Monthly Archives: Август 2012

Гүлсана Сарногоева: “Атама ичи күйгөндөр менен жолугуп, баарлашкым келет…”


“Мен Киммин, мен бир акын жаман сары, Колунда койкоңдогон калам сабы. Кылган иш, ырым менен кубантсам дейм Кыргызды, кыргыз сүйгөн замананы” – деп өз ырларында жатык тили менен кыргызды, элди, жерди, мекенди даңазалап, элдин сүймөнчүлүгүнө айланган эл акыны Байдылда Сарногоев көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Аз жашаса да, артында калган эмгеги опол тоодой […]

Дөө-шаалар эрөөлү: Касым-Аалы-Чыңгыз


Кыргыз тарыхындагы идеологиялык кармаштардын эң чоңу – ХХ кылымдын башында Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаевдин, андан соң ошол эле Аалы Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовдун ортосунда болгон. Ар бир доордун өзүнө жараша логикасы, кан кызыткан талаш-талаштары, конфликттери болот тура. Маселен, байыркы Грекияда Сократ менен Платон философиянын өзөктүү маселелери боюнча талашып-тартышканы жакшы белгилүү. Ѳз оюнан, ишениминен эч качан […]

Кыргыз киносунун Чыңгызханы


Болот Бейшеналиев десе көз алдыбызга тунгуч мугалим Дүйшөн, Акмөөрдү сүйгөн Болот, армандуу Король Лир тартылат. Залкар актер 1937-жылы Кемин районундагы Калмак-Ашуу айылында төрөлгөн экен. Арабызда болгондо быйыл 75 жашка чыкмак. Өкүнүчтүүсү, ага кутман курактын тузу буюрбаптыр. Кайран талант 2001-жылдын 17-ноябрында кыргыз киносу – «кыргыз кереметинин» 60 жылдык мааракеси белгиленип жаткан кечеде дүйнө салып кете берди. […]

Акылманга аян болду


Кыргыз  эл  жазуучусу  Калканбай  Ашымбаев – 80  жашта -Кадырлуу Каке, сексен жылдык мааракеңиз кут болсун. Сизди көргөндөр алтымышта болсо керек дешет. Жаштыкты сактагандай кырчоо көрүнүштүн сыры неде? -Бул жөнүндө жаштар собол салганда айтканым бул: “Чылым чекпедик, чийинден сырт кетпедик, шарап ичпедик, шапар теппедик, айлуу түндө адашпадык, аягы суюктарга жанашпадык, өлчөп жеген өмүр табат, ачуусун тыйган […]

Тилиңди кордобо!


Акыркы жылдары гезит-журналдарда, радио менен телеканалдарда иштеген журналисттер кыргыз тилин кыргыз тилине жат, түшүнүксүз, келегей сөздөр менен толтуруп жатат деген дооматтар арбын. Көпчүлүгү муну жаш журналисттердин өз эне тилиндеги сөздөрдүн маанисин жакшы билбегендигинин, билимсиздигинин, көркөм адабий китептерди окубагандыгынын айынан болуп жатканын айтууда. Дээрлик бардык телеканалдарда, радио менен гезиттерде бийликтеги кызматкерлердин бири кызматтан алынса, “ал кызматынан […]

“Мезгил ирмемин кармай бил…”


Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург Султан РАЕВ менен маек. -Султан Акимович, жакында чыгармаларыңыз Кытай Эл Республикасында жогору бааланып, эл аралык “Жибек жолу” сыйлыгын алдыңыз. Биздин окурмандарга Пекинде өткөн сыйлык тапшыруу аземи тууралуу кеңири айтып берсеңиз? -Биринчиден, бул сыйлык мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Экинчиден, кытай тилине менин чыгармаларым 1991-жылдан бери которулуп […]

Шабдан жана кыргыз-түрк байланыштары


1904-жылы Шабдан баатыр ыйык Кабаага сыйынууга барып, Осмон империясынын падышасы Абдулхамид хан IIнин (21-сентябрь 1842–10-февраль 1918-жылдары жашап, 1876-1909 – жж. падышалык кылган) буйругу боюнча Сириядагы Шам шаарынан Хиджаз аймагында (азыркы Сауд Аравияда) жайгашкан Мекке, Мединага жана Жидде шаарларына карай мусулмандардын ажылыкка барышын жеңилдетиш үчүн салынып жаткан тарыхта ”Хамидийе Хиджаз темир жолу” же “Мусулмандардын ыйык жолу” […]

