Category жазуучу

Улуттук адабияттын деңгээлин көтөргөн Казат Акматов


Адатта, дүйнөлүк тажрыйбага кайрылып көргөндө, кара сөз, анын ичинде роман жазгандар мамлекеттик же коомдук иштерге катышпай, үй оокаты менен убагерчилик чекпей, ашка-тойго, жыйын-сыйынга көп барбай, ээн үйдө отуруп алып эле өзү менен өзү болуп жаза берет. Ал эми биздин Казат Акматов андай болбоду, өмүр бою мамлекеттик жана коомдук иштерде иштеп, болгондо да андай иштердин кайнаган […]

Жупуну жашоого умтулган алп Толстой


“Менин кетип калганыма капа болорсуң. Антпеске аргам жок. Акыркы күндөрү өз үйүмө өзүм батпай баратам. Ошондуктан өмүрүмдүн соңун көр тириликтен алысыраак өткөрөйүн дедим. Мени туура түшүн. Издебе. Баары бир айтканымдан кайтпайм. 48 жыл өмүр шерик болгонуңа ыраазымын, күнөө кылсам кечир, сенден чекилик кетсе баарын чын дилден кечирем. Эмики тагдырыңа баш ийгин”.

Сейит Жетимишев, жазуучу: "Ырбы, же пырбы, аны эл бааласын"


“Менин атам”, “Ички кайрыктар”, “Мезгил закымдары”, “Тоо булагы” “Эл арасында” аттуу эки томдон турган эпикалык мүнөздөгү жана башка көптөгөн чыгармаларды жаратып айрым повесттери орус, кытай, латыш, украин тилдерине которулган чыгармалардын авторунун бүгүнкү күндөгү чыгармачылык эргүүсү кандай болду экен деп Сейит Жетимишевге кайрылып, баарлаштык.

Махмуд Кашгари сынагы жыйынтыкталды


Түркиядагы түркий мамлекеттердин «Евразия» жазуучулар бирлиги, анын Адабий академиясы, «Кардеш калемлер» («Боордош калмегерлер») журналы жана «Жаңы Ала-Тоо» адабий журналы жарыялаган «Махмуд Кашгари» аңгемелер сынагынын жыйынтыгы чыгарылганын «24.kg» агенттигине аталган журналдан маалымдашты.

Лу Синь. А-кьюнун чыныгы тарыхы


ХХ кылымдагы улуу жазуучулардын катарында турган Лу Синь (1881-1936-жылдар чыныгы аты Чжоу Шужэн) – азыркы кытай адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Лу Синь – котормочу, редактор, сынчы, кытай адабиятында эпикалык кичи жанрды өнүктүргөн жазуучу, акын. 1930-жылдан баштап, Кытайдагы солчул жазуучулардын Шанхайдагы лигасын башкарган. Ал солчул идеяны жактырып, партияга өтпөгөнүнө карабастан Мао Цзедун өмүр өткөнчө Лу Синдин күйөрманы […]

Улуу күчтөр менен кыялды канат кылган жазуучу


“Дүйнөдөгү улуу күчтөрдүн эң улуусу-адамдын ой жүгүртүүсү. Ал эми эң учкулу-кыял. Ушул экөөнү бел кылып алып чыгармамды жаздым”, – дейт эл жазуучусу Казат Акматов. – Акыркы жылдарда кыргыз адабиятына “Архат” романы аркылуу ийгилик алып келген, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург, коомдук жана мамлекеттик ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Казат Акматовдун 70 жаш кутман курагына […]

Ак жол сага, “Асман каганаты!”


Китеп басма тармагында көп жыл эмгектенген адам катары айтарым, китептин ким экенин, ооба, ким экенин сүйлөй алыш үчүн жана ким болуп аталгандыгын билиш үчүн аны аты-жөнү, паспорту, же анын “болгон маалыматы” (“выходные сведения” деп айтылат орусча – китептаануу илиминде) баарын көрсөтүп турат. Бу жаатынан биз сөз кыла турган – Кунай Медетхан менен Мамасалы Апышевдин “Асман […]

Бейшебай Усубалиевдин чыгармалары боюнча конференция өтөт


Белгилүү жазуучу жана филология илимдеринин доктору, профессор Бейшебай Усубалиевдин «Түн» аттуу прозалар жыйнагынын бетачар аземи 15-ноябрь, саат 14:00дө М.Кашкари атындагы Чыгыш университетинде өтөрүн «24.kg» агенттигине проза чебери өзү маалымдады.

