Category коом

Тарыхый табылгалар таландыда калбаса


Жогорудагы сүрөттө Кан-Дөбөдөгү археологиялык табылгаларды изилдөө учуру. Акыркы жылдары Кыргызстандын аймагында археологиялык эстеликтер көп табылып, бирок аны изилдөөгө жана сактоого каражат тартыш болуп жатат. Мындан улам тарыхый мурастарды коргоону каалаган жеке адамдар, адистер өздөрүнүн жеке демилгеси жана чет элдик уюмдардын каражаты менен тарыхый жайларды казуу жана сактоо аракетин көрө баштады. Бүгүнкү күндө Кочкордун Кум-Дөбө айылында […]

Каныбек Иманалиев: “Манасты исламга каршы коюу – түшүнбөстүк”


Өлкөнүн эң негизги байлыгы, потенциалы анын руханий деңгээлинен көз каранды. Учурда кыргыз элинин руханий абалы кандай? Дүйнө элинен биз эмнебиз менен айырмаланабыз? Ушул багытта Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев менен баарлаштык. – Каныбек Капашович, бүгүн сиз менен саясий эмес, руханий багытта пикир алышсакпы деп турам. Айтсаңыз, кыргыздар дүйнө элдеринен эмнебиз менен айырмаланабыз? […]

Ак илбирстен мекен талашкан кабыландар


Жогорудагы сүрөттө Aк илбирстер менен кабыландар төрт миң метр бийиктикте, бир аймакты байырлап жашап жатканы тартылган. Жартылыш коргоочулар Кытайдын Тибет аймагынан тартылган ак илбирс менен бул тукумдагы башка жер шартына ылайыкташып жашаган кабыландар аралашып жүргөнү чагылдырган сүрөттү жана тасманы көргөндөн кийин тынчсызданууларын билдирип чыгышты. Климат жылуу болуп, негизинен төмөнүрөөк аймактардагы токойлуу жерлерди байырлаган кабыландар бийик […]

Тарых кооздоп жазуудан өзгөрүп кетпейт


Улут тарыхына кызыгуунун себеп-жөнү, илимпоздук жана ышкыбоздук изилдөөчүлүктүн түпкү айырмасы тууралуу белгилүү тарыхчы, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы Амантур Жапаров ой жүгүртөт. Кийинки жылдары көп томдуу тарыхый эмгектерди жаратуу аракети күч алды. Ошол эле учурда тарыхка кызыккандардын, ышкыбоз жана дилетант авторлордун тарых жазууга кайрылган учурлары да көп. Жакында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары […]

Айыпсыз атылган адабиятчы


30-жылдардагы кандуу апааттын курмандыгы болгон алгачкы кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн арасында Токчоро Жолдошев да болгон. Анын агартуучулук, билим берүү системасын уюштуруу жаатындагы эмгеги өзүнчө сөзгө арзыйт. Адабиятчы Токчоро Жолдошевдин кыргыз көркөм адабиятынын кандай болушу керектигин кашкайта көрсөткөн чыйрак макалалары азыр да кызыгуу жаратат. Туңгуч кыргыз сынчысы, бир боор калкынын сабатынын ачылышына үлкөн салым кошкон мугалим, эл […]

Ишенбай Абдуразаков 80 жашка чыкмак


Мыкты маектеш, таланттуу публицист Ишенбай Абдуразаковдун саясий-коомдук-экономикалык турмуштун негизги маселелери, өзү дипломатиялык кызмат өтөгөн Япония өлкөсү, туу туткан адамдары, каада-салты, дүйнө тааным, баалуулуктары боюнча маектери, Жусуп Абдрахмановдун, Ата түрктүн, Салижан Жигитовдун ж.б. залкар инсандардын өмүр жолуна арналган публицистикалык мыкты эмгектери кыргыз журналистикасына кошкон чоң салым, табылга болуп саналат. Ишенбай Абдуразаков агай менен журналист катары мен […]

