Tag Archives: Театр

Залкар актриса Алиман Жанкорозова…


Алиман Жанкорозова 1916-жылы Ысык-Көлдүн чыгышында, Түп районуна караштуу Сары-Тологой айлында өз оокатына тың кишинин үй- бүлөсүндө төрөлгөн. Айылдаштарынын арасынан ыр жандуу, тамашөкөй, тирикарак кыз болуп өзгөчөлөнүп турар эле. Атасы Жанкороз ырга ышкыбоз, комузчу, санжырачы адам болчу. Анын үстүнө кезегинде Карамолдо, Ыбырай, Орозакун, Каптагай комуз чертип, Саякбай «Манас айтып», эки-үч күн коно жатып кетишчү. Коноктор кеткенден […]

Болотбек АНДАБЕКОВ: «Театр базар эмес, маданий очок болушу керек»


Ар бир өткөн жылда маанилүү даталар тарых бетинде жазылып калаарлыгы айныгыс чындык. Бул өңүттөн алып караганда 2017-жылы жалпы теңиртоолуктар үчүн дагы бир тегерек сандагы маараке белгиленгени турат. Ал атпай Ала Тоо жергесине аттын кашкасындай белгилүү, а түгүл учурунда союздук республикаларга чейин аты угулган, эл оозунда “тоо койнундагы театр” деп атыккан Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык […]

Жамал Сейдакматова, Кыргыз эл артисти: Канча роль жаратсам да, Курманжан Датканын ролун аткарыш өтө оор болду


Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова эже менен буга чейин басып өткөн жолу, тартылган тасмалары туурасында маек курдук. “Акбаранын көз жашында” – Көктурсундун, “Алыскы тоолордо” – Зыягүлдүн, “Тянь-Шань кызы” тасмасында – Алтынайдын, “Караш-Карашта” – Хаджанын, “Уланда” -Фатиманын, “Курманжан даткада” – Курманжан датка апабыздын ролдорун өтө жогорку деӊгээлде аткарганын киносүйүүчүлөрү жакшы билет. Эженин жашы 80 ди […]

Бишкекте Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектакли алгачкы жолу сөзү жок көрсөтүлөт


Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун кеңири белгилүү “Саманчынын жолу” спектаклин Россиянын режиссеру Евгения Акс көрүүчүлөргө сөзү жок тартуулайт. Хореграф Мария Попованын айтымында, алар өзгөчө эмгекти Бишкектин көрүүчүлөрүнө тартуулоо максатында атайын Москвадан келишкен. “Театр жашоосуна жаңы агымды киргизүү үчүн жаңы тилди колдонуу бизге абдан кызыктуу болду. Окуя сөзү жок баяндалып, негизинде бизге белгилүү Ч.Айтматовдун повести экендигине карабастан иш […]

Аргасыздан театрды таштаган актерлор


Кыргызстанда жылына жүзгө жакын актер атайын адистикке ээ болот. Бирок алардын ичинен он чактысы гана өз кесиби боюнча жумушка орношо алат. Калган жаш актерлор жан сактоонун айынан башка пайдалуу иштерге кетип жатышат. Жумушка орношкондордун айлык акысы деле чеке жылытпайт. Андыктан учурда жыйырма жылдап бул кесипти аркалап келаткан таанымал актерлор да өз кесиптерин алмаштыра баштады. “Мезгил […]

Анонс-видео: “Илегилек” драмасы “Тунгуч” театрында


Белгилүү драматург Султан Раевдин “Илегилек” пьесасынын негизинде “Тунгуч” театры жаңы спектаклди баштады. Спектакль азыркы мезгилдин көйгөйлү проблемасын, ыйман, адеп-ахлак маселелерин козгойт. Муундар менен муундардын ортосундагы мамиле, ажырым, көз караштардын жана дөөлөттөрдүн карама-каршылыгы, татаал психолгиялык ички драматизм бул чыгарманын өзөктүү маселеси. “Илегилек” спектаклинин автору жана режиссер коючусу, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Лондондогу […]

