Tag Archives: Кыргыздар

Асанканов: Кыргыздардын этногенези боюнча жаңы эмгек жаздык


Жакында Москвада “Кыргыздар” деген фундаменталдуу илимий эмгек жарык көрдү. Анын авторлору кыргызстандык жана орусиялык окумуштуулар. Кыргыз элинин этногенезин, тарыхый-маданий байланыштарын жаңы илимий жетишкендиктердин негизинде иликтеген авторлор жамаатынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Аблабек Асанканов “Азаттыктын” студиясына келип жаңы эмгек тууралуу маек куруп берди. “Азаттык”: Аблабек мырза, студияга куш келипсиз. Бүгүнкү […]

Анкарадагы “Кыргыз эне” күмбөзүнө зыярат


Анкарадагы Кыргызстандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси И.Жунусов менен Кыргызстандан келген журналисттер  “Кыргыз эне” күмбөзүнө зыярат кылышты. http://cdn.trt.net.tr/videos/4d7f/43d1/77a9/5758230e359de.mp4 TRT, 08.06.2016-ж.

Кытайлык кыргыздар: “Жаңысы биз”


https://www.facebook.com/plugins/video.php?href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Fkaganat.kg%2Fvideos%2F741182082698578%2F&show_text=0&width=560

Ваң Жие: Кыргыздын аты, теги жана байыркы орду жөнүндө


(макаланын кыскача мазмуну) Биринчи, кыргыздын аты 1 Мурдагы изилдөөлөрдө Ушул кезде, кыргыз изилдөөсү Кытайда жана башка мамлекеттерде кыйла алып барылды. Болуп да мурдагы совет кезинде Бартолъддин «Орто азияа түрк тарыхы 12 лексиясындагы» кыргыздар баяны сыяктууларды атоого болот. Ал эми байыркы кыргыздардын улут атынын кытайча жазылышын эң эртеде Франсиялык чыгыш таануучу профессор Паул Пеллиот (Paul p […]

Абакир Калыбеков: Кыргыздардын келип чыгышы жана саяктардын санжырасы


Санжыра – уруунун, элдин чыгыш теги жана таралышы тарыхый маалыматтардын элдик оозеки чыгарма түрүндө берилиши. Санжыра кол жазма жана басма түрүндө генеология-лык таблица деп аталып, Европа жана Азия элдеринин көбүндө кездешет. Өзгөчө атактуу адамдар, падышалар жана королдор өзгөчө барактап, ыйык сакташкан. Кыргыз санжырасы атадан балага, муундан-муунга оозеки айтылып келген. Санжырага илимий көз караш менен караган […]

Жерге-Талдын кел-кели менен кет-кети…


Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мүчөсү Жолдош Турдубаевдин Тажикстандын кыргыздар жашаган Жерге-Тал аймагы, андагы элдин өтмүшү менен азыркы турмушу тууралуу макаласы. Көч Кыргыз көчү дайым суу бойлойт (Суу кечпесе көч да көч эмес): Бирде өрдөп, бирде ылдыйлап, Бирде аккан сууну ээрчисе, Бирде албуут агым утурлап… Тээ байыркы мезгилде Энесайдын жээгинен козголуп келип, Ысык-Көл, Нарын, Ак-Буураны бойлой […]

Жаңыл ЖУСУПЖАН: “Кыргыздар Кыргызстанда гана эркин жашап жатышат”


Эл аралык деңгээлдеги журналист Жаңыл Жусупжандын ысымы “Азаттык” радиосу аркылуу журтубузга жакшы тааныш. Бир нече тил билген (орус, немис, англис, чех), дүйнө кезип кайда барбасын, кыргыздардын изин издеп жүргөн бул кызыбыз бир топ жылдардан бери кино тармагында да өз күчүн сынап келет. Анын Түркиядагы кыргыздар тууралуу “Улуу Памир” даректүү тасмасы буга чейин элибизге тартууланган. Жакында […]

