиппе” китебинин автору Сулайман Рысбаевдин балдар үчүн 20га жакын аңгеме, жомок китептери, 30га жакын методикалык эмгектери жарык көргөн. Анын чыгармалары өзбек, орус, немец, англис, испан жана француз тилдерине которулуп, кеңири алкакта дүйнөгө тартууланууда. Биз жакшы көрүп ырдап жүргөн “Уча бер өмүрүмдүн каркырасы” (обону К.Ашыралиевдики), “Биринчи коңгуроо”, “Балажан” (обону К.Эралиеваныкы, […]