Monthly Archives: Декабрь 2014


Ырчы Самара Каримова: “Мен дүйнөнү апам менен таанысам, мен апамды көйнөгүнөн тааныгам”


Күйөрман журтун жагымдуу авазы, көңүлдөн орун алган ырлары менен кубандырып келе жаткан ырчы айым Самара Каримова бүгүн бизде мейманда. Самара айым менен узап бара жаткан жылдагы ийгиликтери жана кичи мамлекетиндеги жагдайлары туурасында маек курдук. – Самара жылды кандай узатып турасың? – Кудайга шүгүр, бул жыл үй-бүлөм үчүн жемиштүү болду. Чыгармачылык жаатта жакшы чыгармаларым эл алдына […]

Маданий окуяларга мол жыл


Сапары карып бараткан жылдын маданий окуяларына саресеп салдык. Орчундууларын окурмандардын эсине салалы. «Курманжан Датка» кыргыз «чудосун»кайра тирилтти Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондон бери кыргыз киносундагы «чудо» жоголуп кеткенине кейип келдик эле. Албетте, 2011-жылы Бишкекте «Кыргызстан – кыска метраждуу кинофильмдердин өлкөсү» аттуу эл аралык кино фестиваль өтүп, биздин кино режиссерлордун 60-70 пайызы жеңишке ээ болгон. Бирок, «Курманжан […]

А.Сарманбетов. “Кара шаршемби”


(аңгеме) Бул жолу да мурдагыларынан эч айырмасыз, кадимки жазгы таңдардын бири ак мөңгүлүү, алп тоолордун артынан шашылбай агарып, атып келатты. Анын бүгүнкүсү өзгөчө, тарыхий болорун ким билиптир?! Эч ким  күтүп, боолгогон эмес. Күнчыгыш, дегеле төбөдөгү асман чылк бозоруп, чаңдуу. Ак жаан жүрчүдөй аба ным тартып суз, ичиркенткен муздак. Күн көрүнбөй, боз туман артынан күңүрт жылтырайт, […]

Өзү унчукпай, чыгармалары чыңырган жазуучу


– Өскөн ага, 80 жашка келгенде балалык кез кандай эскерилет? – “Жетим” деген сөздүн аталышы эле кандай жаман. Атам мал багып, жылкычы, чабан болгон. 1944-1945-жылдары Кыргызстандагы колхозчулардын биринчи курултайынын делегаты болгон (Өскөн ага үйдүн дубалында илинип турган атасынын Ардак грамотасын көрсөттү). 1946-жылы депутаттыкка көрсөтүлүп, бирок, ага жетпей каза тапты. Андан үч ай өтпөй апабыздан айрылдык. […]

Чынчыл акын чын дүйнөгө кете берди


Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тургунбек Бекболотовдун сөөгү бүгүн кичи мекенинде жерге берилди. Адабиятка кечигип келип, бирок аз жыл аралыгында поэзия күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө татыган акын 66 жаш курагында оорудан улам 23-декабрда дүйнө салган. Тургунбек Бекболотов акыркы жылдарда адабий чөйрөгө өзүнө гана таандык мекенчилдик үнү, ыр куроо стили менен […]

Улуу устат, соолубас казына – Токтогул


“Назар манасчы камчынын бүлдүргүсүн эт бышым айткан, Жеңижок акын аккан сууну жети күн ырдаган деген сөздөр” эл ичинде айтылып келет. Мунун өзү кыргыздар сөз өнөрүн жогору баалап: “Өнөр алды кызыл тил” деп баа бергенинен, теги манасчылык, (жомокчулук, эпос айтуучулук) жана акындык (төкмөлүк, ырчылык) өнөрдү бийик тутканынан кабар берет. Эми ошол улуулардан калган баалуу чыгармалардын толук […]

Наристе Алиева: Адам жан дүйнөсү тынч болуш үчүн өзү аракет кылыш керек


“Булуттар” тасмасында образ жараткан Наристе Алиева Кыргызстанга биринчи жолу видео-поэзия деген түшүнүктү киргизген. Он беш жашынан баштап ыр жазган Наристе Алиева көп кырдуу таланттын ээси. Он жети жашында АКШдагы Бостон университетинде графика живописи боюнча окуудан өткөн. “Булуттар” тасмасында образ жараткан Наристе Алиева Кыргызстанга биринчи жолу виде-поэзия деген түшүнүктү киргизген. – Наристе, чыгармачылык жолуңузду эмнеден баштадыңыз […]

Зинакан Пасаңова. “Сен эмген эмчек”


(аңгеме) Ноябрдын он бешинде бейшембиден жума күнгө оогон түнү сени эмчектен чыгардым, уулум. Ушул түнү атаңа бөлөк төшөк салып берип, өзүңдү койнума алып жаттым. Балалык турмушуңдагы эң таттуу жыргалың болгон эненин ак сүтүнөн ажырардын алдында кумарың канганча ээмп алсын дедим. Баламды акыркы жолу эмизип жатам деген ойдон өзүмдүн каңырыгым түтөп, ыйлагым келип турду. Бирок, эне […]

