Monthly Archives: Март 2012

Улут ар-намысына башын сайган Түкөм


Сүрөт Уикипедиядан алынды Бул  жалган дүйнөгө кимдер келип, кимдер кетпеген. Калкка кадыры өтүп, эмгеги сиңген адамдар элдин эсинде калат, бирок «өлүү кадырын тирүү сыйлабаса», анда тирүүлөрдүн деле адамдык кунарына шек кетет. Ар замандын өзүнүн атактуу адамдары бар. Алар – өз мезгилинин залкарлары. Көзү өтсө да көңүлдөн кетпеген андай адамдардын өмүр-өрнөгү – кийинки муундар үчүн сабак. […]

Жаштардын кубаттуу муунун тарбиялаган Кенжалы агай


“Адамдагы карапайымдык – бул улуулук, касиеттүүлүк” дешет. Карыя журналист агайыбыз Кенжалы САРЫМСАКОВдун жан-оту кыргызга күйүп, кыргызга ыйлап, кыргызга кубанып, өзүнүн өтө жөнөкөй, тынч, нарктуу, көрөӊгөлүү  мүнөзү менен далай пайдалуу коомдук иштерди унчукпай жасап келатат. Мындай адамдар арабызда саналуу гана деп ишеничтүү айтса болот. Өткөөл мезгилдин көрүнүштөрү  өзөктү өрттөп турганда, келечек ээлери боло турган кийинки жаш […]

Кыргызстандагы кош тилдүүлүк


1998-жылдын жай айларында Кыргызстандын көл кылаасындагы кыштактардын биринде англис тилинен сабак берип калдым. Анда университеттин акыркы курсунда элем. Окуу жайдан орус тилин үйрөнгөм. Себеби бул жакта негизги тил орус тили деп билчүмүн. Шеригим Салтанат күндөлүк турмушта кереги тийе турган “Рахмат, тойдум, жок ичпейм” сыяктуу бир нече кыргызча сүйлөмдөрдү үйрөтүп койду. Ошентсе да Салтанат достору менен […]

Кыргыз тилдүү окурмандардын тандоосундагы 20 китеп


“Адам өмүрүндө кайсы китептерди сөзсүз окуп чыгышы керек?” деген сурамжылообуз аягына чыкты. Бул сурамжылоону баштап жаткандагы максаттарыбызга жетпесек да (алгач 100 китепти тандайлы дегенбиз, анан 1000 добушка жетели дедик), 981 добуш кыргыз тилдүү окурмандардын тандоосундагы 20 китепти тандаганга толук мүмкүнчүлүк берет деп ойлойбуз. Бул сурамжылоону өткөрүүгө төмөнкү нерселер себеп болду.

Карбалас Бакиров


Акын жана котормочу Карбалас Бакиров 1954-жылы 8-январда Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган. 1971-жылы Өзгөрүш орто мектебин бүтүрүп, бир жыл чабан болуп иштеген. 1972-1977-жж. Киев шаарында Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1975-1979-жж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинде окуган. 1979–1992-жж. КРнын Жазуучулар союзунун алдындагы үгүт бюросунун корреспонденти, 1992–2000-жж. «Кыргыз Туусу» гезитинде маданият жана искусство бөлүмүнүн […]

Карбалас Бакиров: “Акындарга акылдуу болуштун кереги жок”


–Карбалас аке, чыгармачылык кантип атат? -Азыркы учурда анча деле иштей албай жатам. Ошондой кырдаал түзүлүп турат. Көбүнчө котормо менен алекмин. Өзүбүздүн кыргызстандык Михаил Синельников деген акын бар. Өзүң билесиң, 50-жылы Ленинграддан келип, бул жакта туруп калган. Атасынын сөөгүн апкелип, өзүнүн өтүнүчү боюнча Ошко койбодубу. Грузин акындарынын көбүн орус тилине которду. Биздин кыргыздардан Алыкулду которгон. Азыр […]

“Бетме-беттеги” Ысмайыл 90 жашында көзү өткөн”


Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-бет” повести экрандаштырылып, тарыхый тасмага айланышы чыгармага экинчи өмүр берген. Ал турмушта болгон окуяны баяндаган трагедиялуу тасма. Бул туурасында КРнын эмгек сиңирген артисти, эл аралык Ч.Айтматов сыйлыгынын лауреаты Бусурман Одуракаев кеңири баяндап берди. Ысмайылдын ролун ойнойм деп эч ойлогон эмесмин Алматы шаарында актерлук окуу жайда окуп жатканда залкар жазуучу Ч.Айтматовдун “Бетме- […]

Бир ырдын баяны: “Жамгыр”


