Monthly Archives: Июнь 2010

Литвада төрөлүп, Кыргызстанга өмүрүн арнаган режиссер


Кыргыз кинематографиясын түптөөгө жана бир кездеги “кыргыз кереметин” жаратууга салым кошкондордун бири, белгилүү кинорежиссер жана оператор, жазуучу, публицист, окумуштуу Альгимантас Видугирис узакка созулган катуу оорудан улам 25-июнда, 75 жаш курагында дүйнө салды. Advertisements

"Күү – жан дүйнөнү азыктандырат"


“Ууз” үй-бүлөлүк музыкалык тобунун көркөм жетекчиси Карлыгач НОГОЙБАЕВА менен маек. Кыргыздын руханий жан дүйнөсүнүн чексиз байлыгы, керемет кооздугу элибизде нечендеген өнөр адамдарын жаратып, эл керегине тартуулап келет. Ушул тапта салттык музыканы аркалап, унутта калып бараткан кыргыздын музыкалык кайрыктарына жаңы жашоо тартуулап, алардын маанисин арттырып жүргөн бир канча музыкалык жамаат эмгектенип келе жатат. Ошолордун арасында аяндап […]

Таалай ЭСЕНАЛИЕВ: "Чыгыш оюндары долбоорума Кытай кызыгууда"


Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын профессору, коомдук ишмер, Улуттук маданиятты, көчмөндөрдүн салтын изилдөө жана Чыгыш элдеринин улуттук оюндарын түзүү боюнча эл аралык илимий долбоорунун, 57 илимий эмгектин, Чыгыштын мушташ искусствосунун филоофиясы боюнча бир катар публикациялардын автору коомчулукка өзүнүн 29 долбоорун алып чыкты. Анын бири – Кыргызстанда Чыгыш элдеринин олипиада оюндарын түзүү демилгесинин айланасында маек курдук.

XI кылым. Византия империясындагы согуш. Кыргыз баатырлары


(Уландысы. Башы) Кийин, түрк сельжуктарына XI кылымдын башында Ысык-Көл жана Чаткал чөлкөмдөрүнөн “каңды” уруусунан Сулайман көчүп барып, анын небереси Осмон империя түптөгөн. Ошол Осмондун баласы Орхон – Осмон империясынын 2-императору болгон (1324-1364-жж.). Орхон ушул Изник шаарында курман болгон кыргыз жоокерлеринин урматына 1330-жылдары “кыргыздар күмбөзү” деп 2 чоң бөлмөдөн турган күмбөз курдурган. Учурда бул күмбөз күнү […]

Кырк уруунун кырк жигити/Алтайдан кырк жылкы минип келет


7-июнда “Кабар” маалымат агенттигинде журналисттер үчүн пресс конференция өттү. Анда жазуучу Асыпбек Оморов, Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев, олуя Мелис Карыбеков, кинорежиссер Темир Бирназаров, коомдук ишмер Өкмөтбек Алмакүчүков, “Эхо Манас” ТРКсынын жетекчиси Темирбек Токтогазиев жана манасчы Рыспай Исаков катышып, Манас дүйнөсү тууралуу кенен маалымат беришти. Асыпбек ОМОРОВ, жазуучу: – Жакында эле Манас боюнча үч жазуучу […]

Кыргыз элинин этномаданий, этносоциалдык процесстерине арналган китеп жарыкка чыкты


Кыргыз аялдарынан чыккан биринчи окумуштуу-этнограф Какен Мамбеталиеванын  “Борбордук Азиядагы этносоциалдык жана этномаданий процесстер: Тарых жана азыркы учур“ деген китебинин бет ачары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде өттү.

Ар тараптуу шыктагы Казакбай Абдиев


“Талант тагдыры” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышынын коногу – Кыргыз улуттук жазуучулар, журналисттер, сүрөтчү, композиторлор биримдиктеринин ардактуу мүчөсү, белгилүү комузчу, домбрачы, ырчы, обончу, акын, жазуучу, сүрөтчү Казакбай Абдиев.

Саякбай Каралаевдин «Манасы», Уркаш Мамбеталиевдин “Семетейи”


“Турар” басылмасында Саякбай Каралаевдин айтуусундагы “Манас” эпосунун толук варианты жарык көрдү. “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты белгилегендей, залкар манасчыбыздын айтуусундагы “Манас”биринчи ирет толугу менен жарык көрүп жатат. Китеп 1040 беттен турат. Сүрөттөрү Теодор Герцендики. Нускасы 2 миң. Ушул эле басылмада учурдагы көрүнүктүү манасчыбыз Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетей” эпосу басылып чыгарылды. Китеп 500 беттен туруп, 2 мин […]

КРнын Эмгек сиңирген артисти Зейнеп Шаакеева: "Ырды эмес, баланы, үй-бүлөнү жогору койгон жан экенмин"


