Monthly Archives: Май 2009

Айлакер бала


Илгерки заманда Багдад шаарында багар-көрөрү жок, бир тоголок жетим жашаган экен. Ал эл кыдырып тилемчилик жасап, өлбөстүн суусун ичип, өчпөстүн отун жагып, эптеп күн өткөрчү экен. Күндөрдүн биринде жетим бала адатынча эл кыдырып жүрсө, бир адам жолугуп: “Балам, кайдан жүрөсүң, атың ким?” дейт. Анда бала: “Атым – Айлакер, кайдан келгенимди, эли-журтумду билбеймин, ата-энем үч жашымда […]

Бактыгул Чокморов: "Атамдын тасмаларын көргөндө "жандүйнөм аңгырайт"


Үстүбүздөгү жылдын күз айларында залкар талант, сүйүктүү актер, жаркын жүздүү Сүймөнкул Чокморовдун 70 жылдык мааракеси белгиленгени турат. Биз ушул саныбыздан баштап ал тууралуу макала-интервьюларды, анын кыл калеминен жаралган эмгектерин, замандаштарынын эскерүүлөрүн, тасмаларынын тарыхын жарыялап турмакчыбыз. Бүгүн, анын уулу Бактыгул Чокморовдун атасы тууралуу эскерүүсүн берип жатабыз.

Жети атаңа чейинки бабаңдын ысымы ымыркайга коюлбайт!


Асыкбек Оморов (Чын Темир) Элибиз колдонгон миң багыттагы сөз казынасынын акыл менен рух маданиятына байланыштуу кыргыздын каада-салтын, наркын, жашоо салтын, жан дүйнөсүн, дилин, тазалыгын, сулуулугун, улуулугун, асылдыгын аныктоодо ар кыл, сан жеткис көп жактары бар. Ушул биз жогоруда айтып өткөн нерселердин бардык багытын билген адамды элибизде агартуучу деп коет. Чыгыш элинде, анын ичинде көчмөн калктарда […]

Спортсмен, мүнүшкөр Мирлан КАЛИЛОВ: "Салбурунду казактарга тарттырбайлы!"


Мирлан Калилов кичинекей кезинен эле спорт менен машыгып келет. Грек-рим күрөшүнүн чебери, бир топ эл аралык мелдештерде башкы орундарга татыган. Учурда Бишкектеги дене тарбия мектебинде машыктыруучу болуп иштейт. Андан сырткары, ит агытып, куш салып, улуттук салбурун оюнун жалпы журтчулукка таратып, үзүрлүү эмгектенип келет. Келечекте мүнүшкөрлөр менен чогуу салбурун федерциясын уюштуруп, Кыргызстанда эл аралык мелдештерди өткөрүп, […]

"Дүйнөдөгү бардык кыргыздар "өлкөдөгү окуялардан кабар алат"


Мирлан ДҮЙШӨНБАЕВ, “Kyrgyztoday.kg” интернет-телевидениесинин директору Кыргызстанда интернет мейкиндигиндеги маалымат каражаттары улам өнүгүп жатат. Жакында Кыргызстанда алгачкы жолу “Kyrgyztoday.kg” Интернет-телевидениеси өз ишин баштады. Бизге жаңылык болуп кирген жаңы форматтагы маалымат каражаты жөнүндө сурап, анын директору Мирлан Дүйшөнбаевге кайрылдык.

Нормативдик-укуктук актыларды кыргыз тилине которуу маселеси талкууланды


Бүгүн өкмөттүн аппартынын жетекчиси – министр Нурлан Айтмурзаев “Нормативдик-укуктук актыларды даярдоо жана кабыл алуу учурунда аларды кыргыз тилине которууну бир түргө келтирүү маселелери” боюнча иш кеңешмесине катышты, ал борбордук “Парк-отелдин” конференц залында өттү. Бул чараларга парламенттин депутаттарынан, президенттин администрациясынын жана өкмөттүн аппаратынын жооптуу кызматкерлеринен тышкары көрүнүктүү окумуштуу филологдор, окумуштуулар жана биздин өлкөдө аккредиттелген бир катар […]

"Манас Алманбетти кыргыздын салт-санаасы менен жашаткан"


Кытайдагы кыргыздардын ичинен өсүп чыккан чыгаан илимпоз, филология илимдеринин доктору, окумуштуу Макелек Өмүрбай агайыбыз Кыргызстанга келип калыптыр. Ушул келишинде дидар насип кылып, Макелек агай менен таанышып, бир топ пикирлешип калдык. Билимдүү деп мына ушундай адамды айтсаң эп келчүдөй. Кыргыздын кайсы таанымынан сөз баштаба ойлору так. Кулагыңдын моокуму канган жоопторду угуп, ыраазы болосуң. Агайдын сөздөрүн угуп […]