Накыл кептер


* * * Атаңдын көзүнчө балаңды өппө, эркелетпе. * * * Атаң тирүү кезинде сакал-мурут койбо. * * * Атаң тирүү кезинде өзүңдү “ата” деп айттырба. * * * Саламдашпай туруп сөз баштаба. * * * Өзүңдөн улуу кишиге бөйрөк таянып жооп бербе.

Маселенин моралдык жагы бар


Тил боюнча адис эмесмин, бирок кыргыз жазуусу менен такай иштеп келем. Төмөнкүдөй бир маселени байкадым. Кыргыз жазуусу кирилицага өткөндөн баштап, орус тилинен келген төрт е, ё, ю, я тамгалары колдонулуп келет. Аларды биздин тилде йэ, йо, йу, йа түрүндө берсек да болот. Демек, й тамгасын ага удаа келген үндүү тамгалар менен бириктирип, өзгөчө тамга менен […]

Поэзияга келаткан жолдо


…Бир күнү Топурак-Белге Алтымышбаев келип калды… Көрсө ал кишини Бөлөкбай абам конокко чакырып, сөзмөр киши экен, аңгемелерин угайын дептир. Эт бышып, аны туурап жеп бүткөндөн кийин да жылдыз тараганга чейин “Карынбай бай” деген жомокту айтып берди. Кызыктуу болгондуктан биз эч кимибиз кирпик какпай отуруп уктук. Кийин билсем Аалы Токомбаевдин бир китебинде “Карынбай” жүрсө болобу. Кийин-кийин […]

Алым Токтомушев, акын: “аракты таштаганга караганда ыр жазганды таштоо жеңил экен”


Кыргыз журналистикасына барандуу салым кошкон, ошол эле маалда акын Алым Токтомушев менен поэзия, журналистика туурасында азыноолак кеп салыштык. – Алым мырза, сизди мыкты журналист катары жакшы билебиз. Ошол эле маалда акынсыз. Деги эле поэзия деген сөзгө кандай аныктама берет элеңиз? – Мыкты журналист экендигимди билчү эмесмин. Жөн эле журналистмин деп ойлочу элем. Силер айтып аткан соң мүмкүн […]

Улан Карыпбаев: “Биздин ителги, бүркүттөр чарчаганга чейин тебе беришет”


Тоң районунун Төрткүл айылынын 34 жаштагы тургуну Улан Карыпбаев ата жолун улап, мүнүшкөрлүк менен алектенет. Ителги менен бүркүттүн тилин билген Улан мырза өз өнөрүнүн сыры менен бөлүштү. -Улан мырза, бүркүт менен ителги таптоонун айырмасы кандай? -Экөөнүкү эки башка болот. Кыргыздар “бүркүттүкү он тап, ителгиники бир тап” деп коет. Ителгини бир таптасаң жоргодой эле. Ала берет. […]

“Карачы, Шаршендин бетинин баары эле мурун”


Залкарлар арасындагы оригиналдуу талант Шаршен Термечиковдун көркөм дүйнөсүн, аткаруучулук бөтөнчө өнөрүн “бир актердун театры” деп атасак болот. Шаршен Термечиков дегенде биз көркөм сөз өнөрүнүн зор өкүлүн, көп кырдуу талантты көз алдыбызга келтиребиз. Шаршен виртуоз чебер комузчу жана мыкты домбурачы, анын обончулук өнөрү да болгон. “Мен – Шаршен Термечик уулу” аңгемесинде балалыгын мындайча эскерет: “Мен – […]

Кымыз идиштерин ийге келтирген Кайырбек ага


Бөкөнбаев айылынын тургуну Токтосунов Кайырбек кымыз идиштерди жасагандан тышкары, жыгачтан эмне жасалса, баарын жасайт. Ага бул өнөр тукумунан берилген. Тагыраак айтканда, чоң атасы Токтосун чоң уста болуп, баласына үйрөткөн. А баласы Асаналы өзүнүн баласы Кайырбекке… Азыр болсо Кайырбек ага балдарына үйрөтүп бүтүп, небере-чөбөрөлөрүнө өткөн. Өзүнүн 6 баласы бар. Үч кыз, үч эркек. Үч уулуна эмне […]

