Category Сынак

«Мен сүйгөн кыргыз макалы» жаштардын эссе сынагы…


«Тынчтык борбору» Коомдук Фонду, Руханий биригүү демилгеси, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссиясы жана «Рухий талкуу» жаштар демилгеси «Рух кыймыл-аракетте: Кыргыз Өзөгү» долбоорунун алкагында Кристенсен Фондунун колдоосу менен «МЕН СҮЙГӨН КЫРГЫЗ МАКАЛЫ» жаштардын эссе сынагын ЖАРЫЯЛАЙТ.

ЫР СЫНАК. «Асыл инсан – Пайгамбарым Мухаммед»


Түркия элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчилиги элге таанымал 20 жаштан жогорку акындардын арасында демине дем, шыгына шык кошууну, ошондой эле Пайгамбарыбыз Мухаммед саллаллаху алейхи васалламдын инсандык жаркын бейнесин, үлгүлүү асыл сапаттарын жаамы журтка ырдын күчү аркылуу чагылдырууну максат кылып ыр сынак жарыялайт.

Махмуд Кашгари сынагы жыйынтыкталды


Түркиядагы түркий мамлекеттердин «Евразия» жазуучулар бирлиги, анын Адабий академиясы, «Кардеш калемлер» («Боордош калмегерлер») журналы жана «Жаңы Ала-Тоо» адабий журналы жарыялаган «Махмуд Кашгари» аңгемелер сынагынын жыйынтыгы чыгарылганын «24.kg» агенттигине аталган журналдан маалымдашты.

Көңүл буруңуздар! “Мага жакын…” аттуу адабий сынак жарыяланууда


Сынакка катышуу үчүн чыгармалар 2013-жылдын 13-январына чейин кабыл алынат. Сынактын уюштуруучулары: “Ковчег” жаш акын-жазуучулардын чыгармачыл бирикмеси Сынактын максаты: Кыргызстандын жаш акын-жазуучуларынын танышуусун жана чыгармачыл активдүүлүгүн чыңдоо болуп саналат.

АЙТМАТОВ албаган сыйлык


Өткөн айдын алгачкы жарымында Норвегиянын борбору Ослодо жана Швециянын баш калаасы Стокгольмдо  быйылкы жыл эсебиндеги Нобель сыйлыгынын ээлери аныкталды. Салтка ылайык алгачкылардан болуп физиология жана медицина жаатындагы лауреаттардын ысымдары аталды. Сыйлык улуу британиялык Жон Гердон менен япониялык Синья Яманакага ыйгарылды.

“Мага жакын” адабий сынагы жүрүп жатат


Учурда жаш акын, жазуучулар арасында “Мага жакын” аталыштагы адабий сынак жүрүп жатат. Анын шарттары бул жерде (орус тилинде). Сынакка кыргыз жана орус тилиндеги чыгармалар кабыл алынат. Кабыл алуу мөөнөтү 13-октябрда аяктайт. Демек, дагы да убакыт бар. Катышкыла.

Эмне кыларыбыз билбей турабыз


КЛООПто болгон окуя биздин блогго катуу таасирин тийгизди. 23-марттан кийинки материалдардын көбү КЛООП тарабынан табылганы менен, айрымдарынын бир аз гана бөлүгү жетикиликтүү. Калган бөлүктөрү менен таанышуу мүмкүн эмес. Эми аларды акырындан толуктасак болот эле. Бирок ошол эле кезде, блогубуздагы көп шилтемелер иштебей калганын байкадык. Көп материалдар такыр ачылбай жатат. Алардын баарын иретке келтириш үчүн өтө […]

Premia.kg сынагына катышкыла


Мындан 3 жыл мурда Интернеттен кызыктуу кыргыз тилдүү сайтты табуу кыйын эле. Азыр болсо абал бир кыйла  жакшыра түштү. Улам жаңы пайда болуп жаткан сайттардан баш айланат. Кыргыз тилдүү сайттардын саны гана өспөстөн сапаты да азыр таптакыр башка деңгээлде. Ушуга байланыштуу мен кыргыз тилдүү сайттарды  Кыргызстанда жайгашкан жана Кыргызстан тууралуу жазган сайттар арасындагы Premia.kg сынагына […]

Түрк тилдүү поэзия котормолорунун “Ак Торна” Эл аралык экинчи сынагы жарыяланды


“Ак Торна” сынагы, жаңы жарыш 16-апрелден тартып түрк тилдүү поэзия котормолорунун “Ак Торна” (Ак Турна) экинчи Эл аралык сынагына чыгармалар кабыл алына баштады. Биринчиси Уфа шаарында 2011-жылы өткөн.