Таң менен кошо сайраган булбулдун үнүн уктуңуз беле? Эми ойгонуп келаткан ааламдын жүрөгүн кубантып, тирүүлүктүн ажайып экенин жар салып, жаратылышты шаңга бөлөп башкача таңшыйт. Зейнеп эженин үнү да “Он сегиз жашты”, “Кызыл өрүктү” ырдаганда ошол таңкы булбулдай шаңшып, адам дилине тирүүлүктүн бир берилген белек экендиги тууралуу жакшы ойду сүртүп, жаштыктын, сүйүүнүн керемет экенин эскертип турат. […]

Жол азабы, көр азабы


Дүйнө жүзүнө белгилүү Манас атабыздын туулган жери Алтайга 31-апрелде Кыргыз-Алтай республикаларынын коомдук маданият багытында “Манас-Манаш” коому түзүлгөнүнө байланыштуу биз, чыгармачыл топтун адамдары, кол өнөрчү Абдрасулов Эсенбек, акын Рыскулов Муратбек жана мен болуп автомашина менен Казак республикасы жана Барнаул, Бийск шаарлары аркылуу Алтай республикасынын борбору Горно-Алтайск шаарына 2250 км жол басып, кайра кайттык.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ КАМКОРДУК КЕРЕК


Мен ой-пикиримдин калган бөлүгүн социолингвистика тармагындагы абдан белгилүү окумуштуулардын бири Ж.Фишмандын айрым эмгектеринин контекстинде айткым келет. Фишман көптөгөн маселелер боюнча, анын ичинде “тилди пландаштыруу” боюнча да жазган. Анын “тилди калыбына келтирүү” жөнүндө жазган айрым эмгектери менин Кыргызстандагы байкоолорум үчүн абдан маанилүү. “Тилди калыбына келтирүү” деп өз аймагын башка бир тил ээлеп алган тилди кайра калыбына […]

Өчпөс жылдыздар…


Эшикте көз уялткан аппак кар. Ушул аппак кардай таза, ак ниети, таза дили, маңдай тери менен эл-жерине кызмат кылып, улуу мурас калтырып кеткен залкар таланттар өткөн. “Талант бул- жараткандан алган олжо! – деп ойчул акыныбыз Баласагын айткандай, Кудай тартуулаган ошол олжобузду, дөөлөтүбүздү барктап – баалап өз ордуна коё албай келебиз. Бүгүн минтип чыныгы талант, маданият, […]

Дайырбек Казакбаев


Айланат асманда бир бүркүт


(Памфлет) Дайырбек Казакбаев акыркы жылдары Бишкекти таштап: “Мен Талас Университетине көбүрөөк керек окшойм, – жылда эле чакырышат” – деп келишим жолу менен Талас Университетинде иштеп жүргөн. Билимин элге жайылтып, студенттерге өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин дарс окуп, колунан калеми түшпөй келген эле. Ал төбөсү элге көрүнгөн жазуучу, педагогикага да эмгеги сиңген белгилүү инсан, калыс, өмүрү үлгү […]

Көркөм адабияттын көчү бузулдубу?


Коом өзгөрүп, жашоо жаңы нукка багыт алып, адамдын жан-дүйнөсү тарыган заманда, руханий байлыгыбызды, аң-сезимди өстүрүүчү китептердин ордуна, турмушту тереңден аңдай билбеген жаш өспүрүмдөрдүн аң-сезимин терс жакка бурган, жеңил-желпи тарбиялык мааниси жок, “жылаңач цивилизацияны” жамынган, маңызсыз, супсак, коомго тырмактын агынчалык пайда келтирбеген китептердин саны күн санап өсүп бара жатканына эч бир чара көрүлбөй келет.

ААЛАМДЫН АДАМЫ АЙТМАТОВДУ КЫРГЫЗДАР КАЧАН БААЛАЙТ?


Айтматов… Ушул карапайым кыргыздын аты ааламды кезип, улутуна, динине, тилине карабай жүрөктөрдү толкутуп, кыргыз деген элди дүйнөлүк аренага алып чыкканын тана албаспыз. 10-июнда ааламдын адамы Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганына эки жыл болот. Чыңгыз Айтматовдун кыргыз элине кылган эмгеги тууралуу айтуунун да кереги жок болсо керек. Бирок улуу инсандын улуулугун, бийиктигин сезе албай жатканыбыз чоң өкүнүч. […]

Жеңижоктун жаңы ырлары кошулду


Жеңижоктун Насыят, Накыл кеп, Терме, Үй-бүлө, Үлгү ырлар, Айт, айт десе деген жаңы ырлары кошулду.