Бишкекте жаш сүрөтчүлөрдүн салт болгон ар жылкы көргөзмөсү ачылат


20-майда Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде жаш сүрөтчүлөрдүн салт болгон ар жылкы көргөзмөсү ачылат. Бул туурасында бүгүн “КАБАР” агенттигине экспозицияны уюштуруучу, прикладдык-сүрөтчү, Жаш сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү Шералы Сооронбаев билдирди. Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун жана Г.Айтиев атындагы сүрөт искусство музейинин 75 жылдыгына карата белгиленген көргөзмөдө жаңы баштаган 43 жаш чеберлердин, Жаш сүрөтчүлөр бирикмесинин […]

Эркиндикке ээ болгондон бери бардыгы болуп “Манас” эпосунун 9 тому чыгарылган


Суверендүү Кыргызстандын 15 жылынын ичинде бардыгы болуп “Манас” эпосунун 9 тому чыгарылган. Бул туурасында бүгүн “КАБАР” агенттигине Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун деректрии Абдылдажан Акматалиев билдирди. Анын сөзү боюнча бүгүнкү күндө жазма жана кыскартылбаган түрдө түп нускасында эпостун 17 тому даярдалган. Алардын ичинен С.Орозбаковдун 6 томдугу жана С.Каралаевдин вариантында 3 томдук жарыкка чыккан. Каржы […]

Кыргыз жаш кинорежиссерлорунун I фестивалы ачылат


Бүгүн Бишкектеги “Октябрь” кино театрында саат 11 де Кыргызстандын жаш кинорежиссерлорунун I фестивалы ачылат. Фестивалдык сынак жарыяланган үч ай убакыттан бери ар кандай жанрдагы 60 кинотасма келип түшүп, комиссия тарабынан 13 гана тасма тандалып алынды.

Тарых музейинде эл көрө элек 90 миңден ашуун экспонат бар


Бүгүн Кыргызстанда музейлердин эл аралык күнү белгиленүүдө. Бирок бул майрамды Кыргызстанда музей кызматкерлеринен башка эч ким деле белгилеген жок. Анткени азыр өлкөдө музейге кызыккандар өтө эле аз.

М. Абдраев атындагы музыкалык мектептин тарбиялануучуларына музыкалык аспаптар тапшырылды


Бүгүн Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке Кытайдан алып келинген 8 кылкыяк жана 2 виолончели тапшырылды. Кытайдын маданиятка көмөктөшүү жана колдоо фондусу Кыргызтанда музыкалык билимди өнүктүрүүгө мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин айтылды. Мектептин деректири А.Асакеевдин сөзү боюнча, музыкалык жаңы аспаптарды алуу окуучулар үчүн сөзсүз маанилүү окуя экендигин, анткени кийинки 50 жылдын ичинде жаңы аспаптар […]

Бир нече эл агартуу жана маданият кызматкерлери сыйлыктарга ээ болушту


Өткөн ишемби күнү (16-май) Бишкектеги “Достук” мейманканасында өткөн “Эркиндик” саясий партиясынын IX курултайында партиянын бир нече аймактардагы эл агартуу жана маданият тармактарында иштеген мүчөлөрү өз кесибиндеги мыкты эмгеги үчүн мамлекеттик наамдарга жана сыйылыктарга ээ болушту.

«Кыргызстанда спорт туризми жана саякат» республикалык фотокөргөзмөсү үчүн фотосүрөттөргө конкурс жарыяланды


Кыргызстанда «Кыргызстанда спорт туризми жана саякат» республикалык фотокөргөзмөсү үчүн фотосүрөтчүлөргө конкурс жарыяланды. Көргөзмөнүн башкы уюштуруучусу Кыргызстандын туристтик-спорттук бирлиги болуп, иш чараны Кыргызстандын Фотожурналисттер бирлиги менен Шаардык туристтик клуб колдоого алууда. Бул туурасында Кыргызстандын туристтик-спорттук бирлигинен билдиришти.

Бүгүн эл аралык музей күнү: Тарых музейинде көйгөйлөр толтура


Бүгүн музей күнү. Бул күн 1978-жылдан баштап, жыл сайын 18-майда дүйнө жүзүндө музейлердин эл аралык күнү катары белгиленип келүүдө. Азыркы тапта Кыргызстанда фольклор, тарых, сүрөт баштаган ар кандай багыттагы 44 музей бар. Ал эми ал музейлердин көч башында Кыргыз Улуттук Мамлекеттик Тарых музейи турат. Бул тууралуу “Zpress.kg” маалымат агенттигине аталган музейдин директору Чынаев Жеңишбек Чынаевич […]

«Ала-тоо» аянтындагы жаңы тууну ушул жуманын соңуна чейин орнотушат


«Ала-тоо» аянтындагы жаңы тууну ушул жуманын соңуна чейин орнотушат. Бул тууралуу  Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы  борбордун Капиталдык курулуш башкармалыгына шилтеме жасап кабарлады. Мурда белгиленгендей, жаңы курулуштун бийиктиги 45 метрге жетип, ал эми желектин өзү 150 чарчы метр болмокчу.