Азия элдеринин жомоктору, мифтери жана эпосторунун негизиндеги мыкты сценарийге эл аралык адабий сынак


Корей Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлиги азия элдеринин жомоктору, мифтери жана эпосторунун негизиндеги мыкты сценарийге эл аралык адабий сынак жарыялайт.

«Арча» адабий сынагынын жеңүүчүлөрү аталды


23-мартта ар жылы өтүүчү “Арча” адабий сынагынын 2012-жылдагы лауреаттарынын ысымдары аталды. “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты билдиргендей, сынакка жалпысынан 100дөн ашык эмгек түшкөн. Алардын ичинен сынактын комиссиясы 30 чыгарманы (кыска тизмек) тандап алган. Сыйлык фонду 150 миң сомду түздү.

“Кар” темасына арналган бир ырдын сынагынын жеңүүчүлөрү


«Кар» темасына арналган бир ырдын сынагы аягына чыгып, жеңүүчүлөрү да аныкталды. Жыргалбек Касаболотов, Олжобай Шакир, Марат Токоев жана Жумадин Кадыров курамына кирген жюринин пикиринде, “Кар” темасына арналган эң мыкты ырдын автору – Зайырбек Ажыматов. Таңкы бурганак

«Сен сүйгөн кыргыз макалы» жаштардын эссе сынагы жарыяланды


«Кыргыз улутунун руханий кайра жаралуусу үчүн» жаштар кыймылы, «Тынчтыкты коргоо борбору» коомдук фонду, республикалык «Манас» жаштар ордосу, Руханий биригүү демилгеси жана «Акипресс» маалымат агенттиги менен биргеликте «Сен сүйгөн кыргыз макалы» жаштардын эссе сынагын жарыялайт. Конкурстун максаты – кыргыздын салттуу баалуулуктарын коомчулукка популяризациялоо, коомдо бул баалуулуктарды терең түшүнүү жана аларды жаштардын күндѳлүк турмушунда колдонуу.

“Алтын такта” адабий сынагы жарыяланды


Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн студенттери үчүн “Көп тил – бир дүйнө” урааны алдында “Золотая табуретка” (“Алтын такта”) адабий сынагы жарыяланды, чыгармаларды тапшыруу мөөнөтү 2012-жылдын 1-апрелине чейин КР Жаштар министрлиги, “Кыргызстандын жаңы адабияты” (“Новая литература Кыргызстана”) интернет-сайты жана Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин “Золотая табуретка” адабий клубу Кыргызстандын жана КМШ мамлекеттеринин студенттери арасында адабий сынагын өткөрүп жатат.

“Кар” темасына арналган бир ырдын сынагы аяктады. Сурамжылоо


25-февралда «Кар» темасына арналган бир ырдын сынагы аягына чыкты. Жыргалбек Касаболотов, Олжобай Шакир, Марат Токоев жана Жумадин Кадыров курамына кирген жюри бул сынактын жеңүүчүлөрдүн аттарын жакында атайт. Ага чейин блогубуздун сыйлыгынын ээсин аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүзөбүз – айрым учурда жюри менен окурмандардын тандоосу дал боло бербегендиктен,  “Кыргыз маданият борбору” окурмандарынын атайын сыйлыгын да жарыялаганбыз. Бул сыйлык эң көп […]

«Кар» сынагы: Жылдызбек Турсунбаев


Кар бүртүк Көңүлүмдү көркөмдүгү ачып жай, Көктөн жерге кулап бирден ашыкпай. Аяр, назик жаап жатат аппак кар, Адамзатты аруулаган бакыттай. Эх, айрымы балмуздактай туюлуп, Эриниме даам берет урунуп. Эртең эрип жок болорун билсе да, Ээ-жаа бербей үймөктөшөт жыйылып. Жүзүм тоссом арнап жанга жыргалын, Жумшактыгы термейт жүрөк кылдарын. Жарып алып жатабы дейм каккылап, Жаратканым жаздыгынын пырларын. […]

«Кар» сынагы: Жылдызбек Турсунбаев


Кар бүртүк Көңүлүмдү көркөмдүгү ачып жай, Көктөн жерге кулап бирден ашыкпай. Аяр, назик жаап жатат аппак кар, Адамзатты аруулаган бакыттай. Эх, айрымы ууз сүттөй туюлуп, Эриниме даам берет урунуп. Эртең эрип жок болорун билсе да, Ээ-жаа бербей үймөктөшөт жыйылып. Жүзүм тоссом арнап жанга жыргалын, Жумшактыгы термейт жүрөк кылдарын. Жарып алып жатабы дейм каккылап, Жаратканым жаздыгынын […]

