Monthly Archives: Июнь 2013

Шуулдабай калган теректер


Бурул Бакеева эжени карапайым адамдардын турмушун көркөм чыгармада чагылдырган, ал гана түгүл коркунучтуу дүйнө болгон баңгизаттарын ташып келүү, аны сатуу боюнча Тажикстанга соода кылганы барып-келип жүрүп, өз көзү менен күбө болгон нерселерин коркпостон кагаз бетине түшүргөн калемгер катары билемин. Бурул эже бүгүнкү жан сырында кыргыздын чыгаан илимпозу, коомдук ишмери, биздин алдым-жуттум заманыбызда сейрек кездешип калган […]

Акын Карбалас Бакиров: Баш оорум ыр жаза баштагандан тартып токтоду…


Карбалас акынды кимдер билбейт? Ырларында чексиз мейкиндикти даңазалаган, адам жанынын эркиндигин баарынан бийик койгон акындын ырлары өзүндөй сейрек. -Карбалас агай, акын үчүн акындык тагдыр сөзсүз керекпи? Сиздин өзүңүздө ошондой акындык тагдыр барбы, кандай деп ойлойсуз? -Суроолордун суроосун бердиң го… Тагдырды адам өз колу менен жасап албайт. А акындын тагдыры болсо анын ырлары аркылуу белгилүү болот. […]

Обондон Ыр сынак


Жарыяланып жаткан ырлардын мыктылары калыстар тарабынан тандалгандан кийин “Обон” гезити ал ырлардын жыйнагын чыгарарыбызды эскерте кетмекчибиз. Эгер бул ырларга обончуларыбыз обон жаратчу болсо, ал дагы нотасы менен биргеликте обондуу ыр катары ыр жыйнактан орун алмакчы.Ыр ышкыбоздору, чамдаңыздар! Ошондой эле конкурска катарлаш,“Обон” гезитинин астында “Жаз” адабий клубун ачканыбызды сүйүнчү айтмакчыбыз.Биздин адабий клуб менен байланышууну, мүчө болууну […]

Бакпур-Ата: баралбас жердин мазары


Тажикстандын аймагындагы айтылуу Бакпур-Ата мазары чек арада болгондуктан, жергиликтүү тургундар ал жакка кенен-кесири бара албайт. Мургаб шаарчасынан жолго чыктык. Чыгышты көздөй бир сааттай жүрүп, Токтомуш айылында Эрдөөлөт Келдибек ажы уулунун УАЗ машинасына түштүк. Мургабчылар «биздин жерге кыргыз, топоз жана УАЗ гана чыдайт» дегендей эле бар. Көпүрөсү бузулган жайык суудан кечип өтүп, Кытайга кетчү жаңы ачылган […]

Айтматов калтырган кенч


10-июнда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов дүйнө салганына беш жыл болду. Бул күнү окурмандар менен Айтматов таануучулар жазуучунун адабий мурастарын жана алардын барк-баасын кайрадан кепке алышты. Чыңгыз Айтматовдун жарык көрө элек жаңы чыгармалары бар экендиги тууралуу маалыматты алгачкылардан болуп коомчулукка анын кызы, Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова былтыр айтып чыккан эле. Ал атасынын архивдик материалдарынын ичинде […]

“Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин”


Союз убагында кыздар арасында пахтачылык бригадасын түзүп, жашоодо активдүү болууга жол көрсөткөн, кыргыз элине таанымал акын Азада Бегимкулованын өмүрү, чыгармачылыгы, өксүгү, өмүрүнүн аздыгы тууралуу баян. Элүү жыл эрте туулган… Олдо тагдыр, мынча оор сынагың, Сынагыңа канча ирет чыдадым. Кайрат урап, карылыкка бой сунуп, Күндөн күнгө карт сөөктөй сынамын. Билген билээр, билбегенге не чара, Бейкапарга болормун […]

