Monthly Archives: Февраль 2015

С.Рысбаев. “Умай бала”


(жомок повесть) (Уландысы. Башы) Умай бала жардамга келди Чын эле, кечээки бороондо буюккан кичинекей Акылтай   эмне болду? Сөздү, эми, ошондон баштайлы. Акылтай Умар досу менен кичинекей дөңсөөдөн ылдый чана тээп келатканда катуу бороон куюндап келген да, Акылтайды топ арчаны көздөй алып кеткен. Бороондон аптыгып, оозу-көзүнө кар кирип сүйлөй албай буюгуп жатканда, ата-энелери аны башка жактан […]

Кыргыз элинин келип чыгышы тууралуу негизги илимий көз караштар


Кыргызстандын тарыхындагы эң татаал маселелердин бири кыргыз элинин келип чыгышы тууралуу проблема экендиги жалпыбызга маалым. Анын себеби: «кыргыз» деген атты алып жүргөн уруулар бир эле мезгилде Түштүк Сибирдин Минусинск аймагында жана Орто Азиянын Теңир-Тоо жана Памир-Алай аймактарында жашашкан. Ушундан улам, кыргыздардын тегин илимий жактан изилдөө процессинде XIX кылымдан тартып эле окумуштуулардын арасында карама-каршы пикирлер жаралган. […]

Сөөк коюу салтынын сыры. Жан жана дене


Акыркы мезгилдерде кыргыздын салтындагы сөөк коюудагы көрүнүштөргө: кошок кошууга, өкүрүк салууга, сөөктү үч үн кармоого жана башкасына тыюу салган, аларга каршы чыгып жасаттырбаган учурлар кездешип келет. Түшүнүктөрдүн эки ача болуусунан улам, маркумду жерге кандайча беребиз дегенге келгенде бир туугандардын, жакындардын, бир үй-бүлөнүн ортосунда араздашуу, чыр-чатактар да чыгып кетүүдө. Бул боюнча маселенин оң-терс жактарын аныктоого жана […]

Жазгүл Жамангулованын жаңы ырларынан


Кыргыздын таланттуу жаш акын кызы Жазгүл Жамангулова учурда экинчи ыр китебин басууга даярдап жаткан учуру. Анын уруксаты менен бул китебине даярдалган ырларынын айрымдарын сиздердин назарыңыздарга сунуштайбыз.   ЧАЧЫЛГАН ТЕКЧЕ Чачылган текче, Жыйноого моюн барбаган. Чачылган китеп, Чачылган барак… Ар кадам… Чарчаймын, жөн- жай, Жалкоолук мени кыйнаган. Чачылган текче, Жашоодо, Качан жыйналам? Чаӊ-будуӊ күндөр, Чалмакей салган […]

Венера Бөлөкбаева, калемгер, Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты: “Жеңил окулуп, желдей жок болгон чыгарма жазгым келбейт…”


Өзү айткандай, керилген талаалардын ортосундагы абасы таза, жери кенен айылда кадимки жай турмушта асмандагы ай, жылдыздарга суктанып жашаган калемгер бир кыз бар. Убагында эркин гезиттерде журналисттик кесипте далай жылдар иштеп, андан аябай көңүлү калганын айткан Венера дилинде бугуп жаткан сырларын окурмандары менен тең бөлүшөт. АСМАН. Асманды карай бергенди жактырам. Күн, Ай, Жылдыздар жана булуттар көрүнөт. […]

Касымалы Баялинов. “Ажар”


(повесть) I Күн кылтылдап, уясына батып бара жатат. Ала-Тоонун чокусуна токтогон бирин-серин үлбүрөгөн ак булуттар күндүн батарда чачкан нуруна боёлуп, кызгылт тартып, дүйнөгө жаңылык киргизгендей. Учу-түбү жок туңгуюк көк да, казанбактай көмкөрүлүп, бүткүл макулукту кучагына алып, өзүнүн кечки жумшак илеби менен алда кимди сүйүнткөндөй болот. Калың бейитти бет алган жалгыз аяк жол менен үч аял […]

Боз үйдүн 24 эсе кичирейтилген варианты чыкты…


Кусейин Эсенкожоев. “Үчүнчү шар”


(фантастикалык аңгеме) Жолдоштор! Мен өзүмдүн кесибимдин орчундуу жерлерин сиздерге айткым келет. Албетте, сиздер бул менин кесибимди билгенден кийин, сиздер да меники сыяктуу кесиптерди ойлоп жана маанилүү жыйынтыкка келүүңүздөрдү күтөмүн. Мен бир күнү асманда калкып жүргөн жаандын бууларын, абада сызып учуп жүргөн канаттуу куштардын учушун байкап, алардын асманда көтөрүлүп учуп жүргөндүгүнүн себептерин таба албай, көпкө ойлонуп […]

Жашоо сабактары


«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан» Жашоодо, аймакта, заманда 2 түр адам болот: белгилүү жана белгисиз Белгилүү адам 4 түргө бөлүнөт: Даражасы менен белгилүү Кызматы менен белгилүү Жоругу менен белгилүү Сүйүүсү менен белгилүү Белгилүү адамдардын деңгээли 4 нукта болот: Заманга тийиштүү Аймакка тийиштүү Өтө сейрек доорго тийиштүү Ченелүү мөөнөткө тийиштүү Белгилүү адамдар даражасына жана иш кызматына жараша […]