Абыт Ибраимов: Кан аралашкандан улут бузулбайт


Абыт Ибраимов – илимий иштерин интернет аркылуу англис тилинде таратып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө окурмандарын тапкан генетик-окумуштуулардын бири, Кыргыз генетика илимине “Кыргыздар жана анын генофонду” илимий китеби аркылуу чыйыр салган окумуштуу, Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү, Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты. Окумуштуунун илимий эмгектерин бүгүн кызматынан 192 өлкөнүн окумуштуулары пайдаланган http://www.researchgate.net акысыз социалдык тармагы аркылуу таап окуса болот. […]

Анарбек Акматбеков: «Элибиз эсептешкен маанайдагы меймандостукка өтүп алды»


Социалисттик коомду чанып, капиталисттик коомго ыктаган ушул заманда руханий д аздектелбей, акчанын гана арааны жүрүп калганын далай замандаштарыбыз күйүп-бышып, айтып-жазып жүрүшөт. Алардын бири – белгилүү журналист, акын Анарбек Акматбеков. – Агай, бир сапар кыргыз радиосунун журналисттери менен баарлашып жатып, «Улуттук мүнөзүбүздү жардылантып алдык, эми аны кайрадан түзүшүбүз керек», – дедиңиз эле. Ошол оюңузду кененирээк чечмелей […]

Этникалык кыргыздардын эң көбү Өзбекстан менен Кытайда жашайт


Учурда Кыргызстандан сырткаркы аймактарда 900 миңден ашуун кыргыздар жашайт. Алардын ичинен басымдуу бөлүгү 385 000 журтташтарыбыз Өзбекстанда турушат. Кытайда 189 309, Тажикстанда 56 000 кыргыз жашайт. Ал эми Афганистанды жердеп калгандардын саны – 2000. Бул туурасында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ал эми башка өлкөлөрдөн атамекенине жашоо үчүн көчүп келген кандаштарыбыздын саны 50 миңдин тегерегинде. […]

“Улут жүзү” фондунун жетекчиси, меценат Рустам МАМАНОВ: “Улуттук идеологиябыз санжыра- тарыхыбызда жатат”


– Мекенди сүйүү кайсы зарылчылыктан улам пайда болот деп ойлойсуз? – “Ата мекенге болгон сүйүү, бүтүндөй ааламга болгон сүйүү менен киндиктеш”- деп акылмандар бекер жеринен айтпаган чыгар. Мекенди сүйүү зарылчылыктан эмес, ата каны, эне сүтү менен берилүүчү ыйык сезим деп ойлойм. Кимдир бирөө кайсы бир зарылчылыктан улам Ата-Журтумду сүйөм десе, анда жаңылышат. – Кыргыздын тарых-санжырасын […]

Каякка баратабыз, кыргыздар?!


Башка улуттун кийимин эрөөн-төрөн көрбөй кийип алган cакалчан жигиттерди, бети-башын жоолукка орогон, ал турсун паранжыга чүмкөнгөн кыз-келиндерди көчөдөн жолуктурасың. Алардын жүзү кыргыз болгон менен кийимдери пакистан менен арабдыкы. Оогандардын улуттук баш кийимин сыймык менен кийип алгандары да бар. Улутту улут катары таанытып турган тили, дили, каада-салты, улуттук кийими. Арабдардын кийимин кийсе эле мусулман болуп, кыргыз […]

«Тирүүлөрдүн кудайы» жашаган Тибетте


«Санжыра» борборунун директору Асыкбек Оморов баштаган тарыхый-санжыра борборунун экспедиция курамы 2013-14-жылдары кыргыздар жашаган Евразиянын аймактары болгон СУАР, Алтай Республикасы, Тоолуу-Шория, Тоолуу Бадахшан, Хакасия, Бурятия, Тыва, Мажарстан республикалары, Россиянын бир катар шаарлары болгон Барнаул, Томск, Омск, Красноярск, Иркутск, Чита, Забайкалье, Абагайтуй шаарларынан архивдик материалдарды чогултуп келген. Жакында бул илимий-тарыхый экспедиция Монголиянын жана Кытайдын Тибет аймактарында жашаган […]

