Monthly Archives: Июль 2009

Бишкекете Көчө театрларынын эл аралык фестивалы өтөт


Бишкекете Көчө театрларынын эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу 31-июлда өткөн пресс-конференцияда “Место Д…” театр-клубунун директору Александра Багдасарова билдирди, дейт “24.kg” маалымат агенттиги. Advertisements

Кыргызстандык пианист Италияда өткөн эл аралык фестивалда эки сынактын жеңүүчүсү болуп таанылды


Кыргызстандык жаш пианист Азамат Сыдыков дүйнөнүн мыкты пианисти деп таанылды. Ал Италияда өткөн эл аралык фестивалда биринчи орунду алып, фестивалдын Гран-присин жана Алтын кубогун жеңип алган. “АКИpress” маалымат агенттиги маалымдагандай, бул тууралуу 30-июлда өткөн пресс-конференцияда Ж.Бакиев атындагы коомдук фонддун башкармалыгынын төрагасы Рыскулбек Жумабаев билдирген.

Дилбаяндар сынагы


Урматтуу мекендештер! “Замандаш-пресс” маалымат агенттиги адабий мазмундагы төмөндөгүдөй темаларга: – Учурда Кыргызстандан тышкаркы өлкөлөрдө эмгектенип, окуп жүргөн кыргызстандык мигранттардын бөтөн эл, бөлөк жердеги жашоо-турмуш жагдайлары тууралуу, – Түрдүү себептерден улам башка чет өлкөлөрдө отурукташып калган кыргыз этникалык топторунун жашоо-турмушу, үрп-адат, каада-салттары, ийгилик-жетишкендиктери тууралуу жазылган аңгеме, дил баяндарга сынак жарыялайт.

Алайда ат чабыш өтөт


Ат чабыш фестивалын француз айым Жаклин Рипар негиздеген “Кыргыз аты” мекемеси жергиликтүү тургундар менен биргелешип уюштурууда. Алайдагы ат чабышта кыргыздын башка улуттук оюндары да болуп, чеберлер жасаган буюмдарын көргөзөт. Ат чабыш 2005-жылдан баштап үч жыл катары менен Ысык-Көлдүн Барскоонунда өткөрүлүп келген. Андан кийин аны башка да аймактарда өткөрүү суроо-талаптары түшкөн. Ошондон кийин уюштуруучулар жер-жерлерде ат […]

“Кёр-оглы” операсы Бишкекте коюлат


Кыргыз улуттук опера жана балет театрында азербайжан композитору Узеир Гаджибековдун “Кер-оглы” операсы даярдалууда. Бул эл аралык долбоор “ТЮРКСОЙ” уюму тарабынан колдоого алынып, ага бир катар элдердин артистери катышаары күтүлүүдө.

Блогдогу жаңылыктар


Төрөкул Дооровдун блогунун дареги “Блогдор” шилтемелер тизмегине кошулду. Жазгүл Жамангулованын “Ырларына” анын 19-июлда жазылган жаңы ыры кошулду. КМБ

Toктобүбү Султангазиева


Илим: Алтай таануу шеринеси – илимий көпүрө


Кытай Эл Жумуриятынын Ички Монголия автоном аймагынын борбору Хух-Хотодо Эл аралык туруктуу алтаистика жыйынынын жылдык отуруму өз ишин аяктады.

Кыргызстанда жаш кинематографисттердин арасында кыска метраждуу тасманын сценарийине сынак жарыяланды


Кыргызстанда жаш кинематографисттердин арасында кыска метраждуу тасманын сценарийине сынак жарыяланды. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агенттигине Кыргызстандын кинематографын өнүктүрүү фондусунун төрагасы Улан Исакбеков билдирген. Анын айтымында, сынактын катышуучулары узактыгы 20 мүнөттөн ашпаган документалдуу же көркөм тасманын сценарийин сунушташы керек. Мыкты деп табылган үч сценарийдин авторлору өз тасмасын тартууга мүмкүнчүлүк алышат.