Республикадагы маданий мекемелер каттоого алынууда


Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин басма сөз кызматынын   маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө республиканын  аймактарындагы маданий жайларды каттоо иш чарасы  өтүүдө. Маданият министрлигинин атайын буйругу менен аймактардагы музей, клуб, музыкалык мектептер, театрлардын абалы иликтенип, ага баа берилүүдө. Маданий имараттардын абалы аныкталгандан соң анын муктаждыктары, кемчиликтери такталып, министрлик тарабынан колдоого алынат. Эскерте кетүүчү нерсе, мындай иш аракеттер көп […]

Маданият агенттиги эми министрлик


10-июнда Утурумдуу өкмөт Мамлекеттик маданият агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Рыскел Момбеков сунуштаган “КРнын маданият министрлиги тууралуу” жобосунун долбоорун колдоого алды, деп билдирет “Zpress” маалымат агенттиги. Маданият иштери боюнча мамлекеттик органдын статусу агенттиктен министрликке көтөрүлүшү мамлекеттин маданият жаатына болгон мамилесин айгинелейт. Жогоруда аталган жобону талкуу учурунда Алмаз Атамбаев жана Исмаил Исаков Кинематография жана Мамлекеттик тилди өнүктүрүү […]

Жаш таланттар үчүн


Адабиятка жаңыдан киришип келаткан жаш калемгерге адабият сырларын ачкан, анын эрежелерин аныктап көрсөткөн, такшалган, таанымал акын-жазуучулардын чыгарма жаратуу тууралуу сырларын, кеңештерин камтыган кыргыз тилиндеги окуу китептердин жоктугу өкүнтөт. Анткени адамды акындыкка же жазуучулукка үйрөтүүгө болбосо да, мындай үйрөтмө, окуу куралдардын болушу, чыныгы жаш таланттын көп нерсени кайрадан ойлоп чыгарбай, ачып отурбай, ага убакытын коротпой бат […]

Р.Момбеков: Мурдагы министрлер ремонт менен алектенген


Маданият тармагындагы өзгөрүүлөр жана талаштуу маселелер тууралуу Маданият министринин милдетин аткаруучу Рыскелди Момбеков “Азаттыкка” маек курду. – Опера балет театрынын жамааты эмне себептен жаңы башчынын дайындалышына нааразы болуп жатышат? Рыскелди Момбеков: Алмаштырды деп айткандан мурун, мен анын мурунку өзүнүн кызмат ордун калыбына келтирдим десем туура болчудай. Анткени Опера балет театрына жаңы барган директор Тимур Саламатовду […]

Ч.Айтматовго байланыштуу маданий иш-чаралар


10-июнда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Чоң залында “Чыңгыз Айтматов жана музыка” аттуу концерт болот, деп билдирет “Кабар” МА. Бул туурасында 7-июнда маалымат агенттигинде филармониянын PR-менеджери жана концерттик программалардын алпаруучусу Светлана Ситоленко маалымдаган. Анын айтымында, концертке А.Жумакматов атындагы Чоң симфониялык оркестри, К.Орозов атындагы Эл аспаптар оркестри, “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли жана филармониянын солисттери катышат.

ДАРТ ДАБАСЫ – КЫМЫЗ


«Күндүзү кымыз, түнү кыз, күжүлдөгөн эр кыргыз» деп «Манаста» айтылгандай, элибиз кымызды жүзгө кызыл жүгүртүп, денеге күч-кубат берген дарылык касиети бар суусундук катары илгертеден барктап-баалап келишкен. Бүгүн «Мен кыргызмын» рубрикасында №1-улуттук суусундугубуз кымыз жөнүндө кеп кылмакчыбыз. КЫМЫЗ ТУУРАЛУУ Бээнин сүтү ирибейт. Андыктан андан айран жасоого болбойт. Сүт болжолдуу түрдө бишкек менен 700-1000 ирет бышылат. Кымыздын […]

Кыргызстанда биринчи жолу балдар үчүн орус тилинде ыр түрүндөгү «Манас» эпосу жарык көрдү


Кыргызстанда биринчи жолу орус тилинде балдарга ылайыкташтырылган ыр түрүндөгү “Манас” эпосу жарык көрдү. Бул тууралуу “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты билдирет. Чыгарманын автору Татьяна Вепренцова-Учар маалымдагандай, китеп 150 беттен турат жана түстүү сүрөттөр менен коштолгон. Китепти даярдоого 12 ай кеткен. Басылманын бет ачаары 12-июнда Кыргызстандын эл аралык университетинин алдында өтмөкчү. Ал жожго, Баялинов атындагы китепканага, балдар […]

Эрте кеткен турналар


(же кечиккен репортаж) Жаан ыйлап, жашын тынбай төгүп турду. Жамы журт жамандыкты көрүп турду. Жаалына чыдабаган эр жигиттер Жаныштын аткычтарын сөгүп  турду. Эл келип, эки жактан чубап жатты. “Элди аткан кыргызбы?” деп сурап жатты. Жамгырдай жааган октор тийген сайын Жанымдан жапжаш балдар кулап жатты. Бирөө да элден качып бөлүнбөдү. Бир тобун эл көзүнчө өлүм жеди. […]