Интернеттен кыргыз китептерин табуу кыйын экенин, табылса да аларды смартфондордо окуганга ыңгайсыз экенин эске алып, замандан артта калбайлы деп “Кыргыз маданият борбору” сайтында электрондук китептердин китепканасын ачтым. Бул китептер смартфонго, букридерге (epub жана mobi форматында), компьютерге (pdf форматында) жүктөп окуганга ыңгайлаштырылган. Азырынча бир гана китеп жүктөлдү. Ал – 2011-жылы сайтыбыз уюштурган “Бир ыр” сынагынын жеңүүчүлөрүнүн […]


Анда бизге кайрылыңыздар! Интернет чыгармачыл адамга окурмандарын табууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Мисалы, социалдык тармактар. Бирок айрым учурда чыгармаларың иреттешкен түрдө болушун каалап кетесиң. Мындайда өзүнчө сайт ачуу зарылдыгы бар. Биз сайтыңарды ачып, баштапкы материалдарыңарды жайгаштырып беребиз. Сайтты каражатты талап кылбаган бекер хостингде ачып беребиз, башкача айтканда, сайтты мындан ары иштеткенге эч бир чыгым кылбайсыңар. […]


Тазабек Саманчин (1909-1979) – сталиндик доордун запкысына жазыксыз дуушарланган илимпоз. Тазабек Саманчин сталиндик кандуу жазалоонун соңку толкунуна туш келген. Жазгыч акын Молдо Кылычтын мурасын, кыргыз эл оозеки чыгармачылыгын изилдегени үчүн улутчул жана космополит деп айыпталып, 1950-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган. Беш жылдан кийин абактан кайтып, бирок бир топ жыл ишсиз жүргөн.   Кыргыз жазма адабияты […]


Түгөлбай Сыдыкбеков менен жубайы Асылгүл эженин өз ара мамилеси, өтө тереңге кеткен руханий тамыры жана бири-бирине күйө да, сүйө билгени – бул өзүнчө легенда десек аша чаппайбыз. Биз, демейде, улуу инсан десе эле анын жасаган иштерин, аткарган кызматын, туулган жерин же алган сыйлыктарын эстей баштайт эмеспизби. Албетте, бул да маанилүү, бирок ошол улуу адамдардын адамдык […]


http://kabar.kg/kyr/site/assets/files/8068/novyi_31_07_17.mp4   http://kabar.kg/kyr/site/assets/files/8062/novyi_ekinchi_bolku_dlia_saita_31_07_17.mp4   “Кабар” КУМА, 31.07.2017-ж.


* * * Атымды уучтап алып муштумуңа, Кеткенсиң бир өзүңө ырыс сурап… Мен батпай калган экем, бала болуп, Тытылган турмушуңдун бир бурчуна… Таштаган көчөң мени таштан болду, Үстүмдөн үйрүлгөн бир асман болду. Өзүмдү миң жоготуп, миң издедим, Түздөйм деп сен адашып баскан жолду. Айтам деп жаман сөздөр үшүткөнүн, Урулдум айга-жылга күтүп сени. Кайтпадың… Коркпойт окшойт […]


Ташым Байжиев (1909–1952) сталиндик жазалоонун кандуу чеңгээлине 1950-жылы туш келип, Карагандыдагы абакта набыт болгон. Ага “Манас” эпосуна кошулуп калган пантүркчүл, панисламдык катмарды алып салбай, элге зыяндуу китепти сунуштаган деген айып коюшкан. Бийдин Улуу Үркүндөн аман келген небереси Ташым Байжиев 1909-жылы падышалык Орусиянын Жети-Суу үйөзүнүн аймагында, Көлдүн башындагы Теңизбай айылында (Кыргызстандын азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу […]


Эл жазуучусу Көчкөн Сактанов 75 жашта! Кыргыз Эл жазуучусу Көчкөн Сактанов – 60-жылдары кыргыз адабиятында жаңы доорду жараткан калемгерлердин бири. Ал замандаш калемдештери поэзия жана прозада жаңы чыйыр салып, чоң аренага секирик жасашкан Чыңгыз Айтматов, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Жалил Садыков, Омор Султанов сыяктуу залкар таланттардын көлөкөсүндө калбай, өз темасын, стилин таап, кара сөздүн чебери […]


Июнь айынын акыркы жумасында КР Эл артисти Болот Бейшеналиевдин 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чаралары өтүүдө. Залкар талант тууралуу кийинки муундун, жаштардын маалыматы чектелүү болгондуктан, анын өмүр жолу, ишмердүүлүгүнөн 10 фактыны журналист Кабыл Макешов сунуштайт. Жалгыз уул. Атактуу агабыздын киндик каны тамган жери – Чүй боорундагы Кемин районунун Калмак-Ашуу айылы. 1937-жылы 25-июнда Болот ага жарык дүйнөгө […]