Бүгүн эл аралык музей күнү: Кыргызстандагы сүрөт музейиндеги абал


Гапар Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрөт музейинде 17-кылымдан ушул убакка чейинки аралыкта чогулган 3500гө жакын классикалык живопистик картина, 1962 скульптура, 9 миңге жакын графикалык картина жана 3600дөн ашуун кыргыз элинин прикладдык искусствосуна таандык предметтер бар. Бул тууралуу бүгүн «Замандаш-пресс» маалымат агенттигинеде өткөн маалымат жыйынында аталган музейдин директору Юристанбек Шыгаев билдирди.

КРнын Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Омор Султанов Эл аралык Махмуд Кашгари атындагы сыйлыктын лауреаты болду


14-майда Махмуд Кашгари Эл аралык фонду (Баку) «Махмут Кашгари жана түрк – исламдык маданият» темасы боюнча симпозиум өткөрөт. Симпозиум учурунда Кашгари атындагы сыйлыкты берүү аземи болот.

Профессор Исак Бекбоевдин сайты


“Кыргыз маданият борборунун” кыргыз тилдүү сайттар тизмеги дагы бир сайт менен толукталды (блогдун оң капталында). Бул «Профессор И.Бекбоевдин методикалык өнөрканасы». Аталган сайтта сайттын максаты тууралуу төмөнкү сөздөр айтылат:

ЧЫҢГЫЗХАНДЫН махабаты


Өткөн жылы массалык маалымат каражаттары “Жылдын мыкты китеби” деп баа беришкен Асыкбек Оморовдун “Чыңгызхан” китеби эле. Ачык асманда чагылган чартылдагандай эле Асыкбек мырзанын бул китеби адабий чөйрөбүздө чоң резонанс жаратты. Чыңгызхандын жашоосунун бир бөлүгү болгон анын махабаты, аялдары тууралуу автор менен баарлаштык.

Обон – казына


Музыка – жандүйнөнүн азыгы экендиги талашсыз. Музыканын көп багытынын ичинен кыргыз баласы үчүн обондуу ырлар өзгөчө орунда турат. Ошондуктан ондогон жылдар эл ичинде жашап келе жаткан көөнөрбөс ырларды, “Обон-казына” рубрикасынын алдында нотасы менен жарыялап турууну туура көрдүк. Текстти эле жарыялап койгондо акындын эле сөзү катары жарыяланып, ал эми обончу же композитор көмүскөдө калат экен. Нота […]

Ч.Айтматовдун "Насыяты" толукталды


Ч. Айтматовдун “Насыяты” толукталды. КМБ

"Окурманданалдыда жүрбөй, анын артында калган жазуучунун эч кимге кереги жок"


Жазуучу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Казат АКМАТОВ менен маек – Көркөм ой жүгүртүү жөнүндө кеп козгодуң. Бул дагы жаткан бир чоң маселе. Совет убагында көркөм ой жүгүртүүнүн эң сонун куралдарынан ажыратып, тыюу салып койгон болчу. Маселен: диний уламыштар, мистика, астралдык, оккульттук, фантасмогориялык ж.б. абстракттуу, көркөм ойду тереңдетип, байыта турган куралдардын бардыгын: булар социалисттик реализмге […]

Аксыдан чыккан Жаркынайым, Атагың алты хан элге дайын


Бир күнү кеңседе олтурсам ал кездеги Жаңы-Жол районунда көп жылдар партиялык, советтик кызматтарда так иштеп, ак кызмат өтөгөн ардактуу атуулдардын бири Памир Кудайназаров деген агабыз кеңсеге келип калды да: “Абдымомун, бизде чон тарых бар, сен Коконго барып келиптирсиң, дагы барышыбыз керек, ошол Кокон хандыгынын тушунда Наманган шаарынын акими болуп турган Токтоназар бийдын кызы Жаркынайым менин […]

Инсандын бейити такталды


Полот хандын сөөгү – Эшен гузарда Кадамжайдын Охна айлынан чыккан Исхак молдо Асан уулу тарыхта “Полот хан” деген ысым менен белгилүү. Архивдик документтер 1875-жылы жайында анын жетекчилиги менен көтөрүлүшкө чыккандар Кудаяр ханды ордону таштап, падышалык Россиядан калканч издеп качууга мажбур кылгандыгын, Насирдин хан болуп жарыяланганда зынданга салынып, кийинчерээк Чаткал тарапка качкандыгы, октябрда ал Коконду алганда […]