Кыргыздын таштык бет каптары


Учурда кыргыздар Борбор Азиядагы эң байыркы элдерден. Мындай далил тууралуу замандашта­рыбыз биле бербесе керек. Кыргыз жери, эли өз башынан эмнелерди гана кечирген жок? Аларды изилдөөгө чарабыз келбей, күнүмдүк оокат менен алпурушуп жашап келебиз. Өзүнүн кыргыз болгонуна өкүнгөн жаштар дагы жок эмес. “Аттиң, ушундан көрө Америка же Европада төрөлсөм эмне” – деген жаштарыбызды сын алгыдан көрбөдүкпү. […]

Баланы түйүлдүк кезинен тарбиялоодогу кыргыздын салты


Акыркы жүз жыл ичинде кыргыздардын аң-сезими ѳзгѳрүп кеткен. Ички жан дүйнѳ жоголду. Адам баласы минтип ѳзүнүн ички жан дүйнѳсүн жоготуп койгонунун бир себеби – жылуу мамиленин жоктугу. Илгери кыргыз балдары бала-бакча дегенге барышчу эмес, үйдѳн чоң ата, чоң эненин мээриминде, туура тарбиясында, жакшы мамиледе чоңоюшчу. Кичине кезинен ата-эненин мээримин кѳрбѳй чоңойгон адам таш боор болуп […]

Залкар жазуучунун чыгармасын кыргыз тилинде окуган Ю Вон Ен


Түштүк Кореядан келген Ю Вон Ен Кыргызстандагы Корея борборунда жана Кыргыз- Россия (Славян) институтунда тилчи болуп иштейт. Түштүк Кореядан келген Ю Вон Ен Кыргызстандагы Корея борборунда жана Кыргыз- Россия (Славян) институтунда тилчи болуп иштейт. Алгач маекти ал ” Кыргызстан менин экинчи мекеним” ,-деген сөздөн баштады. – Сиздин биздин жерге келгеӊизге канча убак болду жана кыргыз […]

Кыргыз жолу – кыргыз бүтүндүгү


2013-жылдын октябрь айында кыргыз элинин келечегине кайдыгер карабаган улуттук-мекенчил  багыттагы уюмдардын жетекчилери, аксакалдар, илимий-чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, жаштар чогулуп, “канткенде биригебиз, кантип Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө татыктуу салым кошобуз, качан сөздөн ишке өтөбүз” деген маселени кабыргасынан коюп, кызуу талкуудан соң бир пикирге келишти. “Жалгыз таруу ботко болбойт, жалгыз дарак токой болбойт” дегендей, ар ким өзүндөгү өзүмчүлдүктөн көтөрүлүп, Кыргызстандын […]

«Каңдылар-1» – тарыхый, документалдуу чыгарма


Окуган дагы, окубаган дагы арманда! Кыргыздарда: “Жети атасын билбеген – жетесиз кул”- деп бекеринен айтышпайт. Жети атаны билүү үчүн санжырага кайрылабыз. Санжыра – бул тарых. Кыргыздын тарыхы болсо ооздон-оозго өтүп гана сакталып келген. Жалпы Ата-Журт, Ата конушу, түпкү ата тегиңди билүү, биле жүрүү дагы ата-бабалардын мурасыдыр. Мына ушул багытта ичкилик кыргыздардын негизги урууларынын бири болгон […]

«Хакасияда «Кыргыз жерин» ырдаганда залдагылар бүт ордунан турушту»


Биз Хакасияда сапарда жүрүп, байыркы кыргыздардын баскан изин көргөндөй жер кыдырып, Эне-Сайдын боюнда эс алдык. Андагы Кыргызстандан барып иштеп жүргөн жердештер менен жолугуштук, алардын турмуш шарты менен тааныштык. Алардын арасында жалаң гана иш менен эмес, тарыхка кызыгып, материал жыйнап жүргөн Мамырбек Садыков деген жигит менен аңгеме-дүкөн курдук, төмөндө аны окурмандарга сунуштайбыз.

