Monthly Archives: Март 2010

Алыкулга арналган ыр кече


30-мартта Улуттук китепканада акын Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгына арналган поэзия кечеси өттү. Бул кече Алыкул Осмонов 95 жашка чыккан бу жылдагы алгачкы иш-чара. Кыргыз Улуттук китепканасында белгиленип жаткан Кыргыздын таланттуу акыны Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгына арналган адабий кече акындын китепкананын алдында турган эстелигине гүл коюу менен башталып, китепкананын адабият залында белгилүү акындар, жазуучулар, маданият кызматкерлери […]

Шейне Коринин “Милли жана Мейси парады” китеби кыргыз тилинде жарыкка чыкты


Кыргызстанда америкалык жазуучу Шейне Коринин “Милли жана Мейси парады” балдар үчүн арналган китеби кыргыз тилинде жарыкка чыкты. Мындай маалыматты АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган китеп Кыргызстанда мамлекеттик тилдеги балдар адабиятын өнүктүрүүнү колдоого алуу максатында жарыкка чыкты. Китепти кыргыз тилинде басып чыгарууну АКШ элчилиги каржылаган.

31-мартта Бишкекте Байжиевдердин чыгармачылыгына арналган көргөзмө болот


31-мартта КРнын Улуттук китепканасында белгилүү жазуучу, коомдук ишмер, прозаик, драматург, режиссер, котормочу Мар Байжиевдин 75-жылдыгына жана атасы белгилүү окумуштуу Ташым Байжиевдин 100 жылдыгына арналган “Жазуучу, илимпоз, режиссер, котормочу” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болот.

Токтораалы Талканбай уулу


Токтогул Сатылган уулу


Калык Акый уулу


Кытайда Кыргыз маданиятынын күндөрү өтөт


Кытайда Кыргыз маданиятынын күндөрү өтөт. Бул туурасында республиканын Маданият мамагенттигинин басма сөз кызматы билдирет. Маданият мамагенттигинин деректири Ибрагим Жунусовдун кытайлык коллегасы Цай У менен болгон Пекинде өткөн жолугушуусунда үстүбүздөгү жылдын жай айларында КЭРдин СУАР аймагында Кыргыз маданиятынын күндөрүн өткөрүү тууралуу макулдашылган.

“Борбордук Азия – диалогдун жана кызматташтыктын аймагы”


Бишкекте 29-мартта ачылган “Борбордук Азия – диалогдун жана кызматташтыктын аймагы” Эл аралык форумдун максаты – коңшулаш мамлекеттер ортосундагы маселелерди диалог жолу менен чечүүгө жетишүү. Дүйнөнүн 14 мамлекетинен өкүлдөр катышып жаткан “Борбордук Азия – диалогдун жана кызматташтыктын аймагы” эл аралык форуму Кыргыз өкмөтүнө караштуу Маданият агенттигинин, Эл аралык “Диалог Евразия” платформасынын жана эл аралык “Руханият” ассоциациясынын колдоосунда […]

Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде көргөзмө ачылат


6-апрелде Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде Россиядан, Украинадан, Беларустан, Грузиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, Германиядан  жана Кыргызстандын өзүнөн алынган “1989-2009: Өзгөрүлүп жаткан дүйнө – эсте каларлык мезгил” деген азыркы фотосүрөттөрдүн жана видеонун көргөзмөсү ачылат. Бул туурасында анын уюштуруучусу – “Б”Арт Контемпорари” коомдук фондусу билдирген.

Эл бааласын эмгекти эселентип


Көркөм адабий китепке болгон мамилеми, ой-пикирими, китептин адам өмүрүндөгү, коомдогу маанисин, таасир-күчүн, тарых тамгасы, эл кенчи экенин, анын азыркы кейиштүү абалын кеп кылып учурунда гезит бетине (өткөн жылы «Кыргыз Туусуна») бирооз сунуш киргизгеним бар эле. Ал көйгөй дагы эле көңүлүмү өйүгөнү – өйүгөн. Эми минтип акын-мударис Омор Соороновдун эки китептен турган «Кол жазмалар жөнүндө сөз» […]

Атахан Кожогулов


Кыргызстанда маалымат технологиялары өтө жай өнүгүүдө


25-мартта Дүйнөлүк Экономикалык Форум маалымат технологияларынын өнүгүшү боюнча жылдык отчетун жарыялады. Анда 133 өлкөдөгү абал иликтенген. Маалымат алмашуу жана байланыш тармагындагы жаңы технологиялардын күнүмдүк турмушта колдонулушу боюнча биринчи орунда Швеция турат. Борбор Азияда болсо Кыргызстан Казакстан менен Тажикстандан кийинки үчүнчү орунду ээледи.

БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ


АВТОРДОН: Шайлообек Дүйшеев жогорку окуу жайында жалгыз окуп, жатаканада жалгыз жашаган эмес. Тегерегинде агалык акылын айткан, инилик көмөгүн, жолдоштук сыйын көрсөткөн жакшы санаалаш курсташтары арбын эле. Алардын бири – Искендер Жумабаев. Ата тарбиясын албай, эне мээримин көрбөй жетим өскөн Шайлообектин анда-санда кармай калчу агын суудай албуут кыялын эпке келтириш, жапайы тулпардай туйлаган азоо талантын тапка […]

Байыркы кыргыздардын күн, ай эсеби


Илгерки ата-бабаларыбыз саат болбогондуктан күн-түн ичиндеги мезгилди болжоп ар кандай турмуштагы колдонулуучу убакыттык аттар менен атап келишкен. Бул мезгил болжол менен алып караганда жаңыдан ислам динин кабыл алышып, жашоодо колдонулган беш маал окуган намаздын аттарын пайдаланып аташып болжол менен 8 – кылымдын орто ченинен баштап ал маалдарды 34 кө бөлүп төмөнкү аттар менен аташкан. Ар […]

Бишкекте “Джаз-Бишкек-Жаз” деп аталган бешинчи эл аралык фестиваль өтөт


Салттуу болуп калгандай джаз фестивалы 9-11-апрелге чейин Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт. “Борбор Азия- Артс Менеджмент” коомдук бирикмесинин коомчулук менен байланышуу боюнча консултанты Ольга Ниязалиева маалымдагандай, Бишкектеги фестивалга катышуу үчүн Европа жана  Азиядан таанымал жана жаңы  муундун музыканттары келмекчи.

Майра Керим кызынын жолдошу КАНАТ БАЙЫШОВ: “ӨКМӨТ МАЙРАДАН БИР БАРАГЫН АЯДЫ”


Төкмө акын, обончу Майра Керим кызы казак кызы болгону менен, ак жоолук салынып келин болуп келгени кыргыздын намысына жарап, көптөгөн айтыштарда биринчи орунду алып келген. Капилеттен жабышкан дарт небере жыттап, балдарынын төрүндө эми гана чай ичкени турган талантты элинен ажыратып тынды. “ТИГИ КЫРГЫЗ АЛДАП КЕТТИ ДЕП ОЙЛОПТУР” Майра Керим кызы 1962-жылы Алматы облусунун Кеген районундагы […]

Авторун атап ырдашса кемип калышат беле?


Учурда кыргыз шоу бизнесинде сөзүнүн мааниси тайыз, обону жугумсуз ырлар арбып баратат. Ал аз келгенсип радиолордон уктурулуп, телеберүүлөрдөн көрсөтүлүп, көркөм табитке көө түшүрүүдө. Бул көрүнүш тууралуу оюн билүү максатында кыйла жылдар бою Нарын облусунун маданият тармактарында эмгектенген Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, обончу Жалил СЫДЫКОВго кайрылдык.

КР эл артисти Марат АЛЫШПАЕВ: "Таланттууларды талантсыздар атайын жайлайт"


Маданият агенттигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, КР эл артисти Марат АЛЫШПАЕВ менен өзүнүн чыгармачылык жолу, азыркы театрлардын абалы тууралуу кеп козгодук. Эскерте кетсек, Марат мырза учурунда сахнанын көркүн ачып далай спектаклдерде баш каармандарды жаратса, тасмада “Каракыз”, “Тыянак”, “Метаморфоза”, “Жаннат” жана башка кыргыз сериалдарына тартылган. Көралбастык, ичи тардык, ушак менен иши жок Марат мырзанын сыр сандыгына […]

Өпкөлүкпү… төкмөлүкпү?