Нуркан Турсунбаев, актёр: “Ай баратат” деген ырды Таттыбүбүнүн туулган күнүнө арнап чыгаргам”


Нуркан Турсунбаев көп кырдуу талант. Обончу, актёр, ырчы. Анын “Алтынчы күнү кечинде”, “Ай баратат” аттуу обондорун билбегендер аз. “Мен мактанганды, жагалданганды билбейм. Эмгек сиңирген артист наамын жакында эле алдым”,- деген каарманым кызыктуу маек курду. “ӨНӨРЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨДӨ ӨСТҮМ” – Чоң атам Турсунбай комузчу, дастанчы, манасчы болчу. Мен ошол кишинин колунда чоңойдум. Атам болсо Токтогул Сатылгановдун эң […]

Жамал Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Картайдым деп үңүрөйбөй өзүмдү тарбиялап келем”


“Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт” демекчи, актриса Жамал Сейдакматова дагы деле күүлүү-күчтүү. Маданият тармагынын ардагери аталган актрисанын бала кези көлдүн жээгинде өткөн. Көлдүн кооз жаратылышынын таасириби, айтор, актриса көптөгөн сыйлыктарга татып, 80 жашка келип калса да ийгиликтүү иштеп келет. – Жамал эже, саламатсызбы? Жаш актрисалардан калышпай быйылкы жылдын эсебинен 3 киного тартылган экенсиз. […]

Эл руханий баалуулукка умтулууда


Театр жана искусство тармагы боюнча коомдук теле радио берүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары, драматург Иманалиев Кайрат Олжобаевичтен кыскача маек Театр ѳзү сыйкырдуу искусство Театр өзү сыйкырдуу искусство, адамды өзүнө арбап алат. Себеби ал жерде актёрлор көз алдыңда ойноп, аткарып жаткан ролдору, берген образдары адамга өзгөчө таасир калтырат. Театрга кызыккан адам гана драматургияга аралашат. Мен […]

Чыныгы талантты эскерүү


Мезгил учат демекчи, жыл артынан жыл, ай артынан ай, күн артынан күн өтө берет турбайбы. Быйылкы 2016-жыл көп эскерүүлөр жана мааракелер менен эсте калат. Президентибиздин жарлыгынын негизинде “2016-жыл-Тарых жана маданият жылы” деп белгиленүүдө. Ошол маданияттын бир чордону болгон Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз академиялык улуттук драм театрынын уюшулуп негизделгенине да 90 жыл толуп олтурат. Ушул театр түзүлгөндө […]

Асаналиева: “Чыгармачыл адам үчүн акча биринчи орунда турбайт”


“Улут уюткусу” программасынын бул жолку коноктору Каракол шаарындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин алдында түзүлгөн “Жалын” элдик-студенттик театрынын жамааты жана театрдын көркөм жетекчиси, филология илимдеринин кондидаты, белгилүү драматург Кыял Асаналиева болду. Театрдын курамы 4-5 жылда жаңыланып турат Кыял Асаналиева: – «Жалын» элдик-студенттик театры алыскы региондо болгондуктан жалпы республикага анча деле таанымал эмеспиз деп айтсак болот. Бирок театр […]

Кийинки муун: залкар талант Бакен Кыдыкееванын баркына жете албадык


Чыканактай кыз алгачкы ирет сахнага 14 жашында чыгып, испаниялык драматург Лопе де Веганын “Койлуу булак” чыгармасындагы Лауренсиянын ролун аткарган экен. Кыргыздын залкар актрисасы, Кыргыз ССР эл артисти, СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева көзү тирүү болгондо бүгүн 92 жашка чыкмак. Бул күнү аны эскерип, иштешип калган, таазим эткен, чыгармачылыгын иликтеген адамдар менен сүйлөштүк. Кыргызстандын театр сахнасында […]