Алгачкы мектеп жана анын карлыгачтары


1927–жылы Н. Жайлообаев тарабынан ачылган мектеп Коргон–Төбө деп аталган дөңсөөдө Маман аттуу адамдын атканасына ачылган. Элибиз эзелтен бери эле сабатсыз болгон деп айтуудан алысмын. Буга Орхон–Энесайдагы археологиялык казуулардагы жазмалар күбө. Ошондой болсо да Улуу Октябрь революциясынан кийин жалпы элдин сабатсыздыгын жоюу боюнча атайын токтом кабыл алынып ал жер жерлерде ишке ашырыла баштаган. “Башканы коюп Манасты […]

Элдин эл экени – эне тилинде


Өлкөбүз Кыргызстанды мекендеген көптөгөн элдер үчүн да өз эне тили кандай ардактуу болсо, Ала-Тоо койнундагы элдерди бириктирүүчү, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарта” турган кыргыз тили бул элдер үчүн дал ошондой ыйык, дал ошондой аруу. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде соңку жылдары бир топ алгылыктуу иштер жасалды. Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн […]

Улуттук идея – “Манаста”


Адамзат тарыхында жашап өткөн ар бир элдер дүйнөнү ар кандай жолдор менен таанышкан жана таанууга аракет жасаган. Дээрлик көпчүлүгүнүн ааламтаанусу жашоо образынан, географиялык-климаттык шартынан, кошуна элдерден, тогуз жолдун тоомундагы аймактар менен байланыштарынан көп нерсе көз каранды болгон. Ар бир эл дүйнөнү таанууда турмуштук тажрыйба, жашоо-шарты, жүрүм-турум эрежелери, коомдук түзүлүш сыяктуу көрүнүштөр алдыңкы планга чыккан. Адамзаттын […]

Кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы министр


Кыргыз аялдарынын арасынан алгачкы министр болуп иштеген, Кыргыз ССРинин саламаттык сактоо тармагына зор салым кошкон Фатима Нургазиеванын өмүрү, басып өткөн эмгек жолу кийинки муундарга өрнөк болуп калды. Белгилүү акын Жоомарт Бөкөмбаевдин жубайы Тенти Адышеванын «Кылы үзүлгөн комузум» аттуу эскерме-баян китебинде Кыргыз ССРинин социалдык камсыздандыруу министри, андан соң саламаттык сактоо министри болуп иштеген Фатима Нургазиева жөнүндө […]

Доктор Шайлообек Өмүралиев: “21 күн наалыбай, ушактабай, ыраазы болуп жашаган адам таптакыр өзгөрөт”


Бир күндө биз, адамдар, орто эсеп менен 23 жолу нааразы болуп, наалыйт экенбиз. 21 күн наалыбай, ушактабай, турмушуна ыраазы болууну үйрөнсө, ал киши таптакыр өзгөрүп, ырахаттануу менен жашап калат. Белгилүү психолог Уилл Боуэндин “Наалыбай жашайлы” –“Мир без жалоб” аттуу айтылуу китебинде айтылган ыкманы кыргыз психологу Шайлообек Өмүралиев толуктап, биздин коомго сунуштап жатат. “Кереге” жалпы адамзаттык […]

Мамлекеттик мекемелерде мамлекеттик тилдин абалы кандай? Экономика министрлиги


Комиссия мүчөлөрү Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова менен жолугушуп, пикир алышып, текшерүүнүн максаты тууралуу маалымат беришти. Мамлекеттик тилдин абалы менен таанышууда төмөнкүлөр аныкталды. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө 2017-жылга карата иш план бекитилген. Чогулуштар, жыйындар, жолугушуулар мамлекеттик жана расмий тилде өткөрүлөт. Компьютерлерге кыргызча шрифттер орнотулган. Мекеменин ички-тышкы жазуулары, бөлмөлөрдүн аталыштары негизинен мамлекеттик тилде жазылган. […]

