Monthly Archives: Ноябрь 2015

Ж. Касаболотов: “СҮРӨТ”


Жылдар өтүп, сүрөтүңдү көз көрдү.  Жыйнай албай отурамын, сөздөрдү.  Мен өзгөрдүм. Сен өзгөрдүң. Ал тургай  Мезгил өзү таанылгыстай өзгөрдү. Даңгыр жолдор аябаптыр, эч кимди.  Далай жолу таңдар атып, кеч кирди.  Жүзүң тааныш, күлкүң ынак… А бирок  Жүрөгүмдүн канаттары эскирди. Өзүң менен кошо кеткен жаш чагым,  Өткөн турмуш эстен чыккан жаштамын.  Өзгөрүлдүм, сен тааныган учурдан  Өмүрүм […]

“Калемгер”: аңгеме жазууну жандантабыз


“Айтыш” коомдук фондунун “Калемгер” адабий клубу буга чейин популярдуу болбой калган аңгеме жанрына жан киргизүүнүн жолун издөөдө. Учурда ай сайын өтө турган аңгемечилер сынагы башталды. Жеңүүчүлөр калыстар тобунун жана Фейсбуктагы окурмандардын баалоосу менен аныкталат. Адабиятчылар мындай сынактар аңгеме жанрын кайра жандантат деп үмүттөнүшүүдө. Жакында өзүнүн аңгемелерден жана новелладан турган “Королеванын ую” аттуу китебин басмадан чыгарган […]

“Манас” эпосу жөнүндө кызыктуу 15 факт


Кыргыз элинин баатырдык эпосунун ана башында турган “Манас” эпосу калпак кийип, кыргыз тилинде сүйлөгөндөрдүн сыймыгы. Ал — элдин туу туткан, руханий азык, идеологиялык багыт алган жол көрсөткүчтөрүнүн бири. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов таамай аткандай, кыргыз рухунун туу чокусу. Эпос туурасында окурмандарга, коомчулукка он беш фактыны айтып берүүнү чечтик. Бизге бул жаатта Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин […]

Ж.Касаболотов. Ли Бонун Ай менен арак ичкен ырына карата кыргызча нукта жиреме


Ар нерсени көрөсүң, Алыс сапар жөнөсөң. Арак ичтик үчөөбүз Ай, мен жана көлөкөм. Издешпестен табыштык, Ичкиликтен алыштык. Ысык-ынак сырдашып, Ыстаканды кагыштык. Жарык кылып дүйнөнү, Жаштар экен сүйгөнү, Ай жарыктык тамагын, Аста кырып сүйлөдү. “Бирде жигит толуучу, Бийик көктө конуучу. Бирде сынып, бөлүнгөн Билериктей болуучу. Жалгыз дарак чер болбойт, Жалгыз баатыр эл болбойт. Жандооч кийик аттырат. […]

Шайыр Тойчуева


* * * Ф. Кафка. «Процесс». «Перед законом». Жалгыз гана, ушул каалга, Катып ичке бар сырын. Кылым санап жылбай турат, Отко түртүп эчендерди, Соруп адам асылын. Болбогондой эч бир нерсе, Турат дайым жалгыз гана, Кулпуланган ушул каалга. Катып койгон чындык жүзүн, Көрсөтпөстөн бир да жанга. Чарт-чурт эткен чагылгандай, Жалбыртташып күйүп жана. Өмүр сайып көрүш үчүн, […]