Жамал Сейдакматованын “Айылына каты”. Тергеген байбичеге күлгөн чак, таңдайда калган кымыз


Айылдан ааламга аттанган 14 жаштагы өспүрүм, бири-бирин “кыз” деп тергеген кемпирлерге жата калып күлгөн балдар жана магниттей тарткан кичи мекен. Бүгүнкү катты Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген жана Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова жазып, айылына деген өчпөгөн сүйүүсүн дагы бир ирет эсине салды. Актриса жазган катын окуп берип жатканда жүзүн жылмаюу аралап, балалык чагына баргандай сезимине […]

Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдыры” драмасы тууралуу он факты


Төрт күндө жаралган чыгарма, эркек баланын образын жараткан кыздар, актерге ылайыкталып жазылган образ жана башкалар тууралуу кеп кылабыз. Кыргызстандын адабият айдыңында мындан 60 жылга чукул илгери Акылбек аттуу карыянын тагдырын баяндаган драма жазылган. Театр сынчылары бул чыгарма кезегинде аншлаг менен коюлуп, ал эми театрдын кассасында билетке жетпей калгандардын аягы суубаган кездер көп болгондугун айтышат. Ал […]

Таттыбүбү


Сабира КҮМҮШАЛИЕВА, Кыргыз эл артисти: “Эркелеп турганы адамды элжиретип жиберчү” – Бул актриса сахнада болсун, турмушта болсун өтө мээримдүү, кыргыз элинин жакшы сөзү менен айтканда мээр чөбү бар актриса эле. Жашым бир топ өтүп кетип, мен элдик артист болгондо Таттыбүбү театрга келди. Аябай суктанчу элем. “Атаңын гөрү, же мойун жок, же бой жок менде” деп […]

Театрлар таймашынын алгачкы беттешүүсүнүн мыктысы аныкталды


Театрлар арасындагы сынак сахнага коюлуп жаткан чыгармалардын сапатын жакшыртууга багытталган. Мелдештин бардык айлампасын жеңип чыккан театрга бир миллион сом байге берилет. Кыргызстанда биринчи ирет өткөрүлгөн театрлар таймашында “Учур” театры менен ат салышкан Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры жеңишке жетишкенин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. Демилге театрлардын маанисин жана коюлуп жаткан чыгармалардын сапатын жакшыртуу […]

Быйыл маданият жаатында өкмөттүк деңгээлде 80 иш-чара өтөт


“Кабар даамында” программасында театрлар таймашы, театрларды өнүктүрүү тууралуу маек курдук. Студиябызга КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Тыныбек Сыдыков, Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын жетекчиси Эгемберди Чалабаев, Учур театрынын жетекчиси Шаршенбек Шейшенов келишти. Театрлар 27-февралда таймашат Тыныбек Сыдыков: Быйыл Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шернияздын колдоосу менен жакшы […]

Бишкекте тарых жана маданият жылына карата театрлардын өз ара чыгармачыл атаандашуусу өтөт


27-февралда Бишкекте алгачкы жолу театрлар “таймашы” өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигиндеги жыйында белгилүү болду. Идеянын автору жана долбоорду иштеп чыккан Бишкектеги Б.Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик Жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Эгемберди Чалабаев. Таймаш Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлөт. 27-февраль күнү Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрда болуучу алгачкы таймашта, Б.Кыдыкеева атындагы […]

Эгемберди БЕКБОЛИЕВ, КРнын Эмгек сиңирген артисти: «Жаштар театрга агылып келе башташты»


– Театрдын азыркы акыбалы кандай? – Азыр биз татаал мезгилде жашап, руханий жактан талкаланып эле бара жатабыз. Бизде өнүгүп кеткен нерсе жок. Биз кааласак да, каалабасак да, мамлекет көз салмайынча маданият чөйрөсү көтөрүлбөйт. Бекеринен Наполеон «өзүнүн армиясын тоюндурбаган башка армияны тоюндурат» деп айтпаса керек. Бекеринен мамлекет маданиятка, армияга, билимге өмүр бою каражат бөлүп келген эмес. […]