Апам: “Жамгырда жылаңбаш жүргөн балдардын чачы кара болот” – деп койчу. Үй күчүк болбосун десе керек. Жайлоодо күн алыс эле жамгыр жаап, дөңдөн-дөңгө безилдеп “чач карайтчу” элем. Жамгырдан кийинки аруу табиятты ким жеткире айталат? Түгөлбай Казаков Дүлөйоозго окшогондор жамгырдын алдында турса тазарат эле, аялын урбай калат эле деп ойлочумун. Анан ушул оюма аябай ишенчүмүн. Жамгырда […]

Миң сырлуу, миң кырлуу ажайып аалам


Кыргызстанда чет элден каржыланган алты миңге жакын өкмөттүк эмес уюмдар бар. Алардын ичинен улуттук өнөрдү колдогону жокко эсе. Бир гана “Айгине” маданий-изилдөө борбору тарабынан кыргыздын улуттук мурастарын сактоо жана өнүктүрүү максатында көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлүп келе жатканын билебиз. Ушу боюнча “Айгине” маданий изилдөө борборунун жетекчиси, филология илиминин доктору Гүлнара АЙТБАЕВАны сөзгө тарттык.

Сөз маданияты


(Уландысы. Башы) Бир элдин экинчи элге үстөмдүк кылып, өз тарабына имерип алуусунда байыртадан үч ыкма колдонулуп келген: биринчиден, ошол эл өзүнүн чыныгы тарыхын жакшылыктуу билбей калуусу; экинчиден, коомдук, мамлекеттик турмушта ошол элдин тилинин колдонулбай калуусу; үчүнчүдөн, жер-суу жана башкалардын жергиликтүү элдин тилинде аталыштарын жок кылуу. Казак туугандар айтылган бул үч маселенин үчөөнү тең өз ордуна […]

Табылды Актан: «Жүрөк дагы деле жаш…»


gde.kg сайтынан алынды Табылды аганы достору “бий жагын да өздөштүрсөңчү” деп бекеринен айтышпаса керек. Анткени ар тараптуу талант бүгүнкү күндө театрдын жана кинонун чебер актёру, драматург, комузчу, дастанчы, аткаруучу, манасчы атка конуп, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таанымал. Кыргыз Эл артисти, М.Рыскулов атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси 60 жашта.

Нарсулуу Гургубаеванын жаңы эки ыры


* * * Салам сага шамалы оор түндүктөн, Сабыры бек жашоодогу Жарыгым. Онтоп жолдор экөөбүздү бир күткөн, Ооруп келди мага бүгүн жаңы күн… Алик алба, укчу мени үн дебей, Жомоктошоор жоомарт маанай жок бүгүн. Узак өмүр тиленчү элем күндө мен, Келди мынтип жашагандан коркчу күн. Асман менен ар бир мүнөт түнөрүп, Күүгүм түшпөй, күнүм бүтпөй […]

«Арча» адабий сынагынын жеңүүчүлөрү аталды


23-мартта ар жылы өтүүчү “Арча” адабий сынагынын 2012-жылдагы лауреаттарынын ысымдары аталды. “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты билдиргендей, сынакка жалпысынан 100дөн ашык эмгек түшкөн. Алардын ичинен сынактын комиссиясы 30 чыгарманы (кыска тизмек) тандап алган. Сыйлык фонду 150 миң сомду түздү.

Искусство – мамлекеттик идеологиянын маягы


Жыйырма беш кылым мурда улуу Кытай философу Конфуций: “Эгерде мамлекеттин жашоосун жана уңгусун билгиң келсе, анын музыкасына кулак төшө!” – деген экен.

Ээнсиреген үй


Өз чечиминен артка кайтпаган, пикирин ачык айтып, өзүн жайдары алып жүргөн 19 жашар айылдык кыз нечендеген кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Көңүлүнө түйүп келген жаңыча жашоону эңсеген жаш кыз наркобарон күйөөсүнөн качып, сүйгөн жигитин таштап, алгач Маскөөгө, андан соң Францияга аттанат. Кайда барба – мамайдын көрү демекчи, жашоо-турмуш тилегине төп келбей, ар дайым өзүн издеди. Эптеп эле жакшы жашагысы […]

Алайдын таңшык булбулу, ак терменин дулдулу


Алай жергесинде “болсоң Ботобек бол” деген накыл кеп эмгиче эл арасында айтылып калган. “Ботодой боздогон Ботобек ырчы” деп да айтылып келет. Ботобек ырчы ким болгон, ал кимдерге тең ата болуп ырдаган? Алай тоолорунун киндиги Тоо-Ашкан өрөөнү жомоктогудай кооз. Оштон күн чыгышка көздөй автожол менен баратканда 110-чакырымдан оң тарапка Жолборсту, Сулуу Тоо-Ашкан, Калта-Тай, Бел-Конуш, Жанташ, Кайыңды […]

“Ак илбирстин тукуму”


okeyev.kg сайтынан Кино индустриясында кыргыз керемети аталган “Ак илбирстин тукуму” тасмасы көрүүчүлөрдүн кызыгуусун бүгүнкү күнгө чейин арттырып келет. Операторсуз кино тартылбайт. Аталган тасманын тартылышы туурасында мыкты оператор, актер жана режиссер, Кыргыз эл артисти Нуртай Борбиев баяндап берди.

