Monthly Archives: Январь 2013

Гүлзура Жумакунова: “Элим баалаган эмгегим эң баалуу сыйлыктан жогору”


Анкара университетинин профессору, доктор Гүлзура Жумакунова кыргыздын тил жана адабият таануу илимдерине бараандуу салым кошуу менен Кыргызстан-Түркия мамлекеттеринин арасында илим, маданият жаатында көпүрө курган окумуштуу айымдардын башында турат. Ал 1993-жылы Анкара университетинин чакырыгы менен Түркияга келген. Ошол мезгилден бери Анкара шаарында жашап, аталган окуу жайдын Тил жана тарых-география факультетинде окутуучу болуп эмгектенет. Ошондой эле 50 […]

Бир ырдын сынагын утуп Пегас мингиң келеби?


“Жаңы Агым” гезити менен республикалык “Айтыш” коомдук фондунун “Калемгер” адабий клубу жаш таланттарды колдоо максатында “Калемгердин Пегасы” аттуу бир ырдын сынагын жарыялайт. Жобо боюнча сынакка катышуучулардын жаш курагы 30 жаштан өтпөш керек. Ошондой эле сынакка катыша турган чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбоого тийиш. Жөнөтүлгөн ырлардын көлөмү төрт саптан элүү сапка чейин болуп, ар бир автор […]

Кыргыздын белгилүү инсандарына арналган фотокөргөзмө


Фотокөргөзмөнүн ачылышы: 01.02.2013 жыл саат 16-00 Фотокөргөзмөнүн мөөнөтү: 01.02.2013 жылдан 16.02.2013 ге чейин Өткөрүлүчү жай: Бишкек шаары, Ю. Абдрахманов көчөсу 196, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музейи. Көргөзмө: белгилүү инсан, дүйнөнүн чемпиону Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арнап иниси Орунбек Санатбаев тарабынан активдүү уюштурулду.

Арман…


АРМАНГА АЙЛАНГАН ТАГДЫР. БИЙИК ТОО, АСМАН, ААЛАМГА, БИРИНДЕП КЕТКЕН КЫРГЫЗДАР! БИЛИНБЕЙ КЕЛИП БУЛ ЖАШООГО, БИР ЖАНЫП ӨЧКӨН «ЖЫЛДЫЗДАР!».. Таланттуу обончу жана аткаруучу, бул өмүргө өзгөчө бир “жарк” дей түшүп кайра “жалп” өчкөн чыныгы “жылдыз” Чубак САТАЕВ тирүү болсо өткөн 13-январда 53 эле жашка чыкмак. 20 жыл мурун болгону 33 жашка чыгып чыкпай, таланты ташкындап турган […]

Бишкекте акын жана котормочу Таштанбек Чакиевдин “Өзөн жээгиндеги үй” аттуу котормолордон турган поэтикалык жыйнагы жарык көрдү


Китеп Саади, Хафиз, Р.Бернс, А. Ахматова, А.С.Пушкин өңдүү дүйнөлүк классиктер менен бирге кыргыз журтчулугуна аты-жыты анчалык тааныш эмес акын кыздардын тандалган чыгармаларынан турат.Бишкекте акын жана котормочу Таштанбек Чакиевдин “Өзөн жээгиндеги үй” аттуу котормолордон турган поэтикалык жыйнагы жарык көрдү. Китеп Саади, Хафиз, Р.Бернс, А. Ахматова, А.С.Пушкин өңдүү дүйнөлүк классиктер менен бирге кыргыз журтчулугуна аты-жыты анчалык тааныш […]

Электрондук китепкана ачылат


Республикабыздын Маданият министрлиги үстүдөгү жылы электрондук китепкана ачканы турат. Өлкөдөгү 1055 китепкананын 928и айылда болуп, чанда гана китептер менен камсыздалып турат. 2011-жылы китепканаларга 2 миллион 79 миң сом гана бөлүнгөн. Аталган министрлик электрондук китепкананы каржылоо мыйзамын ушул жыл ичинде иштеп чыгууга ниеттенүүдө. “Кыргызстандын жаңы адабияты”