Акын Тургунбек Бекболотов көз жумду…


Уккан кулагыма, көргөн көзүмө ишенбей турам. “Эркин тоо” гезитинин сайтына ушундай аталыштагы жаңылык чыгыптыр. “Белгилүү акын, Байдылда Сарнагоев атындагы сыйлыктын лауреаты Тургунбек Бекболотов узакка созулган оорунун айынан 2014-жылдын 23-декабрь күнү 66 жаш курагында жарык аалам менен коштошуп кете берди…” – делет анда. Мен үчүн Тургунбек агай учурдагы кыргыз поэзиясынын бирден-бир сыймыктанаар, түздөнөөр, таянаар Таланты, Жылдызы. […]

М.Орлова: Кыргыз тилин үйрөнөмүн, Же эмне үчүн кыргыз тилин үйрөнүп жатам


Жакында эле Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Эрматовдун колу менен кыргыз тилинин баштапкы курсун уккандыгым туурасында күбөлүк алдым. Фэйсбук баракчасына жайгаштырган документтин сүрөтү өтө көп пикир жаратты. Албетте, анын көбү, жактагандар. Ал эми достордун арасынан минтип сурагандар да болду: «А эмне үчүн кыргыз тилин?Мындай чектелген тилди үйрөнүү үчүн акча, убакыт коротуунун зарылдыгы барбы». Бул […]

А.Сарманбетов. “Баатыр-Таш баяны”


(аңгеме) – Чоң ата, биздин баба-буваларыбыз ким, кандай адамдар болгон? – Элим деген эрлери көп… өз менен өзгөлөрдүн кадырына жете билген өтөлгөлүү баатырлар чыккан экен… – А сиз, элиңиз үчүн эмне кылдыңыз? – …?! Кереметтүү Каркырадан санжыргалуу Санташка чыга келип, көл тарапка ат чурата барганда, бата тарткан алакандай жайылган жайыктын бетинен жалгыз бозүйдөй көмкөрүлгөн заңги […]

Кыргыздардын жоголгон жазууларын кайра жаратууга болобу?


Совет мезгилинде, кыргыздарда 1917-жылга чейин эч кандай жазуусу жок болгон деген стереотиптүү пикир болгон, деги эле кыргыздардын бардык тарыхы совет мезгилинде калыптанып башталган деп эсептөө керек эле. Партиянын идеологдору жалгыз гана легендарлуу «Манас» эпосунан гана баш тарта алышкан эмес, анткени ал эл арасында оозеки формасында жалпы тарап кеткен. 1990-жылдардан баштап, коомдо өзүнүн тарыхына, тилине, маданиятына […]

Килкилдектин дагы үч рецепти


Жаңы жылга аз гана убакыт калды. Майрамдык дасторкондо сөзсүз килкилдекти кезиктирсе болот. “Кыргыз даамы” баракчабызга килкилдекти жасоонун жаңы дагы үч рецептин кошуп койдук. Аны “Супер.КГ” сайтынан алдык. Тамагыңар таттуу болсун!!

Нурпаис Жаркынбай


Нурпаис Жаркынбай 1939-жылы 15-январда Жумгал районунун Кара-Чий кыштагында туулган. 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, окуу жайды аяктаары менен «Ленинчил жаш» гезитинде корректор, адабий кызматкер, бөлүм башчы, редактордун орунбасары болуп көп жыл эмгектенген. 1973–1975-жж. Москвадагы Жогорку партиялык мектепте журналистика факультетин аяктап, 1975–1986-жж. «Кыргызстан коммунисти» жур-налынын илим жана маданият бөлүмүнүн редактору, 1995-жылдан республикалык «Советтик Кыргызстан» […]

«ПОЭЗИЯ – МУУНДАРДЫ БИРИКТИРЕТ»


Акын жана коомдук ишмер Жолон Мамытовдун 75 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзу жана Жолон Мамытоватындагы «Жаштарды колдоо» фонду биргеликте «Поэзия муундарды бириктирет» конкурсун өткөрөт. Конкурстун шарты: 28-декабрга чейин китептерди сынакка тапшыруу. Сынакка кенже жана орто муундагы акындар катыша алышат. Улуу муундар сынакка түшкөн чыгармаларга баа берип, жеңгендерге байгелерин тапшырат. Номинациялар: Жолон калеминин мураскери […]

М.Сатыбалдиев. «Терек»


(аңгеме) Үйүнө жетип калган. Ушул учурда дал маңдайдан чарт эткен чагылган уюлгуган кара булуттарды как жарып, жылып келаткан кечки иңирди көз ирмемге жаркытып өттү. Шапалактай чубалжып, ийрелеңдеген чагылган оту асман менен жерди тепчип барып, туңгуюкка сөндү. Анын артынан кулак тундурган күркүрөк угулду. Таман алдындагы жер дирилдеп кеткенин сезди Эркингүл. Жарыктан көзү тунара түшкөн эле. Бүрүшүп […]