Саманчы жолундагы – Жамал


Кыргыз эл артисти, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Жамал Сейдакматованы билбеген кино жана театр сүйөрманы жок. Драмаларда (негизги деп эсептелген) отуз, кинодо бир роль ойногон. Баары тең көрөрмандардын жан дүйнөсүнө өзгөчө таасир этип, мөөр басылгандай эсинде калат. Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолунда” Алимандын, “Фудзиямадагы кадыр түндө” Алмагүлдүн, “Жаныбарым Гүлсарыда” […]

Калыбек Назаралиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти: «ТАГДЫРЫМ БАКЕН ЭЖЕНИ КАЙТАЛАП КАЛАБЫ ДЕП КОРКОМ»


Бул жолку баяныбыз «Достор», «Президент жана бомж» тасмаларында селсаяктын ролун жараткан театр актёру Калыбек Назаралиев тууралуу болмокчу. Кезинде Кыргыз улуттук драма театрында, Нарын театрында кайталангыс ролдорду жаратып, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти наамын алган. Кейиштүүсү актёр бүгүн Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар үйүндө жашайт. «МАСТЫН РОЛУН АТКАРЫП ОКУУГА КАБЫЛ АЛЫНГАМ» – Талас облусунун мурунку Киров, азыркы […]

Өнөрпоздордун Жеңишке кошкон салымы


Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Кыргызстандагы театр искусствосу кол куушуруп отуруп калбай, тескерисинче элди биримдикке, патриоттуулукка үндөп, эрдикке чакырган чыгармалар жазылып, алар сахнага коюлган. Экинчи Дүйнөлүк согуш жалпы адамзат тарыхындагы кандуу булоон, кайгынын кара тагы, кызыл кыргын салган эң трагедиялуу мезгил экенин тарых тастыктады. Мына ошол өткөн кылымдын 40-жылы Ата Мекендик согуш жаңы башталганда Кыргызстандын […]

«Суфлёр» – классика үлгүсү


“Театр – турмуштук суроолорго жооп берчү жогорку инстанция”. Алекстандр ГЕРЦЕН Эл жылдан жылга театрга каттачу жолду унутуп баратат. Элдин азыр күнүмдүк оокат табар жолу кайсы болсо, каттаган жолу ошол. Базарга барчу жолду билет, жамандыкка барчу жолду билет, той-ашка барчу жолду билет. Анан поездге же самолетко белет алып, бөлөк эл, бөтөн жерге аттанып жумуш табар жолду […]

Зейнеп Шакеева: Жаз келди, кооз гүлдөрдү жыттап, баарлашууга даяр болуп калдым


Кыргыз Республикасынын Эмгек Сиңирген артисти Зейнеп Шакеева менен маек. Быйыл 8-март күнү 66 жашка толуп, анын 49 жылын кыргыз сахнасына арнап, элге кызмат кылып келе жаткан ырчы эжекебиз Зейнеп Шакееваны кимдер гана билбейт. Зейнеп эженин жагымдуу ырын уккан адам өзгөчө бир шоокум жарата алган үнүнүн тембринин бийиктигине баа берсе керек. Көпчүлүккө жарыя кылып чыгууну көп […]

Нарын облустук драм театрында «Онтоосу көп – Общий дом» трагедиясы элдин суранычы менен 3 күн көрсөтүлдү


Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Чынар Калыбекованын «Онтоосу көп – Общий дом» трагедиясы элдин суранычы менен 3 күн коюлду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады. «Онтоосу көп – Общий дом» трагедиясы азыркы замандын турмушуна багыттап жазылган, «Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз» аталышындагы турмуш чагылдырылган. Анда багаар-көрөөрү жок, […]