КЫЙДЫ ЗАМАН же улуу сөздү өчүрүп, тилди, дилди жоготуп, өгөй баалуулуктарды таңуулаган техникалык доор жөнүндө


Мисалдар менен ашкерелебесек деле алмуздактан бери бир айныгыс чындык жашап келген. Ал – бардык өнөрдөн сөз өнөрүнүн артыкчылыгы. Илгери сөз өнөрү укмуштуудай бааланган учурда жакшы айтылган сөз үчүн адеми тонун чечип, жалгыз атынан түшүп берүүдөн айныган эмес экен калкыбыз. Таап айтылган сөз октон да, оттон да күчтүү болгон: бүтпөгөн чыр бүтүп, эр өлгөн согуштар токтогон. […]

Мамлекеттик мекемелерде мамлекеттик тилдин абалы кандай? Ички иштер министрлиги


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн абалы менен жеринде таанышуу жана методикалык-практикалык көмөк көрсөтүү максатында текшерүү жүргүздү. 2016-жылы ИИМге келген документтердин жалпы саны – 13 416. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан келген каттардын саны – 2393. Кыргыз Республикасынын […]

Беш көкүл кыз


(кыргыз каада-салттары) Бул бой тартып, болукшуп, өз боюн өзү түзөп, арка чачы алты, жаак чачы сегиз өрүм, тал-тал көрүнүп калган кыз. Жүк маанектейт, узчулукту кармайт. Тестиерлерге үлгү көрсөтөт. Аларды жумшап, аткарган иштерин теске салып турат. Айлуу түндөрүндөгү кыз оюндарына жеңелерин ээрчип барат. Албетте, элдик оюндарга түшөт (ал оюндар кыскача өзүнчө жазылат). Ал үкүлүү кундуз тебетей […]

Төрөбай Кулатов шым таап берип, Зууракан Кайназарова казак балбанын жыкканда


Атактуу кызылчачы Зууракан Кайназарова Төрөбай Кулатовду катуу сыйлачу. Кырк жыл бою мамлекетти башкаруу бийлигинде иштеген, Раззаков, Усубалиев өңдүү Кыргызстандын биринчи жетекчилери, Сталин, Хрущев, Брежнев, Подгорный, Косыгин сыяктуу тарыхта изи калган алптар менен үзөңгүлөш жүргөн Кулатовдон беш жаш улуу болгондуктанбы, Зууракан апа аны “сен” дечү, “Төрөбай” дечү. Экөөнүн Зууракан ападан уккан бир окуясын айтып берейин. 1937-жылы […]

Жетекчилиги кылымдарга үлгү болуп калчу инсан…


Кыргыздын атын алыска, даңкын далайга чыгарган инсандарыбыз аз эмес. Алардын бири Кыргызстандын тарыхында, маданияттын басып өткөн жолунда ташка тамга баскандай өз изин калтырган Күлүйпа Кондучалова менен маек куруу бактысы мага да туш болгон эле. Кезинде кыргыз маданиятын жандантып, көтөргөн Кыргыз ССРнин биринчи тышкы иштер министри жана Маданият министри Күлүйпа Кондучалованы – «Тянь-Шандын темир айымы» дешчү. […]

Кыргызстандын калкы боюнча кызыктуу 10 факт


Кыргызстандагы калктын саны Бүгүнкү күндө 6 млн 19 миң 500гө жетип, дүйнөдө 111-орунду ээлейт.   Улуттук курам Кыргызстанда 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Улуттар аралык ынтымакты жана алаканы бекемдөө максатында түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп турат.   Калктын жаш курагы Кыргызстанда жаш курак боюнча эмгекке жарамдуу калктын саны басымдуураак кылат. Алсак, 16 жашка чейинкилер – 2 007 […]

