Monthly Archives: Сентябрь 2010

Партиялар маданият тууралуу…


Парламентке ат салышып жаткан партиялар Маданият, Билим берүү, Илимди өнүктүрүү тууралуу эмне ойлошоорун билгиңер келсе жакында ачылган “Танда” (“Выбирай”) сайтына кирсеңер болот. Бул сайттан партиялардын башка маселелер боюнча да көз караштары менен таанышса болот. Advertisements

Кыргыздын 7 кереметинин бири – ӨЗГӨН МУНАРАСЫ


Кыргызстанда да 7 керемет бар. Мисалы, Саймалы-Таш, Манастын күмбөзү, Өзгөндөгү тарыхый комплекс, Бурана мунарасы, Сафед-Булан жана башка. Булардын баары элибиздин эчендеген тарыхын камтып, илгерки доордун күбөсү катары сакталып келет. Келиңиз, карт тарыхты казып, сиз менен 7 кереметтин бири – Өзгөн мунарасына саякатка бирге чыгалы.

Рамис Рыскулов: "Мен токойго жашынган ыр каракчысымын"


– Раке, чыгармачылык кандай болуп атат? – “Есениана” деген жыйнак даярдап койдум. – Есенин менен кандайдыр бир жакындыгыңыз бар, ээ? – Есениндин чыгармасында  менин атым бар. Израмистил чыгат деген.Тил дегени мен жаңы тил ойлоп чыгарам. Мен сөз оорусу менен ооругам да. Маяковский айткан эң улуу максатты коюш  керек. Мен эң көп псевдоним алып атпаймынбы. Бүтүн […]

"Бөксөрбөй, бөксөң толсо экен,/Жолборсум, жолуң болсо экен…"


Жакында манасчы, КРнын Эл артисти Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетей” эпосу жарык көрдү. Китепти манасчынын 75 жылдыгына карата жеке ишкер Тилек Мураталиев каржылап, “Турар” басмасында 2000 нуска менен чыгарган. Манасчы У.Мамбеталиев 50 жылдан ашуун убакыттан бери “Манас” үчилтигин айтып келет. Башка бардык залкар манасчылар сыяктуу эле Уркаш агайдын да дастан айтып калуусуна табигый таланты менен бирге […]

"Сагынганда бир келээрсиң" Чыңгыз Айтматовдун жубайына арналган…


“Сагынганда бир келээрсиң” аттуу ырдын тарыхы абдан кызыктуу. Аны КР эмгек сиңирген архитектору Аскар Исаев ашык болгон кызы Мария Урматовнага арнаган. Ал айым улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун экинчи жубайы экени баарыбызга белгилүү. Мария Урматовна жаш кезинде Ленинграддагы кинематографиялык институка тапшырып, окуп калат. Ал жерден Япон жигити менен таанышып, алардын сүйүүсү күч алып, бир нече убакыт […]

Жыпар Исабаева, акын, жазуучу, журналист: "Алыкулдун бейитинен айыккам"


Жыпар Исабаева дили таза, жан дүйнөсү жаркын, аруу акын. Эженин наздуу ысымы китеп, поэзия сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн эбак түнөк тапканы анык. Жарык көргөн китептери: “Жылаандын сүйүүсү”, “Махабат мазары”, “Алыкулду сүйгөн кыз”, “Адашкандар”, ж.б. Кыялкеч балалыгым Менин балалыгым Нарын областынын Миң-Булак айылында калды. Үчүнчү классымда “Кыргызстан пионери” гезитине ырларым биринчи жолу жарык көрүп, почточу: “Исабаева деген сенсиңби? […]

“Оймо” фестивалы чыгыш маданият диалогун тартуулайт


Үстүбүздөгү жылдын 23-26-сентябрына чейин Бишкекте “Оймо” маданият диалогу” аттуу фестиваль өтөт. Бул иш чара 2006-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Борбор Азиялык маданият жана искусство тармагынын өкүлү Алмакан Найзабекова фестиваль Борбор Азия аймагында маданият жаатында маанилүү иш чаралардын бири болуп калгандыгын айтты.

Жолболду Алыбаев: «МЕНИ «ЭКИНЧИ РЫСПАЙ» ДЕШЧҮ»


Эл ичи таланттарга бай. Мына ошондой өнөр адамы Жолболду Алыбаев 63 жаш пайгамбар жашына келсе да, колунан комузун түшүрбөй ырдап келет. “Арзыкан”, “Чолпонум” сыяктуу ырларын билбеген жан болбосо керек. Айрымдардын “үн деле карыйт” дегенин агай жокко чыгарып, аккордеон менен обон созуп, маек куруп берди. КААРМАН ТУУРАЛУУ 1947-жылы 24-декабрда Өзгөн районуна караштуу Заргер айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө […]

ТИЛИҢЕ ТИБИРТКЕ ЧЫККЫР! же туура эмес котормолор тууралуу


Учурда тамак-аштын, тиричилик буюм­дарынын,кызмат көрсөтүүнүн, ошондой эле банктардын түрлөрү көп. Андыктан Бишкекте буларды жарнамалаган көрнөктөр да толтура. Бирок алардагы туура эмес котормолор, орфографиялык жана грамматикалык одоно каталар зээнди кейитпей койбойт. АШКАНАДААЖАЙЫП МААНАЙ… “Ката жазылыптыр” деп оңдогуңуз келип кеттиби, окурман? Мына ушундай ката Манас-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тиричилик буюмдары жарнамаланган көрнөктө бадырайып турат. Сыягы, жарнама берүүчүлөр буюмдарды […]

ЭХ, КЫРГЫЗЫМ, ТАЗА ЭМЕС БЕЛЕ КЫМЫЗЫҢ?..