“Кар” сынагы: Айжан Ибирайым кызы


Февралдагы толгон ай Жолуктум сага… жолумду уладым, Жолоочу сымал жолтоо кыла албадым, Жоодурап карап, көздөрдө турса айтылбай, Жомогун курап, жолдорун улай албадым. Жаштыгым жаркын жазын же жайын тандабай, Жаап жаткан кар – февралдагы толгон ай. Көр тирлик, көп түйшүк барын унутууга, Көзүңө тигилем, көңүлүм жылытууга. Каректен тамган тамчы кар менен жуурулушуп Кагымы мүнөттөрүм жылдарга улутуна. […]

“Кар” сынагы: Айжан Ибирайым кызы


Февралдагы толгон ай Жолуктум сага… жолумду уладым, Жолоочу сымал жолтоо кыла албадым, Жоодурап карап, көздөрдө турса айтылбай, Жомогун курап, жолдорун улай албадым. Жаштыгым жаркын жазын же жайын тандабай, Жаап жаткан кар – февралдагы толгон ай. Көр тирлик, көп түйшүк барын унутууга, Көзүңө тигилем, көңүлүм жылытууга. Каректен тамган тамчы кар менен жуурулушуп Кагымы мүнөттөрүм жылдарга улутуна. […]

Сынактын аяктаарына аз эле калды


25-февралда “Кар” темасына арналган бир ырдын сынагына ырларды кабыл алуу токтойт. Аз эле калды! Дагы көп бар деп чыгынбай жүргөндөр, шашылгыла! Эскерте кетсек, бул сынак аяктаары менен “Көктөм”, “Аптап”, “Күз” жана “Кар” темасы боюнча сынактарга катышкан мыкты ырлар кирген альманахты басып чыгаруу пландаштырлууда. Ал китеп, сынагыбыздын негизги демөөрчүсү “Бийиктик” басмасында басылып чыгарылат. Учурда сынакка төмөнкү […]

Сынактын аяктаарына аз эле калды


25-февралда “Кар” темасына арналган бир ырдын сынагына ырларды кабыл алуу токтойт. Аз эле калды! Дагы көп бар деп чыгынбай жүргөндөр, шашылгыла! Эскерте кетсек, бул сынак аяктаары менен “Көктөм”, “Аптап”, “Күз” жана “Кар” темасы боюнча сынактарга катышкан мыкты ырлар кирген альманахты басып чыгаруу пландаштырлууда. Ал китеп, сынагыбыздын негизги демөөрчүсү “Бийиктик” басмасында басылып чыгарылат. Учурда сынакка төмөнкү […]

“Кар” сынагы: Жолдошбек Зарлыкбеков


* * * Жылдыз уюп жаткан жылуу кар жиреп, Жылкы үйүрү жал сапырса жылгадан – Не деген көрк, төрт тарабы шай сүрөт, Не керемет Сөз ченине сыйбаган! Мунар тоонун боорун тилип муз бүлөп, Кыш чилдеде булоолонсо булактар – Не деген көрк, төрт тарабы шай сүрөт, Не керемет, Сөз, унчукпа, кулак сал. Кара жаным, кан тамырым […]

“Кар” сынагы: Жолдошбек Зарлыкбеков


* * * Жылдыз уюп жаткан жылуу кар жиреп, Жылкы үйүрү жал сапырса жылгадан – Не деген көрк, төрт тарабы шай сүрөт, Не керемет Сөз ченине сыйбаган! Мунар тоонун боорун тилип муз бүлөп, Кыш чилдеде булоолонсо булактар – Не деген көрк, төрт тарабы шай сүрөт, Не керемет, Сөз, унчукпа, кулак сал. Кара жаным, кан тамырым […]

“Кар” сынагы: Мырза Саматов


Кар жана Кыш (акроыр) Коңур күздүн өтүп убак мезгили, кыш да келди бутка кийип “керзини”. Курт-кумурска уюгуна жашынды, кыш ызгаарын ошолор да сездиби? Көз ачканча жай, күз өтөт зымырап, капырай ай, өмүр көчтүн тездиги. Ааламдагы жан-жаныбар, курту да, айлана бүт жер да кошо уйкуда. Аюу болсо эчак кирген чээнге, ал да жатат үңкүр анын бурчу […]

“Кар” сынагы: Мырза Саматов


Кар жана Кыш (акроыр) Коңур күздүн өтүп убак мезгили, кыш да келди бутка кийип “керзини”. Курт-кумурска уюгуна жашынды, кыш ызгаарын ошолор да сездиби? Көз ачканча жай, күз өтөт зымырап, капырай ай, өмүр көчтүн тездиги. Ааламдагы жан-жаныбар, курту да, айлана бүт жер да кошо уйкуда. Аюу болсо эчак кирген чээнге, ал да жатат үңкүр анын бурчу […]