Эчен жоонун мизин майтарган Тайлак баатыр


Кыргызстандын эгемен мамлекет болгонунун бир чоң пайдасы – улуттук тарыхыбызда аты жакшы аталбай, аталса да ооз учунда гана айтылып, илимий жаткан жетиштүү баасын албай келген улуу инсандарыбызды кайрадан жандандырдык, тарыхыбыздан тиешелүү орун таап бердик. Деле кийинки чейрек кылым доорду тарых илиминин Ренессанс доору, Кайра жаралуу доору деп атасак туура эле болчудай. Курманжан датка энебизден тартып […]

“Эки залкар, эгиз тагдырлар, эскирбес саптар…”


Жатарга жуук электр жарыгы жалп өчтү. Бу 15 жылдан бери мен туруктаган Бишкектин 12-кичирайонундагы өтө сейрек көрүнүш. Адам э-эй, соңку мезгилде адамзат жапырт айтып, бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой, дүйнө дүрбөсө кыргыз кошо дүрбөп, аябай каалап, тилеп аткан (тилегиң ылайым таш капкыр!) “акыр заман алааматы келип калдыбы?” деп, чочуп кеткеним. Себеби, бөйрөгүнүн […]

Айкөл Манас атайын Академияга муктаж!


Адамзат тарыхында, жандүйнөсү жабыркаган, ата-бабалардан кеткен ишениминен, элдик баатырлардын элес-эстеликтеринен ажыраган руханий жана жан азабы кулчулугунан өткөн кулчулук жок. Ушул экөө айкалышын келип, бүтүндөй калктын маданияты, салт-санаасы, үрп-адаты, жалпы ой-жүгүртүү деңгээлине, жашоо тиричилигине, өткөн-кеткен турмушу менен этнографиясына орду толгус зыяндарды алып келет. Бир сөз менен айтканда, мунун баардыгы улуттун эс-тутумун, тилин талкалап, өзүн жок кылууга […]

Кыргыз улуттук адабиятын колдоо жана өнүктүрүү максатында Чынгыз Айтматовдун Эл аралык “Ысык-Көл форумунун” колдоосу алдында “Турар” басмасы жана “Жаңы Ала-Тоо” адабий журналы 2012-жылдын 10-ноябрынан тартып мыкты прозалык жана поэзиялык чыгармаларга, котормолорго эл аралык “Арча” сыйлыгынын конкурсун жарыялайт


Конкурстун шарттары: 1. Чыгарма мурда жарыяланбаган жана китеп болуп чыкпаган болуусу тийиш. 2. Конкурстун мөөнөтү: 2012-жылдын 10-ноябрынан тартып 2013-жылдын 1-мартына чейин. 3. Авторлор чыгармасын жашыруун адабий ысмын коюу менен кагаз жүзүндө үч нускада жана сыртына автордун адабий ысмы жазылган конвертке салып — электрондук вариантын диск түрүндө (чыгарманын түп көчүрмөсү, автордун сүрөтү, кыскача өмүр баяны жазылып) редакцияга тапшыруусу […]

Рыспай Исаков: Транска кирген убакта өзүмдү токтото албайм


Былтыр жыл соңунда манасчылар арасында сынак өтүп, жыйынтыгында мыктылар тандалып алынган. Конкурстун байге фонду 1 миллион сомду түзүп, анда 3 жеңүүчү аныкталды. Баш байгени жеңип алган Рыспай Исаков жеңишке жетүү оңойго турбагандыгын жашырган жок. «Манас» айтуудагы өзгөчөлүктөр, айырмачылыктар туурасында маек куруп, тажрыйбасы менен бөлүштү.