Токтосун Асанбек уулу


Өмүр баяны (Өзүнүн айтып берүүсүндө) Мен 1963-жылы Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун, Иле-Казак автономия облусуна караштуу (Кытайда “район” деген түшүнүк облустан чоң болуп, край дегендей маани берет) Текес ооданын Көк-Терек Кыргыз улуттук айылында, Ак-Сай деген көктөөлүктө, жерден көк көтөрүлүп, төл түшүп жатканда дүйнөгө келиптирмин. 1983-жылы Иледеги №1 Педагогикалык мектебин бүтүрүп Көк-Терек орто мектебинде окутуучу болуп иштей […]

Токтосун Асанбек уулу. «Манас» жана «Огузнама»


Токтосун Асанбек уулу Кытайдын Иле-Казак автоном облусунда жашайт, белгилүү Манастаануучу. Кытайлык кыргыздар колдонгон араб графикасынан кирилл графиксына оодарылганда макаладагы сөздөрдүн жазылышында айрым туура эместиктер болуп алышы мүмкүн. Бирок кытайлык кыргыздардын орфографиясын жакшы билбегендигимен оңдоолорду кылганым жок. Кытайлык кыргыздардын тилин, жазуу эрежелерин жакшы билген бирөө бул макаланы тууралаганга жардам беришсе ыраазы болот элек.   Түркый тилинде […]

Дүйнө адабиятынан


Иоганн Вольфганг Гете СУРАКТА Сурайсыңар “атасы ким балаңдын?” – Сурагыңа даярмын. Мен силердей эки жүздүү эмесмин, Адал жүргөн аялмын. Билбейсиңер, боюмдагы чүрпөнүн Ээси менен жүргөмүн. Алтынбы же саман калпак киеби? – Ал менин ак сүйгөнүм. Уят, шылдың, күлкүңөргө чыдаймын, Ушагыңар кан сиет. Карап турат калыс көзү Кудайдын Мен сүйөмүн, ал сүйөт. Тергөөчүлөр, абийриңе карагын, Тек, […]

Насыпбек Асанбаев. «Атанын куру»


(жомок) Бар экен, жок экен илгери өткөн заманда бир кишинин үч уулу болгон экен. Үч уул эрезеге жетип, аш десе ашка тойбой, иш десе ишке тойбой турган убагы келиптир. Албетте, бул убакта алардын атасы да карып үй-бүлөсүн бага албай калат. Ошондо ал үч баласын маңдайына отургузуп алып мындай кеңеш берет. – Ээ балдарым, мен мурункудай […]

1916-жыл: Керенский жана кыргыздар


Улуу акын жана драматург Жусуп Турусбековдун кыргыз жери тууралуу минтип жазганы бар: “Мына бул жер – өткөн кордук элеси, Мына бул жер – муңдуулардын энеси”. Ырасында эле кылым карыткан кыргыз жери эмне деген гана оомалуу-төкмөлүү окуяларга, тагдыр чечкен кандуу кармаштарга күбө болгон эмес. Ошолордун бири, албетте, 1916-жылкы Үркүн, кыргыз элинин мындан дээрлик 100 жыл мурунку […]

Кыргызстанда Башкортостандын маданият жана илим күнү өткөрүлөт


3-марттан 6-мартка чейин Кыргызстанда алгачкы жолу Башкортостандын маданият жана илим күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу “Офис-группа ШОС БРИКС “Уфа-2015” массалык коммуникациялар жана басма сөз кызматы департаментинин ага эксперти Елена Арямнова маалымдады. Масштабдуу иш-чара башкыр киносунун күндөрү менен ачылат. Башкортостандын маданият жана илим күнүнүн салтанатуу ачылышы 4-мартта Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында өткөрүлөт.Сценада Башкортостандын искусство чеберлери, […]

Мурза Гапаров. “Айгүл тоо”


(аңгеме) Баткенге ал акыркы рейс менен учуп келди. А өзүнүн түнөгүнө, автобус жүрбөй калгандыктан, көрүнгөн машинеге кол көтөрүп отуруп, саат он ченде араң жетти. Жалгыз үйдүн жалгыз терезесинен жарык көрүнбөйт, бүгүн эч ким токтобоптур көрсө. Түн ичинде бирөө-жарым бурулуп калышы ыктымал, тогуз жолдун тоомунда эмеспи бул ээн жердин ээсиз бекети… Бекеттин эшигинде дайымкыдай эле кулпу […]

Эгемберди Эрматов: быйыл Кыргыз тест системасы ишке кирет


Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов Дүйнөлүк эне тил күнүнүн алкагында Кыргызстанда жасалып жаткан иш-чаралар тууралуу айтып берди. ЮНЕСКОнун чечими менен 2000-жылдан тарта 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү катары белгиленип келет. Бул күндү майрамдоо максатында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы да бир катар иш-чараларды өткөрдү деп билдирди аталган мекеменин төрагасы Эгемберди Эрматов […]