Ички Монголияда Алтаистика шеринеси өтүп жатат


Кытай Эл Жумуриятынын Ички Монголия автоном аймагынын борбору Хух-Хотодо Эл аралык туруктуу алтаистика жыйынынын кезектеги жылдык отуруму өтүүдө. Шейшембиде соңку илимий баяндамалар ортого салынып, айрымдары кызуу талкууга алынды. Түрк, монгол, тунгус, манжур, корей, жапон тилдерин жана маданияттарын салыштырган ар кыл баяндамалардын арасында кыргыз жана фу-йү кыргыз тилдерине жана этностук тарыхына арналган билдирүүлөр да болду.

Акын Ж. Арыкованын обондуу ырларынын бет ачаары болот


31-июлда саат 12.00до Бишкектеги Токтогул атындагы музейде акын Жыпар Арыкованын обондуу ырларынын жаңы чыккан CD-дискинин бет ачаары болот. Жолугушууга акындын калемдештери, поэзия жана музыка ышкыбоздору катышып, кызыккандар автор менен кеңири пикир алышат.

“Кыргыздын Гиннесс китеби” чыкты


Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунан “Кыргыздын Гиннесс китеби” аттуу китеп басылып чыкты. Бул эмгектин автору Ысмайыл Кадыров. – Ысмайыл мырза, мындай китепти басып чыгаруу сиздин оюңузда сиз Мамлекеттик энциклопедияда иштеп жүргөн мезгилиңизде эле пайда болсо керек го? – Туура мен энциклопедияда көп жыл иштебедимби. Анан ошол жылдары неге “Кыргыздын Гиннессин” чыгарууга болбосун деген ой келди. […]

“Саамалык” басууга даярдалууда


Кыргызпатенттен жаш акын-жазуучулардын “Саамалык” жыйнагынын 8-китеби басылып чыгат. Жаш таланттардын “Саамалык” жыйнагы 2002-жылдан бери кыргыз жана орус тилдеринде 10 басма табак көлөмүндө басылып чыгып келатат. Талапка ылайык жыйнакка 35 жашка чейинки калемгерлердин чыгармалары кабыл алына турган болсо, ал эми чыгармалары жарыяланып жаткан жаш таланттар негизинен  мектеп окуучулары жана студенттер.

Ч.Айтматовдун чындыгы, анын чыгармаларында көтөрүлгөн глобалдык маселелер


Адабият айдыңында аты ааламга таанымал болгон Ч.Айтматовдун өмүр жолуна, ой-чабытына, адамдардын руханий дүйнөсүнүн тазалыгына кошкон салымына саресеп салып карасак, анын чыгармаларында козголгон маселелер глобалдык масштабга ээ болгондугу менен өзгөчөлөнөт.

XIX кылымдын аягы. «Памир маселесинин» келип чыгышы жана анын чечилиши. Памир үчүн Орусия империясы менен Англиянын ортосундагы күрөш


XIX кылымдын экинчи жарымынын баштап, Памирдин геосаясий коопсуздуктун регионалдык системадагы орду ого бетер күчөдү. Анткени эки улуу державалардын, эки келишпес геосаясий душмандын – Улуу Британия менен Орус падышачылыгынын Азиядагы чек арасынын жакындашы буга түрткү болду. Улуу Британия 1850-жылдардан аталган региондо экспанциялык саясатын жандандырат. 1854-жылы Ост-Инд компаниясы менен Ооганстандын эмири Дос Мухаммед – коргонуу жана чабуул […]

Кытайдагы кыргыз окумуштуусунун “кыргыз” деген улут атынын этимологиясы боюнча макаласы


Кытайдагы кыргыздардын “Ак-тилек” деген интернет журналында жарыяланган “кыргыз” деген улут атынын этимологиясы боюнча макаланы блогубузга чыгарып жатабыз. Ал блогубуздун окурмандарына кызыктуу болот деген ойдобуз. Макала кандай жазылса ошондой түрдө жарыялап жатабыз. Бир гана аны блогго чыгаруу ыңгайлуу болуусу үчүн тийиштүү бир калыпка салдык.