Айтурган Темирова, Кыргыз Республикасынын эл артисти: “Мен азыр турмушумда бактылуу чоң эненин, таененин ролун жаратып жатам”


КРнын эл артисти, белгилүү киноактриса Айтурган Темирова өтө жаш кезинен кыргыз кинолоруна тартыла баштаган. “Кыргыздын кереметинде” өз орду, өз салымы бар кино жылдыздарыбыздын бири. Алгачкы тартылган “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” фильминен баштап “Эрте жаздагы турналар”, “Ак кеме”, “Бөрү зындан” “Фудзиямадагы кадыр түн”, “Көзгө атар” , “Он үчүнчү небере” фильмдеринде эң сонун образдарды жараткан. Ошол эле учурда Айтурган […]

Боз үй жана Айтыш өнөрү ЮНЕСКОго казактар менен биргеликте катталабы?


Өткөн жуманын ортосунда Маданият жана туризм министрлигинде Боз үй жана Айтыш өнөрүн ЮНЕСКОнун маданият мурастар тизмесине Кыргызстан менен Казакстан Республикаларынын атынан каттатуу боюнча талкуу болду. Ага Кыргызстандын белгилүү окумуштуулары, жазуучулары, артисттери, ырчылары катышты. ЮНЕСКОго тиешелүү даярдык чараларын көрүү үчүн жумушчу топ түзүлдү. “Айтыш” номинациясы боюнча (тогуз адамдан турган) жумушчу топтун төрагасы болуп КРнын маданиятына эмгек […]

Казакстан эл артисти Асанали АШИМОВ: “Өкмөттүн берген темирлеринен көрө, көрүүчүлөрдүн кол чабуусу жогору…”


Өткөн жумада Казакстандын Кыргызстандагы маданият жумалыгы башталып, ага казакстандык кинорежиссерлордун «Менин балалыгымдын асманы», «Жаужурек мын бала», «Кош бол, Гүлсары», «Сиз кимсиз, мырза Ка?», «Ишенимсиз Махабат», «А.га кайтып келүү», «Мустафа Шокай» тасмалары көрсөтүлө баштады. Аталган көркөм тасмалар менен бирге, алардын авторлору, режиссерлор, композиторлор, сценаристтер да кошо келишкен. Алардын арасында Казак эл артисти, СССРдин эл артисти Асанали Ашимов […]

Чыгаан драматург, чыныгы Адам


Ар бир адамда жаратылыш берген касиет: ар кыл өнөр, ар түрдүү жөндөмдүүлүк болот. Токтоболот Абдумомуновдун эмгектик ишмердиги – Антон Павлович Чехов сыяктуу алгач өз кесиби боюнча фельдшерликтен башталган. Мына ушул кесиптеги гумандуулукту бийик даражада сактоо принциптери – чыгармачылык турмушунда да маанилүү фактор болуп, керектүү жерлерде сузуп алып турган башат болгон. Көрүнүктүү драматург Токтоболот Абдумомуновдун кыргыз […]

Рахат Токтобаева: “Балерина” скульптурасын үч жылдын ичинде жасап бүтүргөм”


Скульптура-бул искусствонун бир түрүнө кирип, аны грекче бир нерсени кол менен чаптап, жабыштырып жасоо дегенди түшүндүрөт. Мына ушул аталган искусствого жана сүрөт дүйнөсүнө 13 жылдан бери жан дүйнөсүн арнап келе жаткан, кыргыздын биринчи скульптор кызы, сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Рахат Токтобаева менен кызыктуу маек курдук. Көксөгөн тилегиме умтулуп… Сүрөт тартуу менин бала чагымдан эле башталган. Биздин […]

Айнура Канжаева: “Артисттердин баары мени “Мыскалдын кызы” деп эркелетишчү”


Мыскал Өмүрканова Сүрөт http://www.azattyk.org сайтынан алынды Кыргыздын кайталангыс булбул үндүү ырчысы, 40-60-жылдардын көркү болгон Мыскал Өмүрканова апабыздын көзү өтүп кеткенден бери кырк жылга жакын убакыт артта калса да, биздин жүрөгүбүздө тирүү бойдон. Улуу ырчынын жалгыз кызы, баскан-турганы, келбети, жадагалса ырдаганы да Мыскал апага окшош Айнура Канжаева эже менен маектешип, апасы тууралуу эскере олтурдук.