Ван кыргыздары улуттук тамырдан ажырагысы келбейт


Акибай Адалат уулунун бүлөсү Вандан Стамбулга көчүп келишкен. Вандагы кыргыз айыланан алыстаганы тил маселеси курчуганын айтышат. Памирлик кыргыздар Түркияга көчүп келгенден бери өткөн отуз жылдай убакыт аралыгында муундар алмашып, Ван көлүн тегеректеп жашаган кыргыздардын бала-чакасы бара-бара ар башка шаарларды байырлап кетишүүдө. Аралык алыстап, убакыт өткөн сайын тил унутулуп, улам кийинки муун көбүрөөк түрктөшүүдө. Бирок улуттук […]

Кыргыз сарттары, аркалыгы, калмагы…


Сарттар Сарттар – оң канаттагы ири уруулардын бири. Адигине уруулук тобуна кирет. Бул энчилүү ат менен кыргыздын төбөй уруусундагы чакан урук белгилүү. Этнонимдердин параллелдери бүгүнкү алтайлыктардан (алтай-кижи, теленгиттер) «сарт», тувалардын курамынан «сат» формаларында кездешет. Этникалык аталыш Кытайдын Тан династиясынын жыл баяндарында (VII-IX к.к.) Ша-то формасында батыш түрк урууларынын бири болгон чигилдердин (кытайча чу-юе) Ин-Со-Юлдуз дарыяларына […]

Алтын мөөрлүү Тарбагатай кыргыздары


(Уландысы. Башы) ининдеги бөлүнүш. 1958-жылдагы оркочорлук кыргыздардын коомдук тарыхын текшерүүдө, ал Кыргыздар Ала-тоодон ооп келген XVIII кылымдын башында ислам  дининде болгон экен. Ал ошол текшерген жылы Оркочордогу кыргыздардын (өз кезинде, 5-райондун 7-айылындагы кыргыздарды текшерген) 80 пайызы лама динине, 20 пайызы мусулман динине ишенип калышкан деген маалыматты берген («Журналчанын» 60-бетинде). Бул маалымат азыркы Тарбагатайда жашаган кыргыздардын […]

Эмил Шадыканов: “Саруу менен мундуздар Кемероводо да бар”


Эмил Шадыканов Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган. Жусуп Баласагын атындагы КМУну бүтүрүп, Таш-Көмүрдөгү “Кристалл” заводунда мастер болуп иштеген.1995-жылдын январынан 2005-жылга чейинки он жыл аралыгында Стамбул университетинде эл аралык байланыштар бөлүмүнүн магистратурасын, андан кийин докторантурасын бүтүргөн. 1997-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы билим берүү министрлигинин өкүлү болуп, андан соң Стамбул университетинде илимий кызматкер болуп иштеген. Докторантураны бүткөндөн кийин […]

Кыргызстанда улуттук биримдиктин идеологиясы барбы?


Сүрөт http://kyrgyzsalam.net сайтынан алынды “Кыргыз Туусу” гезитинин бүгүнкү меймандары белгилүү ишкер, “Айылбанк” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Токтосун Мадияров жана тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Койчиев улуттук аң-сезим, улуттук биримдик жана мекен келечеги жөнүндө кеп куруп беришти.

Касымбек ВУРАЛ ШАКИР уулу: “Күрддөр менен түрктөрдүн ортосунда жашаган кооптуу”


Түркиядагы Ван шаары салтты катуу кармаган аймак экенин кино аркылуу жакшы билебиз. Учурда бул шаарда үч миңге жакын мекендештерибиз жашап келет. Ал жактын шарты адам чыдагыс болбосо да жашоо үчүн кыйын эле. Вандагы кыргыздардын турмушун Түркиядагы “Памир” коомдук фондунун жетекчиси Касымбек Вурал Шакир уулу айтып берди.