Бахтияр ШАМАТОВ. “Барис аке экөөбүз КПСС менен коштошкондо”


(аңгеме) Советтер Союзунун Коммунисттик Партиясынын Лейлек райкомунда Каримкулов Абдибарис аттуу таманынан как төбөсүнө чейин коммунизмдин идеясына берилген накта коммунист авам менен 90-жылдардын башында чогуу иштешип жүрдүк. Азыр а киши кайда, не иш менен алектенет, өзү жек көргөн капитализмдин тушунда жашоо турмушу кандай болубатат, көптөн бери кабарым жок. Бирок чогуу иштешкен жакшы адамдар эси-көөнүңдөн чыкпайт эмеспи, […]

Кыргыз Бальзагынын мурастары


М.Макенбаев өзү жашап өткөн өмүрүндө кыргыз адабияты үчүн опол тоодой эмгек калтырды. Бирок, эмнегедир акыркы жылдарда кыргыз сынында, адабият таануу илиминде анын чыгармалары жөнүндө сөз деле жок. Болгону, жети-сегиз макала таптым. Анын да үч-төртөө жазуучунун көзү тирүүсүндө берген маеги экен.

Көп кырдуу жигит – Памирбек


Памирбек Казыбаев көп кырдуу инсан. Адабиятчы, публицист, чебер журналист жана маданият ишмери. Быйылкы күздө алтымыш жашка кол берип, ашуудан отчет берип турган кези. Улуттук китепканада өткөн анын чыгармачылык көргөзмөсүндө алтымыштын ашуусуна куру кол келбегенине коомчулук күбө болду. Көрсө, ал айтылып калгыдай албан эмгектерди жаратып келген экен. Анда сөзүбүз ирээти менен болсун.

Салижан Жигитовдун сабактары


(Уландысы. Башы) Анткени айыл-апанын бул партияларга анча кушу жок, анын үстүнө партия дегенге таптакыр ишенбей калган. Мисалы, демкыймылдарга мынабу шаарда Бишкекте анча-мынча акыл-эстүү, билимдүү кишилер кирди, ал эми айыл жеринде ага жалаң кудайдан жөө качкандар, эски арызчылар, аракечтердин баары кирип алып, кадырын кетирип койду, менин байкашымча. Бул жагдай да демократиянын айыл жерине тамырлашына, жайылышына тоскоол […]

Калемгер касиети


Жашынан эл оозуна илингенди; кичи пейилдиги, элпектиги, тил алчаактыгы, боорукердиги, чынчылдыгы билингенди – абийирлүү өсүп баратат дешип, ага ак тилектүү алкыш жаайт. Боюна бүткөн абийирине чаң жугузбай, көпчүлүктө көмө жүрүп, көрүнгөнгө көмөгүн аянбаган; ар тараптан өсүшкө аракетин арттырып; жан дүйнөсүнө күл азык даярдаган; жаздым кетирбейин деп аярланган улан ошол калыбын терең улгайганча карманса – касиеттүү […]

Мекенин чексиз сүйгөн адам эле


Казакстандын ай сайын жарык көрүүчү “Нива” аттуу белгилүү адабий-көркөм жана коомдук-саясий журналынын үстүбүздөгү жылдын апрель айындагы төртүнчү санына казак жазуучусу Сабит Кинеевдин “Сүймөнкул” деген повести басылып чыкты. Анын аталышынын өзү эле кабарлап тургандай, чыгарма элибиздин залкар уулдарынын бири – Чокморовдун өрнөктүү өмүр жолуна, татаал тагдырына жана көп багыттуу кайталангыс талантына арналган. Эгерим, аталган журналдын 1990-жылдан […]

85 жаштагы драматург Бурулча апа


Бурулча ШАДЫКАНОВА апа быйыл 84 жашка чыгыптыр. Жагымдуу, тың, шайыр, тамашакөй, коомдо болуп аткан окуяларды кыя өткөрбөй талдап турган зирек эне экен. Андан да кызыгы, Бурулча апабыз көп жылдардан бери өз алдынча чыгармачылык менен алектенип келатыптыр. Азыр “Жолборс терисин жамынган баатырды” драмалаштырып театрлар союзуна тапшырдым дейт. Бизди таңгалдырган, сүйүндүргөн, ыраазы кылган энени сөзгө тартып, болгон […]

Нурлан Калыбеков: Жаштар прозасынын тандалмалар жыйнагы чыкканы турат


Кыргыз Республикасынын Эларалык «Нурборбор» жаштар чыгармачылык академиясынын жетекчиси, акын Нурлан Калыбеков учурда кыргыз жаштар прозасынын тандалмалар жыйнагы жарыкка чыгарын «24.kg» агенттигине маалымдады. Нурлан Калыбековдун айтымында, буга чейин «Нурборбор» жаштар чыгармачылык академиясынын аракети менен «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» жарыкка чыккан. «Анда негизинен 90-жылдардан кийинки адабий коомчулукка аты таанылган акындардын ырлары топтолгон. Бул сапар проза жанрындагы өрнөктүү чыгармаларды […]

Таланты эрдигине айкалышкан


Мен Казат Акматовду жазуучу катарында эмес, саясатчы катары Горбачевдун кайра куруу доорунда биринчи жолу тааныдым. Анда Компартиянын Борбордук Комитетинде идеология бөлүмүнүн башчысы элем. Коммунисттик идеологиянын ызгаары улам начарлап, коомубуз, элибиз демократия жана эркиндикти көздөй бет алган кез эле. Интеллигенциянын ар кандай катмарлары менен бат-бат жолугушуп, келе жаткан жаңы заман жөнүндө дээрлик күн сайын сүйлөшүп, өз […]