Кыргызстандык белгилүү акын жана окумуштуу, медицина илимдеринин кандидаты, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Анэс Зарифьян менен маекти сунуштайбыз. Анэс Зарифьянды окурмандар өткөн кылымдын 60-жылдарынын этегинен тарта акын катары жакшы билишет. Алагчкы ырлар жыйнагы 1983-жылы жарык көргөнү менен чыгармалары 60-жылдары эле басма сөздө жарыяланып келген. Анэс Зарифьян: Лирика мен үчүн сырдуу, табышмактуу. Албетте, кээ бир учурда автор […]


Дүйнө жүзүндө эки гана элде кездешкен көркөм өнөр бул — төкмөлүк. Ал кыргыз менен казакта кездешет экен. Улуу өнөрдү уларча жок кылбай аздектеген муун — маданиятты тиреген түркүк. — Жети атаңызды санай келгенде бешинчи атаңыз кадимки төкмө акын Арстанбек Буйлаш уулу экендигин окугам. Төкмөлүк өнөр да ошол кишиден берилсе керек? — Кыргызда “аккан арыктан суу […]


Жыргалбек Касаболотов Жылдыз Муслимованын “Консенсус” аттуу автордук уктуруусунда конок болду.   “Марал” радиосу


Ант берүү ар бир элде болгон касиеттүү түшүнүк. Анын күчү менен эчен дөөлөттөр курулуп, эчени талкаланган, сүйүүлөр жооп таап, тукум өскөн… Колумнист Шаакан Токтогул баштапкы башаттан алыстаган анттын жазмышы менен каргышы тууралуу ой-толгоосун сунуштайт. Ант деген эмне? Ант – бузулбаган убада, сөзсүз орундала турган сөз, кайтпаган касам, жанбаган шерт. Байыркы башатта ал ыйык болгон. Ошондукта, […]


Кыргыз туусунун тарыхын изилдеп жүргөн окумуштуу Алмаз Шергазиев менен маек. Кыргыз туусунун тарыхын изилдеп жүргөн окумуштуу Алмаз Шергазиев жакында “Эр Жанек” китебин жазып, унутта калып келген тарыхый инсандын эмгегин ачып берди. Китептин жаралышы, кыргыз туусунун барк-баасы тууралуу кеп салып берүүсүн өтүнүп, Алмаз Шергазиевди кепке тарткан. Жанек баатыр кокондуктарды кубалап чыккан Кыргыздын туусун түшүрбөй, элин душмандан […]


Акындык да, адамдык да жолу аксап, күйөөсүнүн кызганычынан ок жеп, азиз болуп калган акын аялдын тагдыры… Күйөөсү Алмашты аттым деп ойлоп, кийин өзүнө-өзү ок чыгарып өлүп алат. Ал эми акындын көзү көрбөй калат. Жакында кыргыз поэзиясындагы ошол жарык жылдыз биротоло өчтү. Бул туурасында колумнист Абдыкерим Муратов мүрзөгүл жазды. Биз анда Ошто пединститутта студент элек. Алмаш […]


Абдыкадыр Орозбеков феноменинин жаралышы социализм заманында гана болчу көрүнүш. Карапайым кедей адамдын бийликтин жогорку тепкичине жетиши канчалык ыкчам болсо, андан сүрүлүп калышы деле ошончолук тез болгон. Абдыкадыр Орозбеков 1937-38-жылдары аябай күчөп кеткен кандуу жазалоонун курмандыгына туш келип, ушу кезге чейин кайсы жерге көмүлгөнү да дайынсыз. Артында калган аймончок балдары менен аялынын көргөн азап-тозокторун айтып отурса […]



Жогорудагы сүрөттө Кан-Дөбөдөгү археологиялык табылгаларды изилдөө учуру. Акыркы жылдары Кыргызстандын аймагында археологиялык эстеликтер көп табылып, бирок аны изилдөөгө жана сактоого каражат тартыш болуп жатат. Мындан улам тарыхый мурастарды коргоону каалаган жеке адамдар, адистер өздөрүнүн жеке демилгеси жана чет элдик уюмдардын каражаты менен тарыхый жайларды казуу жана сактоо аракетин көрө баштады. Бүгүнкү күндө Кочкордун Кум-Дөбө айылында […]