Кымызды ичип көрбөгөн кыргыз болбосо керек. Азыркы учурда Кытайдан Кыргызстанга канчалаган сапатсыз буюмдар менен азыктардын кирип жатканын баарыбыз эле билебиз. Ошентип, биздин мекен да жасалма азык-түлүктөн кур кол калбады. Буга мисал катары кымызды алып көрдүк. СУУСУНУҢДУ КАНДЫРГАН СУУСАМЫР КЫМЫЗЫ Эчен кылым карыткан кыргыз эли улуттук суусундук катары кымызын кылкылдатып, келген конокко сунуп келет. Чаңкаганда суусунуңду […]

Кыргыз жазуучусу америкалык окурмандары менен жолугушууда


10-сентябрда Американын Айова штатындагы Айова-Сити шаарында Шамбо-Хауз адабий окуулары болуп өттү, – деп кабарлайт «Кыргызстандын жаңы адабияты» сайты. Анда кыргыз жазуучусу Турусбек Мадылбай дагы катышып, өзүнүн атактуу чыгармасы “Күкүнүс” романынан үзүндүлөрдү англисче окуп берди. Америкалык окурмандардын өзгөчө кызыгуусун туудурган нерсе: 1989-жылы жазылган бул китепте башкы каарманы тарабынан Куран китебин мазактап, мечитти өртөгөнү тууралу айтылган. Жалпыга […]

Ата көргөн ок жонот…


Кыл калем чебери, жазуучу жана журналист Үсөн Сарыбаев өзүнүн сүрөтчүлүктү сүйүп, ушул кесипти тандап алышына атасы уста Сарыбай зор себеп болгонун ар дайым урматтоо менен эскерип жүрөт. Анын айтымында, уулунун сүрөт тартууга шыктуулугун байкаган атасы Сарыбай уста анын талантын өстүрүүгө чындап киришет. Үсөн төртүнчү класста окуп жүргөндө Манасты кырк чоросу менен кошо бир барак кагазга […]

Кыргыз – китеп


Шабдан баатырды – эл артисти, Кара Молдону – депутат дегендердин мууну жаралууда Китепке көңүл бурбоо – идеологиялык соку Эгемендиктин  эдиреңдеген, эйфорияга берилген жыйырма жылында кыргыз адабияты, маданияты купуя сырдуулугунан, рухий уюткусунан ажыраган абалга жетти. Академик президентиң деле, өндүрүшчүң деле өз көмөч­төрүнө өзгөчө көп күл тартуу менен алкымдарын тыя албаган, акыры Ала-Тоого сыя албаган эл безерине, […]

Ааламды таңдандырган кыргыз дүйнөсү жана Чочунбаеванын чоң эрдиги


Жарыктык чоң кайненем Райкан токсонду оодарып барып дүйнө салды. Биз эле эмес бүт айыл “ЭНЕ” деп ызаат кылып, алдынан кыя өтчү эмес. Анысы айылдагы эң кары адам катары эле эмес, кара кылды как жарган калыстыгы, көптү көргөн көсөмдүгү жана эң башкысы – колунан көөрү төгүлгөн чебердиги үчүн да болсо керек. Ошол энемдин колун салаңдатып бош […]

АЛТЫН-КӨЛ, КОРБУ, КҮРКҮРӨӨ


(Башы өткөн санда) Караңгы түн, асманда жыбырап жылдыз жайнайт. Биз баягы боз качырыбыз менен, өңгүл-дөңгүл жолдо бара жаттык. Жол узак, төрт-беш саатка барат. Баарыбыз Манас-Туусундагы, Манас-Көлүндөгү көргөн-билгендерибизди, туйган-сезгендерибизди бири-бирибизге айтып келе жаттык. Орто жолдон Тоолуу-Алтай шаарына кирип, ден соолугуна байланыштуу Мария эжени Чагаттын үйүнө калтырып, Чемал районунан чыгып, Чой, Майма райондорун басып, Турочок районуна караштуу […]

Асан Жакшылыков: "Жакырчылык кыргыздын айран-кымызын саттырды"


– Асан агай, акыркы убактарда кыргызды кыйын абалдан Манастын руху, кыргызчылык алып чыгып кете алат деген пикирлер арбыды, сиз буга кандай дейсиз? – Биринчиден, биз доор алмашканын эч убакта эстен чыгарбашыбыз керек. Дүйнөдө 4 стихия бар: от, суу, жер, аба. Төртөөнүн кезметтешкен учуру келет. Доор алмашканда ар биринин ырааты жүрүп, калгандары ага баш ийет. Азыр […]