Кыргыз эли илгертен куюлуштуруп сүйлөп, ырдап, комузда кол ойнотуп, сөз кереметин иргеп, төкмөлүк өнөрдү төргө өткөрүп келет. Ар бир эле адам турган жеринде куюлуштуруп, комуздун коштоосунда төгүп кете албасы анык. Көкүрөгүндө көрөңгө, көмөкөйүндө сөз байлыгы, акылында ай-ааламды чапчыган ой уюткусу бар, чындап талант даарыган чыгаандар гана төкмөлүктү аркалай алышат. Мындай адамдарды баалашып, урмат-сый көргөзүп келишкен. […]

Догдурбек Кыдыралиев, КРнын эмгек сиңирген артисти: "Кожожаштын ролу күтүүсүз берилип …"


(Уландысы. Башы өткөн санда) Келинди карагандай… “Кайда барып сүйлөшүп алсак?” деп Океев мени карап калды. Мен токтолбостон “Ресторанга баралы” дедим да, жаныбыздагы ресторанды көргөздүм. Дагы эле сыйлай койсом деп турам. Анда Төкөм мага карап, “Билесиңби Доха, ресторанда киши сүйлөшпөйт. Ал жерде тамак ичет… Бул суукта көчөдө турганыбыз болбойт. Андан көрө такси карма да, жатаканаңа алпар. […]

Роза Таберикова, ырчы: "КЛУБДУН ИЧИНЕ БАЛПАЙГАН КАР ЖААП, МЕН ЫРДАП…"


– Роза, чыгармачылык өнөрүң качан башталды эле? – Мен Нарындын Ак-Талаа районундагы Тилектеш айылынан болом. Мектепке 6 жашымда окуп, 16 жашымда бүттүм. Эңсегеним эле ырчылык болчу. Чогуу ойноп жүргөн эле кыздар мектепке окуп кетишсе, мен калып каламбы деп апам тигип берген кичинекей сумкама “Алиппени”, жука бир дептерими салып алып эле бара берчүмүн. Келбе дешсе деле […]

Жаңы маданияттын зарылдыгы


Бул сөздүн келип чыгышына эки нерсе түрткү берди. Биринчиден, “Манас Эл” кыймылы ишемби сайын Тарых музейинде “Манас” айттырып улуттун духун көтөрөлү деп сүйлөшкөндөн кийин, керек учурунда манасчы таппай, сүйлөшүп койгондору келбей калып кыйналчу болду. Манасчыларыбыз жок болсо бир жөн, Кудайга шүгүр, уучубуз куру эмес, бери жагы жети күн, ары жагы кырк күн айткандары бар. Анан […]

Жети кило салмактагы “Манас” чыкты


Бишкектеги “Хан Теңир” басмасынан манасчы Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы 9 томдук “Манас” 7 кило салмак менен бир китеп болуп басылып чыкты. Азырынча сигналдык нускасы колго тийип, 1000 нуска менен чыгып жаткан “Манас” 163 миң саптан ашык болуп чыкты. Совет учурунда бул вариант 60 миң сап менен гана чыккан болчу.

Бишкекте жапон кинолорунун фестивалы өтөт


Иш-чаранын жүрүшүндө жапон режиссерлору тарткан эски жана жаңы тасмалар кино күйөрмандарына бекер көрсөтүлөт. Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган фестивалдын программасына жапон режиссерлору тарткан 4 тасма кирген. Аталган элчиликтин маданий иштер боюнча өкүлү Цутому Шибатанын айтымында, тасмаларды кылдаттык менен тандашкан: -Биз тасмаларды тандап жатканда Жапонияда көрөрмандардын канчалык кызыгуусун жаратканын эске алдык. Ошондой эле эл аралык кинофестивалдарга катышып, байгелүү […]

Султан Раев дүйнө жүзүндөгү мыкты деген 7 драматургудун катарына кирди


Кыргыз драматургу Султан Раев ВВС компаниясынын пикиринде дүйнө жүзүндөгү мыкты деген 7 драматургдун катарына кирет. “Кабар” МА билдиргендей, аталган компания «Seven wonders of the Divided World» деген музыкалдык диск чыгарып, ага, ВВСнин баамындагы, 7 мыкты делген радиоуктуруулар киргизилген. С.Раевдин “Акыркы керээз” деген пьесасы дискти ачат.