Monthly Archives: Апрель 2011

“Камбаралы кыраакы болчу”


Кыргыз тили үчүн күйүп-жанып, кайсы ишти болбосун жанын берип иштеген, кыргыздын патриот уулдарынын бири Камбаралы Бобулов быйыл 75 жашка толмок. Камбаралы Бобуловду эскерүү максатында анын замандашы, бирге окуган курбусу, белгилүү акын-жазуучу Эрнис Турсуновду кепке тарттык.

Элдик легендага айланган Сүймөнкул-Сүлүккара


Белгилүү киноактер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында маданий комплекс куруу аракети башталды. Бул үчүн 28-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районунун маданият үйүндө марафон өткөрүлдү. Уюштуруучулардын айтымында, Бишкекте СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун айкелин баш калаанын ортосунда тургузуу тууралуу кыргыз өкмөтүнүн буйругу менен кабыл алынган Бишкек шаарынын токтому аликүнчө ишке ашпай келет.

Бозо


Бозону Кыргызстандын бардык аймактарында жасашат. Бул суусундукту биздин элибиздин эң сүйүктүү ичимдиги десем жаңылышпастырмын. Эң сонун, даамдуу жана ден соолукка пайдалуу бозону жасоо көп убакытты жана эмгекти талап кылат. Бозону мыкты сүзгөн келиндердин атагы алыска кетип, айыл тургундарынын алкышына арзыган.

Кыргыз фольклор жыйноочуларынын акыркы могиканы


24-апрелде Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулу 78 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнө салды. Маркумдун сөөгү 26-апрелде Байтик айылынын жанындагы көрүстөнгө коюлду. Сагымбайдын “Семетейи” китеп болуп чыкпаганына арманы күч эле Буудайбек Сабыр уулу “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесине көп келип, элдик оозеки чыгармаларды кандай шартта, кайсы мезгилде чогултканын кеп кылып калаар эле.

Чокуларда Чокморовдой ат калып…


Таң супасын тоолор тосуп биринчи, Тирүүлүктүн улуу жолу башталып. Чолпон чыккан сайын жазып нурунан, Чокуларда Чокморовдой ат калып… Жашыл аалам күз боёгун сүрткөндөн, Жаштык деген жалын кечкен чакты алып. Андан кыйын тагдыр бизден кыйса да, Ысмы ысык жүрөктөргө жатталып. Өзү болсо калкып кайткыс жол алып, Өмүргө асыл, сагынычы аттанып… Кыялданып олтургандай элестейт, Кылымдардын кырларына көз […]

Роза Аманова, КРнын эл артисти: "Салттуу музыка – улуттук искусствонун башаты…"


2011-жылдын 25-апрелинде Ала-Тоо аянтындагы тарых музейинин алдында Cалттуу музыка күнүндө өнөр майрамы болуп өттү. Ушул эле күнү кыргыз салттуу музыка чеберлеринин, Кыргызстандагы этностордун өнөр ээлеринин катышуусундагы чоң концерти, манасчы, дастанчылардын, төкмө акындардын, чоорчу, кыякчы, комузчулардын өнөрлөрү менен катар, улуттук аспаптар коштогон Кыргызстанда жашап жаткан этностордун музыкалык номерлери келген элдин маанайын көтөрүп, концерт менен катар уздардын […]

Нарында “Жаш талант – 2011” кароо-сынагы болуп өттү


Үстүбүздөгү жылдын 22 жана 23-апрелинде Нарын облусунун Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган  “Жаш талант – 2011” кароо-сынагы болуп өттү.  Кароо-сынакка Нарын облусунун бардык райондорунан жаш таланттар катышып, дастан айтуу, Манас айтуу, ыр, улуттук аспаптарда ойноо жана бий боюнча  өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Кароо-сынакты “Балтаттуу”   бейөкмөттүк уюму  уюштуруп, жеңүүчүлөргө белек-бечкектерди жана атайын ардак грамоталарды […]

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сатылган САЗАЕВ: “Кагылайын кыргыз элим деп турчу эле”


– Сабира эже менен качантан баштап иштешип калдыңыз? – 1992-жылдан чогуу иштештим. Ал учурда Союз жоюлуп, театрлар жаңыдан ыдырай баштаган убакыт эле. Ошол учурларда театрдын 70 жылдыгы болуп калды. Өкмөттөн чоң жардам болбогондон кийин  70 жылдыкты өзүбүз тоскону аракет кылалы деп Таласка Бексултан Жакиевдин “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” спектаклин коюп бардык.  Чүйдү толук кыдырдык, Көлгө, Нарынга […]

Кыргызстанда СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиевдин 70 жылдык мааракесине арналган марафон өтүүдө


Караколдогу К. Жантөшов атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу драма театрында Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиевдин 70 жылдыгына арналган марафон өттү. Бул туурасында Махмуд Кашкари-Барскоони атындагы мамлекеттик университетинин ректору Асан Ормушев билдирди. Анын айткандарына караганда марафондук жүрүш алгач Балыкчы шаарында, Ысык-Көл районунда, бүгүн болсо Караколдо кыргыздын эстрада жылдыздарынын коштоосунда өткөрүлүп жаткан ыр […]

“Тактеке”: Кайберенди атпагыла!


Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театрында белгилүү акын Кыялбек Урманбетовдун “Тактеке” спектаклинин бет ачары болду. Каражаттын тартыштыгынан улам төрт жылдан бери театрдын оңдоп-түзөө иштери аягына чыга элек болсо дагы чыгармачыл жамаат көрүүчүлөргө оюн тартуулашты. Кыялбек Урманбетов «Тактеке» пьесасын кыргыздын кичи эпосу Кожожаш менен Карагул ботом дастанынын негизинде жазган.

Роза Аманова: Салттуу өнөрлөрүбүздү сактап калышыбыз керек


Бүгүн кыргыздын салттуу музыка күнү белгиленип жатат. Ага байланыштуу Бишкекте бир катар маданий иш чаралар өткөрүлөт. Аны уюштуруп жаткан “Салттуу музыка” фондунун жетекчиси, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин консерваториясынын башчысы Роза Аманова “Азаттык” менен ой бөлүштү. “Азаттык”: Бүгүн кыргыздын салттуу музыкасынын күнү белгиленет экен. Анын алкагында кандай иш-чаралар өткөнү жатат? Роза Аманова: Сиздердин радиоңуздар аркылуу мен жалпы […]

Улуттук оюндардын уңгусу-Кулатуу


Кулатуу деген эмне? Аталган спорт түрү аскер өнөрүнө кирет. Кулатууда куралсыз аскер Кулатуунун согуш образдарынын анатомиялык куралдары менен куралданган. Кулатуу кыргыздын кол менен салгылашуу боюнча “Мушташ” эрежесинин багыттарынын бири болуп саналат. Кыргыздын кол менен салгылашуу мектептерине “Эр сайыш”, “Оодарыш”, “Күрөш”, “Кулатуу”, “Камбартеп”, “Тай тебиш” “Коен тебиш” жана башкалар кирет.

Кыргыз адабиятынын тагдыры тууралуу


Баяс Турал (коомдук ишмер, акын, Кыргызстан Улуттук жазуучулар бирикмесинин төрагасы) менен маек – Баарыбызга белгилүү болгондой өткөн жыл Кыргызстандын коомдук жана саясий турмушунда татаал жыл болду. Сиздин оюңузча бул окуяны кыргыз жазуучулары кандай кабыл алып, кандай чагылдырды? – Менин оюмча кыргыз жазуучулары бул багытта кыйла пассивдүү, мунун да өзүнүн субьективдүү себеби бар. Айталы, көпчүлүк белгилүү […]

Кош жылдыз, актер Капар Медетбеков менен актриса Калемкаш Атамкулова 80 жашта


Кош жылдыздын өмүрү, Ала-Тоонун койнуда өмүр сүргөн кыргыз элин, кыргыз жерин Ош, Ысык-Көл, Нарын, Сары-Өзөн, Чүй, Таласты кыдырып өз өнөрлөрүн элге тартуулап, дөңгөлөктүн үстүндө алты айлап командировкалап жүрүп өткөрүштү. Эгиз козудай ээрчишкен кош жылдыздын таланты кыргыз сахнасын жандандырып, 150дөн ашык образдарды жаратуу менен көрүүчүлөрүнө көптөгөн рахатты, эргүүнү тартуулап жашоон, турмушту таанып билүүсүнө жардам берди. Өзгөчө […]

Кыргызстанда көк бөрү боюнча чемпионат өтөт…


Кыргыз Республикасынын Көк бөрү Федерациясынын пресс-секретары Табылды Асыгалиевдин билдирүүсүнө таянсак, борбор калаабыз Бишкекте 5-9-майда “Аккула” ат майданында улуттук спорттун бир түрү болгон көк бөрү чемпионаты болуп өтмөкчү. “Көк бөрү таймашына жыл сайын 8 команда катышып, өз күчтөрүн сынашат. Алардын 7 командасы 7 облустан келген командалар. Ал эми 8 команданы Бишкек шаарынын курама командасы түзөт. “Кудай […]

Зуура Акынова, КРнын эмгек сиңирген артисти: "Менин чыгармачылыгым альбомдорумда эле калды окшойт…"


Кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон, күчүн, жаштыгын, өмүрүнүн теңинен көбүн театрга арнаган КРнын эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Зуура Акынова эже менен чыгармачылыгы туурасында баарлаштык. Баарлашуу учурунда Зуура эженин адамгерчилигине, жөнөкөйлүгүнө баа бердим. “Чыныгы таланттар, билимдүүлөр, акылмандар гана жөнөкөй болушат, ал эми жан дүйнөсү жарды калп таланттар менен өзүн билимдүү санагандар атак-даңкка жеткенде текебер […]

Фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулу дүйнөдөн кайтты


Фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулу 78 жаш курагында кечээ, 24-апрелде саат 18дерде узак оорунун айынан дүйнөдөн кайтты. Эскерте кетсек, Буудайбек ага акыркы убакта катуу ооруп, бир жылда эки жолу операцияга кабылган. «Баракелденин» «Мурас» аттуу долбоору Буудайбек аганын «Жомоктор жана жомокчулар», «Эл шайырлары» 40 жылдык эмгегинин эки томдугунун негизинде башталган эле. АКИpress маалымат агенттигинин жалпы жамааты, […]

"МЕН БИЛГЕН ЧЫҢГЫЗ"


Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин эскерүүсү. Башта анын “Тоо арасында” деген романынын 2-китебин орус тилине жеке которсо, Түгөлбай Сыдыкбеков 1962-жылы 50 жашка чыкканда “Литературная газетага” ал жөнүндө “Гора не убывает” (“Тоо бөксөрбөйт”) деген ат менен макала жазып, курак жактан улуу жазуучунун талантын жогору баалаганы эсибизде. Бир квартирада жашай баштагандан тартып эки үй-бүлөнүн […]

Салымбеков: Бишкек эстеликтердин шаары болуп баратат


Эстеликтердин жана тарыхый жайлардын эл аралык күнүнө (18-апрель) карата ишкер, меценант Аскар Салымбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. “Азаттык”: Бүгүн эстеликтердин жана тарыхый жайлардын эл аралык күнү экен. Сиз тарыхчысыз, Кыргызстандагы эстелик, тарыхый жайлардын абалына баа берип кетесизби? Аскар Салымбеков: Биз Совет доорунда жашаганда биздин Кыргызстандын тарыхы бурмаланып эле жазылган экен, аны биз кийин эгемендик алгандан […]

Кыргыздын Людмила Зыкинасы


“Ай баратат” берүүсү кыргыз-казакка таанымал ырчы Сагийпа Чечейбаеванын чыгармачылыгына арналды. Кудай берген талант Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Сагийпа Чечейбаевага табийгат кенен диапазондуу үн берип, жараткан андан талантты аябаптыр, деп калышат аны жакындан билгендер. Өткөн доордун 60-70-жылдары Сагийпа Чечейбаеваны «кыргыздын Людмила Зыкинасы» деп коюшчу. Ал Нарын музыкалык драма театрында иштеп жүргөндө белгилүү композитор […]

Сайма өнөрүнүн саяпкери Гүлмира Кутуева


Борбор Азиялык кол өнөрчүлүктү колдоо Бирикмесинин Кыргызстандагы – “КАКСАРК-кейджи” ресурстук Борбору 2009-жылдан бери Кристенсен фонддун колдоосу менен “Табигат менен үндөш кооздук: кыргыз улуттук буюмдарынын жасалыш ыкмалары жана оймо” деген долбоордун үстүндө кызуу эмгектенип келе жатат. Бул долбоор кыргыз улуттук кол өнөрчүлүк айдыңындагы жоголуп бара жаткан чеберчилик ыкмаларды изилдеп, таап чыгып, келерки муундарга мурас катары калтыруу […]

«Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты»…


Мурда көркөм адабиятты элге жеткирүү, түшүндүрүү милдеттерин мамлекеттик камкордукту, радиоберүү, телекөрсөтүүлөрдү айтпаган күндө да, аябай окумдуу “Кыргызстан маданияты” жумалыгы менен “Ала-Тоо” журналы эле чапчаң да, ыкчам да иштешкен, адабий чыгармаларды сыясы кургай электе, алеки саатта “жиликтей” салышкан, анан да кызыл-чеке болуп талашып, тартыша кетишкен азганактай улуу-кичүү сынчы-адабиятчылары менен эле аткарып коюшчу.

Аксыда ордо оюну боюнча алтын томпой кубогу болуп өттү…


Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында 13-14-апрелде ордо оюну боюнча алтын томпой кубогу болуп өттү. Ордо оюнун өткөрүүнүн эң негизги максаты улуттук оюнду элдин калың катмарына жайылтуу жана башка улуттук оюндардын деңгээлине чыгаруу болгон. Бул иш-чарага Кыргызстандын беш областы: Жалал-Абад, Ош, Нарын, Талас, Чүй, Бишкек жана Ош шаарларынан келген командалар катышты. Оюндун жыйынтыгында 1-орунга Бишкек […]

Эгиз чоку


1974-жыл. Жаздын бойго жеткен кыздай толукшуп турган кези. Чыкең келип, ата-энесине куран окутат экен дешип, айылдагы туугандары кам көрө башташты. Чыкеңин жакын тууганы, Жылкыбайдын үйүндө (коңшу турабыз) боз үйлөр тигилип, туугандары малдарын союшуп, нан, боорсокторун жасоо менен алектенүүдө.

Сооронбай Жусуев, КРнын Баатыры: "Бүгүнкүдөй жапайы маңкурттуктан дароо арылмакпыз…"


Алдыда келаткан 9-Май жеңиш майрамын утурлай, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери КРнын Баатыры Сооронбай Жусуев агабыз менен адабияттын күңгөй-тескейи, акындын жеке турмушу ж.б. суроолордун тегерегинде кеңири маек курдук…