Эне-Сай кыргыз мамлекетинин саясатында роль ойногон элчилер


Эгемендүүлүк жана мамлекеттик көз каранды эместиктин шарттарында Ата Мекендин өткөндөгү тарыхынын урунтуктуу учурларына, абдан маанилүү маселелерине жаңыча мамиле жасоо аракети күч алууда. Биздин өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы өзгөрүүлөрдүн жүрүшү, түздөн-түз улуттук аң-сезимдин ойгонушу, улуттук ар намыстын жана сыймыктануунун кайра жанданышы, козголушу менен байланыштуу. Айрыкча өткөн бай тарых-таржымал так иликтенип, бүгүнкү күндө кыргыз тарыхынын тереңдиги андагы негизги […]

Сулайман Рысбаев. «Умай бала»


(жомок повесть) Баян башы Балдар, мен силерге жаңы баянымды айтып берейин. Көңүл салып окугула. Чынбы же жалганбы, илгери-илгери Жер жаңы жаралганда Теңир ата жана Умай эне кошо жаралыптыр. Алар адам баласы жер бетин жаңы басып тиричилик кыла баштагандагы алгачкы адамдар экен. Азыркы элдердин баары ошол экөөнөн көбөйүп, ошол экөөнөн таралыптыр. Ошондуктан, алардын урпактары ал экөөнү […]

Мевлана Желаледдин Руми : “Жаратылышты корукчулар эмес, сүйүү коргойт”


Эй адам, эч кимди таарынтпа. Сөздөн катык эч нерсе жок. Дене оор жүктү көтөрө алат, бирок көңүл сөздү көтөрө албайт. Бутуна кирген тикендер, издеген роза гүлдөрүнөн кабар берет. Жакшы күндөр сага келбейт, ал күндөрдү көздөй жүгүрөсүң. Шайтан менен салгылашка тайманбай чыга алам. Бирок, адам шайтанга айланса, мына ошодон корком. Ийри болсом, жаа сыяктуу дубалга асышат. […]

Кыргыз балетинин жарк эткен жылдызы өчтү…


Кыргыз эл артисти, искусство таануу илиминин доктору, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Роберт Уразгильдеевдин сөөгү 21-февралда жерге берилет. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты шашкеге чейин Бишкектеги Опера жана балет театрында өтөт. Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынан баштап кыргыз балетинин жылдызы катары жанган Роберт Уразгильдеев 85 жаш курагында 19-февралда дүйнөдөн кайтты. Роберт Уразгильдеев кыргыз балети жаңыдан гүлдөп, кулпуруп […]

Бала тарбиялоого арналган атактуу Тереза апанын кеңештери


Тереза айымды бардыгы апа деп аташчу. Чындыгында ал бардык балдарга эне болууга арзыган. Эч кимге кереги жок жетим балдарга, таштандыдан табылган ымыркайларга жана майып балдарга эне мээримин берүүгө жетишкен. Орто бойлуу, арыкчырай жана жүзү жылмайып нур төгүлгөн айым болгон. Аны менен сүйлөшкөн адамдын турмушка, кыйынчылыктарга болгон көз карашы дароо жакшы жакка бурулган. Ал ар дайым […]

Карта чучук


Карта чучукка 30-40 сантиметрдей карта, 200 грамм ич май, 200 грамм сулп эт, 50-100 грамм пияз, сарымсак, белгилүү өлчөмдө туз-калемпир керектелет. Жылкынын картасы көпчүлүк учурда жөн эле сууга бышырылат. Ал чучук ордуна жүрөт. Кээде таза жуулган картаны туздап, калемпир-мурч сээп, думбалай турат да, андан кийин эт, тууралган пияз, сарымсак кошуп, картанын ичине салат. Анан эки […]

Токтобек Үсөнов. « Үч күн»


(аңгеме) Биринчи күн Кеч. Базар. “Карс-курс” этип, акыркы контейнерлер жабылууда. “Жол, жол!” – деп кыйкырган тачкистер да иштерин токтотуп, тачкилерин биринин үстүнө бирин жүктөп алып, араба жайга жөнөшкөн. Контейнерлерди аралап, колтугуна кагаз коробкаларды кыстарган жаш аял менен кызы гана кетпей жүрөт. Кезектеги коробкага жетип, жаңы эле алып жөнөөрдө, кызы апасын этектен тарткылап, эч качан түгөнбөгөн […]

Нуриза Өмүрбаеванын жаңы ырларынан


ТҮНКҮ ЖАЗ Жаратчудай бир шедевр бул түндө Жалгыз адам мен бул үйдө жата элек Сирень ачкан терезенин түбүндө, Сиңдим уктайт сүйүү даамын тата элек. Кечегиден неге бүгүн күлкүм аз? Керек беле ыйлап сыздап айтышым. Сирень, сиңдим, мемиреген түнкү жаз, Силер туйбас жүрөгүмдүн кайгысын. Бул ырыма уккулуктуу сөз таппай, Бузгансыймын түнкү жаздын уйкусун. Ыр жазылбай калган […]