Monthly Archives: Апрель 2009

Чыңгыздын Раймаалысы Бегимайдан улуу эмес, кичүү болгонбу?


Чыңгыз Айтматовдун кадимки казак кызы – Бегимайга ашык болгон Раймаалысы 1921-жылы Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Суулуу-Маймак айылында жарык дүйнөгө келип, жалгандан жакынкы эле 1990-жылы кеткен. А бирок ал арзыган казак кызынын чыныгы аты Бегимай эмес – Шолпан (Чолпон) болгон көрүнөт.

"Жымжырттык…"


Бишкек шаарынын бир бурчунда “Аль-Хаят” аттуу галерея бар. Ал ачылгандан бери отуздан ашуун кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жеке көргөзмөлөрү болуп өттү.

"Менин Айтматов ааламым"


(Башы өткөн сандарда) Маектешибиз жазуучу, журналист Кушубак Өмүралиев Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун “Аскада калган аңчынын ыйы” сырдашуу китебин казак тилинен кыргызчага которгондугу көпчүлүккө белгилүү. Азыркы суроолорубуз “Айтматов ааламына” анын кантип аралашканы тууралуу.

Балбай Алагушев


Муса Баетов


“Талант тагдыры”: Муса Баетовдун элеси эсте, ырлары элде


Үстүбүздөгү жылдын 8-майында тоо булбулу атыккан айтылуу ырчы, атактуу обончу Муса Баетовдун келбес жайга кеткенине 60 жыл толот. Өлүмдү кыйын экен сага жоруш, Жалп этип, капыс өчтүң кайран добуш, Толгонуп, күүгө келип турган бойдон, Даңылдап калып калды үч кыл комуз. Кош, Муса! Келбес жайга жөнөдүңбү Ким билген мезгили жок өлөрүңдү Мусанын ырдап жүргөн обону деп, […]

№1 балдар музыкалык мектебинин директору Базаркүл Иманбаева: "Далай таланттар тарбияланып чыкты"


Бишкектеги №1 балдар музыкалык мектепке быйыл 45 жыл толот. Ушул убакыт арасында окуу жайдан далай таланттуу адамдар тарбия алып чыкты, кыргыздын аты ааламдын кең кыйырына таанытты. Жалаң ызылдаган саясаттан башы чыкпаган кыргыз коомчулугуна бүгүн музыкадай ажайып дүйнөнүн бар экенин эстетип, ушу окуу жай туурасында азыноолак кеп куруп берели дедик.

Алыкул


Ысык-Көлдө – “Алыкул” кемеси Союздун соңку жылдары жаштардын “Спутник” туризм жана саякат тармагын Кыргызстанда кыйла деңгээлге көтөрүүдө эл аралык байланыштын, ишкерликтин, уюштуруучулуктун улуу мектебинен өткөн Туратбек Андашев азыр да ошол жолун улантып келатат. Жандүйнөсү жаңылыктарга дайыма умтулуп турган Т.Андашев жалаң эле чарбачылык менен чектелбестен, элинин маданиятына, адабиятына да колдон келген көмөгүн көрсөтүүнү атуулдук милдети катары […]

Көөдөндө калган ырлар


“Ыр менен дың жерге барабыз” Мен бала кезде ушул ырды көп ырдашчу эле. Деги социализм учурунда турмуш шаңдуу болгон. Айылда бригадир элди жыйнап, кээ бирөөлөрү машинеге түшүп, калгандары аскердей болуп тизилип алып жумушка жөнөп кетишчү.

Ашым Жакыпбеков


Кыргыздын кымбат кыягы


Кыргыз элинин керемет күү аспаптарынын бири болгон кыл кыякты билгендер бар, бирок билбегендер да арбын. Кыргыз элинин Кыргыз Атасынан ажыраган зарын угузуп, кыргыз элине арка-жөлөк болуп, ыйын ыйлап, шаңын көтөргөн, ырыстуу кыргыз элинин бактысына түбөлүк жан дос шериги кыл кыяк биринчи жаралып, жасалып күүгө келген. Күү аттуу дүйнөдө (музыка дүйнөсүндө) жаңы түрдөгү кайрыгына, добушуна, үнүнө […]

Манас эпосу жана Манас илими


Нуржан-Насыйкат Сакыева Кыргыз Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү, Жолон Мамытов атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты, “Манас Жогорку Акыл Эс” деген дүйнөлүк түшүнүктүн кыргызга тиешелүү экендигин далилдеген Манас Илими аттуу жаңы көз караштагы китебин чыгарган. Бүгүн анын Манас Илими жана Манас эпосу боюнча айткандарын, кыргыз таануу маселесиндеги ойлорун, көз карашын сунуш кылабыз.

"Теңири Манас"


Нурбек ЭГЕН: "Маңкурттардын аты бар, заты жок!"