Өлкөнүн эң негизги байлыгы, потенциалы анын руханий деңгээлинен көз каранды. Учурда кыргыз элинин руханий абалы кандай? Дүйнө элинен биз эмнебиз менен айырмаланабыз? Ушул багытта Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев менен баарлаштык. – Каныбек Капашович, бүгүн сиз менен саясий эмес, руханий багытта пикир алышсакпы деп турам. Айтсаңыз, кыргыздар дүйнө элдеринен эмнебиз менен айырмаланабыз? […]


ӨКСҮК Канат кагып уча албадым кезинде, Кайрат айтып деген менен өзүмө, Качанкы бир калпыс кадам, ойлорум, Кайрып бербейт жаштыгымды, демимди. Кандай сонун кыял-тилек бар эле! Каалгый учуп ай-ааламды сермеген, Мен ал кезде кыял менен жашаган, Мен ал кезде бир башкача жан элем! Кайран гана кангып калган жылдарым.., Кайран гана карып болгон күндөрүм.., Кайран гана санаа […]


Композитор Акимжан Жээнбайдын чыгармаларында улут турмушундагы катаал драматизм пенде баласын коштой жүрчү арылгыс арман менен эриш-аркак сүрөттөлөт. “Эне, Акимжанды сизге тапшырдым…” Айкөл Манастан тарта кыргыз элинин башынан өткөн тарыхый учурлардын кыйласы музыканын тилинде баяндалат. Мындан жети жыл илгери Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында 7-апрелде төгүлгөн канга аза-кошогу, коммунисттик замандагы кандуу алаамат – репрессия курмандыктарын эскерген “Ата-Бейит”, жанкечтилердин […]


  http://kabar.kg/kyr/site/assets/files/7061/ormon_khan_birinchi_boluk_dlia_saita_03_07_17.mp4   http://kabar.kg/kyr/site/assets/files/7060/ormon_khan_ekinchi_boluk_dlia_saita_03_07_17.mp4   «Кабар» КУМА, 10.07.2017-ж.


Ырлар ЖҮРӨКТӨГҮ МУЗ Астейдил арзуулардан канаат алып, Аттанам, алыс сапар эртесинде. Жүрөмүн баарысына калыс карап – Жүрөгүм жашайт Ызгаар Өлкөсүндө. Тулкума нурун төккөн аруу жандар Туйлаткан жигеримди унута албайт. А бирок эпкиниме багынса да Аяздуу көөдөнүмдү жылыта албайт. Ак мөңгү башат болгон турмуш шары Агылат, өз нугунда кенен бүгүн. Сезимди бүт ээритсем – анын баарын […]


Жакында Москвада “Кыргыздар” деген фундаменталдуу илимий эмгек жарык көрдү. Анын авторлору кыргызстандык жана орусиялык окумуштуулар. Кыргыз элинин этногенезин, тарыхый-маданий байланыштарын жаңы илимий жетишкендиктердин негизинде иликтеген авторлор жамаатынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Аблабек Асанканов “Азаттыктын” студиясына келип жаңы эмгек тууралуу маек куруп берди. “Азаттык”: Аблабек мырза, студияга куш келипсиз. Бүгүнкү […]


Апалардын оозунан “тигинин баласын карачы” же “бөйрөгүңдү таянба” деген сөздөрдү бүт эле кыргыз баласы укса керек. Анан да койдун майын дарылык касиет катары колдонбогон кыргыз энеси жокко эсе. Кыргыз энелеринин колдонгон ырым-жырымдарынан балдарын урушкан сөзүнө чейин опокшош. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыздын гана апаларына тиешелүү өзгөчөлүктөрдү тизмектеп көрдү. Буларды окуп бир жылмайып алгыла. Койдун […]


Статистикалык маалыматтарга караганда Өзбекстанда 370 миңден ашык кыргыздар жашайт. Кыргыздар негизинен Анжиян, Фергана, Жиззах, Сырдарыя, Самарканд, Ташкент облустары, Каракалпакстан аймактарынан орун алып, жашап калышкан. Дал ушул аймактардагы этникалык кыргыздарда кыргыздарга тиешелүү каада-салттар сакталып калганбы? Кайсыл салты өзгөрүүгө учураган деген суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү маалыматтарды сунуштайбыз. Ташкент, Сырдарыя облустарындагы кыргыздардын басымдуу бөлүгү казак, өзбектер менен […]


http://kabar.kg/kyr/site/assets/files/6767/kolduk_saiaktar_birinchi_boluk_dlia_saita.mp4   http://kabar.kg/kyr/site/assets/files/6765/kolduk_saiaktar_ekinchi_boluk_dlia_saita.mp4   «Кабар» КУМА, 30.06.2017-ж.