А.Сарманбетов. “Бакталаш»


(аңгеме) – Ата! Биздин бакты кыйып жатат! Тиги… бу… Акмат!..- деп, кичүү небереси анталаңдай үйгө жүгүрүп кирип күтүүсүз жерден калайман салып жиберди. Төрдөгү көрпө төшөктө жамбаштай жатып, бейкапар китеп окуп аткан Бектур карыя баш-аягы жок сөздөн эч нерсе аңдай албай тестиерине элтейе карап: – Эмне дейт? Ким? Кайсыл бакты?..- деп, чочуй баш көтөрдү. – Жанагы… […]

Баатырдык, атак-даңк, сыйлык-наам, Сүймөнкул, Шербет жана ден соолук тууралуу кеп


Баатырдык жөнүндө кеп кылардан мурун төмөндөгү фактыны эске түшүрүп алалы: “Советтер Союзунун Баатыры-мамлекет алдындагы эрдиги үчүн берилчү жогорку даражадагы ардактуу наам. СССР БАКтын 1934-жылы 16-апрелдеги токтому менен бекитилген… Бул наам биринчи жолу 1934-жылы “Челюскин” кемесинин экипажын сактап калган советтик учкучтар- М.В.Водопьяновго, И.В.Доронинге, Н.П.Каманинге, С.А.Леваневскийге, А.В.Ляпидевскийге, В.С.Молоковго жана М.Т.Слепневго берилген” (КСЭ,5-том, 344-бет). Экинчи факт: “Социалисттик Эмгектин […]

Дисктерди көп санда чыгарууга каражат жетишсиз


“Манас” эпосу боюнча 2017-жылга чейин беш манасчынын айтуусунда дисктер чыгарылат. Анын учурда үчүнчүсү жарык көрүп жатат. Алардын ар бирине 500 миң сомдон акча каражаты бөлүнгөн. Бирок ишти толук аткарууга бул каражат жетишсиз – дейт манасчы Рыспай Исаков. 19-декабрда КР өкмөтүнүн алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан чыгарылган «Манас» эпосунун белгилүү манасчы Замирбек […]

Дарак өспөгөн, чымчык учпаган жерде


Жакында Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин эксперти Салтанат Бараканова ушул экспедициянын курамында боордошторубуздун абалын жакындан көрүп келди. – Сиз памирлик кыргыздарга мурда да бир нече ирет барган элеңиз. Бул жолу эмне алып бардыңыздар, жолуңуздар шыдыр эле болдубу? – Бул төртүнчү экспедиция. Биринчиси – 2008-жылы […]

Боз торгой болуп жүрөгү…


Ыр жандуу элибизден чыккан таланттуулардан өзүнүн татыктуу ордун ээлеген, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамына татыктуу болгон, азыр карыялык курактын кубанычын ырына кошуп турган Нурпаис Жаркынбайдын чыгармачылык жолун жаш чагымдан тарта билем. Студенттик турмуштун алгачкы күндөрүндө экөөбүз тең тууганчылык жайыбыз бар экенин билбей жүрдүк. Көрсө, Нукем ата-энесинен эрте ажырап, эже-жездеси Жамийла менен Сатаалы тарбиялап, […]

Олжобай Шакирдин аңгемелер жыйнагы жарык көрдү


Бул сайттын ачылышынын демилгечилеринин бири чоң акын жана да чебер жазуучу Олжобай Шакирдин аңгемелер жыйнагы жарык көрдү. Ал өзү билдиргендей, жыйнакка 26 аңгеме, 1 повести кирген. Жыйнак кийинки жумадан тартып китеп дүкөндөргө түшмөкчү.  

А.Сарманбектов. “Айбанталаадагы адам”


(аңгеме) Замандаш агам Эсенбек Абдрасуловго арнаймын Адам баласыбы, же айбаны болобу, канчалык карек чаргытып караса да көз курчу акыр-чегине чейин толук камтый алгыс казактардын даркан талаасы тээ, алыстан кылайып чыккан күндүн кыйгач тийген алсыз нурларынан чукурана ойгонуп келатты. Кыш. Аяздын алгачкы күндөрүнөн эле кук эткен кузгуну да, как эткен каргасы да караан үзүп качып кетчү […]

Мусакун Сатыбалдиев. «Жанотсуз көздөр»


(повесть) Негедир ал чочуп ойгонду, бир жерине күтүлбөгөн жерден шыркыраган кызыл чок тийип кеткендей, бүт денеси дирт этти, кудум азоо ат жалт эте үрккөндөй. Ал тургай эки кишилик  кенен польша диваны да кошо үрккөнсүп, кыймылдап кетти. Демейде былк этпеген неме эми түйшөлгөндөй кычырай түштү. Колун башынан ашыра созуп, өзү жакта турган чакан, айнектен жасалган тумпочканын […]