Учурда Москвада жашап-иштеп жаткан, “Манастын төрөлүшүн утурлап” тасмасын жаңыдан тартып бүткөн белгилүү режиссер Нурбек Эген Бишкекке келгенин угуп, ал Москвага учуп кетээр күнү жолугушуп маек курдук. – Нурбек мырза, Бишкекке канча убакытка келдиңиз? – Бир жумага. – Москвадан кыргыз жергесине келатканда жана бул жактан кайра артка кайтканда кандай сезим коштойт?

Дагы бир кыргыз тилдүү сайт


Кыргыз тилдүү сайттарга (блогдун оң жагында) дагы бир сайттын дареги кошулду: Чет өлкөдөгү кыргыздар КМБ

Александр Пушкин (1799 – 1837)


Евгений Рейн (1935-ж.)


Инокентий Анненский (1855-1909)


Бай баласы Баян – Тургун Бердалиев


Оору менен алышып, ажал менен күрөшкөн талант КР эмгек сиңирген артисти, театрда да, кинодо да өз орду бар талант Тургун Бердалиев быйыл 62 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышты. 1970-жылы Алматы шаарындагы театралдык институтту бүткөндөн кийин кыргыз академиялык драма театр сахнасынан чыгармачылык чыйырын баштаган. Куттуу сахнада 39 жыл жашап, жүздөн ашуун унутулгус образдарды элге […]

Живопись сүрөтчүсү Сүйүтбек ТӨРӨБЕКОВ: "Кризис сүрөтчүнү да кекиртектен алды"


Сүйүтбек ТӨРӨБЕКОВ портрет жанры унутта калып баратканына кейип, улуу залкарлардын портретин живопис жанрында калтырууну максат кылат. Германия, Франция, Швейцария, Москва, Түркия, Италияда көргөзмөлөрүн уюштурган. “Көңүл келгенде пейзаж, натюрморт жанрына кайрылам” деп таланттуу сүрөтчү биз менен сыр бөлүштү.

Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраев


(Быйыл 76 жашка чыкмак) Алатоо журтуна аттын кашкасындай таанымал эл акыны Эсенгул Ибраев бүткүл өмүрүн чыгармачылыкка арнап, чыгармачылык деген табы ысык, керемет дүйнөнүн отуна күйүп жашады; жерден жарака кетсе акындын жүрөгү аркылуу өтөт демекчи, калың журтунун кубаныч, күлкүсүнө маңдайы жарыла, кусамат кайгысына жүрөгү канап, дили өрттөнүп жашады, акыркы деми чыгып кеткичекти поэзия деген улуу, ыйык […]

Бектуруш Салгамани


Сынчынын сыңар өтүгү майрык


Мурда-кийин жазып көрбөсөм да өткөндөгү “Аалам” 12.03.2009 №18 санына жарыяланган “Аксарай акындары адабияттын баркын кетирүүдө” аттуу макала жан дүйнөмө бүлүк салды. Жазат десе эле оюна келгенди жазып, сындайт десе эле оозуна келгенди оттош керекпи? “Жамандын бир өнөрү артык”, же “Атың чыкпаса жер өрттө” сыңары. “Мурду кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн” деген заман келдиби? Айтор, […]

Бусурман ОДУРАКАЕВ: "Австрияга кой багып кетким келген"


Кыскача маалымат: Сахнада аткарган көрү-нүктүү ролдору: “Ромео менен Жулетта” – Ромео, “Гамлет” – Гамлет, “Король Лир”-Кент, “Кандуу той” – Леонардо ж.б. “Акбаранын көз жашы”, “Бетме-бет”, “Кошокчу”, “Ермак”, “Алтын кыргоол”, “Манкурттун ыйы”, “Теңири” ж.б. тасмаларда башкы ролдордо ойногон. Кыргыз улуттук Т.Абдумомунов атындагы академиялык театрдын көрүнүктүү артисти, дүйнөлүк классикалык спектаклдердеги баш каармандарды жараткан, кыргызтасмаларында көрөрмандардын эсинде калган […]

Каныкей Раймалиева, Филармониянын алдындагы "Миң кыял" оркестринин ырчысы: "Чоң атамды өрттөшкөн эмес"


– Айтылуу Раймалы ырчынын кандайча небереси болосуз? – Көп учурда элдер кызыгып сурап калышат. “Силер небере-чөбөрөлөрүнөн болосуңарбы” -деп. Өзүмдүн эле атамдын атасы болот. Кинодо бай-манаптын заманында Бегимай экөөнү өрттөп жиберет эмеспи. Чынында, чоң атам 1921-жылы төрөлүп, 1990-жылы 70 жаш курагында каза болгон. Ал киши кинодогу каармандагыдай эле өнөр адамы эле. Жаш кезинде айтыштарга чыгып, эл […]