Category Көк Асаба

Байыркыга бөлөнгөн үч күн


“Айылдын байыркы адамдары башкача эле, жүздөрүндө азыркыдай алкынуу, көздөрүндө жуткунуу жок эле…” деп далай укканым бар. Чын эле, тээ байыркы, илгеркини эмес эле 1930-40-жылдардагы эле сүрөттөрдү алып карап көргүлөчү, андагы ата-энелерибиздин, чоң ата, чоң энелерибиздин сүрөттөрдөгү отурушунан, жүздөрүнөн эле токтоолугун, эмгекчилдигин, нарктуулугун, адептүүлүгүн, мээримин көрө алабыз. Муну эстегенимдин себеби, Тоң районунун Кызыл-Туу айылындагы фестивалга барып […]

Сүйдүм Төлөкова, КРнын эмгек сиӊирген артисти: “Атаӊ көрү, залкарлардын бульвардагы керемет басышы элесимде гана калды…”


“Бакайдын жайыты” кинотасмасында тебетейлерин баштарына кондурушкан үнү жок, сөзү  жок аталарыбыз көз алдыдан көч сыяктуу чубап өтөт эмеспи. Мына ошол көч сыяктуу эле, кыргыздын залкарларынан турган бир мууну да көз ирмемде көчүп кетти. Өмүрдүн ысыгы, суугу, кызыгы коштолуп – баардыгы теӊ болгону бир көз ирмем экен. Саякбай, Сагымбай, Карамолдо, Ыбырай, Барпы, Жеӊижок, Атай, Осмонкул, Калык, […]

Кыргыз совет адабият таануусунун акыркы адабиятчысы


Адам өмүрү кызык тура, гүлдөп турган мезгилинде бу жалган дүйнөгө түркүк болчудай, дайыма эле ушул боюнча туруп турчудай, акылы ашып-ташып, бардык нерсе айтканындай боло берчүдөй, чындыкты чыркыратып колуна кармап туруп анан башкалар менен сүйлөшүп жаткандай баам-туюм менен жашаса, качан убакыт келип, карылыкка моюн суна баштаганда гана бу жарыкчылыктын уучталган колдон куюлган cуудай кетип бара жатканын […]

Канын-жанын отко салган кыргызстандык аталар


Экинчи дүйнөлүк согуш адамзаттын өзүн-өзү жок кылуу мүмкүнчүлүгүн көргөздү. Бул согуштун тарыхый мааниси үчүнчү дүйнөлүк согушту болтурбоосунда жатат. Бирок… Бирок, ага карабастан, адам баласы ачык физикалык жок кылуунун ордуна дүйнөлүк басып алуучулук саясатын маалыматтык технология менен ишке ашыруу формасына өткөрдү. Бүгүн Мекенди коргоодо биз үчүн интеллектуалдык аскерлерди тарбиялап даярдоо эң башкы жана олуттуу улуттук саясатка […]

Мухамбетали Абдырахман уулу : “Лиондон” кийингим келчү. Анан турмуш ушул өнөргө түрткү кылды”


Кыргызда колунан көөрү төгүлгөн мыкты усталар, кол өнөрчүлөр, тигүүчүлөр көп. Бүгүн мен, мына ушундай мыкты өнөргө ээ, “элим үчүн дайыма кызмат кылам” деген мекенчил мырзанын үйүнө конокко келдим. Мага анын таза кайыштан бут кийим жасап, ага кыргыздын оюларын түшүргөнү абдан таӊ калычтуу болду. Анда эмесе, Абдырахман уулу Мухамбеталинин өзү менен болгон маекке назар салыӊыздар.

Жыпар Турдукожоева: «Оорубай тереӊ дем алуунун өзү бакыт»


Биздин маектешибиз убагында журналист болуп эмгектенген. Көп жылдардан бери Бишкек шаарында жашап, далай адамдардын ден соолугунун оӊолушуна себепчи болуп келет. Эмне үчүн ал тууралуу ушул убакка чейин эч жерден укпаганыбызды сураганда, «Тигил же бул ооруну айыктырам деп жарнама кылган, акча бычып эл көргөн табыптар Кудайдын күчү менен эмес экени айдан ачык. Баардык шыпаа бир гана […]

ИШЕНИМ деген эмне?