Комузга жан, күүгө тил киргизген Атай


«Кыргыздан чыккан булбулду, Ким билбейт Атай кургурду?»- демекчи, Атай Огомбаев ырлары менен тарыхта калган инсан. Калктын калың катмарына кара аттын кашкасындай таанымал, искусство айдыңында из калтырган инсандын өмүр жолуна, чыгармачылыгына кайрылууну туура таптык. «КОЛУНДА СӨӨК ЖОК ЭКЕН ДЕСЕМ, БАР ТУРА…» Былтыр журналисттик сапар менен Пекин шаарына барып калдык. Кыргыздардын атынан Кытайда Атай Огомбаевдин «Эсимде» аттуу […]

Рахматулла Козукеев:«Төрт акындын эрке уулу болдум»


Кыргыздан көмөкөйүнөн булбул үнү өчпөй, таңдайынан ыры төгүлгөн нечен төкмөлөр өткөн. Ошол көөнөрбөс өнөрдү аркалап, элге аттын кашкасындай таанымал болуп калган Рахматулла Козукеев биздин маек төрүбүздө. ТӨКМӨ АКЫН ТУУРАЛУУ: Туулган жери – Аксы району, Кызыл-Жар айылы Туулган жылы – 1955-жыл, 8-март Алган наамдары – КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын лауреаты, «Түрк […]

Меңди Мамазаирова: “Карыганга убакыт жок”


Биз журналисттер Меңди эжеден маек аларда көбүнчө аны дүйнөдөн эрте кеткен кыргыздын айкашка акыны Жолон Мамытовдун жубайы катары гана карап, ушул темага гана басым жасап калабыз. Албетте, улуу акындын махабаты, жары болуп аны менен бир үйдө өмүр кечирүү өзүнчө чоң тема, чоң бакыт. Бирок ошол эле учурда Меңди Мамазаирова адабий жанрдын бардык түрүндө бирдей иштеген […]

“КЫРГЫЗ КИНОСУ өз көрүүчүлөрүн тапты”


Эрнист Абдыжапаров менен маек – Кыргызстандын кино тармагынын азыркы абалын мурдагы убакка салыштырууга мүмкүнбү? – Кинону баары жакшы көрөт, ушул тармак көтөрүлсө деп ойлойт, бирок чыныгы көз жүгүртүү, күйүп-бышуу жок. Канча кино тартылып жатат, Кыргызстанга канча кино кирип, канчасы чыгып жатат, эч кандай көзөмөл жок, сурамжылап билишпейт. Күндөн-күнгө коомчулуктун киного кызыгуусу артып, жаштар көп тартыла […]

Ысык-Көлдү сагынуу


Кыргыз журтчулугу гана эмес, дүйнөлүк адабият сүйүүчүлөрү сүйүп окуган керемет чыгармаларды жараткан залкарыбыз Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 10-июнда бул өмүр менен кош айтышкан. Чыңгыз ага тирүү болсо, быйыл 85 жашка чыкмак. Анын Гүлнур Сатылганова ырдап жүргөн «Ысык-Көлдү сагынуу» аттуу ырдын сөзүн Чыңгыз Айтматов жазганын көпчүлүк биле бербес чыгар. Обону композитор Муратбек Бегалиевге таандык. Мына ошол ыр […]

Рысбай Исаков, манасчы: “Манасчылык – бул өзгөчө өнөр, кайталангыс талант”


Рысбай Исаков залкар манасчыларыбыздын ордун баскан азыркы залкарлардын бири десек аша чапкандык болбойт. Рысбай менен маегибиз Манас тууралуу ким кандай ой жооруп жүргөндүгү, жаш манасчыларга кантип таалим-тарбия берүү керектиги, “Манас-мурас” коомдук фонду жана башка маселелердин тегерегинде жүрдү. ЖОК ЖЕРДЕН ЖОМОК ЖАРАЛБАЙТ – Канча жашыңдан Манас айтып баштадың? Кандайча, кантип айтып калдың?  – “Аян болбой, баян болбойт” дегендей, […]