Кайрылуу


“Кыргыз маданият борбору” түптөлүп иштей баштаганына аз эле убакыт болду. Бирок ага карабай блогубуз өз окурмандарын тапканга үлгүрдү. Буга бизге келип жаткан ыраазычылык каттар жана “Kloop.kg” блог платформасындагы рейтингде алдыңыкы орундарда жүргөнүбүз күбө. Блогубузду мындан да кызыктуурак, маалымдуурак кылсак болоор эле. Бирок убакытыбыздын тардыгынан көп нерселер көңүлүбүздүн сыртында калып,  көптөгөн пландаштырган нерселерибизге кол жетпей да […]

Жаңы шилтеме


“Кыргыз маданият борбору” блогунун “Кыргыз тилдүү сайттар” шилтемелер тизмегине жаңы интернет-ресурс киргизилди. Ал “Кыргыз эл инсандары”. Жаныбек Жанызак агай өзүнүн “Кыргыз гезиттер айылы” сайтында билдиргендей,  бул сайтты агайдын уулу Жакшылык жасап жатат. КМБ

Быйыл республиканын аймагында 32 миң 953 окуучулук орунга эсептелген 112 мектеп курулат


Быйыл республиканын аймагында 32 миң 953 окуучулук орунга эсептелген 112 жаңы мектеп курулат. Алардын төрт мектеби жыл башында эксплуатацияга берилди. Бул тууралуу өкмөт астындагы мамлекеттик курулуш жана архитектура агентствосунан билдирди. Маалыматка ылайык, Чүй областындагы 6 мектепти, Нарын областы боюнча 5, Баткен жана Таластагы бир мектепти бардыгы болуп 13 курулушун агенттиктин коомдук турак-жай башкармалыгы ишке ашырат. […]

ММК өкүлдөрү арасында К.Ашымовдун ысымындагы сыйлыкка сынак жарыяланды


Маданият жана маалымат министрлиги астындагы кинематографистер департаменти ММК коллективи, жеке авторлор арасында белгилүү киноизилдөөчү Каарман Ашымовдун ысымындагы сыйлыкка сынак жарыялады. Иш чарага кыргыз киноискусствосунун бүгүнкү турмушун, жетишкендиктерин, көйгөйлөрүн чыгылдырган материалдар катышат.

Кинорежиссер Нурбек Эгендин «Манастын төрөлүшү жышана” аттуу фильми тартылып бүттү


Кинорежиссер Нурбек Эген Манастын доорун чагылдырган «Манастын төрөлүшү жышана” аттуу документалдуу фильмин тартып бүттү. Бул тууралуу кинорежисер өзү маалым кылды.”Фильм тартылып бүттү. Азыр үнүн иштеп чыгып атам. Эмки жылы кино экрандарына алып чыгып, ал эми Европага декабрь айында көрсөтөм”-дейт Нурбек Эген.Анын айтымында, аталган фильм жаштарга, айрыкча тарыхчыларга, анан өлкөнүн келечеги,тагдыры жөнүндө ойлонгон адамдар үчүн кызыктуу […]

Бишкекте жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өтүүдө


Г.Айтиев атындагы кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде жаш сүрөтчүлөрдүн “Желание творить” аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүүдө.

Сары-Колдо кайрадан жаңырган ат дүбүртү


Тажикстандын Мургабында 18-19-июлда ат чабыш болду. Ат оюндары аймактын эгемен тарыхында жыйырма жылдай убактан бери биринчи жолу өткөрүлдү.

Сулуулук жана тагдыр


Сулуулук дүйнөнү сактап калабы, же сулууларды дүйнө сактайбы? Сулуу айым жандүйнөсүндө ар дайым жалгыз. Анткени, сулуулукка дос эмес, көралбастык менен бут тосуу көп табылат. Кыргыздын кылымда маңдайына бүтчү периштелерин, бир гана периштелери эмес орошон таланттарынын катарын санаганда көкүрөккө чаңырып бир суроо келет: “Бул сулууларды кыргыз сактай алды беле?..”

Өнөр музейи керек


“Өлгөндөрдү барктабай, тирүүлөрдүн даңкы болбойт” дегендей бүгүнкү күндө кыргыздын элдик салттуу музыкасынын баштоочулары, профессионалдык көп жанрлуу, көп тармактуу театралдык, музыкалык өнөрүбүздүн түптөрүн түптөшкөн, оозеки, жазма адабиятыбыздын негиз салуучуларын баяндаган Өнөр музейинин жоктугунан арбактары ардакталбай, жылдан-жылга унуткарылып, зээнибизди кейитип келүүдө.