Кубат Жусубалиев: "Жүрөктү тазалаш үчүн дервиш бол"


Жалеешь о нем… Но сожалений не стоит, Наш суетный мир. Себя самого отринув, Быть может, себя спасаешь. (Сайгё) –Кубат ака, Басе, Сайгё, Ду-Фу сыяктуу акындар, тарикат жолуна түшкөн суфийлер бул дүйнөдөн баш тартып, тоодогу үңкүрлөргө, эл жок эрме чөлгө кетип калышкан же жер кезип кетишкен. Сиз дагы жыйырма жылдан бери тоонун арасында жашап жүрөсүз. Адамдын […]

Айтматовдун акыркы адашуусу


(Уландысы. Башы) Айтмакчы, айтматовдук пафостуу баш сөздөн соң айрым жергиликтүү адабиятчылар Сейталиевдин каарманын «Жамийланын сиңдиси» деп аташып, комплиментардуу пикирлер толуп кетти эле. Бирок көп өтпөй ал повесть такыр унутулду да, калды. Башкача айтканда, «эжеси» Жамийла алиге чейин «жаш» бойдон калып, ал эми анын «сиңдиси» дароо эле туулбай жатып, аркы дүйнөгө кеткен сыяктанып калды!

Өмүр бою чындык үчүн күрөшкөн


Кыргыз журту 15 жыл мурдагы оор жоготуудан соң кайрадан баш кошуп, 100 жылдыгын бийик деңгээлде өткөргөн Түгөлбай Сыдыкбеков кайталангыс адамдык тагдырга, өлчөөсү жок өзгөчө касиет-сапаттарга ээ болгонун билгендер да, билбегендер да бар. Минтип айтканымдын себеби – кыргыз адабиятынын эң бир көрүнүктүү өкүлү Т.Сыдыкбеков сыяктанып тарыхый үч башка доорду – Орусия оторчулугу тушундагы азап-тозокту, Совет мезгилиндеги […]

Бурулкан Карагулованын "Токтогул көлү – көз жашым"


Белгилүү кыргыз акыны Бурулкан Карагулованын “Токтогул көлү – көз жашым” аттуу даректүү баяндар жана аңгемелер жыйнагы автордун макулдугу менен блогубузга жайгаштырылды. Аны бул жерден окуй аласыздар. КМБ

Асман каганаты


Тарыхый баян Кунай Медетхан менен Мамасалы Апышевдин “Асман каганаты” аттуу VI кылымда Кыргызстандын аймагында болгон окуяларга арналган тарыхый баяны жарыкка чыкты. Бул Улуу Түрк Каганатына арналган чыгарма дароо эле үч тилде – кыргыз, орус жана түрк тилдеринде жарыяланды. Тең авторлор чыгарманын баш сөзүндө мындай деп жазышат: «Бул ирет биз көркөм адабиятта алиге чейин такыр белгисиз […]

Айтматовго болгон сагыныч же анын кусалыкты жазган асыл ойлору


Айтматов ааламынан баарын тапса болот. Мага Айтматовдун чыгармачылыгы турган турушу менен поэзия катары туюлат. Карапайымдык, жөнөкөйлүк, дирилдеген сезимдер, ошол эле учурда даанышмандык, бийик интеллект бири-бирине ширелишип кеткен. “Ак жаан” повестинен баштап “Тоолор кулаганда” романынан ар бир айылдык кыргыз өз балалыгын, жүрөгүн кытыгылаган сезимдерди, шайыр жеңелерди, өкүнүчкө айланган аселдерди көз алдына тартып, ал күндөрдү сагынып, кусаланып […]

Айтматовдун акыркы адашуусу же түбөлүктүүлүк фонундагы портретке штрихтер


Ошентип, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтышы менен бирге кыргыз улуттук адабиятынын тарыхындагы «кыргыз совет адабияты» деп аталган (ал эгемендик доорунда да жашагандыгына, соңку эки романын: «Тавро Кассандры», (1994), «Вечная невеста» (2006) жаңы социалдык-саясий шарттарда жаратканына карабастан) артта зор из калтырган бир глобалдуу доор аяктап, адабияттын өнүгүү тарыхындагы жаңы барак ачылды.  Жазуучунун чыгармачылыгы мурдатан эле дайыма коомдук […]

ПОЭЗИЯГА келаткан жолдо


Уландысы. Башы Окууга келип калсам Малаховдордукуна келип турмак болуп сазга жеттик. Аттан түшүп жатып Малахов айтты: – Абаң кан сорот экен э! – деди. – Мурда сорчу, кийин асмай тартып калган – дедим мен. Малахов унчукпай шинелин кийип алып жолуна түштү. Ошондо балалыгым менен Малаховдун сөзүн түшүнгөн эмес турбаймбы. … Күндөгүдөй үрүң-бараңдан туруп, жылкыларды айдап […]