“Сенин атың-Дөнөнбай!”


Былтыр “Манас” мыйзамы кабыл алынган. Ошого ылайык, 2012-2017-жылдары “Манас” эпосун сактоо, окуп-үйрөнүү жана жалпыга жайылтуу максатында атайын программа иштелип чыгып, быйыл бюджеттен 9 миллион сом гана бөлүнмөк. Бирок тилекке каршы, премьер-министр Ө.Бабанов 6-августтагы токтом менен “республикалык бюджеттен” деген сөздү “өз каражаттарынан” деп өзгөрттү. Демек, ыраматылык Сагымбай менен Саякбай өз каражатынан өз CD жана DVD-дисктерин чыгарышы […]

Кытайга сапар


Жамбы Жусубалиева: “Эки тоо жолукту” Жан дүйнөнү, ааламды аңтар-теңтер кылып, шамалдай шуулдатып, дуулдатып, дирилдетип, бириндетип, чымчыктай чыркыратып, пырпыратып, чырылдатып, сыздатып, ыйлатып ,боздотуп, бирде асманга чыгып, асмандан түшүп, муңкантып, булкунтуп, жулкунтуп жазган Кубат Жусубалиев, рухий изденүүнүн улуу жолундагы Кубат аке, түбөлүктүүлүктүн караанындай болгон Кубат аке, кыргыздар баалай билбеген, барктай албай жүргөн, түшүнбөй жүргөн. Кубат аке, карааны […]

Гүлзат Абдалиева: Кытайдагы фу-йу кыргыздары жоголуп бараткан улут катары эсептелинет


Кыргыз тарыхындагы изилденбеген мезгилдери, жазылбай калган окуялары, ачыла элек жаңы сырлары көп. Анын бири Фу-йу кыргыздары. Фу-йу кыргыздары боюнча кээ бир илимпоздордун  оозеки айткандары гана болбосо, маалыматтар жокко эсе. Тарых илиминин кандидаты Гүлзат Абдалиева да бул боюнча устаттарынан угуп кызыгуусу артып жүргөн. Быйыл көксөгөнү ишке ашты. Демилгечилердин жардамы менен Кытайдын түндүк-чыгыш тарабына экспедициялык топ жөнөдү. […]

Кыргызстандын 2012-жылкы ордо чемпионаты өттү


Сүрөт http://www.knews.kg сайтынан алынды Илгертеден келаткан ордо кыймылдуу оюну геометрия, черчение, математика, тарых сыяктуу илимдерди ичине камтып, аскерге даярдануу ыкмаларын үйрөтөт эмеспи. Жаштарды эрктүүлүккө, биримдүүлүккө, ошондой эле ар бир кыймыл жасаарда акыл калчап алысты көрө билүүгө тарбиялаган ордо оюну күндөн-күнгө күч алып, өнүгүп келатат. Кечээ жакында, Бишкек шаарында 2-августтан 5-августка чейин ордо боюнча КРнын чемпионаты болуп өттү. […]

Өчпөгөн өнөр


Элибиз эгемендүүлүккө жетип, мамлекетибиз өз алдынча көз карандысыз өнүгүү жолуна түшкөнүнө быйыл жыйырма бир жыл болду. Элибиздин башынан бул жылдары көп эле окуялар өттү. Кыйынчылыктар болду, анткени эгемендүүлүк менен ээрчишип жашоо-турмушубузга кирип келген базар экономикасы элибизди ары-бери чайкап, жакшы эле майыштырды. Бирок, канткен менен уюткулуу журт экенбиз, алды-артыбызга карап, тырмалап оокат кылганга, изденгенге көндүк. “Кыбыраган […]