Негизи айтылат эмеспи: «Жашоодо өзүӊдөн башка эч кимге ишенбе» деп. Чындыгында өзүӊдөн башкага ишенбеш  керек, бирок, ошол эле учурда бирөөгө ишенбей жашоо да мүмкүн эмес. Себеби, ар бирибиз ата-энебизге, бир туугандарыбызга, досторубузга, кээ бир учурда жаӊы эле таанышкан адамга ишенебиз. Эгер, адамдардын ортосунда бири-бирине болгон ишеним болбосо, жашоого болгон кызыгуубуз жоголуп, жалпы элдин бири-бири менен […]

Кыргыздардын тукумсуздукка каршы ырымдары


(Уландысы. Башы бул жерде) Карышкырга байланышкан ишенимдер Дагы бир  кызыктуу ырым бөлтүрүктүн жардамы менен аткарылган. Эгер балдар токтобой чарчай берсе, акыркы төрөлгөн баланы  көзү ачыла элек бөлтүрүк менен кошо так санда – үч, беш, жети күн эмизишкен. Анан бөлтүрүктү таап алган болсо, ошол жерге кое берген, сурап  алган болсо ээсине кайтарган. Кыргыздарда мындан башка да […]

Айжаркын Сарыбашева: «Жеӊил ойго алдырган кыздарга – намыстуу жигиттер үлгү»


Москва шаарында бир топ жылдан бери чоң мегаполистин жашоо шартына ыңгайлашып жашап жүргөн кыз-уландарыбыз ого эле көп, ошолордун бири Айжаркын  Россиядагы коомдук иштерде активдүү иштеп жүрүп, мекенчил кызыбыз катары мекенине келип, бул жерден дагы маданий багытта уюштуруу иштери менен алек болууда… – Айжаркын, өзүң коомдук иштер менен алек болуп жүргөндөн кийин, биздин өлкөдөгү азыркы абалдын […]

Жаштар талкуусунда – “Үй-бүлө деген эмне?”


Сезими улуттук дымакка бекиген, салттуулугун жоготпогон, аӊ-сезими бышкан, зирек акыл кыз-уландардын катарын көбөйтүү  мамлекеттик башкы саясаттын милдети. Кыргыз жаштарынын кенен аӊ-сезимдүү  калыптанышына жана мезгил шартына ылайык, элибиздин салттуу түшүнүктөрүнүн негизинде коомдун, ошондой эле жаштардын өнүгүү  багыттарын иштеп чыгуу максатында иш алпаруу олуттуу орунда турат. Ушул себептен улам, «Ак шумкар КУТ» жаштар коомдук бирикмеси ар шейшемби […]

Кыргыздын эски чапанынын жаӊы жашоосу


14-апрель күнү Бишкек шаарындагы Менеджмент жана дизайн университетинде «Уз» студиясынын заманбап түспөлүндөгү чапандар коллекциясынын ачылышы болду. Колдон суурулуп, көздөн учуп кеткен көп баалуулуктарыбыздын бири – шырылган сымбаттуу чапандарыбыз кайрадан жаӊы жашоо алып, ушул күнү ачылыш салтанатына келген адамдардын баарын ар бир чапандын жаӊыча өзгөчөлүгү, колго сайылган саймалары, ыӊгайлуу белдемчи жана куржундары суктандырып, сүйүнтүп турду. Эмесе, […]

Кыргызстандын ар бир үйүндө “Манас” жаңырат!


Жалпы кыргыз эли үчүн, өзгөчө Манасты сүйүп угуучулар үчүн абдан заманбап үлгүдөгү жакшы шарт түзүлдү. Эми ар бир кыргыз жараны, азыркы манасчылардын айтуусундагы Манасты үйүндө отуруп көрө алат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борбору менен бирдикте “Айгине” маданий-изилдөө борбору 31-март күнү “Улуу Манас баяны урпактардын оозунда” […]

Ар бир адамдын бактысы – баласынын тарбиясында


Ар адам бактылуу болсом деп тилек кылат тура. Бактылуу бол, балам деп бабаларыбыз бата берип келген. Бактыңан көр деп да айтылат, кыргызда. Деги эле бакыт, бактылуулук дегендин өзү эмне, адамдын бактылуу болушуна эмне деген негиздер бар, алар кайсылар? Албетте, эң башкысы ден соолук. Башка жактарынын баары телегейи тегиз болуп, ден соолук жок болгон шартта адам […]

Кыргыздардын тукумсуздукка каршы ырымдары


Келиндин түшкөн жеринде орун-очок алып, өз ордун таап отуруп калуусунун негизги шарты – бала-чакалуу болуусу саналат. Анын боюна бүтүүсүн кайын журту да, төркүндөрү да чыдамсыздык менен күтүшкөн.