Кароосуз калган кыргыз киносу


28-майда Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйыны Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясында болду. Ал жерге комитеттин төрагасы К.Осмоналиев баштаган ЖК депутаттары, белгилүү кинорежиссерлор, киноактерлор, кинооператорлор, кыргыз киносуна кайдыгер карабаган адамдар, Өкмөттөн, Каржы министрлигинен өкүлдөр, журналисттер барышты. КИНОГО АРТИСТТЕРДИ ЭМЕС, КИНОАКТЕРЛОРДУ ТАРТПАЙСЫҢАРБЫ? Акаев кезинде баш-аягы жок менчиктештирилип жаткан кыймылсыз мүлктөрдүн ичинде […]

МАКЕЛЕК АКЕГЕ АЧЫК КАТ


Жаш чамаңыздын атам менен айрымасы анча алыс эместигин эске алганда сизди ата десем деле жаңылышпаган болоор элем. Бирок “аке” деп атоо деле кыйыр кеткендик болбойт болсо керек. Кыргыздын илгертеден улуу билген бул сөзүн сиз деле чанбайт болсоңуз керек. Кыргызда буга чейин аке деп аталып калган жети гана киши бар экени да бизге аян… Урматтуу Макелек […]

Кыргызча аудиокитептер


Бир кезде кыргызча аудиокитептерди жасап, аны атайы сайтка жайгаштырсамбы деген ой бар эле. Бирок аны ишке ашырганга колум жетпей жүргөм. Бүгүн андай сайтты башкалар ачканын көрүп кубандым. Болгондо да мен ойлонуштургандан ашыра жасашыптыр. Бул сайтка аудиофайлдар гана эмес, китептин тексти да коюлуптур. Китептердин түрү да көп экен: жомоктор, кыргыз адабияты жана котормолор. Бул сайт: Кыргызча адуиокитептер […]

Аялдар поэзиясы: кечээ жана бүгүн


Профессионалдык аялдар поэзиясынын генезисин карай келгенде дегеле аялзаты коомдо кандайдыр бир сөз айтуу мүмкүндүгүнө канчалык ээ эле, коомдогу, элдин дүйнө таанымындагы аялдардын орду кандай эле деген суроо өзүнөн өзү жаралат. Бул жагынан кыргыз элинин дүйнө таанымына таянсак, аялзаты Умай эне, Бугу эне, Каныкей, Айчүрөк сыяктуу колдоочу, кудай жана керемет жөндөмдөргө ээ миф, уламыш, эпос кейипкерлери […]

Кыргыз тилин кыргыздар бузууда…


Биз кыргыз тилин башка улуттар эмнеге үйрөнбөйт деп өпкөлөсөк өпкө казанбактай. Ошол эле учурда кыргыз тилин кыргыздар кантип бузуп жатканына маани бербейбиз. Ушул максатта “Жаңы Агымдын” алдында эркин эксперттер кеңешин түзүп, адабий тилдин айрым маселелерин арай-чарай талкуулап турсакпы деген ойго келдик. Бу топко киргенге Анатай Өмүрканов, Алым Токтомушев, Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Акбар Рыскулов жана […]

Кыргыздын Гиннес китебинен


Табышмактуу жерлер Ысмайыл КАДЫРОВ 1951-жылдын 16-июлунда Нарын областынын Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылында туулган. 1977-жылы КМУнун механика-математика факультетин бүткөн. 1977-2000-жылдары Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий редактор, улук илимий редактор, жетектөөчү редактор болуп иштеген. 2000-2004-жылдары КР өкмөтүнүн аппаратында референт, эксперт, 2005-жылдан сектор башчысы болуп эмгектенет. Үч ыр жыйнактын, бир проза китептин, бир нече сөздүктүн, илимий-популярдуу китептердин автору. […]