Самаковдун Япониядагы сапары тарыхты тактайт…


Карганбек Самаков кыргыз–япон тарыхындагы унутта калган бир окуя тууралуу кызык кеп айтты. Бул эки өлкөнүн достук мамилесиндеги жагымдуу факт катары мындан ары да тарыхта өз ордун табарына шек жок. Ал окуяны Самаковдун өзүнүн баяндоосунда толугу менен берели: «1946-жылы Фрунзе шаарына (азыркы Бишкек) 125 япон аскер туткундарын алып келишкен. Алар Боомдогу темир жолдун курулушуна немец аскер […]

Катага каршы “Кара тизме”


Ооба, көрнөк көйгөйү коомчулук көңүлүн өйүгөн талуу маселелердин бири. Ондогон жылдар аны кантип оңдоштун оңтоюн таппай келдик. Бирок, “акыл – жаштан” демекчи, өзүн улуттун уул-кызы санаган мекенчил жаштарыбыз бул маселеге кайдыгер карабай, колдон келген салымын кошуп келет. Анын бир мисалы катары Кыздархан Айтматова кызыбыздын аракетин айталы. Ал “Манас” кино-театрында илинген берегидей афишаны колтелефонго тартып алып, […]

Тилдер күнү жана майрамдары


21-февраль – Эл аралык эне тил күнү Эл аралык эне тил күнү 17-ноябрда 1999-жылы ЮНЕСКОнун Башкы конференциясында жарыяланып,  2000-жылдын 21-февралынан тартып  тил жана маданий ар түрдүүлүктү өнүктүрүү максатында белгиленет.   14-март – Эстон эне тил күнү 14-мартта Эстонияда Эне тил күнү белгиленет. Эгер сөзмө-сөз которгондо бул күндү “Энелер” күнү деп атаса болот.   20-март – […]

Жөлөп-таяп, кеңешип-таңашып… Кыргыздагы катыштын орду тууралуу


Колумнист Шаакан Токтогул тирүүлүктөгү бармай-келмей, алмай-бермей, ылымта-ымала тууралуу ой жүгүртүп, анын кыргыз жашоосундагы ордуна, маанисине токтолгон. Жашоонун, өмүрдүн көркүн айланадагылар менен байланышып катышуу, баарлашып жүз көрүшүү, өз ара мамиле түзүү чыгарат. Миңдеген жылдардан бери уланып келаткан бул көрүнүш тирүүлүктүн мыйзамына айланган. Кадыры жоктун катышы жок. Айрыкча, кыргыз элинде жеке адамдык кызыкчылык эмес, жалпы кызыкчылык жогору […]

Эне тили – улуттун уюткусу


Ар бир улут кылымдап өнүгүп келген өзүнүн улуттук дөөлөттөрүн, рух-дараметин, кайталангыс этномаданиятын ыйык катары сактап, аны өнүктүрүү үчүн өсүп келе жаткан кийинки муунду өз эне тилинде окутуп, тарбиялоосу зарыл. Анткени, эне тили жалаң эле маалымат алмашуу, сүйлөшүү каражаты эмес, ал – ата-бабалардан калган рухий жана маданий дөөлөт. Ошондуктан адамды улуттук маданий кыртышта ар тараптан калыптандырып, […]

Анкарадагы “Кыргыз эне” күмбөзүнө зыярат


Анкарадагы Кыргызстандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси И.Жунусов менен Кыргызстандан келген журналисттер  “Кыргыз эне” күмбөзүнө зыярат кылышты. http://cdn.trt.net.tr/videos/4d7f/43d1/77a9/5758230e359de.mp4 TRT, 08.06.2016-ж.

“Эне тил барда – эл да бар…”


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Назаркул Ишекеев менен маек. – Назаркул агай, кийинки кездерде биздин өлкө, алтургай, жалпы дүйнө коомчулугу тилге, тарыхка жана маданиятка шардана көңүл бура баштады… – Ар кандай улуттун башкы байлыгы – анын эне тили. “Эне тилсиз эл карып” дейт. Ошондуктан, “баарынан сөз улук”, “оболу сөз […]