"Жакында Манастын төрөлөрүнө ишенем"


Белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров айткандай, турмуштун оордугуна, каатчылыкка карабай учурда кыргыз киносу өнүгүп жатканы кимди болбосун кубандырбай койбойт. Албетте бүгүнкү күндөгү жаш режиссерлордун жаратып жаткан тасмаларынын баарын мыкты дегенге болбойт. Ошентсе да алардын арасында кыргыз көрөрмандарынын, чет элдиктердин бүйүрүн кызыткан чыгармалар жок эмес. Буга чейин отузга жакын ар кандай чет элдик сыйлыктарга татыктуу болсо да […]

Балыкооздун санжырасы


Манаска, мусулманчылыкка чейинки кыргыздын таржымалын айткан санжыра. Балыкооздун санжырасы

Кино тармагы аксап турат


Кыргыз киносунун азыркы абалы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна кинорежиссер Темир Бирназаров жооп берди. – Соңку кездери демөөрчүлөрдүн эсебинен тартылып, конкурстарга багытталган кыска метраждуу тасмалар абдан көбөйдү. Толук метраждуу эркин тартылган коммерциялык багыттагы көркөм тасмаларды жаратууга эмнелер тоскоол болуп атат деп ойлойсуз? Темир Бирназаров: Өзүңөр билесиңер, азыркы тартылып жаткан кыска метраждуу көркөм тасманын бардыгы тең мамлекеттин эсебинен […]

Бишкекте япондордун “Бон” бийинин фестивалы өтөт


18-сентябрда Бишкекте жаштар аллеясынын  аймагында «Бон» деген аталышта япон бийинин фестивалы өтөт. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары билдирди. “Бон” бийи япондордун салттуу оюндары менен коштолот. Фестивалды өткөрүүнүн башкы максаты Кыргызстан менен Япониянын элинин ортосундагы өз ара мамилелерди өнүктүрүүнү тереңдетүү болуп саналат.

Түркия “Манас” эпосу кыргыз элине гана таандык баа жеткис мурас экенин ЮНЕСКОго билдирет


Түркия “Манас” эпосу кыргыз элине гана таандык баа жеткис мурас экенин ЮНЕСКОго билдирет. Бул туурасында бүгүн КР Маданият жана маалымат министрлигинде өткөн жыйында Түркиянын “Мармара Групп” фондунун төрагасы Аккан Сувер мырза билдирди. Аккан Сувер ушул жылдын 14-сентябрында ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова менен жолугушаарын, анда “Манас” эпосунун Кытай Эл Республикасынын атынан Уюмдун Материалдык эмес маданий […]

АСАН КАЙБЫЛДАЕВ


Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. Шум ажал чыгаан педагог жана илимпоз, чебер комузчу, музыка изилдөөчү жана жазуучу Асан Кайбылдаевди арабыздан алып кетти. Асан Кайбылдаев Ысык – Көл облусунун Ак – Суу районундагы Боз- Учук айылында 1929- жылы төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин ийгиликтүү аяктап, педагогдук кесипке ээ болгондон кийин, 1949 – 1974- […]

Согуш токтоткон турналар


Тоолуу Алтайдын Оңкудай районунун Эло айылында эки жылда бир ирет “Элоюндары” өтүп турат экен. Бул улуттук оюндар туурасында жергиликтүү телерадиостанция болгону он гана мүнөт убакыт берээрин бизге айткан улуттук “Көк бөрү” федерациясынын мүчөсү Артур атуу жигит, биздин делегациянын кийимдерине кызыгып, өзүнүн шайыдан жасалган улуттук көкбөрүчүнүн көйнөгү менен алмашуусун өтүндү эле, жигиттерибиздин бири алтайлык тууганыбыздын көңүлүн […]

АЛТАЙДАН АЛА-ТООГО-МАНАСТЫН ЖОЛУ МЕНЕН


Ала-Тоодон аттанып чыгып, Россия Федерациясынын карамагындагы Тоолуу Алтай Республикасына барып, тарыхыбыздын унутта калган барактарын жаңыртууну эңсеп, тээ байыркы бир заманда жарык дүйнөгө келип, ушул Алтай жергесинде төрөлүп, тестиер чагынан эзилген кыргыз элинин жүгүн артынып, катылган душмандардын катыгын колуна карматып, чачылган элди чогултуп, курама жыйып журт кылган Айкөл атабыз Манастын киндик каны тамган жерге барып келдик. […]

"Шекерден – Теңирге жол"


Жазуучу, манасчы, котормочу жана кино ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Ашым Жакыпбековдун 75 жылдык мааракесине арналып өткөн китеп-сүрөт-макала көргөзмөсү ушинтип аталат. Иш-чараны “Алыкул үйү-борбору” менен автордун тууган-туушкандары уюштурган. А.Жакыпбеков “Манас-1000” мамлекеттик дирекциясында “Манас” эпосу боюнча башкы адис катары эмгектенип турганда, манас таануу тармагын кеңитүүгө да чоң салым кошкон. Жазуучу 1994-жылы 4-июнда Таластагы “Манас ордодо” […]