Комуз кылдарындагы Жеңишбек Шамшиев


Бир ирет Эл артисти Жолболду Алыбаев менен маектеш болгонумда агай “ыр дүйнөсүнө Рыспай аккордеонду алып кирип жаңычылдык баштаган” деп айткан эле. Анын сыңарындай, 60-жылдардын ыр ышкыбоздорунун эсинен комуз, аккордеондун коштоосунда обон созгон Жеңишбек Шамшиевдин ысымы али чыга элек. АЛАЙКУУНУ ЫРГА БӨЛӨГӨН ОКУУЧУ Жеңишбек Шамшиев Алайкуу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар айылында 1945-жылы 8-мартта кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы башкарма […]

Улуу Манас баяны урпактардын оозунда


Р.Жуманазарованын дагы эки ыры кошулду


Рахат Жуманазарованын ырларын бул жерден окуй аласыздар.

Светлана Суслова


1949-жылы жарык дүйнөгө келген. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университеттин филология факультетин бүтүргөн. “Литературный Кыргызстан” журналында эмгектенет. 1965-жылы биринчи ыры жарыяланган. Орус тилине А.Токомбаев, М.Абылкасымова, Р.Шукурбеков, А.Осмонов, Б.Карагулова, О.Хайямдын ырларын которгон. Ырлары англис, испан, кыргыз, кытай, немец, француз тилдерине которулган. СССР жазуучулар союзунун (1978), Кыргызстан жазуучулар союзунун (1992) мүчөсү. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун ардак грамоталары менен […]

Эльмира Кайып кызы, ырчы: “Элмирбектин “Булбулу” мени пенсияга чыгарат окшойт”


“Булбулумду” булбулдай ырдаган Эльмира айым жакында Астана шаарында өткөн “Түрк элдеринин маданий борбору-2012-жыл” деп, “Түрксой” уюму уюштурган түрк тилдүү элдеринин эл аралык фестивалына барып катышып келгенин айтып, ыр-сапарынан алган таасирлери менен бөлүштү. – Бул фестивалга 12 мамлекеттин өкүлдөрү келип катышты. Өнөрпоздор Алтайдан, Хакасия, Тува, Азербайжан, Түркмөнстан, Түндүк Кипр, Башкырстан ж.б. келишти. Ар өлкөнүн өнөрпоздору менен […]

Улуу чынардын көлөкөсүндө


Сүрөт Уикипедиядан алынды Кыргызда бир киши бар. Өзү айткандай кыбырап-сыбыраган карыялык куракка жеткенге чейин кыргызга тоодой кызмат кылды. Ааламды алаканына салып, акылманча айландыра ойлонуп, дыйканча кажыбай мээнеттенди. Кыйратып салдым деп кыйкырбады. Күлгүндөй жигит курагында “Ыр-сабындагы өмүрдү” жазып, улуу акын Алыкулдун бейнесин, тагдырын ажарына чыгара тартты. Өмүрдүн өрүнө баратып “Байыркынын издерине” түшүп, балбал таштар менен сүйлөштү. […]

Сиздин пикириңизде ар-бир адам кайсы китептерди сөзсүз окуп чыгышы керек?


Китептер  – жан дүйнөнүн азыгы. Анткени китептерде адамзатттын  тарыхы, топтогон тажрыйбасы, акыл-эси, руханий байлыгы камтылган. Ушуга байланыштуу көп учурда адамдын кандай экендигин анын окуган китептери боюнча баамдасак болот. “Кыргыз маданият борбору” ушундай суроо менен окурмандарына кайрылат. Анын жыйынтыгында баарынан көп сунушталган 100 китептин аталышын камтыган тизмекти сунуштамакчыбыз. Мындай сурамжылоонун жүргүзүп жатканыбызыдын себеби – ушуга окшош тизмектерди […]

Атак-даңктан дайым коргонгон Маркес


Атактуу жазуучу Габриель Гарсия Маркестин 85 жылдыгына (жазуучу 1927-жылдын 6-мартында Колумбиядагы Аракатака шаарында дүйнөгө келген) анын эң белгилүү чыгармаларынын бири “Жүз жыл жалгыздыкта” чыгармасы электрондук китеп түрүндө чыгарылышы пландаштырылууда. Маркестин адабий агентинин айтымында, китеп азырынча түп нускадагы испан тилинде гана чыгарылмакчы. “Электрондук китептер чекти билбеген рынок, ошондуктан бардыгы акырындан болот”, – дейт ал.