Кыргыз кыйырын далилдеген геокарта же германиялык Доктор Шолборктун көз жашы жана советтик тарыхчылардын жалганы


Кыргыздардын жашоо мейкиндиги убагында эки континентти кучагына алгандыгын тарыхта KIRGISEN REICH (Кыргыз империясы) деген ат менен белгилүү болгондугун айгинелеп турган тарыхый-географиялык картаны назарыңыздарга сунуштамакчыбыз. Албетте, бул маалымат тарыхый баалуулугу менен бизге маанилүү, ошондуктан атуулдук сыймыкты жогорулатуу менен өзүбүздүн улуттук күчүбүзгө ишенүү жана ошол кадырыбызга жетүү башкы максат болуп саналат. Ал үчүн ар бирибиз ошончолук эмгек […]

Элдик музыканын таланттары


“Акак” К.Орозовдун Ибаратын аткарып жатат. Сүрөт http://www.ucentralasia.org сайтынан алынды Элдин даӊкын алыска угузган, бул албетте, элдин  маданияты. Ал эми кыргыз маданиятында эмгектенишкен комузчу таланттарыбызга кандай бай экендигибиз, алардын барк-баасы, касиет өнөрү, өзөчөлүгү, комузубуздун сыйкыры тууралуу керектүү деӊгээлде айтылбай, жазылбай, бийлик тарабынан колдоого алынбай келет. Антсе да, «эл ичи, өнөр кенчи», эл гана ата-бабадан келаткан изди […]

Асылбек Содоков, кол өнөрчү: “Падышанын үйүнө барбасак да, буюмдарыбыз барат”


Акыркы жылдары улуттук колориттеги кооздук буюмдарга болгон суроо-талап күчтүү болгондуктан, Бишкектеги атайы дүкөндөрдөн, “Кыял” соода бирикмесинен, “Айчүрөк” дүр-дүйүм дүкөнүнөн жана башка жерлерден ар кандай каражаттардан жасалган ар түрдүү буюмдарды сатып алса болот. Буга чейин биз гезит бетинен далай кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин тааныштырып келгенбиз. Ал эми бүгүн, кол өнөрчү, С.Чокморов атындагы көркөм окуу жайды окуп бүтүргөн […]

Улут ар-намысына башын сайган Түкөм


Сүрөт Уикипедиядан алынды Бул  жалган дүйнөгө кимдер келип, кимдер кетпеген. Калкка кадыры өтүп, эмгеги сиңген адамдар элдин эсинде калат, бирок «өлүү кадырын тирүү сыйлабаса», анда тирүүлөрдүн деле адамдык кунарына шек кетет. Ар замандын өзүнүн атактуу адамдары бар. Алар – өз мезгилинин залкарлары. Көзү өтсө да көңүлдөн кетпеген андай адамдардын өмүр-өрнөгү – кийинки муундар үчүн сабак. […]

Жаштардын кубаттуу муунун тарбиялаган Кенжалы агай


“Адамдагы карапайымдык – бул улуулук, касиеттүүлүк” дешет. Карыя журналист агайыбыз Кенжалы САРЫМСАКОВдун жан-оту кыргызга күйүп, кыргызга ыйлап, кыргызга кубанып, өзүнүн өтө жөнөкөй, тынч, нарктуу, көрөӊгөлүү  мүнөзү менен далай пайдалуу коомдук иштерди унчукпай жасап келатат. Мындай адамдар арабызда саналуу гана деп ишеничтүү айтса болот. Өткөөл мезгилдин көрүнүштөрү  өзөктү өрттөп турганда, келечек ээлери боло турган кийинки жаш […]