Алтынбек Исмаилов: Өз эне тилиңен өзгө тилге ыр оодаруу оңой-олтоң иш эмес


Алтынбек Исмаилов – жаш болгону менен учур адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, акын жана котормочу. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин мугалими. «24.kg» агенттиги мындан ары өнөр өстөнүндөгү жана адабият айдыңындагы дүбүртү жаңырган жаштарды тааныштырып турууну эп көрдүк. – Адабият астанасын аттагандан бери бу дүйнөдө эмнени түшүндүң? – Бул тармакка баш баккандан бери аздыр-көптүр адабиятты, анын өзөгүндө жаткан АДЕП, УЯТТЫ […]

Кор болгон хор искусствосу


Адам ата, Обо эненин доорунан бери эле ыр адам баласынын жан жыргалы. Адам баласы жаралгандан бери кайгы-кубанычын, азап-тозогун, жеңишин, деги эле бардык көйгөйлөрүн ырга салып, ошол ыр аркылуу элге жеткирип, андан ырахат алат. Ыр – бул адам баласынын жандүйнөсүнөн ыргалып чыккандыктан, ошол адамдардын энергетикасын кошо ала жүрөт да, башка адамдарга таасир эте алат. Биз бу […]

Жыпар Исабаеванын эки повести кошулду


Жыпар Исабаеванын өз баракчасына анын “Махабат мазары” жана “Кумайык” деген повестттери кошулду. Чыгарманын аталышын бассаңар аны pdf форматында окуй аласыздар. Ылдыйда “Махабат мазары” повестинен үзүндү сунуштайбыз. Махабат мазары   Аз жашап, чоң сүйүүгө кезиккендер, Ээрчишип эгиз учуп кетишкендер. Мазары МАХАБАТТЫН болоор дайым – Экөөңдү кучагына бекиткен жер!.. (Автор) Бир күнү иштен келсем, тун кызым китеп окуп отуруптур. Кабагы бүркөө, көздөрүндөгү […]

«Мен сүйгөн кыргыз макалы» жаштардын эссе сынагы…


«Тынчтык борбору» Коомдук Фонду, Руханий биригүү демилгеси, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссиясы жана «Рухий талкуу» жаштар демилгеси «Рух кыймыл-аракетте: Кыргыз Өзөгү» долбоорунун алкагында Кристенсен Фондунун колдоосу менен «МЕН СҮЙГӨН КЫРГЫЗ МАКАЛЫ» жаштардын эссе сынагын ЖАРЫЯЛАЙТ.

Жыпар Исабаеванын эки повести кошулду


Жыпар Исабаеванын өз баракчасына анын «Махабат мазары» жана «Кумайык» деген повестттери кошулду. Чыгарманын аталышын бассаңар аны pdf форматында окуй аласыздар. Ылдыйда «Махабат мазары» повестинен үзүндү сунуштайбыз. Махабат мазары Аз жашап, чоң сүйүүгө кезиккендер, Ээрчишип эгиз учуп кетишкендер. Мазары МАХАБАТТЫН болоор дайым – Экөөңдү кучагына бекиткен жер!.. (Автор) Бир күнү иштен келсем, тун кызым китеп окуп отуруптур. Кабагы бүркөө, көздөрүндөгү каканактаган ысык жаш […]

ЫР СЫНАК. «Асыл инсан – Пайгамбарым Мухаммед»


Түркия элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчилиги элге таанымал 20 жаштан жогорку акындардын арасында демине дем, шыгына шык кошууну, ошондой эле Пайгамбарыбыз Мухаммед саллаллаху алейхи васалламдын инсандык жаркын бейнесин, үлгүлүү асыл сапаттарын жаамы журтка ырдын күчү аркылуу чагылдырууну максат кылып ыр сынак жарыялайт.

Салижан Жигитовдун сабактары


(Уландысы. Башталышы) КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЖАРАЛГАНДА ЭЛЕ БАНКРОТ БОЛЧУ, МЕН ЭМИ БАНКРОТ БОЛДУМ – Салижан Жигитович, тактап алалычы, эмне үчүн жаралелек жатып эле банкрот? -Анткени ал табигый жаралган жок да. Табигый нерседе эч кимдин чатагы болбойт, сааты чыгып, күнү тууганда жарала берет. Кыргыз жазма адабияты жасалма, Совет өкмөтүнүн амири менен кылычы менен бүткөн, жаралган кубулуш. Коммунисттик идеяны ар […]

Улуу даанышмандын «беш жылдызы»


Ушул күндөрү дүйнөлүк алкакта  870 жылдыгы чоң урмат-сый менен белгиленип жаткан бир боор азербайжан элинин, ошону менен бирге жалпы эле түрк тилдүү элдин улуу уулу, ойчул акыны, аалымы Ганжалык Низаминин (1141-1209) арбагына таазим этип, анын түбөлүк оттой жанып турган өчпөс мурастары менен кайрадан кездешип отурабыз.

Кара Молдо – керемет күүлөрдүн генийи


1928-жылы Кыргызстандын чар тарабынан элге аты угулуп, атүгүл атактуу даражага жеткен төкмө акындар, комузчулар, ырчылар, чоорчулар, кыякчылар дегендей таланты ташкындаган өнөрпоздор кары-жашына карабай Фрунзеге чакыртылып, кароо мелдеш өткөн. Кабар маалында жетпегендиктенби, же жолдун татаалдыгынанбы, айтор, бир-эки күн кечигип, Токтогул да келет кароого. Кечиккенин шылтоолоп, Токоңду кароого катыштырбай коюшкан имиш. Катышпаса да калгандардын баарын угуп-көрүп, калыс баасын айтып […]

КТРКдагы музей жана ачылган алтын казына


Жылдын акырында Коомдук телерадио корпорациясында кылымдарды камтый турган эки бирдей иш-чара өттү. Биринчиден, КТРКнын музейи ачылып, анда 81 жылдык тарыхы бар мекемеде иштеген залкар таланттарга тиешелүү буюмдар, кол жазмалар, сүрөттөр, дегеле өткөн кылымдын өтө баалуу мурастары орун алган. Кыргыз маданиятындагы экинчи бир чоң жаңылык: музейдин ачылышы менен кошо КТРК тарабынан дардалган «Залкарлар күүлөрү» аталышындагы жыйнактын бетачары […]

Чолпонбек АБЫКЕЕВ, улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы, жазуучу: «Экономика ордунда эле турат. Эл башындагылар начар»


– Чолпонбек мырза, жыйырма жылдан бери өлкөбүз руханий кризиске кабылып келет. Андан чыгуунун жолдорун жазуучулар айта алабы? Чыгармачыл адамдар мындайда кандай жардам бере алат?  – Өткөөл мезгилди башынан өткөзүп жаткан биздей мамлекеттер үчүн руханий кризистин болушу бир чети мыйзамченемдүүлүк. Бизде бир коомдук формация толук талкаланып жаңысы курулуп жатпайбы. Коммунисттер бай-кедейи жок теңчилик коом курабыз деп жаратылыштын берген […]

Жыпар Акунованын жаңы ыр китеби


Жыпар Акунова өткөн жылдын аяк чендеринде өзүнүн жаңы ыр китебин чыгарды. Ал «Жүрөгүңө барчу жолду издепмин…» деп аталат. Акындын ырларын баалагандар, кызыккандар бул китепти бул жерден окуй аласыздар. КМБ

Токтобек Үсөнов. «Жеңе»


(аңгеме) Кечээтен бери эмнегедир өзүмдү жеңил сезип, бактылуу болуп, жүзүмдө күлкү уялап, көздөрүм жадырап, кыймыл аракеттерим да шайдооттонуп, кубанып жүрөм. Үйгө майда-чүйдө алайын деп, жумуштан соң капысынан эле “Народныйлардын” бирине кире калгам. Өзүмө керектүү нерселерди алып бүтүп, эсептешкени кассага келип, көргөн көзүмө ишене албай туруп калдым. Аны көргөндө, адегенде мурункудай чуркап барып мойнуна асылып, ошол […]

Токтобек Үсөнов. «Экөө»


(новелла) Адам дайыма бараткан өмүрүндө бир багытта, бир тарапты карап гана жашай берет. Эгерде ал бир аз абайлап, айланасын каранса, миңдеген жаңы багыт, алда-канча көп жашоо боекторун көрө алмак (Автор) Ал бүгүн дагы бул жерде калууну чечти. Колдору компютердин клавишасын тыкылдата терип, агент аркылуу келген каттарга жооп жазат. Бирине жооп берээри менен экинчи бирөөнөн кат […]